Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-декабры № 724
Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 1950-VII "Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Чийки сүткө базалык бааны белгилөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын ишке тартылган министрликтеринин жана ведомстволорунун республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга каралган каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |