ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча контрактты банктык коштоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому

Редакция04.12.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 4-декабры № 734

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча контрактты банктык коштоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Мамлекеттик башкаруу секторунун мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү жөнүндө контракттар боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүсүнүн механизмдерин жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын  27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 455-т тескемеси.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров