Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-декабры № 720
Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин 5-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомду ишке ашыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат деп белгиленсин:
1) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында;
2) жеке менчиктеги фармацевтикалык уюмдар жана мамлекеттик ишканалар үчүн өз каражаттарынын эсебинен.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |