Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 720 токтомуна) |
Талаптагыдай дарыкана практикасынын ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелери (мындан ары - Эрежелер) дарыкана уюмдарынын ишине коюлуучу негизги талаптарды регламенттейт жана жагымсыз таасирлердин минималдуу көрүнүштөрү менен максималдуу терапевттик пайдага жетишүү максатында калктын ден соолугун чыңдоого, сапаттуу, коопсуз дары каражаттарын жана препараттарды рационалдуу колдонууга багытталган.
2. Дарыкана уюмдары лицензиялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
3. Дарыкана уюмдары өз ишинде санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди, эмгекти коргоо эрежелерин жана коопсуздук техникасын, өрткө каршы эрежелерди жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарды жетекчиликке алууга тийиш.
4. Дары каражаттарын жана препараттарды чекене сатуу ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
5. Дары каражаттарын жана препараттарды чекене сатуу боюнча ишти уюштуруу алардын талаптагыдай сапатына жана калкты тейлөөнүн сапатына кепилдик берүүгө жана камсыз кылууга тийиш.
6. Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сатып алуу, сактоо, сатуу жана жок кылуу Кыргыз Республикасынын баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Негизги принциптер жана талаптар
7. Эрежелер төмөнкүлөргө багытталган талаптардын комплексин билдирет:
1) талаптагыдай сапаттагы дары каражаттарын жана препараттарды берүү;
2) анык маалымат берүү;
3) дары каражаттарын жана препараттарды рационалдуу дайындоону жана аларды туура пайдаланууну пропагандалоо;
4) фармакотерапия маселелери боюнча саламаттык сактоо кызматкерлери (врачтар) менен өнөктөштүк, ишенимдик өз ара мамилелерди белгилөө;
5) фармацевтикалык кызматтарды талаптагыдай көрсөтүү.
8. Талаптагыдай дарыкана практикасынын негизги талаптары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) дары каражаттарын жана препараттарды рационалдуу дайындоого жана талаптагыдай пайдаланууга көмөктөшүү;
2) фармацевтикалык кызматтын ар бир элементин өзүнчө инсанга багыттоо;
3) кесиптик этиканы жана купуялуулукту сактоо;
4) сапаттуу фармацевтикалык кызматтарды көрсөтүү;
5) фармакологиянын, фармакотерапиянын жана деонтологиянын негиздерине ээ болгон квалификациялуу кызматкердин болушу;
6) сапаттуу дары каражаттарын жана препараттарды сактоону, эсепке алууну жана сатууну кошуп алганда, керектөөчүгө чейин талаптагыдай илгерилетүүнү камсыз кылуучу тиешелүү жабдуулардын, жайлардын жана башка зарыл шарттардын болушу;
7) калкка консультациялык жана маалыматтык жардам көрсөтүү жана диагностикалык тестирлөө жүргүзүү үчүн тиешелүү жайлардын, жабдуулардын жана атайын адабияттардын болушу;
8) фармакотерапия, ден соолукту чыңдоо, калктын ооруларын алдын алуу жана фармакологиялык көзөмөл бөлүмүнө кирген бардык маселелерде өз ара ишенимди жана купуялуулукту билдирген дарыкана жана медициналык уюмдардын өз ара аракеттенүүсү;
9) персоналдын билим деңгээлин системалуу жогорулатуу үчүн билим берүүчү программалардын болушу;
10) ушул Эрежелер менен аныкталган зарыл болгон документтердин болушу;
11) дары каражаттарын жана препараттарды, дарыкана ассортиментиндеги товарларды сатып алуу системасы, фальсификацияланган фармацевтикалык продукцияларды табуу жана таралышын токтотуу боюнча иш-чараларды камсыздоо.
9. Дарыкана уюмунун жетекчиси дары каражаттарынын жана препараттардын кошумча таасирлерине мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындайт.
10. Дарыкана уюмунда дары каражаттарынын жана препараттардын кошумча таасири аныкталганда фармацевттер же бейтаптар тарабынан аларды толтуруу үчүн белгиленген формадагы карта-билдирүүлөр каралууга тийиш. Карта-билдирүү кагаз түрүндө же дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын колдонуудагы электрондук системаларынын жардамы менен толтурулат.
11. Карта-билдирүүнү толтуруу фактысы дары каражаттарынын жана препараттардын кошумча таасирлерине мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу адам тарабынан аныкталган дары каражаттарынын жана препараттардын кошумча таасирлерин каттоо журналында белгиленүүгө тийиш.
12. Кагаз түрүндө толтурулган карта-билдирүүлөр дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилүүгө тийиш.
3-глава. Рецепттик дарыларды жана препараттарды рационалдуу колдонууну камсыз кылуу
13. Рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды рационалдуу колдонууну камсыз кылуу - рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды калкка сатуу, аларды сактоо, дайындоо жана колдонуу менен байланышкан иш.
14. Дарыкана уюмунун персоналынын рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды камсыз кылуу жана рационалдуу колдонуу боюнча иши өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) квалификациялуу персоналдын жетиштүү санда болушу;
2) дары каражаттарын жана препараттарды даярдоо технологиясын сактоо жана сапатын камсыз кылуу (эгер болсо);
3) рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды белгиленген үлгүдөгү рецепттик бланктар боюнча берүү, анын ичинде рецепттеги маалыматтардын туура таризделишин жана толуктугун текшерүү;
4) рецепт жазуу эрежелерин, дары формаларын даярдоо технологиясын сактоо, рецептте жазылган дозалардын оорулуунун курагына ылайык келишин, бир жолку берүү ченемдерин, жазылган рецепттик дары каражаттарынын жана препараттардын айкалышын текшерүү;
5) бейтаптын жазылган рецепттик дары каражатын же препаратты тиешелүү мөөнөттө жана жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүнчүлүгү;
6) тиешелүү маркалоосу жана таңгагы бар рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды талаптагыдай берүүнү камсыз кылуу;
7) бейтапка рецепттик дары каражаттары жана препараттар жөнүндө жеткиликтүү түшүнүктөр менен объективдүү маалыматты жана аларды колдонуу боюнча кеңештерди берүү.
15. Рационалдуу дайындоону, рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды колдонууну камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплексин камсыз кылуу үчүн фармацевтке төмөнкүлөр зарыл:
1) рецепттик дары каражаттарын жана препараттарды колдонуу боюнча анык маалымат берүү жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү билимдер жана көндүмдөр;
2) рецепттик дары каражатын жана препаратты пайдалануу боюнча маалымдама-маалыматтык адабияттын жетиштүү саны.
4-глава. Өзүн-өзү дарылоо
16. Өзүн-өзү дарылоо менен байланышкан иш дары каражаттарын өз алдынча ичүү боюнча бейтапка консультация берүүгө жана өз алдынча дарыланууга мүмкүн болгон ооруларды жана абалдарды дарылоодо дарылык жардам берүүгө багытталган.
17. Өзүн-өзү дарылоо менен байланышкан иштерди жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) зарыл болгон учурларда врачка жөнөтүүнү кошуп алганда, бейтапка талаптагыдай сунуштамаларды берүү боюнча фармацевттин тиешелүү кесиптик даярдыгы;
2) өзүн-өзү дарылоо маселелерин фармацевттерди окутуу программасына киргизүү;
3) өзүн-өзү дарылоо жана консультация үчүн дары каражаттарын жана препараттарды тандоо боюнча программаларга катышуу;
4) атайын маалымдама адабияттарынын болушу;
5) рецептсиз берилүүчү дары каражаттарынын жана препараттардын тизмегинин болушу;
6) өзүн-өзү дарылоо маселелери боюнча стандарттык операциялык жол-жоболордун болушу;
7) өз алдынча дарыланууда симптомдорду жана талмоорсууларды билүү;
8) өзүнө жардам берүү жана өзүн профилактикалоо маселелери боюнча консультацияларды алуу;
9) дарыкана уюмуна келүүчүлөр үчүн өзүн-өзү дарылоо боюнча маалыматтык материалдардын (брошюра, буклет) болушу.
18. Өзүн-өзү дарылоо менен байланышкан дарыкана уюмунун иши төмөнкүдөй иш-чаралардан турат:
1) бейтаптын өтүнүчү же өз алдынча ичүү боюнча рецептсиз дары каражаттарын жана препараттарды колдонуу боюнча зарылдыгына жараша консультация берүү, врачка жөнөтүү, башка дары каражаттары жана препараттар менен дарылык өз ара аракеттенүү боюнча сунуштамаларды берүү ж.б.;
2) фармацевт тарабынан тобокелдик тобуна бейтапка таандык мүмкүн болгон симптомдоруна баалоо жүргүзүү, симптомдорду, талмоорсуунун узактыгын, көрүлгөн чараларды аныктоо, зарыл болгон учурда рецептсиз дары каражаттарын сунуштоо же дарыгерге жөнөтүү;
3) конкреттүү бейтапка рецептсиз дары каражаттарын жана препараттарды дайындоодо өтүшүп кеткен учурлар жөнүндө врачка маалымдоо.
19. Рецептсиз дары каражаттарын жана препараттарды сунуштоодо фармацевт төмөнкүлөргө тийиш:
1) рецептсиз дары каражаттарын жана препараттарды тандоодо алардын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана сапатын эске алуу менен кесиптик тажрыйбаны пайдаланууга;
2) бейтапка бул дары каражаты же препарат жөнүндө, анын таасири, колдонуу ыкмасы, дарылоонун узактыгы, мүмкүн болуучу кошумча таасирлери, каршы көрсөтмөлөрү жана башка дары каражаттары жана препараттар менен айкалыштыруу жөнүндө жеткиликтүү маалымдоого;
3) кайталанган симптомдор пайда болгон учурда врачка кайрылуунун зарылдыгы жөнүндө бейтапка эскертүүгө.
5-глава. Дарыкана уюмдарынын ишинин мүнөзү, алардын жайлары жана жабдуу
20. Дарыкана уюмдары өз ишинин мүнөзү боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) дарыкана төмөнкүдөй укугу менен:
- саламаттык сактоо уюмдарынын талаптары же өтүнмөлөрү, стандарттык жазуулар менен врачтын рецепттери боюнча дары каражаттарын жана препараттарды даярдоо;
- бекитилген жазууларга ылайык дары каражаттарын жана препараттарды дарыкана ичинде даярдоо;
- дары каражаттарды жана препараттарды фасовкалоо, ошондой эле даяр дары каражаттарын жана препараттарды сатуу;
2) дары каражаттарын жана препараттарды даярдоо укугусуз, даяр дары каражаттарын жана препараттарды жана медициналык буюмдарды калкка сатуучу даяр дары каражаттары жана препараттар дарыканасы;
3) бейтаптарды дары каражаттары жана препараттар менен камсыз кылуу үчүн дары каражаттарын жана препараттарды даярдоо жана берүү укугу менен оорукана ичиндеги дарыкана;
4) калкка даяр дары каражаттарын жана препараттарды, медициналык буюмдарды жана дарыкана ассортиментиндеги башка товарларды сатуучу дарыкана пункту;
5) калкка даяр дары каражаттарын жана препараттарды жана дарыкана ассортиментиндеги башка товарларды (врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары каражаттарын жана препараттарды кошпогондо) сатуучу дарыкана киоскасы.
21. Дарыкана уюмунда соода залынын таанышуу үчүн ыңгайлуу жерине төмөнкүлөр жайгаштырылууга тийиш:
1) пикирлер жана сунуштар китеби;
2) акысыз жана жеңилдетилген камсыздоого жана кезексиз тейленүүгө укугу бар калктын топтору жөнүндө маалыматтар;
3) маалымдоочу фармацевттик кызматтын телефон номерлери жана иш режими жөнүндө маалыматтар;
4) дарыканада даярдалган дары каражаттарын жана препараттарды сактоо мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар;
5) дарыкана уюмунан берүүгө уруксат берилген дары каражаттарына жана препараттарга жана дарыкана ассортиментиндеги башка товарларга баалар;
6) калкты түздөн-түз тейлөөчү дарыкана уюмдарынын кызматкерлери жөнүндө маалыматтар (табличкалар, бейдждер жана башкалар аты-жөнүн жана кызмат ордун көрсөтүү менен);
7) прокат пункту болгон учурда - прокатка берилүүчү предметтердин тизмеси жөнүндө маалыматтар.
22. Дарыкана уюму Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык дары каражаттарын жана препараттарды сактоодо жана сатууда алардын сапатын жана коопсуздугун сактоону камсыз кылуучу зарыл болгон жайларды, жабдууларды жана инвентарларды жайгаштырууга тийиш.
23. Дарыкана уюмунун бардык жайлары имаратта (курулушта) жайгаштырылууга жана өзүнчө кириши (чыгышы) бар башка уюмдан бөлүнгөн бирдиктүү блокко функционалдык жактан бириктирилүүгө тийиш.
Дарыкана уюму таяныч-кыймыл аппаратынын функциясы бузулган адамдардын кирүү (чыгуу) мүмкүнчүлүгүн эске алышы керек.
24. Дарыкана уюмунун мамлекеттик жана расмий тилдерде жашыл тамгалар менен уюмдун фирмалык аталышы, дарыкана уюмунун түрү көрсөтүлгөн ак фондо жашыл крести бар көрнөгү болууга тийиш: уюштуруучулук-укуктук формасын жана менчигинин түрүн, ошондой эле уюмдун иш режимин көрсөтүү менен "Дарыкана", "Аптека" же "Дарыкана пункту", "Аптечный пункт" же "Дарыкана киоскасы", "Аптечный киоск".
Дарыкана уюмдарын имараттын ичине жайгаштырууда көрнөк имараттын сырткы дубалында болууга тийиш.
Түнкү убакытта дарылык жардам көрсөтүүчү дарыкана уюмунун иштөө сааттарын көрсөтүү аркылуу түнкү мезгилде иштөөсү жөнүндө маалыматы менен жарык кылынган көрнөгү, дарыкана уюмунун кызматкерин чакыруу үчүн коңгуроосу болууга тийиш.
25. Дарыкана уюмунун жайларынын жана жабдууларынын курамы, өлчөмү жүргүзүлүүчү фармацевттик иштин көлөмүнө жана мүнөзүнө жана дары каражаттарынын жана препараттардын, дарыкана ассортиментиндеги товарлардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуучу колдонуудагы ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш.
26. Дарыкана уюмдарында электр менен жабдуу, жылытуу, суу менен камсыздоо, кондициялоо, желдетүү, канализация системасы болууга тийиш.
27. Дубалдын, шыптардын ички беттери жылмакай, ачык өңдө болуп, нымдуу тазалоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш. Өндүрүштүк жайлардын жана материалдык бөлмөлөрдүн полдору чаң жыйнабагыдай, механикалык таасирлерге жана дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу менен нымдуу тазалоого туруштук бергидей болууга тийиш.
Административдик-тиричилик жайларын жасоодо туш кагаз, килем жабууларын, паркет, майлуу сыр ж.б. пайдаланууга жол берилет.
28. Дарыкана уюмунда пайдаланылуучу бардык приборлордун, аппараттардын эксплуатациялоонун бардык мезгилинде сакталуучу техникалык паспорту болууга тийиш. Ченемдик документтердин талаптарына ылайык приборлорго, аппараттарга үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүү зарыл.
29. Дары каражаттарын жана препараттарды дарыкана ассортиментиндеги товарларды сактоочу жай аба параметрлерин каттоо үчүн приборлор (термометр, гигрометр же психрометр) менен жабдылууга тийиш.
30. Санитардык иштерди жүргүзүү, оңдоо, кайра жабдуу үчүн же аны жоюуга байланыштуу дарыкана уюмун жабууда калкка бул жөнүндө дарыкана уюму жабылганга чейин беш күн мурда кирүү эшигине жайгаштырылган кулактандыруу аркылуу билдирилет. Оңдоого же аны жоюуга байланыштуу дарыкана уюму жабылганда дарыкана уюмунун жетекчиси бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы жана дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
6-глава. Кабыл алуу, сактоо жана сатуу
31. Дарыкана уюмунда сапатын жана санын камсыз кылуучу жана бузулууга жана башка бир тектүү продукция менен аралашып кетүүгө жол бербеген товарды кабыл алуу үчүн каралган атайын жай же атайын жабдылган жумуш оруну каралууга тийиш.
32. Дарыкана уюму келишимдин негизинде дары каражаттарын жана препараттарды дүң сатуу ишканасынан дары каражаттарын жана препараттарды алууга тийиш.
33. Дары каражаттарын жана препараттарды, дарыкана ассортиментиндеги товарларды кабыл алуу саны, сапаты, комплекттүүлүгү боюнча жүргүзүлөт жана төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) продукциянын партиясын мүнөздөөчү коштоочу документтерин текшерүүнү (товардык-транспорттук коштомо барагы, эсеп-фактура);
2) продукциянын сериясынын аталган коштоочу документте көрсөтүлгөн серия менен шайкеш келишин текшерүүнү;
3) келип түшкөн продукцияны визуалдуу текшерүүнү (урунган, брак);
4) продукциянын таңгагынын бүтүндүгүн текшерүүнү;
5) ташуу шарттарын сактоону текшерүүнү.
34. Продукцияны кабыл алуунун натыйжалары документтештирилет.
35. Дары каражаттарынын жана препараттардын сапатына шектенүүлөр болгон учурда, коштоочу документте көрсөтүлгөн сериялар шайкеш келбегенде, комплектүүлүк, таңгак, маркалоо шайкеш келбегенде же саны жетпей калганда продукцияны кабыл алууга жооптуу адам дүң сатуучу уюмга доомат түзөт.
36. Жарактуулук мөөнөтү бүткөн, ошондой эле белгиленген талаптарга алардын сапаты шайкеш келбеген дары каражаттарын жана препараттарды, дарыкана ассортиментиндеги товарларды кабыл алууга болбойт.
37. Кабыл алуу жол-жобосунан өтпөгөн дары каражаттары жана препараттар (таңгагы бузулганда, сапатын ырастоочу документи жана/же зарыл болгон коштоочу документи жок болгондо) тиешелүү түрдө маркаланууга жана идентификациялаганга, берүүчүгө кайра кайтарылганга же жок кылынганга чейин башка дары каражаттарынан жана препараттардан өзүнчө жайгаштырылууга жана "Жооптуу сактоодо. Чечим кабыл алынганга чейин сактоо керек" деген сигналдык ярлыгы болууга тийиш.
38. Кабыл алуу жол-жобосу жүргүзүлгөндөн кийин продукция кириштелет жана сатууга уруксат берилет.
39. Дары каражаттары жана препараттар, дарыкана ассортиментиндеги товарлар ушул Эрежелердин талаптарына ылайык алардын сакталышын, коопсуздугун жана сапатын камсыздоочу шарттарда сакталууга тийиш.
40. Дарыкана уюмунда дары каражаттарын жана препараттарды уурдоо, бузуу (төгүлүү, чачылуу, урунуу) жана контаминациялоо учурларын жокко чыгаруу боюнча чаралар каралууга тийиш.
41. Врачтын рецепти боюнча дары каражатын же препаратты берүүдө фармацевт жазып берүүнүн белгиленген талаптарына анын шайкеш келишине баалоо жүргүзөт жана берилүүчү дары препаратына баа коёт.
42. Рецептте жазылган дары каражаты жана/же препарат анын синонимине (генерикалык формасына) алмаштыруу бейтаптын макулдугу менен жана/же врач менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт, мында рецепттин аркасына берилген дары каражатынын жана/же препараттын соодадагы аталышын көрсөтүп, кол коюп жана берилген датасын жазуу керек.
43. Дарыкана уюмдары врачтык дайындоону аткаруу үчүн зарыл болгон түрдө жана санда пайдалануу үчүн даяр гана дары каражаттарын жана препараттарды берүүгө милдеттүү.
44. Дары каражаты жана/же препарат түп нускадагы заводдук же дарыканалык таңгакта берилүүгө тийиш. Зарыл учурда блистердикти кошпогондо, дарыкана таңгагында дарынын жана/же препараттын аталышын, санын, дозаланышын, сериясын, препараттын жарактуулук мөөнөтүн, колдонуу ыкмасын, сак болуу чараларын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен түп нуска заводдук таңгакты бузууга жол берилет.
45. Дарыкана уюмдарына жеке адамдардан алар мурда сатып алган дары каражаттарын жана/же препараттарды кабыл алууга тыюу салынат.
46. Дарыкана уюмдарынан сатылуучу дары каражаттарында жана препараттарында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен, мамлекеттик жана расмий тилдерде колдонуу боюнча нускама (аннотация-кошумча баракча) болууга тийиш.
47. Бейтапка анын өтүнүчү боюнча сатылып алынуучу дары каражаты жана/же препарат жөнүндө, дарыкана уюмунда болгон синоними (генерикалык формасы), аналогдору жана алардын баалары жөнүндө кошумча маалымат берилиши мүмкүн.
48. Дары каражаттарын жана препараттарды берүүдө фармацевт бейтапка дары каражатын же препаратты ичүү эрежелери жөнүндө маалымдоого тийиш: кабыл алуу режими, бир жолку жана суткалык дозасы, ичүү ыкмасы (тамактанууну эске алуу менен ж.б.), сактоо эрежелери, аны колдонуу боюнча нускама менен көңүл коюп таанышуу зарылдыгына бейтаптын көңүлүн буруу. Адистин жооптору кесиптик этиканын талаптарын сактоо менен аргументтүү, сабаттуу болууга тийиш.
7-глава. Персонал
49. Негизги функцияларын аткаруу үчүн дарыкана уюмунун штаты өзүнүн кызматтык милдеттерине ылайык кесиптик милдеттерди тийиштүү деңгээлде чечүүгө жөндөмдүү, жетишерлик сандагы квалификациялуу персонал менен комплекттелүүгө, приборлорду колдонгон учурда ченөө каражаттарынын абалына жооптуу адам дайындалат.
50. Сапатка жооптуу адам жогорку фармацевтикалык билимге жана практикалык иш тажрыйбага ээ болууга тийиш.
51. Дарыканада даярдалуучу, ошондой эле дарыкана кампасынан келүүчү дары каражаттарынын жана препараттардын сапатына жооптуу адам сактоо, иштетүү жана берүү процессинде дарыкана уюмуна сапатсыз дары каражаттарынын жана препараттардын келүүсүнүн алдын алуу жана алардын сапатынын төмөндөшүнө жол бербөө максатында дары каражаттарынын жана препараттардын сапатын камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш, ал алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү, кабыл алуучу контролдоо, продукцияны сертификаттоо менен бекемделет.
Алдын алуучу иш-чаралар төмөнкүлөрдөн турат:
1) санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана дезинфекциялык жана эпидемияга каршы режимдердин ченемдери сактоо;
2) дары каражаттарын жана препараттарды сактоо эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактоо;
3) салмагын өлчөөчү приборлордун оң абалда иштешин жана тактыгын камсыз кылуу;
4) врачтын рецепттерди жазып берүү эрежелерин сактоосу;
5) дары формаларын даярдоо технологиясын, рецептте жазылган дозалардын шайкештигин, бир жолку берүү ченемдерин жана башкаларды сактоодон;
6) жарактуулук мөөнөтү чектелген дары каражаттарын жана препараттарын эсепке алуудан.
Кабыл алууну контролдоо ченемдик укуктук актыларга ылайык "Таңгак", "Маркалоо", "Сүрөттөмөсү" көрсөткүчтөрү боюнча дары каражаттарын жана препараттарды идентификациялоодон турат.
52. Өзүнүн өндүрүштүк ишинде дарыкана уюмунун адиси саламаттык сактоо жаатындагы колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды, ички эмгек тартибинин эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, эмгекти коргоонун талаптарын, коопсуздук техникасын, кызматтык нускамаларды, ушул Эрежелерди жетекчиликке алууга жана аларды аткаруу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктары болууга тийиш.
53. Бардык кызматкерлер талаптагыдай дарыкана практикасынын принциптерин жана эрежелерин сактоого, өзүнүн кызматтык милдеттенмесине ылайык квалификациясын андан ары жогорулатууга милдеттүү.
54. Өзүнүн иш процессинде дарыкана уюмунун кызматкерлери фармацевтикалык этиканын жана деонтологиянын ченемдерин сактоого милдеттүү.
8-глава. Стандарттуу операциялык жол-жоболор
55. Дары каражаттарынын жана препараттардын сапатына, ошондой эле жалпы дарыкана уюмунун ишинин сапатына таасир этүүчү иштердин бардык түрлөрүнө стандарттуу операциялык жол-жоболор (мындан ары - СОЖ) түзүлүүгө тийиш.
