Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-декабры № 728
"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча шаарлардын ишине дем берүү жана "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун туруктуу негизде өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсунун байге фонду 6000000 (алты миллион) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 487 "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары эки жылда бир жолу "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп турсун.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, прокуратуранын аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, балдарды коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, жаштар, дене тарбия жана спорт, этностор аралык мамилелер, региондорду өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү конкурска катышкан шаарлардын мэрияларына ушул токтом менен бекитилген "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык бир календардык жылда балдарга жана жаштарга карата ыңгайлуулуктун объективдүү көрсөткүчтөрүн чагылдырган тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтсүн.
6. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тиешелүү жылга каралган каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А. У. Жапаров |