Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2559 токтомунун 1-тиркемеси |
"Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 645-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы жөнүндөгү ушул жобо (мындан ары - Жобо) медалга көрсөтүүнүн жана сыйлоонун тартибин, шарттарын жөнгө салат.
2. "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарын, жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана уюмдарды сыйлоонун формасы болуп саналат.
3. "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы (мындан ары - медаль) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан уюштурулат.
Медалдын жана анын ырастамасынын сыпаттамасы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.
4. Медалды даярдоо жана алуу Жогорку Кеңештин сметасынан жүзөгө ашырылат.
II. "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы
5. Медаль менен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишин, эл аралык жана парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө жана жакшыртууга олуттуу салым кошкон, ошондой эле Жогорку Кеңештин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууда активдүү көмөк көрсөткөн Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары, жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар сыйланат.
6. Медаль классикалык формадагы кийимге тагылат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан кийин төштүн сол тарабына тагылат.
III. Сыйлоого көрсөтүүнүн тартиби
7. Медаль менен сыйлоо жөнүндө сунуштама Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт:
- Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары;
- Жогорку Кеңештин комитеттери;
- Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;
- Жогорку Кеңештин депутаты (сессиялык мезгилге ондон ашпаган адамга);
- Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчиси;
- министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери;
Жогорку Кеңештин комитети, парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу медаль менен сыйлоо жөнүндө сунуштаманы киргизүү үчүн тиешелүү чечим кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 645-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
8. Медаль менен сыйлоо жөнүндө сунуштама милдеттүү түрдө төмөнкү документтерди тиркөө менен, талапкердин эмгек ишмердүүлүгү, мүнөздөмөсү жана сиңирген эмгеги жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш:
- сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чогулуштун протоколу же коллегиалдуу органдардын чечимдери (коллегиалдуу орган болбосо - жетекчинин чечими);
- ушул Жобонун тиркемесине ылайык бекитилген формадагы сыйлоо барагы;
- паспорттун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же болбосо иштеген жериндеги кадр бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- резюме;
- талапкердин сыйлыкка көрсөтүү учурунда колдонулуп жаткан тартиптик жазалары жок экендиги жөнүндө сунуштама берүүчү уюмдун маалымкаты;
- соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат.
Чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери үчүн сунуштама жана паспорттун көчүрмөсү гана берилет.
Жарандардын жеке маалыматтары - паспорттун, уюмдардын маалыматтары - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде толтурулууга тийиш.
Талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндө тастыктоочу документти - фамилиясы, аты, атасынын аты алмашкандыгы тууралуу күбөлүктү же фамилиясы, аты, атасынын аты алмашкандыгы тууралуу актыдагы жазуудан көчүрмөнү тиркөөгө тийиш.
Соттуулугу жоюла элек адамдар сыйлоого көрсөтүлбөйт.
Тартиптик жазасы бар кызматкерлер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алар алып коюлмайынча, сыйлоого көрсөтүлбөйт.
9. Сыйлоо тууралуу өтүнүч берүүчү жактар сыйлоого көрсөтүүнүн негиздүүлүгү жана медаль менен сыйлоо тууралуу алар кол койгон сунуштамаларда баяндалган маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик алышат.
IV. Сыйлоо жөнүндө сунуштамаларды кароонун тартиби
10. Медаль менен сыйлоо жөнүндө документтер (сыйлоо материалдары) Жогорку Кеңештин Төрагасына киргизгенге чейин ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин тизмеги толук эмес берилген учурда жана өчүрүлгөн, оңдолгон, окулбаган көчүрмөлөрү бар документтер берилген учурда Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан кароосуз кайтарылып берилет.
11. Сыйлоо материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы оң чечим кабыл алган учурда анын резолюциясынын негизинде Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү сыйлоо жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесинин долбоорун даярдайт.
12. Жогорку Кеңештин Төрагасы сыйлоодон баш тарткан учурда баш тартылган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес мөөнөттө кайрадан сунуштама берилиши мүмкүн.
13. Сыйлоо же баш тартуу жөнүндө чечимге карата даттануулар жана арыздар каралбайт.
V. Медалдын сыйлоонун жана эсепке алуу тартиби
14. Медаль менен сыйлоо Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесинин негизинде жүзөгө ашырылат.
15. Медалды тапшыруу Жогорку Кеңештин Төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаттары же Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчиси тарабынан Жогорку Кеңештин имаратында сыйлануучунун жеке өзүнө салтанаттуу түрдө, же болбосо кызмат адамдары тарабынан түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда жүргүзүлөт.
Медаль Жогорку Кеңештин Төрагасы кол койгон, белгиленген үлгүдөгү ырастама менен бирге тапшырылат.
16. Медаль менен кайталап сыйлоо жүргүзүлбөйт.
17. Медаль менен сыйлоо жөнүндө маалымат сыйлануучунун иштеген жери боюнча уюмдун кадрлар кызматы тарабынан анын эмгек китепчесине жазылат.
18. Медаль менен сыйлангандарды эсепке алууну жана каттоону Жогорку Кеңештин Аппаратынын кадр маселелерин тескөөчү түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
Медаль менен ырастама тапшырылганга чейин Жогорку Кеңештин Аппаратынын кадр маселелерин тескөөчү тиешелүү бөлүмүндө сакталат.
Сыйлануучу каза болуп, ага медаль тапшырылбай калган учурда медаль анын жакын туугандарына өткөрүп берилет.
19. Медалдын жана анын ырастамасынын дубликаттары берилбейт.