МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-декабрындагы № 204 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция18.12.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 18-декабры № 204

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

28-беренеде:

а) 2-бөлүктө "же ишти карап жаткан сот" деген сөздөр алып салынсын;

б) 3-бөлүктө:

- биринчи абзацта ", соттун" деген сөз алып салынсын;

- экинчи абзацта "жана соттон" деген сөздөр алып салынсын;

- үчүнчү абзацта ", соттун" деген сөз алып салынсын;

в) 4-бөлүктө:

- биринчи абзацта "же соттун" деген сөздөр алып салынсын;

- экинчи абзацта "жана сотко билдирилет" деген сөздөр "кабарланат" деген сөзгө алмаштырылсын;

г) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Башкы прокурор иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңешке тергөөнүн жыйынтыктары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 14-ноябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган