Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-декабры № 721
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек миграциясын жөнгө салуу маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 268 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө жобонун колдонулушу 2026-жылдын 1-июлуна чейин токтотулуп турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эмгек визасын тариздөө тартиби ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Убактылуу жобого ылайык жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Убактылуу жобо колдонулган мезгилде чет өлкөлүк жарандарга иштөөгө уруксат документтерин тариздөө жана берүү боюнча функцияларды жүзөгө ашырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен бирдикте:
1) калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурсун жана жүргүзсүн;
2) Убактылуу жобого ылайык чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн уруксат документтерин тариздөөдө туруктуу консультациялык ишти камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Убактылуу жобого ылайык "бирдиктүү терезе" принциби боюнча чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө боюнча кызмат көрсөтүүгө талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунуштарды киргизсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |