Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-декабры № 740
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Акылман" президенттик лицейинин тарбиялануучулары жана кызматкерлери үчүн тамак-аш ченемдерин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун тиркемесинде:
- 3-пунктта ", "Акылман" президенттик лицейинин тарбиялануучулары жана кызматкерлери үчүн" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“ |
| |
31 | “Акылман” президенттик лицейинин тарбиялануучулары жана кызматкерлери үчүн | 350 |
| ”. | |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |