Загрузка документа…
|
| Кант шаардык кеңешинин 2020-жылдын 24-декабрындагы №157/XXII токтомунун тиркемеси |
Кант шаарынын мэриясынын
Ардак грамотасы жөнүндө
I. Жалпы жобо
1. Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) менен Кант шаарынын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон жарандар жана ошондой эле жергиликтүү коомчулук алдында сиңирген эмгеги үчүн (жаран – Кыргыз Республикасынын жарандык же юридикалык жак, ошондой эле чет элдик жарандар же эл аралык уюмдар) сыйланат.
2. Жаранга Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын ыйгаруунун негиздери болуп саналат:
- шаардык өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү демилгеси жана ийгиликтери, Кант шаарынын тургундарынын чыгармачылык ишмердүүлүгү;
- ишкердик ишти уюштурууда олуттуу ийгиликтерге жетишүү;
- олуттуу эмгектик жана өндүрүштүк жетишкендиктер;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда өз милдеттерин, өзгөчө мааниге ээ жана татаал милдеттерди кынтыксыз жана ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн;
- Кант шаарында шаар чарбачылыгын, маданиятты, илимди, билим берүүнү, саламаттыкты сактоону, шаар курууну, монументалдык искусствону, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга чыгармачылык, материалдык жана финансылык салым кошкондугу, ошондой эле башка шаардык программаларды демилгелөө жана ишке ашырууга олуттуу эмгек жумшоосу;
- аз камсыз болгон жарандарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды социалдык жактан колдоого, шаардык программаларды ишке ашырууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана ооруканаларды, мектептерди, баш калкалоочу жайларды, маданият жана спорт борборлорун, ошондой эле башка социалдык маанилүү шаар объекттерин курууга колдоо көрсөткөндүгү;
- жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоодо жеке кайраткердикке салым кошкондугу;
- массалык маалымат каражаттарынын ишмердигинде демократиялык принциптерди өнүктүрүүдөгү ийгиликтер, шаардын жана анын жарандарынын турмушун объективдүү чагылдыруусу.
II. Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиясынын иш тартиби
1. Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиясынын курамы (мындан ары-Комиссия) Кант шаарынын мэриясынын буйругу менен бекитилет.
2.Комиссиянын отуруму Ардак грамоталарды тапшырууга сунуштар келип түшкөн учурда өткөрүлөт.
3.Комиссия өзүнүн отурумунда Ардак грамоталар менен сыйлоо боюнча сунуштарды, ошондой эле анын ишин уюштуруу маселелерин карайт.
4.Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет. Чечимдерди кабыл алуу үчүн кворум болуп Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн катышуусу саналат. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
5.Сыйлоо жөнүндө сыйлыкка көрсөтүү жана башка материалдар жеке болушу шарт. Комиссиянын протоколунда сыйланган адамдын толук фамилиясы, аты, атасынын аты, ошондой эле сыйланган уюмдун толук аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
6.Туура эмес же этиятсыз толтурулган материалдар комиссия тарабынан каралбайт жана кайра кароого кайтарылат.
7.Ардак грамоталарды тапшыруу майрамдык иш-чараларга жана эскерүү күндөрүнө, мааракелерге жана башка күндөргө туш келиши мүмкүн.
8. Зарыл болгон учурда комиссия уюмдарга, мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Ардак грамоталарды тапшыруу боюнча сунуштар боюнча суроо-талаптарды киргизет.
9.Сыйлоо боюнча документтерди даярдоо, сыйлоо комиссиясынын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу, Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлангандарды өздүк эсепке алуу жана эсепке алуу Комиссиянын катчысы тарабынан ишке ашырылат.
III. Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын тапшыруунун тартиби
1. Сыйлыктарга көрсөтүүлөрдү кароо ишин уюштуруу, Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө чечимди кабыл алуу Кант шаарынын мэриясынын сыйлыктар боюнча комиссиясы тарабынан кабыл алынат жана комиссиянын төрагасы кол коет, Кант шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
Ардак грамота менен сыйлоого төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн:
- вице-мэр;
- аппарат жетекчиси;
- Кант шаарындагы райондук түзүмдөрдүн жетекчилери;
- билим берүү, маданият жана спорт, муниципалдык мекемелердин жетекчилери.
2. Ардак грамота менен сыйлоо үчүн жетекчинин сыйлык ыйгарылып жаткан адамга жасаган иштери жана жетишкендиктерин камтыган жөнүндө маалыматтарды тапшыруусу негиз болуп саналат. Ардак грамотага көрсөтүлгөн адамдарга төмөнкү талаптар коюлат:
- бул уюмда 3 жылдан кем эмес тиешелүү кызматта иш тажрыйбасы бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
- кесиптик майрамы же белгилүү датага эмгектеги жетишкендиги үчүн;
3. Уюмга анын мааракесине байланыштуу Ардак Грамотаны тапшырууда комиссияга уюмдун түзүлгөн күнү жөнүндө архивдик маалымкат же башка юридикалык документтер берилет.
4. Келип түшкөн документтердин пакети Кант шаарынын мэриясынан келип түшкөн кат катары жалпы тартипте катталып, андан кийин Ардак грамота менен сыйлоо комиссиясы тарабынан каралат.
5. Комиссиянын протоколдук чечими документтердин пакети келип түшкөн күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө Кант шаарынын мэринин кароосуна киргизилет.
6. Комиссиянын чечими боюнча Кант шаарынын мэриясынын Ардак Грамотасын тапшыруу менен бир убакта грамота алган адамга акчалай сыйлоо берилиши мүмкүн.
7. Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо чечими Кант шаарынын мэринин буйругу менен таризделет.
8. Тартиптик жазасы бар кызматкерлер белгиленген тартипте алып салмайынча сыйлыктарга көрсөтүлбөйт.
IV. Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын тапшыруу тартиби
1.Кант шаарынын мэриясынын Ардак Грамотасын тапшыруу Кант шаарынын мэри, вице-мэр жана аппарат жетекчиси тарабынан салтанаттуу учурда жана эгек жаммаатынын жыйынында сыйлык ээсине жеке тапшырылат.
2. Кант шаарынын мэриясынын Ардак Грамотасы менен сыйланганы жөнүндө жазуу сыйланган адамдын эмгек китепчесине киргизилет.
3. Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы бир эле адамга эки жолу берилбейт.