КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 20-ноябры № 2536-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25- сентябрындагы № 2388-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2388-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
Төрага | Н.Т. Шакиев |