56. СОЖ төмөнкүлөргө иштелип чыгууга тийиш:
1) продукцияны алуу жана жеткирүүнү текшерүү;
2) дары каражаттарын жана препараттарды, дарыкана ассортиментиндеги товарларды коопсуз сактоо;
3) жабдууларды тазалоо (иштетүү) жана жайларды жыйноо (мителерге каршы күрөштү кошкондо);
4) сактоо шарттарынын параметрлерин каттоо;
5) документтерди, анын ичинде дары каражаттарын жана препараттарды эсепке алуу, заказ берүү, кайра кайтаруу, фармацевтикалык досьени, кошумча таасирлерге мониторинг жүргүзүү документтерин жүргүзүү жана сактоо;
6) персоналды окутууну жүргүзүү.
57. СОЖ сапатка жооптуу адам тарабынан датасы жана колу коюлууга жана дарыкана уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилүүгө тийиш.
9-глава. Документтер
58. Категориясына жана түрүнө жараша документтердин формасы жана мазмуну дарыкана уюмунун жетекчиси тарабынан регламенттелет.
59. Документтерди сактоо кагаз жана/же электрондук (магниттик) алып жүрүүчүлөрдө ишке ашырылат.
60. Дарыкана уюмунун документтеринин системасы төмөнкүлөрдү камсыздоого тийиш:
1) дарыкана уюмунун аткаруучу функцияларын толук регламенттөөнү;
2) кызматкерлер үчүн тиешелүү документтерге жеткиликтүүлүктү;
3) документтерде баяндалган талаптарды бир мааниде чечмелөөнү;
4) дарыкана уюмунун документтерин өз убагында кайра кароону.
61. Документтер текшерүү үчүн мамлекеттик органга жеткиликтүү болууга тийиш. Документтер Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында жана дары каражатын жүгүртүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын суроо-талабы боюнча толук көлөмдө берилет.
62. Документтер алардын сакталышын камсыздоочу шарттарда сакталууга тийиш.
10-глава. Өзүн-өзү инспекциялоо
63. Дарыкана уюму тарабынан ушул Эрежелеринин талаптарына шайкеш келишине өзүн-өзү инспекциялоо (ички текшерүү) үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш.
64. Өзүн-өзү инспекциялоо фармацевтикалык иштин, талаптагыдай дарыкана практикасынын кемчиликтерин аныктоо жана түзөтүүчү аракеттерди жүргүзүү боюнча сунуштамаларды берүү максатында жүргүзүлөт.
65. Өзүн-өзү инспекциялоо ошол дарыкана уюмунун кызматкерлеринин ичинен, текшерилип жаткан ишти түздөн-түз жүзөгө ашыруучу адамдардан көз карандысыз адам же адамдардын тобу тарабынан жүргүзүлөт. Топтун милдетине талаптагыдай дарыкана практикасынын талаптарын аткарууну объективдүү баалоо жана түзөтүүчү аракеттерди жүргүзүүнү контролдоо кирет.
66. Өзүн-өзү инспекциялоо боюнча программа төмөнкү пункттарды камтыган минималдуу жана бирдей типтүү талаптарды камсыздоочу СОЖ түрүндө иштелип чыгат:
1) персонал;
2) жайлар, анын ичинде персонал үчүн жайлар;
3) имараттарды күтүү жана жабдууларды тейлөө;
4) продукцияны сактоо;
5) жабдуулар;
6) документтер;
7) санитардык-эпидемиологиялык талаптар;
8) коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо;
9) мурдагы өзүн-өзү инспекциялоонун жыйынтыктары жана көрүлгөн түзөтүүчү аракеттер.
67. Өзүн-өзү инспекциялоо аяктагандан кийин өзүн-өзү инспекциялоонун жыйынтыктары, өзүн-өзү инспекциялоо учурунда алынган баалоону жана корутундуну камтыган отчет түзүлүүгө тийиш жана зарыл болгон учурда түзөтүүчү аракеттер боюнча сунуштамалар боюнча текшерилүүчү иштин участогуна жооптуу персоналга жана дарыкана уюмунун жетекчилигине маалымат жеткирилет.
68. Кийинки өзүн-өзү инспекциялоодо сунуштамалардын аткарылышы жана алардын натыйжалуулугу контролдонот.