Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 728 токтомуна) |
"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо шаарды туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн алкагында жашы жете электер жана жаштар үчүн эң мыкты шарттарды түзүү боюнча конкурс өткөрүү тартибин аныктайт.
2. "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсу (мындан ары - конкурс) эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат жана отчеттук календардык жылдан кийинки апрелдин биринчи жумуш күнүндө башталат. Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук маанидеги бардык шаарлары конкурска тиешелүү өтүнмө берүү жолу менен катышат.
Шаарлардын конкурска катышуусу - өткөн конкурстун жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар (1, 2 жана 3-орундар) ыйгарылган шаарлардан тышкары, мамлекеттик жаштар саясатын жана жергиликтүү маанидеги милдеттерди ишке ашыруунун алкагында милдеттүү. Жеңүүчү шаарлар кезектеги конкурстан кийин "Кыргызстандын жаштар шаары" же "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамын изденип алууга конкурска катыша алат.
3. Кыргыз Республикасынын жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары эки жылда бир жолу "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана балдарды коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, прокуратура, жаштар, дене тарбия жана спорт, этностор аралык мамилелер, региондорду өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) аймактык бөлүмдөрү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык бир календардык жылда балдарга жана жаштарга карата ыңгайлуулуктун объективдүү көрсөткүчтөрүн чагылдырган тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтөт.
4. Конкурска катышуу жана "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамын алуу үчүн критерийлер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- конкурстук тандоо башталганга чейин 30 жумуш күн мурун шаардын мэриясынын сайтында же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган, конкурска чейинки отчеттук календардык жыл үчүн шаардагы балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө баяндаманын болушу;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык конкурска чейинки календардык жылда жетишилген балдарга жана жаштарга ыңгайлуулуктун индикаторлорунун (мындан ары - индикаторлор) көрсөткүчтөрүнүн мааниси.
2. Конкурстук комиссия
5. Конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперттердин ичинен тогуз адамдан кем эмес санда гендердик өкүлчүлүктү эске алуу менен түзүлөт. Конкурстук комиссиялардын курамы жыл сайын конкурс башталганга чейин жаңыланып турат.
6. Комиссия өз функцияларын коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
7. Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тескеген орун басары саналат.
8. Комиссиянын төрагасы төмөнкү функцияларды аткарат:
- комиссиянын ишин жалпы жетектейт;
- комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүнүн датасын жана убактысын белгилейт;
- комиссиянын жыйналышын алып барат;
- комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт.
9. Комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын орун басары - жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аткарат.
10. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоону жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - комиссиянын катчылыгы) жүзөгө ашырат.
11. Эгерде жыйналышка комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, комиссиянын чечими укуктуу болуп саналат.
12. Комиссиянын чечими комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссия мүчөлөрүнүн добуштары бирдей санда болуп калган учурда, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен комиссиянын бекитилген мүчөсүнүн конкурска катышуусу мүмкүн болбогон учурда, анын милдеттерин ошол органдын же уюмдун жетекчиси тарабынан расмий өкүлдөнгөн адам аткарат.
13. Комиссиянын мүчөлөрүнүн сырттан добуш берүү жолу менен чечим кабыл алуусуна жол берилбейт.
Комиссиянын мүчөсүнүн жана/же мүчөлөрүнүн жүйөлүү себептер боюнча катышуусу мүмкүн болбогон (добуш берүүгө катышуунун мүмкүн эместигинин анык себебин далилдеген тиешелүү документтерди көрсөтүү менен) же ал жеткис күчтүн (форс-мажор) жагдайлары келип чыккан учурда комиссиянын жыйналышын өткөрүүгө жана комиссия мүчөлөрүнүн онлайн-режиминде (түз көрсөтүү) добуш берүүсүнө жол берилет.
3. Конкурсту өткөрүүнү уюштуруу жана жеңүүчүлөрдү аныктоо
14. Конкурстун максаттарын жана аны өткөрүү тартибин түшүндүрүү үчүн комиссиянын катчылыгы конкурска катышуучу шаарларда маалыматтык кампания өткөрөт.
15. Ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнмөлөрдү берүүнүн датасы жана конкурстук документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү комиссиянын катчылыгы тарабынан аныкталат.
Өтүнмөгө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык өткөн календардык бир жыл үчүн индикаторлордун объективдүү көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча документтер тиркелүүгө тийиш.
16. Шаарлардын мэрияларынын өтүнмөлөрү жана аларга тиркелген документтер комиссиянын катчылыгы тарабынан бир айлык мөөнөттүн ичинде каралат.
Комиссиянын катчылыгы шаарларды ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге шайкештигин баалоону жүргүзүү боюнча иштерди уюштурат.
Шаардын мэриясынын ишин жалпы баалоо конкурстун катышуучулары тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык балдарга жана жаштарга карата ыңгайлуулукка жетүү боюнча берилген документтерде чагылдырылган ар бир индикатор боюнча көрсөткүчтөрдүн маанилерин кошуу жолу менен аныкталат.
Комиссиянын катчылыгы шаарлардын мэрлеринин иштерин жалпы баалоонун жыйынтыгы боюнча эң жакшы беш шаардын социалдык мекемелеринин ишине жеринен текшерүү жүргүзүүгө укугу бар.
Комиссиянын катчылыгынын ишинин жыйынтыгы боюнча "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамына талапкерлерди аныктоо жөнүндө протокол түзүлөт.
17. Жогоруда аталган наамды ыйгаруудан баш тартуу үчүн негиз болуп наам ыйгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтардын анык эместиги жана толук эмес (документтердин 50%ынан аз) маалымат берүү, ошондой эле ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жоктугу жана өз убагында берилбегендиги саналат.
18. "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамына талапкерди аныктоо боюнча комиссиянын протоколу катчылык тарабынан кол коюлгандан кийин беш календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Протоколго шаарлардын өтүнмөлөрү жана аларга тиркелген документтер тиркелет.
19. Комиссиянын катчылыгынын жеринде текшерүүсүнүн жана шаарлардын мэрияларынын ишинин жалпы бааларын чыгаруунун жыйынтыгы боюнча алдынкы бештикке кирген "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамына талапкер шаарлардын мэрлери отчеттук мезгилде жүргүзгөн иштери жөнүндө комиссиянын алдына презентация жасайт.
20. Комиссия комиссиянын катчылыгы тарабынан берилген протоколду, өтүнмөлөрдү жана аларга тиркелген документтерди карап чыгат.
21. Комиссия баалоо баракчасы боюнча шаарлардын презентацияларына баа коёт. Шаарлардын презентациясына берилген баалар шаарлардын мэрияларынын ишине берилген жалпы баага кошулуп, комплекстүү баа эсептелип чыгарылат.
22. Конкурстун жыйынтыгын чыгарууда комплекстүү баа боюнча эң жогорку балл алган талапкер шаарга "Кыргызстандын жаштар шаары" наамы ыйгарылат. Комплекстүү баа боюнча жогорку балл алган башка 4төн көп эмес талапкер шаарга "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамы ыйгарылат.
23. Комплекстүү баа боюнча беш шаардын ичинен эң жогорку балл алган үч шаарга байгелүү орундар ыйгарылат - 1, 2 жана 3-орун.
Конкурстун байге фонду төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
- 1-орун - 3000000 (үч миллион) сом;
- 2-орун - 2000000 (эки миллион) сом;
- 3-орун - 1000000 (бир миллион) сом.
Конкурстун байге фонду үчүн каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардан тартууга жол берилет.
24. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча үч күндүн ичинде комиссиянын жыйналышынын протоколуна кол коюлат, ал конкурстун катышуучуларына жиберилет.
25. "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө чечим комиссиянын протоколдук чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилет.
|
| "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Балдарга жана жаштарга карата ыңгайлуулуктун ИНДИКАТОРЛОРУ
№ | Индикаторлордун жана көрсөткүчтөрдүн аталышы | Индикаторлордун тиби | Маалыматтарды топтоо жана баалоо боюнча аткаруучулар | Маалымат булагы | Эселөө коэффициенти | ||||||||||||||||||||||||||||
1. Жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жаштардын катышуусу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Мектеп, студенттик өз алдынча башкаруу уюмдары, ыктыярчылар кыймылдары жана башка формалдуу жана формалдуу эмес топтор катышкан кыз жана эркектер тең катышкан жаштардын иштери боюнча консультативдик кеңештин болушу | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
2 | Жылына эки жолудан кем эмес жаштар менен шаар мэринин жеке жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жаштардын сунуштарын (демилгелерин) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын болушу | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
3 | Жаштардын иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын коллегиалдуу жумушчу органдарына (коллегияларга, туруктуу комиссияларга, экиден кем эмес чечим) катышуусу | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
4 | Жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү маселелердин жумушчу коллегиалдуу органдардын жыйналыштарынын күн тартибинде болушу (экиден кем эмес жыйналыш) | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
5 | Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында төмөнкүдөй төрт багыт боюнча балдардын жана жаштардын бакубаттыгынын оң жагына өзгөрүшүн аныктоочу пункттардын болушу: - социалдык коргоо, - коопсуздук, - билим берүү, - ден соолук | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
6 | Чечимдерди кабыл алууда калктын, анын ичинде жаштардын пикирин эске алуу жана коммуникациялоо үчүн мэрия үзгүлтүксүз негизде колдонуучу ачык-айкын жана инновациялык инструменттердин болушу | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
7 | Мамлекеттик социалдык заказ боюнча программада балдардын жана жаштардын бакубаттыгына байланыштуу багыттардын болушу | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
2. Жаштарга бош убакыт өткөрүү, маданият менен алектенүү жана өнүгүү үчүн шарттарды түзүү | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Балдарды жана жаштарды тартуу менен балдардын жана жаштардын укуктарын коргоого багытталган төмөнкүдөй маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү: эл аралык балдарды коргоо күнү, эл аралык кыздар күнү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын эл аралык күнү, Дүйнөлүк ыктыярчылар күнү, Кыргыз Республикасынын жаштар күнү | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
3. Коопсуздук жана ыңгайлуу айлана-чөйрө | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Коомдук-профилактикалык борборлордун ишинин алкагында балдар жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын болушу | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
2 | Калкка, анын ичинде балдарга жана жаштарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө бекитилген жобонун болушу | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
3 | Калктын тийиштүү жаш курагындагы (14-35 жаштагы) 1000 адамына жаштардын (14-35 жаштагы) арасынан кылмыш жасагандардын саны | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэрияларынын статистикалык маалыматтары | 1/2 | ||||||||||||||||||||||||||||
4 | Калктын тийиштүү жаш курагындагы (0-18 жаштагы) 1000 адамына, балдарга жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэрияларынын статистикалык маалыматтары | 1/2 | ||||||||||||||||||||||||||||
5 | Тийиштүү жыныстагы жана курактагы 1000 адамга никеге турууга мажбурлоо максаты менен кыздарга жана аялдарга (14-35 жаштагы) карата жасалган кылмыштардын саны | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэрияларынын статистикалык маалыматтары | 1/2 | ||||||||||||||||||||||||||||
6 | Шаарда экологияны коргоо чараларын пропагандалоо максатында жалпы билим берүү мекемелеринде катуу калдыктарды сорттоо боюнча практиканын болушу | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэрияларынын статистикалык маалыматтары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
4. Билим берүү | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Шаардын билим берүү мекемелери боюнча бүтүрүүчүлөрдүн арасында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын орточо баллы | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэрияларынын статистикалык маалыматтары | 1/2 | ||||||||||||||||||||||||||||
2 | Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуунун жыйынды коэффициенти (бала бакчалар) | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэрияларынын статистикалык маалыматтары | 1/2 | ||||||||||||||||||||||||||||
3 | 7 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдарды толук эмес орто билим берүү менен камтуунун жыйынды коэффициенти (күндүз окутуучу орто мектептер) | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэрияларынын статистикалык маалыматтары | 1/2 | ||||||||||||||||||||||||||||
5. Саламаттык сактоо | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Жыныстык жол менен жугуучу оорулардын (СПИД, ВИЧ) тобокелдиктери, тамеки чегүүнүн жана алкоголду ичүүнүн кесепеттери тууралуу маалымдоо жана алдын алуу, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча иштерди шаардын мэриясы тарабынан жылына эки жолудан кем эмес өткөрүүсү | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
6. Турмуштук оор жагдайда жардам берүү | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Турмуштук оор жагдайда калган, анын ичинде мигрант ата-энелер тарабынан калтырылган балдардын эсебинин болушу | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
2 | Үй-бүлөлүк зомбулуктан, анын ичинде балдарды жана жаштарды коргоо жана сактоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу стратегиясынын (иш-аракеттер планынын) болушу | Объективдүү | ММСЖСМ | Шаарлардын мэриялары | 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||
1. № 1 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо Жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жаштардын катышуусу Индикаторлорду тандоонун негиздемеси. Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар ар бир жаш жарандын анын жашоо-турмушуна тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга таасир этүүсүнө жана алар өз шаарынын кандай болуусун көргүсү келе тургандыгы боюнча өз пикирин айтуусуна кепилдик берет. Жаштар шаарды өнүктүрүү процесси кандай өтүп жаткандыгы тууралуу кабардар болууга, бул процесске катышууга жана бул жаш адамдардын көз караштарын жана тажрыйбасын сыйлай тургандыгын, аларды өнөктөш жана инсан, тең укуктуу активдүү жарандар катары тааныша тургандыгын иш жүзүндө көрүүгө тийиш | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1.1. Мектеп, студенттик өз алдынча башкаруу уюмдары, ыктыярчылар кыймылдары жана башка формалдуу жана формалдуу эмес топтор катышкан кыз жана эркектер тең катышкан жаштардын иштери боюнча консультативдик кеңештин болушу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1.1.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч иши балдардын жана жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча сунуштама мүнөзүндөгү чечимдерди биргелешип талкуулоого жана иштеп чыгууга багытталган шаардын мэриясынын алдында жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин бар экендигин аныктоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.1.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.1.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Шаардын мэриясынын алдында жаштар иштери боюнча консультативдик кеңешти түзүү жана анын курамын бекитүү жөнүндө чечимдин көчүрмөсү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.1.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "бар экендиги" - 5 балл, "жок болсо" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.2. Жылына эки жолудан кем эмес жаштар менен шаар мэринин жеке жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жаштардын сунуштарын (демилгелерин) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын болушу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1.2.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч жылына эки жолудан кем эмес мэрдин жаштар менен жеке жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча (ар бир жарым жылдыкта) кабыл алынган чечимдердин санын өлчөө үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.2.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.2.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жаштардын сунуштарын ишке ашыруунун бекитилген иш-чаралар планынын, алардын аткарылышы жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.2.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "экиден кем эмес пландын болушу" - 5 балл; "жок болсо" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.3. Жаштардын иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн, жаш эксперттердин жана ыктыярчылардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын коллегиалдуу жумушчу органдарына (коллегияларга, туруктуу комиссияларга, экиден кем эмес чечим) катышуусу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1.3.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч муниципалитеттин коллегиалдуу органдарынын (коллегияларга, туруктуу комиссияларга мүчө болуу, жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарына катышуу) ишине жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн, жаш эксперттердин жана ыктыярчылардын катышуусун аныктоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.3.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.3.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Коллегиалдуу органдардын курамын бекитүү жөнүндө чечимдердин, жергиликтүү кеңештин жыйналыштарынын протоколдорунун көчүрмөсү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.3.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "экиден кем эмес чечимдин жана/же протоколдун болушу" - 5 балл, "жок болсо" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.4. Жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү маселелердин жумушчу коллегиалдуу органдардын жыйналыштарынын күн тартибинде болушу (экиден кем эмес жыйналыш) | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1.4.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч муниципалитеттин коллегиалдуу органдарынын жыйналыштарында (эки жыйналыштан кем эмес) жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү киргизилген маселелерди баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.4.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.4.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Коллегиялардын, комиссиялардын жыйналыштарынын (экиден кем эмес) чечимдеринин жана протоколдорунун көчүрмөсү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.4.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "экиден кем эмес чечимдин жана/же протоколдун болушу" - 5 балл; "жок болсо" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.5. Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында социалдык коргоо, коопсуздук, билим берүү, ден соолук сыяктуу төрт багыт боюнча балдардын жана жаштардын бакубаттыгынын оң жагына өзгөрүшүн аныктоочу, ошондой эле жаштар бирикмелерин (макулдашуу боюнча) аткаруучу катары тартууну камсыз кылуучу пункттардын болушу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1.5.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын негиздемелеринде социалдык коргоо, коопсуздук, билим берүү, ден соолук (бюджетин көрсөтүү менен) сыяктуу төрт багыт боюнча балдардын жана жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү, ошондой эле жаштар бирикмелерин аткаруучу катары тартууну камсыз кылуучу пункттардын бар экендигин баалоо үчүн пайдаланылат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.5.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.5.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Социалдык коргоо, коопсуздук, билим берүү, ден соолук (бюджетин көрсөтүү менен) сыяктуу төрт багыт боюнча балдардын жана жаштардын бакубаттыгынын оң жагына өзгөрүшүн аныктоочу, ошондой эле жаштар бирикмелерин аткаруучу катары тартууну камсыз кылуучу пункттарды көрсөтүү менен шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын көчүрмөлөрү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.5.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "төрттөн кем эмес пункттун болушу" - 5 балл, "жок болсо" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.6. Чечимдерди кабыл алууда калктын, анын ичинде жаштардын пикирин эске алуу жана коммуникациялоо үчүн мэрия үзгүлтүксүз негизде колдонуучу ачык-айкын жана инновациялык инструменттердин болушу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1.6.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч чечимдерди кабыл алууда жаштардын пикирин жыйноо жана эсепке алуу боюнча мэрия тарабынан колдонулуучу инновациялык инструменттердин (сайттар, социалдык тармактардагы баракчалар, whatsapp, СМС-билдирүү аркылуу сурамжылоо) болушун баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.6.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.6.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Коммуникация жана калктын пикирин эсепке алуу үчүн колдонулуучу иштеп жаткан инновациялык инструменттердин тизмеси | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.6.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "инструменттердин болушу" - 5 балл, "жоктугу" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.7. Жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча шаардын мэринин (мэриясынын) ишин баалоо | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1.7.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч бакубаттыкка байланышкан жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүү боюнча шаардын мэринин ишинин сапатын баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.7.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.7.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Сурамжылоо 14төн 35 жашка чейинки жаштар арасында жүргүзүлөт. Көрсөткүч "Бакубаттыкка байланышкан жаштардын укугуна жана кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча мэрдин ишин кандай баалайсыз?" деген суроого жооптордун негизинде эсептелет | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.7.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "эң мыкты" - 5 балл; "жакшы" - 4 балл; "канааттандырарлык" - 3 балл; "начар" - 0 балл; "жооп берүүдөн кыйналам" - 0 балл. Эселөө коэффициенти -1/1,5. Орточо баа төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
О = Σ (х * f / Σf,
мында сурамжыланган респонденттердин саны баалоо катары алынат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.8. Жаштардын иштери боюнча консультативдик кеңеш тарабынан шаардын мэринин ишин баалоо | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1.8.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч шаардын мэри менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүчү түзүм катары мэрдин жаштар менен иштөөсү жөнүндө жаштардын иштери боюнча консультативдик кеңештин баасын кошуу үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.8.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.8.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Кворум болгон учурда жаштардын иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрү шаардын мэринин ишин жекече баалайт. Бул баа протоколго тиркөө менен комиссиянын катчылыгына жиберилет | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.8.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "эң мыкты" - 5 балл; "жакшы" - 4 балл; "канааттандырарлык" - 3 балл; "начар" - 0 балл; "жооп берүүдөн кыйналам" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/1,5 Орточо баа төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
О = Σ (х * f / Σf,
мында жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин сурамжыланган мүчөлөрүнүн саны баалоо катары алынат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.9. Мамлекеттик социалдык заказ боюнча программада балдардын жана жаштардын бакубаттыгына байланыштуу багыттардын болушу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
1.9.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч мэриянын мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасында балдардын жана жаштардын бакубаттыгына байланышкан пункттардын болушун баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.9.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.9.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Мэриянын мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын пункттары көрсөтүлгөн көчүрмөсү | |||||||||||||||||||||||||||||||
1.9.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "болушу" - 5 балл; "жоктугу" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
2. № 2 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо Жаштарга бош убакыт өткөрүү, маданият менен алектенүү жана өнүгүү үчүн шарттарды түзүү Индикаторлорду тандоонун негиздемеси. Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар ар бир жаш жаранга шаардын маданий жашоосуна катышуу укугуна кепилдик берет. Жаштардын жетишүү жашыл зоналары жана эс алууну өткөрүү үчүн жайлары болушу керек | |||||||||||||||||||||||||||||||||
2.1. Коомдук пайдалануудагы жерлердин (парктар, гүл бакчалар) көрктөндүрүлүшүнө жана жашылдандырылышына канааттануу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
2.1.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч убактысын ыңгайлуу өткөрүү үчүн жаштарга мүмкүнчүлүк берүү боюнча шаардын мэринин ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.1.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.1.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Сурамжылоо 14төн 35 жашка чейинки жаштар арасында жүргүзүлөт. Көрсөткүч "Өз шаарыңыздагы коомдук пайдалануудагы жерлердин (парктар, гүл бакчалар) көрктөндүрүлүшүнө жана жашылдандырылышына сиз канааттанасызбы?" деген суроого берилген жооптордун негизинде эсептелет | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.1.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "толук канааттанам" - 5 балл; "салыштырмалуу канааттанам" - 4 балл; "канааттанам, бирок жетиштүү эмес" - 3 балл; "канааттанбайм" - 0 балл; "жооп берүүдөн кыйналам" - 0 балл. Эселөө коэффициенти -1/1,5. Орточо баа төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
О = Σ (х * f / Σf,
мында сурамжыланган респонденттердин саны баалоо катары алынат | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.2. Шаарда жаштардын эс алуусун уюштуруу системасына жаштардын канааттануу даражасы | |||||||||||||||||||||||||||||||||
2.2.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч шаарда жаштардын эс алуусу үчүн мэрия тарабынан иш-чараларды өткөрүүнүн уюштурулушун баалоону жана аны жакшыртуу боюнча жаштардын демилгелерин колдоону аныктоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.2.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.2.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Сурамжылоо 14төн 35 жашка чейинки жаштар арасында жүргүзүлөт. Көрсөткүч "Өз шаарыңызда эс алуунун уюштурулушун кандай баалайсыз?" (ийримдер, китепканалар, маданият үйлөрү, кинотеатрлар, музейлер) деген суроого жооптордун негизинде эсептелет | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.2.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "толук канааттанам" - 5 балл; "салыштырмалуу канааттанам" - 4 балл; "канааттанам, бирок жетиштүү эмес" - 3 балл; "канааттанбайм" - 0 балл; "жооп берүүдөн кыйналам" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/1,5. Орточо баа төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
О = Σ (х * f / Σf,
мында сурамжыланган респонденттердин саны баалоо катары алынат | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.3. Балдарды жана жаштарды тартуу менен төмөнкүдөй маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү: балдардын жана жаштардын укуктарын коргоого багытталган эл аралык балдарды коргоо күнү, эл аралык кыздар күнү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын эл аралык күнү, дүйнөлүк ыктыярчылар күнү, Кыргыз Республикасынын жаштар күнү | |||||||||||||||||||||||||||||||||
2.3.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч балдардын жана жаштардын укуктарын коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.3.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.3.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Жыл ичинде өткөрүлгөн беш иш-чара тууралуу шаардын мэриясынын отчету | |||||||||||||||||||||||||||||||
2.3.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "беш иш-чара жөнүндө отчеттун болушу" - 5 балл; "жок болсо" - 0 балл | |||||||||||||||||||||||||||||||
3. № 3 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо Коопсуздук жана жагымдуу айлана-чөйрө Индикаторлорду тандоонун негиздемеси: Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар жаштар арасында кылмыштуулуктун/укук бузуулардын деңгээлин азайтуу максатында калктуу конушта бул көрүнүштү азайтуу боюнча максаттуу багытталган саясатты жүргүзөт. Ошондой эле калкка, анын ичинде жаштарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрөт. Мындан тышкары шаар алкоголизм, баңгилик, үй-бүлөлүк зомбулук, кыз ала качуу сыяктуу антисоциалдык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жаштар арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзөт | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.1. Коомдук-профилактикалык борборлордун алкагында балдар жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын болушу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.1.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.1.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.1.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | План жана аны аткаруу жөнүндө отчет | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.1.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "пландын жана аны аткаруу жөнүндө отчеттун болушу" - 5 балл; "жоктугу" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.2. Калкка, анын ичинде балдарга жана жаштарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө бекитилген жобонун болушу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.2.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч калкка, анын ичинде балдарга жана жаштарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү боюнча механизмдерди түзүүдө шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.2.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.2.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Жобону бекитүү жөнүндө шаардын мэриясынын чечиминин көчүрмөсү, калкка, анын ичинде балдарга жана жаштарга консультативдик-укуктук жардам берүү жөнүндө маалымат | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.2.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "бекитилген жобонун көчүрмөсүнүн, консультативдик-укуктук жардам берүү жөнүндө маалыматтын болушу" - 5 балл; "жоктугу" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.3. Жаштардын шаарда коопсуздукту сезүүсүнүн деңгээли | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.3.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч жаштар үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү боюнча мэриянын ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.3.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.3.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Сурамжылоо 14төн 35 жашка чейинки жаштар арасында жүргүзүлөт Көрсөткүч "Сизге өз шаарыңызда жашоо коопсуз экендиги чынбы№" деген суроого жооптун негизинде эсептелет | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.3.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "ооба, коопсуз" - 5 балл; "ооба, бирок жетиштүү коопсуз эмес" - 3 балл; "коопсуз эмес" - 0 балл. Эселөө коэффициенти- 1/1,5 Орточо баа төмөнкүдөй формуласы боюнча аныкталат:
О = Σ (х * f / Σf,
мында сурамжыланган респонденттердин саны баалоо катары алынат | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.4. Калктын тийиштүү жаш курагындагы 1000 адамына 14төн 35 жашка чейинки жаштардын арасынан кылмыш жасаган адамдардын саны | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.4.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч жаштардын арасынан адамдар жасаган кылмыштарды эсепке алууну жүргүзүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоого багытталган | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.4.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.4.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | 14төн 35 жашка чейинки жаштардын арасынан кылмыш жасаган (киши өлтүрүү, денеге оор жаракат келтирүү, зордуктоо, уурулук, уурдап-тоноо, баңги заттары менен байланышкан кылмыштар) адамдардын саны жөнүндө шаардын мэриясынын маалыматтары | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.4.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо ар бир шаарды төмөнкүдөй бөлүү жолу менен аныкталат: шаардын жаштарынын арасынан адамдар жасаган кылмыштардын саны шаардын жаштарынын санына бөлүнөт жана статистикалык жыйындынын жалпылоочу көрсөткүчүнө (1000) көбөйтүлөт. Натыйжада шаардын терс рейтингдеги орду аныкталат. Андан кийин максималдуу балл бааланып жаткан шаарлардын максималдуу санына бөлүнөт, алынган маани шаардын терс рейтингдеги позициясына көбөйтүлөт. Натыйжада жыйынтыктоочу балл чыгарылат. Шаардын терс рейтингдеги позициясын эсептөө формуласы:
Оr = (К / М) * Ор,
мында:
Or - шаардын терс рейтингдеги позициясы; К - жасалган кылмыштардын саны; М - шаарда жашаган тийиштүү курактагы жаштардын саны; Ор - статистикалык жыйындынын жалпылоочу көрсөткүчү (1000). Жыйынтыктоочу баллды эсептөөнүн формуласы:
lb = (Or * 0,27 [5 / 18]) * Кk,
мында: lb - жыйынтыктоочу балл; Or - шаардын терс рейтингдеги позициясы; 0,27 - максималдуу балл; Кk - эселөө коэффициенти. Эселөө коэффициенти - 1/2 | |||||||||||||||||||||||||||||||
Эсептөөнүн мисалы:
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.5. Калктын тийиштүү жаш курагындагы 1000 адамына 0дон 18 жашка чейинки балдарга жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.5.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч жашы жете электерге карата жасалган кылмыштарды кыскартуу, шаарда коопсуздукту камсыз кылуу максатында алдын алуучу иштерди жүргүзүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоого багытталган | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.5.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.5.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Балдарга жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны жөнүндө шаардын мэриясынын маалыматтары | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.5.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо ар бир шаарды төмөнкүдөй бөлүү жолу менен аныкталат: шаардын балдарына жана жашы жете электерине карата жасалган кылмыштардын саны шаардын балдарынын жана жашы электеринин санына бөлүнөт жана статистикалык жыйындынын жалпылоочу көрсөткүчүнө (1000) көбөйтүлөт. Натыйжада шаардын терс рейтингдеги орду аныкталат. Андан кийин максималдуу балл бааланып жаткан шаарлардын максималдуу санына бөлүнөт, алынган маани шаардын терс рейтингдеги позициясына көбөйтүлөт. Натыйжада жыйынтыктоочу балл чыгарылат. Шаардын терс рейтингдеги позициясын эсептөөнүн формуласы:
Or = (К / М) * Ор,
мында: Or - шаардын терс рейтингдеги позициясы; K - жасалган кылмыштардын саны; М - шаарда жашаган балдардын жана жашы жете электердин саны; Ор - статистикалык жыйындынын жалпылоочу көрсөткүчү (1000). Жыйынтыктоочу баллды эсептөөнүн формуласы:
lb = (Or * 0,27 [5 / 18]) * Кk,
мында: lb - жыйынтыктоочу балл; Or - шаардын терс рейтингдеги позициясы; 0,27 - бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнгөн максималдуу балл; Kk - эселөө коэффициенти. Эселөө коэффициенти - 1/2. | |||||||||||||||||||||||||||||||
Эсептөөнүн мисалы:
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.6. Никеге турууга мажбурлоо максаты менен 14 жаштан 35 жашка чейинки кыздарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштардын саны, тийиштүү жыныстагы жана курактагы 1000 адамга | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.6.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч кыздарды жана аялдарды ала качуу учурларынын санын кыскартуу жана шаарда коопсуздукту камсыз кылуу максатында алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоого багытталган | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.6.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.6.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Никеге турууга мажбурлоо максаты менен кыздарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштардын саны тууралуу шаар мэриясынын маалыматтары | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.6.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо ар бир шаарды төмөнкүлөр боюнча бөлүү жолу менен аныкталат: кыздарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштардын саны шаардагы кыздар менен аялдардын санына бөлүнөт жана статистикалык жыйындынын жалпылоочу көрсөткүчүнө (1000) көбөйтүлөт. Натыйжада шаардын терс рейтингдеги орду аныкталат. Андан кийин максималдуу балл бааланып жаткан шаарлардын максималдуу санына бөлүнөт, алынган маани шаардын терс рейтингдеги позициясына көбөйтүлөт. Натыйжада жыйынтыктоочу балл чыгарылат. Шаардын терс рейтингдеги позициясын эсептөөнүн формуласы:
Or = (К / М) * Ор,
мында: Or - шаардын терс рейтингдеги позициясы; K - жасалган кылмыштардын саны; М - шаарда жашаган балдардын жана жашы жете электердин саны; Ор - статистикалык жыйындынын жалпылоочу көрсөткүчү (1000). Жыйынтыктоочу баллды эсептөөнүн формуласы:
lb = (Or * 0,27 [5 / 18]) * Кk,
мында: lb - жыйынтыктоочу балл; Or - шаардын терс рейтингдеги позициясы; 0,27 - бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнгөн максималдуу балл; Kk - эселөө коэффициенти. Эселөө коэффициенти - 1/2. | |||||||||||||||||||||||||||||||
Эсептөөнүн мисалы:
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.7. Шаарда экологияны коргоо боюнча чараларды пропагандалоо максатында жалпы билим берүү мекемелеринде катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча практиканын болушу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
3.7.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч таза коомду пропагандалоо жана экологияны коргоо жагынан жаштарды маданиятка тарбиялоо боюнча шаар мэриясынын ишин баалоого багытталган | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.7.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.7.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Жалпы билим берүү мекемелеринде катуу тиричилик калдыктарын сорттоону жайылтуу практикасы жөнүндө шаардын мэриясынын отчеттору | |||||||||||||||||||||||||||||||
3.7.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "катуу тиричилик калдыктарын сорттоо практикасынын болушу" - 5 балл, "жоктугу" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
4. № 4 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо Билим берүү Индикаторлорду тандап алуунун негиздемеси. Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар балдардын жана жаштардын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берет. Жаштар жынысына, тилине, ишенимине, улуттук, этностук же социалдык абалына, мүлктүк жагдайына, ден соолугунун абалына же кандайдыр бир башка жагдайына карабастан үзгүлтүксүз дене тарбиялык, интеллектуалдык, рухий, моралдык, психологиялык жана социалдык өнүгүү үчүн зарыл болгон сапаттуу билимди алууга тийиш | |||||||||||||||||||||||||||||||||
4.1. Шаардын билим берүү мекемелери боюнча бүтүрүүчүлөрдүн арасында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын орточо баллы | |||||||||||||||||||||||||||||||||
4.1.1 | Ролу жана мааниси | Базалык жалпы орто билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.1.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.1.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Шаар боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо баллы тууралуу шаардын мэриясынын маалыматы. Анын негизинде рейтингдик система түзүлөт | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.1.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо ар бир шаарды шаар боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын орточо мааниси боюнча бөлүү жолу менен аныкталат. Натыйжада шаардын терс рейтингдеги орду аныкталат. Андан кийин максималдуу балл бааланып жаткан шаарлардын максималдуу санына бөлүнөт, алынган маани шаардын терс рейтингдеги позициясына көбөйтүлөт. Натыйжада жыйынтыктоочу балл чыгарылат. Жыйынтыктоочу баллды эсептөөнүн формуласы:
lb = (Or * 0,27 [5 / 18]) * Кk,
мында: lb - жыйынтыктоочу балл; Or - шаардын терс рейтингдеги позициясы; 0,27 - бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнгөн максималдуу балл; Kk - эселөө коэффициенти. Эселөө коэффициенти - 1/2. | |||||||||||||||||||||||||||||||
Эсептөөнүн мисалы:
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
4.2. Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен (бала бакчалар) камтуунун жыйынды коэффициенти | |||||||||||||||||||||||||||||||||
4.2.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч 6 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдарды, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоону чагылдырат | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.2.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.2.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | 6 айдан 7 жашка чейин мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы саны жана мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын саны тууралуу мэриянын маалыматтары | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.2.4 | Аныктоо жана эсептөө | Эсептөө шкаласы: "65%га чейин камтылган" - 5 балл; "55%га чейин камтылган" - 4 балл; "45%га чейин камтылган" - 3 балл; "35%га чейин камтылган" - 2 балл; "25%га чейин камтылган" - 1 балл.
X = (F/О) * 100,
мында: X - мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын пайызы; F - мектепке чейинки билим берүү менен иш жүзүндө камтылган балдардын саны; O - мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы саны. МБ менен иш жүзүндө камтылган балдардын саны баалоо катары алынат. Эселөө коэффициенти - 1/2 | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.3. Билим берүүнүн сапатына канааттануу даражасы | |||||||||||||||||||||||||||||||||
4.3.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч сапаттуу билим берүүнү камсыздоо боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.3.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.3.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Сурамжылоо 14 жаштан 19 жашка чейинки жаштардын арасында жүргүзүлөт. Көрсөткүч төмөнкүдөй суроого берилген жооптордун негизинде эсептелинет: "Сиз алып жаткан билимдин сапаты сизди канчалык канааттандырат?" | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.3.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "толук канааттандырат" - 5 балл; "салыштырмалуу канааттандырат" - 4 балл; "канааттандырат, бирок жетишсиз" - 3 балл; "канааттандырбайт" - 0 балл; "жооп берүүдөн кыйналам" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/1,5. Орточо баа төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
О = Σ (х * f) / Σf,
мында сурамжыланган респонденттердин саны баалоо катары алынат | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.4.7 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балдарды толук эмес орто билим берүү менен камтуунун жыйынды коэффициенти (күндүз окутуучу орто мектептер) | |||||||||||||||||||||||||||||||||
4.4.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч 7 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдарды мектепте билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоону чагылдырат | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.4.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.4.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Шаардын мэриясынын маалыматтары | |||||||||||||||||||||||||||||||
4.4.4 | Аныктоо жана эсептөө | Эсептөө шкаласы: "100%га чейин камтылган" - 5 балл; "80%га чейин камтылган" - 4 балл; "60%га чейин камтылган" - 3 балл; "40%га чейин камтылган" - 2 балл; "20%га чейин камтылган" - 1 балл. Баалоо төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
X = (F/О) * 100,
мында: X - мектепте билим берүүгө камтылган балдардын пайызы; F - мектепте билим берүүгө иш жүзүндө камтылган балдардын саны; O - мектеп жашындагы балдардын жалпы саны. МБ иш жүзүндө камтылган балдардын саны баалоо катары алынат. Эселөө коэффициенти - 1/2 | |||||||||||||||||||||||||||||||
5. № 5 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо Саламаттык сактоо Индикаторлорду тандап алуунун негиздемеси. Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар ар бир жаш жарандын медициналык жактан тейлөөгө жетүү укугуна кепилдик берет. Жаш адамдар сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү, ден соолукту сактоо үчүн зарыл болгон билимди, билгичтикти жана көндүмдү алууга тийиш | |||||||||||||||||||||||||||||||||
5.1. Жыныстык жол менен берилүүчү оорулардын (СИИД, ВИЧ) тобокелдиктери, тамеки тартуунун жана алкоголду ичүүнүн кесепеттери тууралуу маалымдоо жана алдын алуу, сергек жашоону пропагандалоо боюнча алдын алуу иштерин шаардын мэриясы тарабынан жылына 2 жолудан кем эмес өткөрүү | |||||||||||||||||||||||||||||||||
5.1.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч балдардын жана жаштардын арасында жыныстык жол менен берилүүчү оорулардын (СПИД, ВИЧ) тобокелдиктери, тамеки тартуунун жана алкоголду ичүүнүн кесепеттери тууралуу маалымдоо жана алдын алуу, сергек жашоону пропагандалоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
5.1.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
5.1.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Жыл ичинде өткөрүлгөн иш-чаралардын саны жөнүндө мэриянын отчету. Отчеттун форматы катышуучулардын санын (200 адамдан кем эмес) көрсөтүүнү болжолдойт | |||||||||||||||||||||||||||||||
5.1.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "экиден кем эмес иш-чара өткөрүү" - 5 балл; "иш-чаралардын жоктугу" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
5.2. Саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүнө 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштардын канааттануу даражасы | |||||||||||||||||||||||||||||||||
5.2.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч шаарда сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүү боюнча саламаттык сактоонун аймактык органдарына жана уюмдарына көмөк көрсөтүү жана координациялоо боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
5.2.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
5.2.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Сурамжылоо жаштардын арасында жүргүзүлөт. Индикатор төмөнкүдөй суроого берилген жооптордун негизинде эсептелет: "Өз шаарыңызда саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүнө канааттанасызбы?" | |||||||||||||||||||||||||||||||
5.2.4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо шкаласы: "толук канааттандырат" - 5 балл; "салыштырмалуу канааттандырат" - 4 балл; "канааттандырат, бирок жетишсиз" - 3 балл; "канааттандырбайт" - 0 балл; "жооп берүүдөн кыйналам" - 0 балл". Эселөө коэффициенти - 1/1,5. Орточо баа төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
О = Σ (х * f) / Σf,
мында сурамжыланган респонденттердин саны баалоо катары алынат | |||||||||||||||||||||||||||||||
6. № 6 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо Турмуштук оор жагдайда жардам берүү Индикаторлорду тандап алуунун негиздемеси. Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар ар бир жаш жаранга турмуштук оор жагдайга кабылганда коргоо жана колдоо алуу укугуна кепилдик берет | |||||||||||||||||||||||||||||||||
6.1. Турмуштук оор жагдайда турган балдардын, анын ичинде мигрант ата-энелер тарабынан калтырылган балдардын эсебинин болушу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
6.1.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч турмуштук оор жагдайда турган балдардын, анын ичинде мигрант ата-энелер тарабынан калтырылган балдардын эсебин жүргүзүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
6.1.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
6.1.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Эсеп жүргүзүү жөнүндө шаардын мэриясынын маалыматы | |||||||||||||||||||||||||||||||
6.1.4 | Аныктоо жана эсептөө | Жооптор шкаласы: "эсептин болушу" - 5 балл, "жоктугу" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
6.2. Үй-бүлөлүк, анын ичинде балдарга жана жаштарга карата зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча комплекстүү чараларды жүзөгө ашыруу боюнча стратегиянын (иш-аракеттер планынын) болушу | |||||||||||||||||||||||||||||||||
6.2.1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч балдарга жана жаштарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | |||||||||||||||||||||||||||||||
6.2.2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | |||||||||||||||||||||||||||||||
6.2.3 | Маалыматтарды жыйноо боюнча нускама | Пландын жана аткаруу жөнүндө отчеттун көчүрмөлөрү | |||||||||||||||||||||||||||||||
6.2.4 | Аныктоо жана эсептөө | Жооптор шкаласы: "пландын жана аткаруу жөнүндө отчеттун болушу" - 5 балл, "жоктугу" - 0 балл. Эселөө коэффициенти - 1/5 | |||||||||||||||||||||||||||||||