Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-декабры № 719
"Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-июлундагы № 225 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ШКУ менен Жибек жолу өлкөлөрүнүн ортосунда маданият, спорт, илим жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин, 23-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 23-тиркеме менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
"21) "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин, 21-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 21-тиркеме менен толукталсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият, маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакциядагы 21-тиркеме менен толукталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;
2) "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин жайгаштыруу үчүн жай бөлүп берсин;
3) "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча 2024-жылга ведомстволук мекеменин ишин камсыз кылууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 5251518,08 (беш миллион эки жүз элүү бир миң беш жүз он сегиз) сом 8 тыйын бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү эске алсын;
3) 2025-жылга жана андан кийинки жылдарга 13661205,4 (он үч миллион алты жүз алтымыш бир миң эки жүз беш) сом 40 тыйын өлчөмүндө тийиштүү сумманы карасын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 06-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
|
"Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин ТИПТҮҮ ЧЕКТЕЛГЕН ШТАТЫ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | 1 |
2 | Директордун орун басары | 1 |
| Бардыгы: | 2 |
2. Негизги персонал | ||
3 | Бухгалтер | 1 |
4 | Юрист | 1 |
5 | Басма сөз-катчы | 1 |
6 | Маркетолог | 1 |
7 | Башкы адис | 2 |
8 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Бардыгы: | 8 |
3. Техникалык тейлөөчү персонал | ||
9 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1 |
| Бардыгы: | 1 |
4. Кенже тейлөөчү персонал | ||
10 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 1 |
| Бардыгы: | 1 |
| Жалпы: | 12 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
"Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине карата КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Квалификациялык талаптар |

1 | Директор | Ар түрдүү багыт боюнча жогорку кесиптик билим, 5 жылдан кем эмес жалпы иш стажы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; англис тилин билүү (TOEFL (IBT 75) же эквивалент) артыкчылык болуп саналат |
2 | Директордун орун басары | Ар түрдүү багыт боюнча жогорку кесиптик билим, 3 жылдан кем эмес жалпы иш стажы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; англис тилин билүү (TOEFL (IBT 75) же эквивалент) артыкчылык болуп саналат |
3 | Бухгалтер | Экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг багыттары боюнча экономика жана башкаруу жаатындагы жогорку кесиптик билим, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук же аудитордук иш чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы |
2. Негизги персонал | ||
4 | Юрист | "Юриспруденция" багыты боюнча жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
5 | Башкы адис | Ар түрдүү багыт боюнча жогорку кесиптик билим, 3 жылдан кем эмес жалпы иш стажы; англис тилин билүү (TOEFL (IBT 75) же эквивалент) артыкчылык болуп саналат |
6 | Жетектөөчү адис | Ар түрдүү багыт боюнча жогорку кесиптик билим, 1 жылдан кем эмес жалпы иш стажы |
7 | Басма сөз-катчы | Журналистика, жарнама жана коомчулук менен байланыш, кыргыз филологиясы, орус филологиясы, тарых жана саясат таануу багыттары боюнча гуманитардык илимдер жаатындагы жогорку кесиптик билим, бул чөйрөдө 1 жылдан кем эмес иш стажы |
8 | Маркетолог | Ар түрдүү багыт боюнча жогорку кесиптик билим, 3 жылдан кем эмес жалпы иш стажы |
".
|
| 4-тиркеме |
|
|
"Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 4,00 |
2 | Директордун орун басары | 3,50 |
3 | Бухгалтер | 2,66 |
4 | Юрист | 2,69 |
5 | Басма сөз-катчысы | 2,57 |
6 | Маркетолог | 2,57 |
7 | Башкы адис | 2,57 |
8 | Жетектөөчү адис | 2,29 |
9 | Жеңил унаа айдоочусу | 1,52 |
10 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 1,02 |
".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-декабры № 719
"Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328, 2026-жылдын 25-апрелиндегт № 289 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-июлундагы № 225 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ШКУ менен Жибек жолу өлкөлөрүнүн ортосунда маданият, спорт, илим жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин, 23-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 23-тиркеме менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
"21) "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин, 21-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 21-тиркеме менен толукталсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)