ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 720 «Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция02.12.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 2-декабры № 720

 

Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө

"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин 5-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтомду ишке ашыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат деп белгиленсин:

1) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында;

2) жеке менчиктеги фармацевтикалык уюмдар жана мамлекеттик ишканалар үчүн өз каражаттарынын эсебинен.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров