Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-декабры № 2
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарынын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде, XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекжан Бактыбекович Усеналиев XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 1 "Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Сессияда төрагалык кылуучу, Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек” фракциясынан депутат |
|
Л. Акунова |