Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 355 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңеши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргызстан элинин ассамблеясы" ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси (мындан ары - Ассамблея) - Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоого ар тараптуу көмөк көрсөтүү, ошондой эле "Кыргыз жараны" катары жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү максатын көздөгөн коомдук уюм катары өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына, Ассамблеянын уставына жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңеши жөнүндө жобого (мындан ары - Жобо) ылайык жүзөгө ашырат.
2. Ассамблеянын кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу туруктуу иш жүргүзүүчү консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Кеңеш өзүнүн ишин төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзөт:
- Кыргызстан элинин кызыкчылыктарынын артыкчылыктары;
- Кеңештин мүчөлөрүнүн анын курамындагы иши үчүн тең укуктуулугу жана жоопкерчилиги;
- Кеңештин ар бир мүчөсүнүн коомдогу туруктуулукту жана ынтымакты сактоого, өлкө элинин биримдигин чыңдоого, ошондой эле жалпы жарандык өзгөчөлүктү калыптандырууга социалдык жоопкерчилик алуусу;
- мыйзамдардын үстөмдүгү, адамдын укуктарын, эркиндиктерин жана кадыр-баркын урматтоо.
2. Кеңештин негизги максаттары жана милдеттери
4. Кеңештин ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо, мекенчилдикти, "Кыргыз жараны" катары жарандардын өзүн таануусун, өз өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимин калыптандыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, ошондой эле этностук топтордун эне тилин сактоо;
- элдин жана өлкөнүн биримдигин, достукту, тынчтыкты жана коомду өнүктүрүүнүн негизи катары коомдогу ынтымакты чыңдоо;
- кыргыздар менен бирге Кыргызстан элин түзгөн этностордун тарыхый тагдырларынын жана кызыкчылыктарынын жалпылыгы жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу, өз ара аракеттенүүгө, өз ара түшүнүшүүгө жана каада-салт менен маданиятты өз ара байытууга көмөктөшүү;
- этностук топтордун коомдук жана мамлекеттик турмушка катышуу укуктарын ишке ашырууга, алардын тилин, үрп-адатын, маданиятын жана каада-салтын сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- коомдо тынчтык диалогу үчүн жарандык коомду өнүктүрүү, жарандардын саясий маданиятын жана кыргыздардын, этностордун маданиятын калыптандыруу;
- чет мамлекеттердин элдеринин ассамблеялары менен достукту чыңдоо.
5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик органдар, уюмдар жана жарандык коомдун институттары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, этностор аралык ынтымакты жана эл биримдигин андан ары чыңдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасында эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо;
- жарандардын саясий-адеп-ахлактык маданиятын калыптандырууга катышуу;
- Ассамблеянын максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн этномаданий жана башка коомдук бирикмелердин күч-аракеттерин интеграциялоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын элинин каада-салттарын, эне тилдерин жана маданияттарын сактоо жана өнүктүрүү;
- этномаданий көп түрдүүлүктү колдоо жана бардык этностук топтордун өнүгүүсү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу.
6. Кеңештин ишинин негизги багыттары:
- ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн негизги максаттарды ишке ашырууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда бардык мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;
- этностук коомчулуктарды эске алуу менен өлкөнү жана региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын жана долбоорлорду иштеп чыгууга, ишке ашырууга катышуу, аларды калк арасында, жарандык коомдун түзүмдөрүндө кеңири талкуулоону уюштуруу;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана аны башка этностор арасында жайылтууга, ошондой эле ар бир этностун өз эне тилин сактоого жана көп тилдүүлүктү чыңдоого көмөк көрсөтүү;
- коомдук ынтымакты, достукту жана жалпы улуттук биримдикти чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштер.
3. Кеңештин иши
7. Кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырат.
8. Кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тескемелерине, Ассамблеянын уставына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
9. Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, ошондой эле этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көмөгү менен Ассамблеянын аппараты тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Кеңештин курамына Кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары, этностук коомдук бирикмелердин, Ассамблеянын аймактык жана шаардык бөлүмдөрүнүн, жаштар канатынын бардык жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коомдук ишмерлери кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, ошондой эле жарандык коомдун сунушу жана демилгеси боюнча Кеңештин курамына коомдук ишмерлерден башка талапкерлер киргизилиши мүмкүн.
11. Башка мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Кеңештин мүчөсү боло албайт.
12. Кеңеш Ассамблеянын атынан юридикалык жактын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат жана анын милдеттерин ушул Жобого жана Ассамблеянын уставына ылайык аткарат.
13. Кеңештин сандык курамын 55тен кем эмес адам түзөт.
14. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Жыйынды, анын ичинде кезексиз Жыйынды чакыруу;
- Жыйында делегаттардын өкүлчүлүгүнүн тартибин жана квотасын аныктоо;
- Ассамблеянын ишинин артыкчылыктуу багыттарын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу;
- Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча Кеңештин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жана аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
- Ассамблеянын облустук (аймактык) бөлүмдөрүн түзүү боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- Кеңештин президиумун шайлоо, Кеңештин Президиуму жөнүндө жобону бекитүү;
- Ассамблеянын аппаратынын иши жөнүндө жобону бекитүү;
- Кеңештин президиумунун сунушу боюнча Ассамблеянын финансылык планын бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Кеңештин президиумунун сунушу боюнча жылдык отчетту жана иш-планды бекитүү;
- Ассамблеянын аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык расписаниесин бекитүү;
- башка коомдук жана эл аралык уюмдарга катышуу;
- Жыйындын өзгөчө компетенциясына кирбеген Ассамблеянын ишинин маселелери боюнча башка чечимдерди кабыл алуу.
15. Кеңеш өзүнүн жыйналыштарын зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрөт.
16. Эгерде Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, Кеңештин жыйналышы ыйгарым укуктуу болуп саналат.
17. Кеңештин чечимдери жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18. Кеңештин төрагасынын добушу артыкчылыктуу мааниге ээ.
4. Кеңештин ардактуу төрагасы
19. Кеңештин ардактуу төрагасы болуп кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти саналат.
Кеңештин ардактуу төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ассамблеянын жана Кеңештин кезексиз Жыйынын чакырууга;
- Ассамблеянын бардык иш-чараларына катышууга;
- Ассамблеянын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында жана эл аралык уюмдарда Ассамблеянын атынан кайрылуулар жана билдирүүлөр менен чыгып сүйлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ишти жүзөгө ашырууга.
5. Кеңештин төрагасы
20. Кеңештин төрагасы Кеңеш тарабынан беш жылдык мөөнөткө шайланат.
21.Башка мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жараны Кеңештин төрагасы боло алат.
22. Кеңештин төрагасы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө (күнүмдүк тиричиликте, социалдык-маданий жана расмий-ишкер чөйрөдө мамлекеттик тилде коммуникациялык байланыш түзө билүүгө) тийиш.
23. Кеңештин Төрагасынын ыйгарым укуктары:
- Ассамблеяны, Кеңешти, Кеңештин президиумун, Ассамблеянын аппаратын башкарат жана Ассамблеянын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- Ассамблеянын программалык документтерин бекитет жана аларды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берет;
- программалык документтердин ишке ашырылышын камсыз кылат;
- Кеңештин төрагасынын орун басарларынын ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
- мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ар кандай юридикалык жана жеке жактар, эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерде Ассамблеянын атынан ишеним катсыз чыгат;
- бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына, эл аралык уюмдарга Ассамблеянын атынан кайрылуулар жана билдирүүлөр менен чыгат;
- Ассамблеянын Жыйынына, Кеңештин жана анын президиумунун жыйналыштарына төрагалык кылат;
- Кеңештин жана анын президиумунун кароосуна тийиштүү чечимдердин долбоорлорун киргизет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
- Кеңештин кезектеги жана кезексиз жыйналыштарын чакыруу демилгесин көтөрөт;
- Ассамблеянын ишин уюштуруу менен байланышкан башка маселелерди чечет;
- Ассамблеянын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат;
- Кеңештин төрагасынын орун басарлары Кеңештин Төрагасынын сунушу боюнча Ассамблеянын кеңеши тарабынан беш жылдык мөөнөткө шайланат.
24. Кеңештин төрагасынын орун басарлары:
- Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, жалпыга маалымдоо каражаттарында өзүнүн иш багыты боюнча Кеңештин атынан чыгат;
- зарылдыгына жараша Кеңештин төрагасына иштердин абалы жана Ассамблеянын программалык документтерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымдайт;
- Ассамблеянын төрагасынын өзгөчө компетенциясына кирбеген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
25. Ассамблеянын төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн Кеңештин төрагасынын орун басарларына өткөрүп берүүгө укуктуу. Кеңештин төрагасы жок болгон же ал өз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда Кеңештин төрагасынын орун басарларынын бири Кеңештин төрагасынын же президиумунун чечими боюнча Кеңештин төрагасынын функцияларын аткарууну убактылуу өзүнө алат.
26. Кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
- жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде жеке каалоосу боюнча иштен бошогон;
. - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алган;
- туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка чыккан;
- жүйөлүү себептерсиз 30 жумуш күн бою жумуш ордунда жок болгон;
- каза болгон.
6. Кеңештин президиуму
27. Кеңештин президиуму Кеңештин аткаруу органы болуп саналат, өзүнүн ишин Кеңештин жыйналыштарынын аралыгында жүзөгө ашырат жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттүк эмес уюмдар, Кыргыз Республикасынын жарандары, жалпысынан жарандык коом, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен бардык өз ара мамилелерде Кеңештин атынан чыгат.
28. Президиум Кеңеш тарабынан беш жылдык мөөнөткө шайланат. Президиумдун ыйгарым укуктары жана сандык курамы Кыргызстан элинин ассамблеясынын уставына ылайык аныкталат.
29. Президиумдун жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
30. Президиумдун кезексиз жыйналышы төмөнкүдөй чакырылат:
- президиумдун мүчөлөрүнүн 1/3 кем эмес бөлүгүнүн талабы боюнча;
- президиумдун төрагасынын демилгеси боюнча.
Президиумдун жыйналышы, эгерде анын ишине президиумдун мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укуктуу деп эсептелет. Президиумдун чечимдери ачык же жашыруун добуш берүү аркылуу жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
31. Президиумдун мүчөсүнүн анын жыйналыштарына жүйөлүү себепсиз эки жолудан ашык катышпай калышы же ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы президиумдун бул мүчөсүнүн Кеңештин кезектеги жана кезексиз жыйналышында жана Президиумдун жаңы мүчөсү шайланганга чейин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө маселени кароо үчүн негиз болуп саналат.
32. Президиумдун мүчөлөрү болуп саналбаган коомдук бирикмелердин жетекчилери (өкүлдөрү) - Ассамблеянын мүчөлөрү кеңешүүчү добуш берүү укугу менен Президиумдун ишине катыша алат.
33. Президиум Ассамблеянын ишинин багыттары боюнча комиссияларды түзөт. Ассамблеянын комиссияларынын координаторлору президиумда Кеңештин төрагасынын орун басарларынын ичинен сунушталган программага ылайык багыттар боюнча шайланат.
34. Комиссиялардын ишинин багыттары:
- укуктук маселелер;
- маданият, билим берүү, жаштар жана спорт;
- эл аралык байланыштар жана инвестициялар;
- коомчулук жана аймактар менен байланыш.
7. Кеңешти каржылоо
35. Кеңешти каржылоо ыктыярдуу салымдардан жана кайрымдуулуктардан, Ассамблея тарабынан уюштурулган ар кандай маданий жана башка иш-чараларды өткөрүүдөн алынган каражаттардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан, ошондой эле бюджеттик мыйзамдарга ылайык мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат.