ТоктомКүчүн жоготту

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 1 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 30-июлу № 1

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарынын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын биринчи сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын төрагасы болуп шайлансын.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-сентябрындагы № 72 "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Сессияда төрагалык кылуучу, Бишкек шаардык кеңешинин

"Өнүгүү-Прогресс"

фракциясынан депутат

 

 

 

О.В. Попиков