Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-декабры № 204
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-бөлүктө "же ишти карап жаткан сот" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзацта ", соттун" деген сөз алып салынсын;
- экинчи абзацта "жана соттон" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзацта ", соттун" деген сөз алып салынсын;
в) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "же соттун" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацта "жана сотко билдирилет" деген сөздөр "кабарланат" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Башкы прокурор иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңешке тергөөнүн жыйынтыктары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 14-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |