Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 724 токтомуна)
|
Чийки сүткө базалык бааны белгилөө ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Чийки сүткө базалык бааны белгилөө тартибинде (мындан ары - Тартип) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбакер субъекттер жана башка кызыкдар жактар чийки сүткө базалык бааны белгилөөдө жетекчиликке алуучу жол-жоболор аныкталат.
2. Бул тартипте төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) сүттү кайра иштетүүчү завод - даяр сүт продукциясын өндүрүүчү завод (цех, ишкана);
2) чийки сүттү чогултуу боюнча субъекттер - чийки сүттү чогултуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке, юридикалык жактар;
3) чийки сүттү өндүрүүчүлөр - чийки сүттү алууга багытталган ишти жүзөгө ашыруучу жеке, юридикалык жактар, фермердик чарбалар;
4) чийки сүттүн базалык баасы - базистик майлуулугу 3,4% болгон чийки сүттүн баасы.
2-глава. Жумушчу топторду түзүү жана башкаруу
3. Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аймагында сүттү кайра иштетүүчү заводдор жайгашкан райондордо курамы төмөнкүлөрдөн турган туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлөт:
1) райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрүнөн;
2) тиешелүү райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнөн;
3) айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн;
4) райондук ветеринардык кызматтын өкүлдөрүнөн;
5) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык өкүлдөрүнөн;
6) сүттү кайра иштетүүчү заводдордун өкүлдөрүнөн;
7) чийки сүттү чогултуу боюнча субъекттерден;
8) чийки сүт өндүрүүчүлөрдөн;
9) "Кыргызстандын сүт бирикмеси" ассоциациясынын өкүлдөрүнөн.
Ведомстволор аралык жумушчу топтордун ишин камсыз кылуучу катчылыктар болуп тиешелүү райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары саналат.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтор региондук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайкы жана кышкы мезгилдерге чийки сүттүн базалык баасынын деңгээлин аныктоо үчүн жылына эки жолудан кем эмес чогулат.
5. Чийки сүттүн базалык баалары ведомстволор аралык жумушчу топтор тарабынан сүттү кайра иштетүүчү ар бир завод үчүн ар бир кызыкдар тараптардын пикирин эске алуу менен 15-сентябрга чейинки мөөнөттө кышкы мезгилге жана 15-мартка чейинки мөөнөттө жайкы мезгилге сүттү кайра иштетүүчү заводдордун чийки затка болгон керектөөлөрүн жана чийки сүттүн базалык баасына таасир этүүчү башка факторлорду эске алуу менен аныкталат.
3-глава. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтор тарабынан чийки сүткө базалык баалар боюнча сунуштар сүттү кайра иштетүүчү заводдордун жайгашкан жерине ылайык монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө макулдашуу үчүн алар аныкталган күндөн тартып эки жумуш күндөн кечиктирбестен киргизилет.
7. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоо тартиби жөнүндө жобонун талаптарына шайкештик предметине ведомстволор аралык жумушчу топтор киргизген сунуштарды карап чыгат.
Көрсөтүлгөн жобонун талаптары бузулгандыгы аныкталган учурда сунуш келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде көрсөтүлгөн бааны белгилөөдөн баш тартуу жиберилет. Ведомстволор аралык жумушчу топтор аталган баш тартууну карап чыгат жана табылган кемчиликтер четтетилгенден кийин чийки сүткө базалык баалар боюнча жеткире иштелип чыккан негизделген сунуштарды баш тартууну алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жиберет.
Ведомстволор аралык жумушчу топтордун сунуштары аталган Жобонун талаптарына ылайык келген учурда чийки сүткө базалык баалар кышкы мезгилге 10-октябрга чейинки мөөнөттө жана жайкы мезгилге 10-апрелге чейинки мөөнөттө белгиленет.
Белгиленген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде чийки сүткө белгиленген базалык баалар жөнүндө маалымат монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылат.
4-глава. Базалык бааларды кароонун башка шарттары
8. Сүттү кайра иштетүүчү завод монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн суроо-талабы боюнча маалыматты жана тиешелүү ырастоочу документтерди берет. Эгерде документте коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр камтылса, маалымат тиешелүү гриф менен берилет.
9. Ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн жактар ушул Тартиптин 5-пунктунда каралган мөөнөттөрдөн тышкары чийки сүткө базалык бааларды өзгөртүү жөнүндө негиздүү сунуш менен ведомстволор аралык жумушчу топко кайрылууга укуктуу.
10. Ведомстволор аралык жумушчу топтор чийки сүткө базалык бааларды өзгөртүү жөнүндө негизделген сунуштарды алар келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде карап чыгат.
11. Сүттү кайра иштетүүчү завод чийки сүткө базалык баа белгиленген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жалпыга жеткиликтүү жерлерде ушул Тартиптин тиркемесине ылайык Чийки сүткө сатып алуу бааларын белгилөө боюнча ченемдерге ылайык эсептелген чийки сүттү сатып алуу баалары жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
5-глава. Даттануу тартиби
12. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чийки сүткө базалык бааны белгилөө жөнүндө чечими административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
6-глава. Ушул Тартипти бузгандык үчүн жоопкерчилик
13. Ушул Тартипке ылайык белгиленген/эсептелген бааларды жогорулатуу/төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
| Чийки сүткө базалык бааны белгилөө тартибине тиркеме |
Чийки сүткө сатып алуу бааларын белгилөө боюнча ЧЕНЕМДЕР
| Майлуулугунун пайызы | Сүттү кайра иштетүүчү заводдун сатып алуу баасы | Чийки сүттү даярдоочулардын маржасы | Чийки сүттү өндүрүүчүлөрдүн сатып алуу баасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 4,5 | X + 6,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 4,0 | Х + 6,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,95 | X + 5,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,9 | Х + 5,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,85 | X + 4,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,8 | X + 4,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,75 | Х + 3,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,7 | Х + 3,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,65 | X + 2,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,6 | X + 2,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,55 | Х + 1,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,5 | Х + 1,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,45 | X + 0,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
Базалык баасы, базистик майлуулугу | 3,4 | X | 5 | Х-5 (3-графа - 4-графа) |
| 3,35 | Х - 0,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,3 | Х - 1,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,25 | Х - 1,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,2 | Х - 2,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,15 | Х - 2,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,1 | Х - 3,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,05 | Х - 3,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 3,0 | Х - 4,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 2,95 | Х - 4,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 2,9 | Х - 5,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 2,85 | Х - 5,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 2,8 | Х - 6,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 2,75 | Х - 6,5 | 5 | (графа 3) - 5 |
| 2,7 | Х - 7,0 | 5 | (графа 3) - 5 |
Сүттүн базистик майлуулугу 3,4% болушу керек. Майлуулугуна жараша сатып алуу баасынын деңгээли төмөндөшү мүмкүн. Майлуулугу ар бир 0,5%га төмөндөөдө сүттү кайра иштетүүчү завод тарабынан сатып алуу баасы 0,5 сомго/л төмөндөтүлөт, майлуулугу ар бир 0,5%га жогорулаганда сатып алуу баасы 0,5 сомго/л жогорулайт.
Чийки сүттүн базалык баасы 37 сом/л жана базистик майлуулугу 3,4% болгон учурда сатып алуу бааларын эсептөөнүн мисалы
| Майлуулугунун пайызы | Сүттү кайра иштетүүчү заводдун сатып алуу баасы | Чийки сүттү даярдоочулардын маржасы | Чийки сүттү өндүрүүчүлөрдүн сатып алуу баасы |
| 4,5 | 43,5 | 5 | 38,5 |
| 4,0 | 43,0 | 5 | 38,0 |
| 3,95 | 42,5 | 5 | 37,5 |
| 3,9 | 42,0 | 5 | 37,0 |
| 3,85 | 41,5 | 5 | 36,5 |
| 3,8 | 41,0 | 5 | 36,0 |
| 3,75 | 40,5 | 5 | 35,5 |
| 3,7 | 40,0 | 5 | 35,0 |
| 3,65 | 39,5 | 5 | 34,5 |
| 3,6 | 39,0 | 5 | 34,0 |
| 3,55 | 38,5 | 5 | 33,5 |
| 3,5 | 38,0 | 5 | 33,0 |
| 3,45 | 37,5 | 5 | 32,5 |
Базалык баасы, базистик майлуулугу | 3,4 | 37 | 5 | 32 |
| 3,35 | 36,5 | 5 | 31,5 |
| 3,3 | 36,0 | 5 | 31,0 |
| 3,25 | 35,5 | 5 | 30,5 |
| 3,2 | 35,0 | 5 | 30,0 |
| 3,15 | 34,5 | 5 | 29,5 |
| 3,1 | 34,0 | 5 | 29,0 |
| 3,05 | 33,5 | 5 | 28,5 |
| 3,0 | 33,0 | 5 | 28,0 |
| 2,95 | 32,5 | 5 | 27,5 |
| 2,9 | 32,0 | 5 | 27,0 |
| 2,85 | 31,5 | 5 | 26,5 |
| 2,8 | 31,0 | 5 | 26,0 |
| 2,75 | 30,5 | 5 | 25,5 |
| 2,7 | 30,0 | 5 | 25,0 |