Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1994-жылдын 27-майы № 1538-XII
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 20-февралындагы № 10, 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109, 2004-жылдын 19-августундагы № 159, 2006-жылдын 27-январындагы № 27, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2023-жылдын 9-мартындагы № 53, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 27-майындагы № 1539-XII токтому менен колдонууга киргизилген)
(“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору” 1994-жылдын № 7 (1031), берене 220)
I Бөлүм. Жалпы жоболор II Бөлүм. Актоо тартиби III Бөлүм. Актоонун натыйжалары
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында 1917-жылдан берки саясий куугунтуктун бардык курмандыктарын актоо, алардын граждандык укугун калыбына келтирүү, аларга колдонулган зомбулуктун башка кесепеттерин четтетүү, ошондой эле материалдык жана моралдык зыянды компенсациялоо максатын көздөйт.
I Бөлүм Жалпы жоболор
1-статья.
Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча мамлекет тарабынан эркинен ажыратуу же психиатриялык дарылоо мекемелеринде мажбурлап дарылоо, граждандыгынан ажыратуу, калктын тобун жашаган жеринен көчүрүү, сүргүнгө айдоо, айдап жиберүү жана атайын конуштарга көчүрүү, эркин чектөө шарттарында мажбурлап иштетүү түрүндөгү мажбурлоо чаралары, ошондой эле мамлекет же саясий түзүлүш үчүн таптык, социалдык, улуттук, диний жана башка белгилери боюнча социалдык жактан коркунуч келтирет деп таанылган адамдардын сот жана сот милдетин аткаруучу башка органдар, же болбосо административдик тартипте аткаруу бийлигинин органдары жана кызмат адамдары, советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдар, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдар тарабынан укугунан жана эркинен башкача ажыратуу же аларды чектөө-саясий куугунтукка алуу деп таанылат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жана Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигинин башка мамлекеттеринин республиканын аймагында саясий куугунтукталган бардык граждандарына, чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга, ошондой эле башка мамлекеттерде - мурдагы СССРдин союздук республикаларында саясий куугунтукталган, бирок Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана анын гражданы болуп эсептелген адамдарга жайылтылат. Мажбурлоо чаралары түздөн-түз колдонулган адамдар менен бирге атылган адамдардын жана өлгөндөн кийин акталгандардын балдары, жубайы, ошондой эле эркинен ажыратылган, сүргүнгө айдалган, айдалып жиберилген жерде, атайын конушта болгон же ата-энесинин, жубайынын куугунтукталгандыгына байланыштуу укугу жана эрки башкача чектелген балдар, жубайлар саясий куугунтуктоодон жапа чеккен деп табылат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья.
Төмөндөгүдөй саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган адамдар акталууга тийиш: - мамлекеттик жана башка кылмыштар үчүн мыйзамсыз соттолгондор; - Бүткүл россиялык өзгөчө комиссиянын, Мамлекеттик саясий башкарманын, Мамлекеттик өзгөчө саясий башкарманын, Ички иштер эл комиссариатынын башкармасынын, Ички иштер эл комиссариатынын, Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин органдарынын, прокуратуранын жана анын коллегияларынын, "экилик", "үчүлүк" комиссияларынын жана башка сот милдетин ишке ашырган органдардын чечими боюнча уголовный куугунтукка алынгандар; - административдик тартипте сүргүнгө айдалгандар, айдалып жиберилгендер, атайын конуштарга көчүрүлгөндөр, эрки чектелген шартта мажбурлап, мунун ичинде "Ички иштер эл комиссариатынын жумушчу колонналары", "эмгек армиясы" деп аталган жерлерде иштегендер, ошондой эле укугу жана эрки дагы башкача чектелгендер; - соттун жана сот эмес органдардын чечими менен мажбурлап дарылоо үчүн психиатриялык мекемелерге жайгаштырылгандар. - коомго коркунуч жаратпайт деп таанылган төмөнкүдөй жосундар, бузуулар, жоруктар үчүн айыптоо өкүмүнө карабастан, Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдар: а) 58-статьянын 1-18-бөлүктөрүндө каралган контрреволюциялык кылмыштар үчүн; б) 59-статьянын 1-7-бөлүктөрүндө, 10; 60-62, 69; 70; 72-73, 76; 82; 84; 91-92-статьяларда каралган башкарууга каршы кылмыштар үчүн; в) 109-111-статьяларда каралган кызматтык кылмыштар үчүн; г) 131-статьяда каралган чарбалык кылмыштар үчүн; д) 162-статьянын "а-д" пункттарында каралган мүлктүк кылмыштар үчүн; е) 182, 191, 192-статьяларда каралган элдин саламаттыгын сактоо, коомдук коопсуздук жана тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн. Ушул статьянын жетинчи-он экинчи абзацтарында саналган кылмыштар боюнча саясий репрессиянын белгилери болуп бийликтин, башкаруу органдарынын, аткаруу органдарынын, советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдардын, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын 1917-жылдан тартып 1953-жылга чейинки мезгилде кабыл алынган актылардын мазмунунан жана маңызынан келип чыккан негизде кылмыш-жаза жана/же административдик тартиптеги колдонуудагы негиздемелер боюнча чечимдери саналат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья.
Кылмыш иштеринин материалдарында жоопко тартуунун негиздүүлүгүн ырастаган төмөндөгүдөй далилдери бар адамдар акталууга жатпайт: - Кыргызстандын аймагында аскер кызматына чакырылган жана аскер кызматчыларынын же командалык курамдын катарында Экинчи дүйнөлүк согушка жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдын Мекенге жасаган чыккынчылыгы үчүн; - Ата-Мекенге чыккынчылык, шпиондук, диверсия, зыянкечтик, саботаж, террордук актылар үчүн; - адамзатка каршы кылмыш жасагандыгы, бейпил элди жазалагандыгы, киши өлтүргөндүгү, адамды кыйнагандыгы үчүн; - киши өлтүргөн, каракчылык кылган, талап-тоногон жана башка зордук-зомбулук көрсөткөн куралдуу башка топторду уюштургандыгы жана мындай кылмышты өз колу менен жасагандыгы, ошондой эле куугунтукка алууга байланыштуу сот акыйкаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн сотголгон адамдар, алар а түгүл өздөрү кийин куугунтукка алынса да акталууга тийиш эмес. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья.
Коомго коркунуч келтирбеген катары жана коюлган күнөөнүн иш жүзүндө негиздүүлүгүнө карабастан төмөнкүдөй иш кылгандар акталат: - советтик түзүлүшкө каршы үгүт жана пропаганда жүргүзгөндөр; - чиркөөнү мамлекеттен жана мектепти чиркөөдөн ажыратуу мыйзамдарын бузгандар; - диний ырым-жырымды аткаруу түрүндө граждандарга жана алардын укугуна шек келтиргендер.
II Бөлүм Актоо тартиби
6-статья.
Ушул Мыйзамды колдонуунун төмөнкүдөй тартиби белгиленсин: Прокуратура органдары улуттук коопсуздук органдары менен бирге жазалоо фактылары боюнча ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн адамдар тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Реабилитациялоо боюнча комиссия) сунушу боюнча берилген арыздарды текшерип, документ даярдашат жана бардык кылмыш иштери боюнча тийиштүү тыянак чыгарат жана прокурор: - сот тарабынан соттолгондордун ишин соңку сот чечими чыгарылган сотторго корутундусу менен жиберет. Жоюлган же таркатылган соттор, ошондой эле граждандарга карата аскер соту тарабынан чыгарылган өкүмдөр учурда колдонуудагы мыйзамдар боюнча ошол иштер карамагына берилген соттордун кароосуна өткөрүп берилет. Иштин аймак боюнча караштуулугу соңку сот чечими чыгарылган жер боюнча аныкталат; - сот эмес органдардын чечими менен жазалангандардын иши - жазалоонун колдонулушуна тиешелүүлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Бишкек шаардык сотуна жана арыз ээсине иштин кайсы сотко жиберилгени билдирилет. Иштин каралышынан кийин сот төмөндөгүдөй чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн: - адам негиздүү соттолгон же сот эмес орган тарабынан жазалангандыктан ушул Мыйзамдын аракети ага карата колдонулбайт; - адам жөнсүз соттолгон же сот эмес органдар тарабынан жөнсүз жазаланган жана ал ушул Мыйзамга ылайык акталат. Ишти кароодо сот ошондой эле соттун мурдагы өкүмүнө, акыктамасына жана токтомуна же сот эмес органдардын чечимине өзгөртүү киргизе алат. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
61-статья.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын сунушу боюнча адам саясий репрессиялардын курмандыгы деп таанылышы мүмкүн. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын ишинин тартиби, милдеттери, ыйгарым укуктары, ошондой эле анын курамын түзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобо менен аныкталат. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет: - ар бир парламенттик фракциядан жана депутаттык топтон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бирден депутаты, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттардан бир өкүл; - жарандык коомдун 5 өкүлү; - Кыргызстандын совет мезгилиндеги тарыхын изилдеген 3 окумуштуу; - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен, улуттук коопсуздук органдарынан, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматынан 1ден өкүл. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын иши бюджеттен тышкаркы каражаттардын, анын ичинде тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
62-статья.
Реабилитациялоо боюнча комиссия изилдөөчү катары жогорку билимдүү жана архивдик материалдар менен иштөө тажрыйбасы бар окумуштууларды, адистерди жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартат. Илимий кызматкерлер жана Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен бардык архивдик мекемелерде 1917-1953-жылдардагы мезгилдерге тиешелүү архивдик материалдар менен тоскоолдуксуз таанышууга укуктуу. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө жана изилдөөчүлөрүнө 1917-1953-жылдардагы окуялар жөнүндө архив фондун жана саясий репрессиялардын курмандыктарынын кылмыш-жаза иштеринин материалдарын пайдаланууга тыюу салууга же чектөөгө жол берилбейт. Изилдөөчү ар бир репрессияланган адам боюнча Реабилитациялоо боюнча комиссия тарабынан бекитилген форма боюнча өзүнчө баяндама даярдайт жана Реабилитациялоо боюнча комиссиянын кароосуна сунуш кылган баяндамада берилген маалыматтын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик алат. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча Реабилитациялоо боюнча комиссия репрессияланган адамды реабилитациялоо же болбосо реабилитациялоодон баш тартуу жөнүндө сунуштама менен материалдарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүү чечимин кабыл алат. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча Реабилитациялоо боюнча комиссия репрессияланган адамды реабилитациялоо тууралуу баяндаманы жана ал жөнүндө маалыматты Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү китебине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы Реабилитациялоо боюнча комиссиянын чечимдеринин негизинде баяндаманын жалпыга жеткиликтүү электрондук формасын түзөт. Реабилитациялоо боюнча комиссия расмий баяндаманын текстин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайттарына жайгаштырат жана аны жылына бир жолудан кем эмес жарыялоо аркылуу коомчулукка өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымдап турат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья.
Сот тарабынан акталбайт деп таанылган адамга аныктаманын (токтомдун), ал эми жөнсүз соттолгон же сот эмес органдын чечими боюнча жөнсүз жазаланган учурда - акталгандыгы туралуу тил кат берилет. Соттун аныктамасы (токтому) прокурор же областтык соттун, республиканын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан четке кагылат, же болбосо акталбай калган адам тарабынан даттанылышы мүмкүн. Көзөмөл тартибиндеги жана кайрадан өзгөргөн шарттардан келип чыккан четке кагуулар Кыргыз Республикасынын Уголовный-процессуалдых кодексинин нормаларында белгиленген кадимки тартипте каралат. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья.
Ушул Мыйзамга ылайык акталган граждандардын администрациялык көчүрүп чыгарылышын аныктоого, эмгек, пенсия жана башка укуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан маселелерди чечүү областтык, шаардык жана райондук мамлекеттик администрацияларга жүктөлөт. Бул максатта мамлекеттик администрациялар кызмат орундары бар комиссияларды түзүп, алардын жобосун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет. Мындай комиссиялардын тапшыруусу боюнча ички иштер органдары сүргүнгө айдоонун жана айдап жиберүүнүн, атайын конуштарга көчүрүүнүн, ошондой эле мүлкүнүн конфискацияланышынын жана тартылып алынышынын негизсиздигин аныктап белгилейт жана текшерүү материалдарын комиссияларга жиберет. Документтик маалыматтар жок болгон учурда репрессияларга дуушар болуу фактысы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде сот тартибинде белгилениши мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 20-февралындагы № 10, 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109, 2023-жылдын 9-мартындагы № 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
III Бөлүм Актоонун натыйжалары
9-статья.
Акталган адамдардын граждандык бардык укуктары, мунун ичинде өз каалоосу боюнча бардык калк жашаган пункттарда жана жерлерде (куугунтукка алынганга чейин өздөрү туруктуу жашаган жерде) укугу калыбына келтирилсин, бул укук анын үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү. Мамлекеттик сыйлыктан, окумуштуу даражасынан, аскердик, атайын жана ардактуу наамдардан, пенсиядан, автордук жана башка укуктардан ажыратууда жазалоо колдонууга байланышкан чечимдер жараксыз деп таанылсын. (Куугунтукталган авторлордун чыгармачыл мурасын коргоо мөөнөтү алар толук акталгандан кийин эмгеги биринчи басылып чыккан күндөн баштап эсептелинсин). (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1991-жылдын 21-декабрындагы № 694-ХII токтому). Акталган адамдар жана алардын мурасчылары иштерде сакталып калган кол жазмаларды, сүрөттөрдү жана башка өзүмдүк документтерди алууга, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында акталгандыгы жөнүндө акысыз билдирүү жарыялоого укуктуу. Акталган адам дүйнөдөн кайткан учурда арыздануучулардын өтүнүчү боюнча куугунтукка алууга байланыштуу иштерди сактаган архив органдары аларга акталган адамдын дүйнөдөн кайткан убактысын, анын себебин жана көмүлгөн жерин билдирүүгө милдеттүү.
10-статья.
Акталгандар үчүн, ушул Мыйзамдын 3-статьясынын алтынчы абзацында көрсөтүлгөн реабилитацияланууга тийиш адамдарды кошпогондо, эсептешүү көрсөткүчүнүн он эселенген өлчөмүндө бир жолку акчалай компенсация белгиленсин. СССРдин мурдагы союздук республикалары болгон мамлекеттердин мыйзамдары боюнча компенсация алууга укуктуу акталган граждандарга, компенсация алуучу жерди тандап алууга укук берилет. Компенсацияларды төлөп берүүнүн тартиби мамлекеттер аралык өзүнчө макулдашуулар тарабынан аныкталат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун алдындагы штаттык комиссияда катталган адам өлгөн учурда үй-бүлө мүчөлөрүнө пособиелерди төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109, 2006-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 9-мартындагы № 53, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья.
Турак-жай абалын жакшыртууга муктаж акталган граждандарга турак-жайды кезексиз алуу укугу берилет. Акталган адам өлүп калган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук, эгерде алар жаңы бүлө түзбөгөн болсо, жубайлардын бирөөнө, ошондой эле камалганга чейин бирге жашаган жана куугунтуктоого байланыштуу ээлеп турган турак жайга болгон укугун жоготкон жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж ата-энесине жана балдарына сакталат. Эгерде реабилитацияланган адам репрессиянын натыйжасында майыптыкка дуушар болгон болсо же пенсионер болуп эсептелсе, ага төмөнкүлөргө да укуктар берилет: - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация алууга; - Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейленүүгө; - телефонду биринчи кезекте орнотууга; - карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, дайындалган пенсиясынын 25 проценттен кем эмесин сактоо менен мамлекеттин толук камсыздоосунда жашоого. Ушул Мыйзамга ылайык акталган адамдар адвокаттан акталууга байланышкан маселелер боюнча акысыз кеңеш алууга укуктуу. Ушул Мыйзамда каралган социалдык гарантияларга укуктуу акталган адамдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүк берилет. Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын курмандыгы катары реабилитацияланган, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин, агартуу, маданият жана искусство өкүлдөрүнүн элеси жана алардын сөөгү коюлган жерлер түбөлүккө сакталууга тийиш. СССРдин мурдагы союздук республикалары болгон башка мамлекеттердеги саясий куугунтукка алынган, бирок, Кыргыз Республикасында жашап жаткан жана анын гражданы болуп эсептелген акталган адамдар ушул статьяда каралган бардык социалдык гарантияларды пайдаланат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 53, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор мамлекеттик тилдеги, үчүнчү бөлүктүн биринчи абзацынын 11-беренесиндеги текстке дал келбейт
12-статья.
Ушул мыйзамдын 1-11-статьялары бул Мыйзам кабыл алынганга чейин акталган саясий куугунтукка алуунун курмандыктарына карата да колдонулат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья.
Ушул Мыйзамдын 10 жана 11-статьяларынын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын аларды саясий репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен деп табуу жөнүндө справкасы бар саясий репрессиялардан жапа чеккен адамдарга жайылтылат. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 19-августундагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
|