Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-сентябры № 595
Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жаштар саясатын ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |