Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын
"Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу
Киришүү
Кыргыз Республикасы - эгемендиги чектелбеген, ички жана тышкы саясатын өз алдынча жүргүзгөн, эли мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болгон, конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттик символдоруна ээ, дүйнө өлкөлөрү тарабынан таанылган, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет.
Кыргыз Республикасынын элинин эң башкы байлыгы жана сыймыгы - анын эгемен мамлекети. Кыргыз эли ушул коомдук-саясий түзүлүшкө карт тарыхтын далай катаал сыноолорунан өтүп келип, ынтымактын жана биримдиктин күчү менен жетти. Дүйнөлүк өнүгүүнүн өркөн жолуна кыргыздар менен үзөңгүлөш чыккан эчендеген элдердин өздөрү эмес, аталыштары гана тарых барактарында сакталып калды.
Тарыхтын белгилүү бир учурларында мамлекеттүүлүгүнөн, жазма маданиятынан ажырап калса да, кыргыз эли өзүнүн ички биримдигин, башка элдер менен болгон ырашкерлигин өксүткөн эмес, дүйнөтааным тажрыйбаларын байытып отуруп, жалпы адамзаттык маанидеги оозеки көркөм мурастардын эң бай казынасын жараткан.
"Манас" үчилтиги - улуттук гана эмес, дүйнөлүк маанидеги эпикалык мухит. Ал дайыма кыргыз элинин демине дем кошуп, анын улут болуп калыптануу жолунда рухий азык, тарыхый жана философиялык таяныч болуп келген, мындан ары да кыргыз жарандарынын дем, кубат алуучу булагы бойдон кала берет.
Кыргыз Республикасын бардык жагынан жапырт өнүккөн, жарандары бактылуу жашап, өз өлкөсү менен сыймыктанган, элдик нарк баалуулуктары бекем сакталган, унитардык мамлекетибизди дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу - улуттук дымагыбыз.
Кыргыз Республикасынын көп этностуу эли турмуштун бардык тармактарында дүйнөлүк бийиктиктерди багындыра ала турган жөндөм, билим, илим, маданият жана улуттук демге ээ. Нарктуу элибиз, намыстуу жарандарыбыз менен өзүн-өзү коргоп, бардык турмуштук муктаждыктарын өзү камсыздай алган, жакындарына жардам берүүгө дайыма даяр турган, алдынкы улутка, өнүккөн өлкөгө айлануу жолундабыз!
Эгемендүүлүктү туу тутуп, улуттук демибиз менен өнүгүүнүн уңгулуу жолуна түшөбүз жана турмуштун бардык тармактары боюнча дүйнөлүк бийиктиктерге жетишебиз!
I. Учурдагы абалга сереп
Кыргыз Республикасы - мамлекет катары кыргыз элинин байыртан берки мамлекет куруу, аны башкаруу, коргоо жана өнүктүрүү жагынан жыйнаган тажрыйбаларынын түздөн-түз уландысы. Ар бир доордун өзүнүн сынчы, ойчул, даанышмандары болуп, алардын ой корутундулары жана элдин орток акылынан жаралган эпикалык мурастар, макал-лакап, учкул сөздөр, санат ырлар жана санжыралар кыргыз коомунун демин арттырып, келечекке туура багыт берүүчү уңгужол милдетин аткарып келген.
Кыргыз Республикасы азыркы учурда өзүнүн көп этностуу, ынтымакта жашаган, нарктуу жана жаратман эли менен бирге эгемендикке ээ болгон жылдардан ушул күнгө чейинки басып өткөн тарыхый жолун талдап, таразалап, оош-кыйышын ылгап, ылдам жана ырааттуу өнүгүүнүн туура багытына түшүү учурун башынан кечирип жатат.
Кыргыз Республикасы тарыхтын акыркы он жылдыктарында кылымдап тутунуп келген уңгужолдон саамга четтей түштү. Ушундан улам өлкөдө береке качып, ырыскы бөксөрдү, адамдардын ой-санаасына бүлүк түштү, бийликке, мамлекетке, келечекке болгон ишеним азайды.
Эгемендүүлүктүн берген мүмкүнчүлүктөрү жалпы элдин эмес, азчылыктын колуна өтүп кетүү коркунучу пайда болду. Илим, билим, маданият, акыл-ой, идея жана аларды жараткан улут билгелери баркталбай, коомдук институттар таасирсиз абалга келди.
Мамлекет куруу жана бийлик жүргүзүү жагынан жыйналган коомдук-саясий тажрыйбаларын өзүнүн тарыхый эс тутумунда сактап келген кыргыз эли маселени жапа тырмак чечүү жолун тандап алып, натыйжада, ыңкылаптар, бийлик алмашуулар элдин эрки жана анын түздөн-түз катышуусу менен жүзөгө ашырылды.
Улуттун нарк баалуулуктарына жана демине таянган, жалпы адамзаттык тажрыйбаларды да эске алган улуттук идея башбагыты аныкталып, жүзөгө ашырыла баштамайынча, тарыхый өнүгүүнүн уңгулуу жолуна чындап түшмөйүнчө, өлкөнүн бардык жагынан тегиз, ыкчам өнүгүүсү мүмкүн эместиги баарына түшүнүктүү болду.
Ушундан улам жарандарына туруктуу, коопсуз, бейпил, бактылуу, бардар турмуш тартуулай ала турган, күчтүү Кыргыз Республикасын калыптандырууну жана өнүктүрүүнү көздөп, башбагыты аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутумун - Уңгужолду доор талабына ылайык кайра жаратуу муктаждыгы келип чыкты. Ал жаралды: Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу деп аталды (мындан ары - Уңгужол).
II. Негизги таянымдар
Уңгужол төмөнкү таянымдардын негизинде иштелип чыкты:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзам актыларын, ошондой эле эл аралык укуктук ченемдерди жетекчиликке алуу;
- кыргыз элинин мамлекет куруу жана аны башкаруу тажрыйбасы бар эл экендигин көңүл борборунда тутуу;
- кыргыз элинин тили, тарыхы, маданияты жана нарк баалуулуктарынын жарандар тарабынан эркин колдонулушун, үйрөнүлүшүн жана дүйнөгө таанытылышын өлкө эгемендигинин белгиси катары эсептөө;
- заттык баалуулуктардын маанилүүлүгүн танбай туруп, заттык эмес рухий баалуулуктарга артыкчылык берүү;
- жарандардын жеке кызыкчылыктарын урматтоо менен коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын алардан жогору коюу;
-улуттук нарк баалуулуктары менен диний баалуулуктарды бири-бирине карама-каршы коюуга жол бербөө;
- улуттук сыймыкты жогору коюу, бирок этностук менменсинүүнүн эч бир көрүнүшүнө жол ачпоо;
- жакынкы жана алыскы кошуна элдердин тили, тарыхы жана маданиятына нарктуулук менен мамиле жасоо;
- өз өлкөсүнүн артыкчылыктарын даңазалоодо, башка өлкөлөрдүн баалуулуктарын кемсинтпөө, кошуна мамлекеттер жөнүндө эң жакшы ой-тилектерде болуу.
III. Максаты, милдеттери жана күтүлгөн жыйынтыктар
Уңгужолдун негизги максаты - мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу.
Уңгужолдун негизги максаты анын төмөнкү милдеттеринин аткарылышы аркылуу жүзөгө ашырылат:
- коомдук турмуш жүрүмүндө салттуу жана заманбап баалуулуктардын тең салмактуулугун сактоодо укуктук, нарктык ченем катары колдонуу;
- кыргыз жарандарынын ар биринин, улуттук нарк негиздерине таянган жалпы жарандык аң-сезимин калыптандыруучу институтташтырылган шарттарды түзүү;
- адамдын аң-сезиминде жарандык мекенчилдик баалуулукту калыптандыруу, жалпы элдин улуттук демин арттыруу, келечекке болгон ишенимди бекемдөө;
- мамлекетти негиздеген эл катары, кыргыздардын жашаган жерине, уруулук, аймактык таандыктыгына жана диний ишенимдерине карабастан, алардын улуттук өзүн-өзү таанып билүүсүн - бирдейлешүүсүн камсыздоо;
- Кыргыз Республикасында жашаган бардык этностордун ынтымагын, биримдигин чыңдоо менен, алардын кыргыз жараны болуу сыймыгын жаратуу;
- кыргыз элинин улуттук наркынын жана заманбап талаптардын негизинде адамдардын өз өлкөсүнө кызмат өтөөгө болгон шыктануусун арттыруу;
- адилеттүүлүк, абийирдүүлүк, боорукердик сапаттар менен бирге мамлекеттин коопсуздугун баарынан жогору коюу жоопкерчилигин кыргыз жарандарынын ар биринин аң-сезимине орнотуу;
- өлкөнүн келечеги үчүн ишеним жаратуучу, ага ак кызмат кылууга шыктандыруучу идеологиялык башбагыт милдетин аткаруу.
Уңгужолдон күтүлгөн жыйынтыктар:
-Уңгужол ар бир жарандын жүрүм-турумун жана ой жүгүртүүсүн аныктоочу ынанымдардын, адеп-ахлактык баалуулуктардын жана таянымдардын тутумун калыптандыруучу идеологиялык негизге айланат;
- жарандарда улуттук сыймыкты, мекенчилдикти, жарандык баалуулуктарды, жоопкерчиликти калыптандыруучу жана өнүктүрүүчү туруктуу, институтташтырылган жүрүмдүн башталышына жана ийгиликтүү өнүгүшүнө жол ачат;
- өзүнүн өлкөсүн, коомун, үй-бүлөсүн сүйгөн, ошондой эле мамлекеттин экономикалык өсүшүн жана анын коопсуздугун камсыздаган жоопкерчиликтүү жарандардын жаңы муунун калыптандыруучу мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттар, түзүмдөр туруктуулук жана натыйжалуулук сапаттарга ээ болот;
- Кыргыз Республикасынын мезгил чакырыктарына ишенимдүү жооп берүүгө жөндөмдүү, туруктуу өнүгүүнүн уңгулуу жолуна түшкөн жана ааламдык таасирлерге туруштук бере алган күчтүү, бекем жана гүлдөгөн мамлекетке айланышына алып барат.
IV. Уңгужолдун негизги багыттары
1. Таалим-тарбия, илим, билим жана маданият
Жарандардын нарк талабына ылайык таалим-тарбияга, заманбап илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу жана өнөр-кесип үйрөнүүсү үчүн үй-бүлө, коом жана мамлекет үчилтиги бирдей кам көрүүгө милдеттүү.
Токтоосуз колго алынуусу жана үзгүлтүксүз улантылуусу керек болгон милдеттер төмөнкүлөр:
- таалим-тарбия берүүдө улуттук нарк баалуулуктарына артыкчылык берилиши жана анын жаңы тажрыйбалар менен байытылышы;
- жаш муундарга билим берүүнүн методдорун гана эмес, анын максат, мазмун, өлчөм жана мөөнөттөрүнүн алыскы келечекти эске алуу менен кайра каралышы;
- билим берүүгө болгон даярдык менен билим алууга болгон даярдыкты бири-бирине дал келтирүү боюнча чаралардын иштелип чыгышы жана ырааттуу ишке ашырылышы;
- кесиптик билим берүү, жаштарга өнөр-кесип үйрөтүү жагынын жандандырылышы жана анын жаңы нукта тынымсыз өнүктүрүлүшү;
- Кыргыз Республикасынын билими жогору, көптү билген, ошону менен бирге кесипкөй, жаратман адистерге болгон муктаждыктарын жоюунун кечиктирилбей колго алынышы;
- илимдин өнүгүшү менен мамлекеттин өнүгүшүнүн бири-бири менен өтмө катар байланышта экендигин таануу - илим тармактары өнүкпөгөн мамлекеттин келечеги жок экендигин, келечеги жок мамлекетте илим тармактары өнүкпөй тургандыгын дайыма эске алуу;
- илимдин бардык тармактарында, инновациялык технологиянын акыркы ачылыштарын колдонууга жетишүү, ошону менен илимий ойдун дүйнөлүк кеңдиги менен бийиктигин өздөштүрүү;
- мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук каражаттарын жаратуу, жаңылоо жана толуктоо иштерин өз өлкөбүздүн илимий-өндүрүштүк жана билим берүү негиздерине бекем орнотуу;
- Кыргыз Республикасында асманды, жерди, абаны, сууну, адамды жана коомду дүйнөлүк, заманбап илимий-методикалык негизде изилдөөнүн маанилүүлүгүн эске алып, аларды жолго коюунун ыкчам чараларын көрүү;
- илимий адистерди даярдоо, илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана аларды натыйжаландыруу милдетин аткарган илимий жана билим берүү мекемелеринин иштөө тартибин, методун жана мүмкүнчүлүктөрүн кайра карап, жаңы талаптарды жана таянымдарды киргизүү;
- маданият жана көркөм өнөр маселелеринин өтө татаал, көп түрдүү экендигин эске алып, аларды чечүү жүрүмүн мамлекеттик камкордук, жарандык демилге, коомдук көзөмөл айкалышында жолго коюу;
- көркөм адабият, сүрөт өнөрү, музыкалык чыгармачылык, театр жана кино тармактары боюнча керектүү мыйзам актыларын иштеп чыгуу жана аларды жүзөгө ашыруу;
- адабият ишмерлерин: акын, жазуучу, драматург, адабий сынчы ж.б. калемгерлерди орто жана жогорку кесиптик даярдыктан өткөрүү жагын мамлекеттин көзөмөлүнө жана камкордугуна алуу.
2. Айлана-чөйрө
Кыргыз жарандарынын аң-сезимине адам менен жаратылыштын эриш-аркак өнүгө тургандыгы, табияттын аялуу дүйнө экендиги жөнүндөгү түшүнүктөрдү бекем орнотуу менен, төмөнкү милдеттерди аткаруу:
- жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу, ага зыян келтирбегендей этияттык менен пайдалануу;
- өндүрүш жана азык-түлүк калдыктарын заманбап технологияны колдонуу менен кайра иштетүү жагын жолго коюу;
- турмуштук керектөөлөрдө, өндүрүштө жашыл кубат мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга артыкчылык берүү;
- экотутум булактарын коргоо жана аны түзүп турган ар бир көрүнүшкө жана кубулушка аяр мамиле жасоо;
- күчөп бара жаткан климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирлерин азайтуу; аларга ылайыкташуу билимин, жүрүм-турум эрежелерин өздөштүрүү.
3. Экономика
Кыргыз Республикасынын Уңгужолунда экономикалык өнүгүүнүн төмөнкү милдеттерин аткаруу:
- менчиктин бардык түрлөрүн бирдей деңгээлде таануу жана аларды мыйзамдарга ылайык коргоо;
- жарандардын салык төлөө маданиятын жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу;
- ата мекендик айыл чарба жана өнөр жай өндүрүүчүлөрдү колдоо жана алардын продукцияларын дүйнөлүк соода мейкиндигине чыгаруу;
- айыл чарба тармагын өнүгүүнүн жаңы нугуна буруу, инновациялык технологиянын жетишкендиктерин пайдаланууга өтүү, бул багыттагы демилгелерди колдоо;
- жеңил жана оор өнөр жай продукцияларын чет өлкөлөргө сатуу (экспорт) менен чет өлкөлөрдөн сатып алуунун (импорт) ортосундагы тең салмаксыздыкты жоюунун башбагытын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын калкын керектөөчү эл абалынан өндүрүүчү эл деңгээлине жеткирүүнүн башбагыттык мерчемдерин белгилөө жана аны жүзөгө ашыруу;
- колдо бар заттык, финансылык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдалануу, ысырапкорчулукка жол бербөө;
- демилгелүүлүктү жана ишкердикти өнүктүрүү, креативдүү экономикага жол ачуу, жашыл экономикага басым жасоо;
- жарандардын аң-сезиминде адал эмгектен баар табуу, башка бирөөнүн байлыгына көз артпоо, мамлекеттик мүлктү өз мүлкүндөй көрүү жана коргоо баалуулуктарын калыптандыруу.
4. Мамлекеттик тил
Кыргыз элинин жарандык аң-сезимин калыптандырууда, өлкөнүн өнүгүшүндө, улуттук маданияттын сакталышында мамлекеттик тилдин орду өзгөчө:
- мамлекеттик тил - Кыргыз Республикасынын Туу, Гимн жана Герби сыяктуу эле мамлекеттүүлүктүн символдорунун бири;
- мамлекеттик тил - Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын орток баалуулугу;
- мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана коомдук турмуштун бардык тармактарында дайыма колдонулушу үчүн кам көрүү - ар бир кыргыз жаранынын милдети;
- тиешелүү мыйзам актыларынын талаптарына ылайык толук кандуу колдонулган мамлекеттик тил коомдун биримдигин, социалдык ынтымакты жана өлкөнүн туруктуулугун сактоонун жана чыңдоонун эң маанилүү булагы болуп калат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин макамы тиешелүү мыйзам актылары аркылуу тастыкталган - кыргыз тили корголууга муктаж эмес, колдонулууга гана муктаж. Эне тилди коргоонун жана өнүктүрүүнүн жападан жалгыз жолу аны турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонуу болуп саналат;
- кыргыз тилинин маселелерин заманбап технологияларды жана азыркы теориялык-методологиялык жетишкендиктерди колдонуу менен кайрадан изилдөөнү жолго коюу - заман талабы;
- Кыргыз Республикасында мамлекет жана мамлекеттик тил бири-бири менен тыгыз байланыштуу - бири экинчисинин бар болушун жана өнүгүшүн шарттайт.
5. Социалдык мамилелер
Кыргыз коомунун бүтүндүгүн сактоодо социалдык мамилелердин төмөнкү өңүттөрү өзгөчө мааниге ээ:
- кыргыз жарандарынын ар биринин тилине, жашаган жерине, этностук жана уруулук тек-жайына, диний ишенимдерине карабай, бири-биринин тутунган баалуулуктарына өз ара урмат менен мамиле кылуу;
- жарандар арасында ынтымакты жана социалдык ырашкерликти бекем орнотууга жарамдуу улуттук баалуулуктарды жалпы элге жайылтуу жана алардын таасирдүүлүгүн арттыруу чараларын иштеп чыгуу;
- салттуу үй-бүлө баалуулуктарын таануу жана алардын эл, улут, өлкө биримдигин жаратуу жана сактоо күчүн пайдалануу; аны алсыратууга, бузууга багытталган, ичтен жана сырттан жасалган аракеттерге өз убагында бөгөт коюу;
- эл арасындагы диний ишеним жөрөлгөлөрүнө ылайык түзүлгөн мамилелердин мамлекеттин мыйзам актыларына карама-каршы келишине жол бербөө;
- кыргыз салтындагы ата-бабаларды эскерүү, алардын сиңирген эмгегин, калтырган осуяттарын унутта калтырбоо;
- муундар арасындагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн "улууга - урмат, кичүүгө - ызат" таянымын дайыма жандуу тутуу;
- туугандар, достор, кесиптештер жана кошуналар арасындагы өз ара баарлашуу, жардамдашуу баалуулуктарын колдоо.
6. Дене тарбия жана спорт
Жарандардын сергек жашоого жетишүүсүндө дене тарбия менен спорттун мааниси чоң. Бул багытта төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:
- кыргыз жарандарынын сергек жашоо үлгүсүн жаратуу, аны жайылтууну колго алуу жана көзөмөлдөө;
- жарандардын өз ден соолугуна жана дене тарбиясына жоопкерчилик менен мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу;
- жарандардын дени сак болуп, узак жана куунак өмүр сүрүүсү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү;
- жаштарды спорттун заманбап түрлөрүнө шыктандыруу иштерин жайылтууну тиешелүү мамлекеттик мекемелердин туруктуу алып баруусун камсыздоо;
- спорттук тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөрдү кимдир бирөөлөрдү басмырлоо, аларга күч көрсөтүү үчүн колдонууга тыюу салуу;
- Кыргыз Республикасында жашаган этностордун элдик спорт түрлөрүн жандандыруу жана анын мыкты үлгүлөрүн дүйнөгө таанытуу;
- кыргыз элин ыкчамдык, шайдооттук, тайманбастык, чечкиндүүлүк, тапкычтык, ойчулдук жана сабырдуулук сапаттарга тарбиялоочу салттуу спорт жана оюн-зоок түрлөрүнүн мыкты үлгүлөрүн жалпы адамзат кызматына сунуу.
7. Дин
Дүйнөлүк диндердин кайсынысы болбосун, кыргыз жарандарынын жүрүм-турум эрежелерин, кесипке жана эмгекке болгон мамилесин, убакытты пайдалануу тартибин, кийим кийүү жана тамактануу табитин, коомдук көнүмүштөрүн калыптандырган маданият, илим, билим жана улуттук нарк институттарынын ишине каршы келбеген жана алардын эч бирине тыюу салбаган учурларда гана, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык иш алып бара алат, ошондуктан:
- дин кызматкерлерин мамлекеттин коопсуздугун жана элдин биримдигин сактоо максатында улуттук кызыкчылыктарга төп келген, тиешелүү мыйзам актыларынын талаптарына шайкеш иш алып барууну милдеттендирүү;
- диний билим берүү мекемелеринин жана уюмдарынын окуу пландарында фундаменталдык билимдер менен бирге өлкө тарыхы, улуттук нарк баалуулуктары тууралуу анык, так жана жаңы маалыматтарга негизделген сабактардын болушун, алардын жогорку квалификациялуу адистер тарабынан окутулушун талап кылуу;
- диндердин гуманисттик таалим-тарбия берүү тажрыйбаларына урмат-сый менен мамиле кылуу;
- диний экстремизмге, динге байланыштуу келип чыккан ар кандай чыңалуулардын түрлөрүнө эч качан жол бербөө;
- диндер аралык, же кайсы бир диндин ичинде пайда болгон жамааттардын ортосундагы келишпестиктерди укуктук негизде жоюу;
- Кыргыз Республикасынын калкынын басымдуу көпчүлүгү Ислам дининин ханафий мазхабын (укуктук мектебин) жана матуридий акыйдасын (ишенимин) карманып келгендигине байланыштуу анын элге сиңген, улуттук каада-салт баалуулуктарын жерибеген, коомдогу жат көрүнүштөрдү жоюу жагынан пайдалуу жактарын эске алуу;
- жарандардын дин тандоо, динге ишенүү же ишенбөө эркиндиктерин тиешелүү мыйзам актыларында кандай көрсөтүлсө, ошондой гана өлчөмдө коргоо.
V. Кыргыз жери
Кыргыз жери - көчмөндөр цивилизациясынын алтын бешиги; келечекте ааламдык илимий ачылыштар, дүйнөлүк маанидеги көркөм өнөр чыгармалары жарала турган ыйык жер; улуттук деми барган сайын арта берген нарктуу, айкөл элдин мекени.
Кыргыз жерине бул дүйнөнүн бейиши деген баа бекеринен берилген эмес. Ал ыйык: анын ар бир ууч топурагы каарман ата-бабаларыбыздын канына эчен ирет чыланып, эчен ирет камырдай жуурулган - алар урпактарым ушул куттуу жерде түбөлүк жашасын деп, жанын бергенге, канын төккөнгө кайыл болушкан. Биз ата-бабаларыбыздын көчүн татыктуу улап, ыйык мекенибизди, дайыма көздүн карегиндей сактап, коргоп, өз урпактарыбызга кемитпей, толугу менен өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз!
Кыргыз жеринен сызылып чыккан мөлтүр булак сууну ичип, талаасынан өнүп чыккан даны менен азыктанып, аңкыган абасынан дем алып жашап жаткан ар бир адамдын күрөө тамырында биздин ата-бабаларыбыздын каны бар, көөдөнүндө муундан-муунга өтүп келген көрөңгөлүү деми бар. Карт тарыхтын сабактарын эске алсак, биздин өлкөбүздө бөлөк-бөтөн эч ким жок - баарыбыз кандашпыз, бир тууганбыз!
Бул ыйык жерде айкөлдүк өкүм сүрүп, эч бир жан, эч качан, эч кандай себеп менен, эч бир күч тарабынан кемсинтилбейт, басмырланбайт! Анын ээси - биз, кыргыз жарандары, баарыбыз биригип, бул ыйык Мекенибизди жан аябай коргоого дайыма даярбыз! Анын бир чымчым топурагына да, эч ким эч качан көз арта албайт!
Бул дүйнөнүн бейиши атыккан жерибизди ыксыз талап-тонобой, бөөдө ысырапка учуратпай, аяп, сүйүп, акыл-эс менен пайдалануу - баарыбыздын жарандык ыйык милдетибиз. Кыргыз жери - келечек муундарыбыздын эң негизги, түбөлүктүү Алтын казыгы!
Мына ушул куттуу жерди ээлеп турган мамлекет - Кыргыз Республикасы - баарыбыздын эң кымбат, жандан артык байлыгыбыз; аны баарыбыз биргеликте, кажыбас кайрат, талыкпас эмгек менен өнүгүүнүн дүйнөлүк бийиктиктерине чыгарабыз! Куттуу мамлекетибиз - Кыргыз Республикасы бар болгондугу үчүн гана биз барбыз - мамлекетсиз, биз баарыбыз эч жерде эч ким эмеспиз!
VI. Кыргыз эли
Кыргыз эли - жеке өзүнө таандык тарыхый тагдыры бар, миңдеген жылдар бою өз аталышын, мамлекеттүүлүк салтын жоготпой сактап келген, адамзат өркөнүнө орчундуу салым кошкон, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган, кайталангыс эл.
Кыргыз элинин тарыхы, алар менен ирегелеш, этномаданий алакада жашаган башка элдердин да тагдырына таасир эткен, адамзаттын коомдук өнүгүү жолун өз тажрыйбалары менен байыткан орток окуяларга бай.
Кыргыз эли заттык жана рухий өндүрүш жагынан кайталангыс натыйжаларды жаратууга жетишкен: турак жайы, кийим-кечелери, тамак-ашы, аваздык аспаптары, улуттук оюндары, кол өнөрчүлүгү, чарбасы, дүйнөдө теңдеши жок элдик оозеки чыгармалары - баары көчмөндөр цивилизациясынын кайталангыс эстеликтери.
"Манас" үчилтиги - кыргыз элинин демин, социалдык жана тарыхый эс тутумун, дүйнөтаанымын жогорку көркөмдүктө чагылдырып, элдин этномаданий уңгусуна жана өзүн-өзү таануусунун түпбелгисине айланган улуу эпикалык мурас. Манас баатырдын айкөлдүгү, дем-кубаты кыргыз эрлерин азыркы кезде да жаңы бийиктиктерди багынтууга, жаңы эрдиктерди жасоого, жаңы ийгиликтерди жаратууга шыктандырып турат.
Манастан калган айкөлдүк - кыргыз мүнөзүн калыптандыруунун эң башкы үлгүсү, дүйнө эли али толук тааный элек, кайталангыс, идеалдуу адам модели. Айкөлдүк - кыргыз элинин жалпы адамзаттын акыл казынасына тартуулаган, тагдыр өзгөртүүчү, тарых жаратуучу улуу белеги. Дүйнөнү, ал турсун ааламды, айкөлдүк гана куткарат!
Кыргыз эли - кыйын кырдаалдарда тайманбастык менен түп көтөрүлө чыгып, биримдиктин жана уюшкандыктын кайталангыс өрнөктөрүн дүйнөгө көрсөтүп келген эл. Ал ата-бабанын акыл-насааттарын уңгужол тутуп, табият менен ырашкерликте, кошуна элдер менен жылуу мунасада жашайт, ошону менен бирге, басып келген душмандар менен айыгышкан күрөшкө чыгууга, жеңишке жетишүүгө дайыма даяр турат.
Кыргыз жаранынын нарк өзөгүн адилеттүүлүк, калыстык, ой эркиндиги, жаратмандык, чыдамкайлык, сабырдуулук жана боорукердик түзөт; ал эч качан эч кимди кемсинткен эмес, ал эми өзүн кемсинткендердин татыктуу жообун дайыма берип келген.
Кыргыздар - байыркы доордон бери Улуу Жибек жолунун боюн, Чыгыш менен Батыштын баалуулуктары айкашкан жерлерди конуштап, алардын маданий таасирлерине дуушар болсо да, өз маданиятынын нукуралыгын жоготпой сактап, баба наркын бийик туткан эл.
Кыргыздар эч бир элден жатыркабайт, өлкөсүндө ирегелеш жашап жаткан этносторду тилине, салтына, динине, сырткы келбетине карата эч качан өгөйлөбөйт, алардын баарын өзүнүн бир бөлүгү катары эсептеп, биздин эл деп атайт. Кыргыз инсанынын эң жек көргөн душманы - этностук эгоизм жана жикчилдик.
Кыргыздар табигый жана социалдык өзгөрүүлөрдү тез кабыл алып, ыкчам өздөштүрүп жана ылайыкташып, аларды улуттук негизде сиңирип алып, жашоо-турмушунда колдоно алган ийкемдүүлүгү менен айырмаланат. Ал өзүнүн таланттуу жарандары, ээлеп турган мекени, бай тарыхы, жараткан маданий мурастары жана улуттук нарк баалуулуктары менен кайталангыс.
Кыргыз эли - келечектин эли, анын жалпы адамзатка тартуулай турган улуу белектери али алдыда!
VII. Улуттук сыймык жана жарандык мекенчилдик
Өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Улуттук сыймык элдин тарыхын, тилин, маданиятын жана салттуу баалуулуктарын таанып-билүүдөн, аларга урмат менен мамиле кылуудан башталат. Эгемен мамлекеттин ээси болуу - ар бир жарандын улуттук сыймыгынын башкы булагы. Улуттук сыймык келечек үчүн кам көрүү милдети менен жоопкерчиликти бирдей моюнга алуу сезимдеринин айкалышында жаралып бекемделет.
Жарандык мекенчилдик кыргыз элинин өзүн-өзү таануусун урматтоо, анын тарыхы, тили, маданияты жана нарктуулугу менен сыймыктануу шартында калыптанат. Жарандык мекенчилдик сезими ар бир жарандын аң-сезиминде орун албаса, эл биримдиги ыдыроо жана бөлүнүү коркунучуна дуушар болот.
Кыргыз элинин өзүн-өзү таануусун, бирдейлешүүсүн сактоо жана бекемдөөгө шарт түзүү коом ынтымагын камсыздап гана тим болбостон, улуттук биримдикти, маданий көп түрдүүлүктү жана жарандык сабырдуулукту өнүктүрүүгө да өбөлгө түзөт.
Жарандык мекенчилдикти калыптандырууда улут билгелеринин орду чоң. Ар бир жаран элге, Мекенге кызмат кылууда төмөнкү милдеттерди аткаруу менен гана улуттун сыймыгына айланып, улут билгеси боло алат:
- жарандардын улуттук аң-сезимин калыптандыруу жүрүмүндө үлгү катары кызмат өтөө, коомдун өнүгүүсү үчүн жаңы идеяларды берүү, жол көрсөтүү;
- дүйнөлүк масштабдагы өзгөрүүлөрдү талдоо менен алардын ичинен улуттук кызыкчылыкка төп келген натыйжаларды ылгап алуунун жолдорун сунуштоо;
- улуттун биримдигин чыңдоодо, жаштарды улуттук нарк баалуулуктары менен тарбиялоодо өрнөк көрсөтүү.
Аң-сезиминде жана иш-аракеттеринде аймактык, этностук, уруулук, диний чектелүүлөрдүн таасири алдында калып, жалпы улуттук деңгээлге көтөрүлө албаган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына шек келтирген инсандар улут билгеси боло албайт.
Мекенчил кыргыз жараны - элге кызмат кылуу дараметине, заман талабына ылайык билим жана кесипкөйлүккө ээ, эркин ой жүгүртүп, өз алдынча туура чечим чыгара алган, максатына жетүүдө ар кандай тоскоолдуктарды жеңе билген, эрки бекем, өз мекенин, элин чексиз сүйгөн инсан.
VIII. Кыргыз жаранынын негизги баалуулуктары
Кыргыз жараны - баалуулук, ишеним, таяным жана идеалдар тутумунун жандуу алып жүрүүчүсү; үлгүлүү жүрүм-турум ченемдерин күндөлүк жашоо тартибине айландырган адам:
- кыргыз жаранынын эң башкы баалуулуктары анын мекени, эли жана мамлекети - Кыргыз Республикасы;
- жарандардын Кыргыз Республикасын жана анын мамлекеттик символдорун ыйык туткан жогорку, кайталангыс аң-сезим деңгээли;
- адамдардын кандай шартта болсо да, жарандык мекенчилдик таянымдарынан тайбаган туруктуулук, шертке бектик сапаттары;
- коом мүчөлөрүнүн кыргыз жараны болгондугу үчүн сыймыктануу, шыктануу сезимдери менен коштолгон көтөрүңкү деми жана жаратмандык маанайы;
- адам, үй-бүлө, коом, мамлекет жана алардын учурдагы абалына, келечегине салттуу жана заманбап таалим-тарбиянын негизинде калыптанган жогорку жоопкерчилик сезими;
- улуттук нарк баалуулуктарына сый-урмат менен мамиле жасоо жана аларды жандуу тутунуунун салттуу, жаңычыл чаралары;
- улуттук жана этномаданий түпбелгилер, бай жана жандуу тарыхый, социалдык эс тутум;
- адилеттүүлүк, теңдик, ар-намыстуулук жана абийирдүүлүктү сактоодогу бекемдик, таянымдуулук жана майтарылбастык;
- маданияттуулукту, адамгерчилик сапаттарды жана айкөлдүк мүнөздү дайыма урматтоо;
- доско жумшак, тууганга боорукер, душманга катаал мүнөзү, адамдардын арасында тынчтыкты, мунасалуулукту сактоого дайыма умтулган адаты;
- адамга жасалган көсөмдүк мамилеси: "жакшылыкка жакшылык - ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык - эр кишинин иши, жамандыкка жамандык - тар кишинин иши, жакшылыкка жамандык - көр кишинин иши" деген көөнөрбөс таянымы;
- ар кыл себептер менен өмүрү коркунучта калган адамдарды, ким экенине карабай, сөзсүз куткаруу үчүн өз өмүрүн тобокелге сала билген гуманисттиги, эр жүрөктүк мүнөзү;
- адал эмгек өтөөгө, өлкөнүн саясий-экономикалык жана коомдук иштерине жигердүү катышууга дайыма даяр тургандыгы;
- билим алууга, өнөр-кесип үйрөнүүгө, инновациялык технологияны өздөштүрүүгө болгон чексиз умтулуу өзгөчөлүгү жана аларды өздөштүрүүгө болгон жөндөмдүүлүгү;
- жаратылыш байлыктарын кылдат, сарамжалдуу, аяр пайдалануу жана табият менен ырашкерликте жашай билүү маданияты.
IX. Чакырык
Кыргыз эли өзүнүн 3000 жылдык тарыхында кээде жылдызы жанып каганат курса, кээде мамлекеттүүлүгүнөн ажырап, көз каранды абалга дуушар болгон. Ушул кезге чейин сакталып келишине, кайрадан өзүнүн эгемендүү мамлекетине ээ болушуна элдин өзү түптөп өнүктүргөн көөнөргүс баалуулуктары, кулк-мүнөзү, бекем турмуштук таянымдары, уңгулуу жолунан тайбаган нарктуулугу негиз болуп берди.
Өзүнүн дүйнө тарыхындагы ээлеген ордун түбөлүк коргоп калууну көздөгөн кыргыз эли, тутунган уңгулуу жолунан, улуттук деминен жазбай, келечекке ишеним менен карап, жеке өзү гана эмес, азыркы тынымсыз өзгөрүлүп, кооптуу болуп бара жаткан дүйнөдөгү жалпы адамзат коому үчүн да өтөшү керек болгон вазипаларынын бар экенин моюнга алышы керек. Кыргыз болуу тарыхтын жүрүшүн артынан акмалап, ээрчип жашаган элдердин бири бойдон калуу эмес! Кыргыз болуу - ата-бабасы кандай болсо дал ошондой, атырылып алга чыгуу, тарых жаратуу, дүйнөнү деми менен талыкпай өргө сүрөө деген сөз!
Кыргыз Республикасынын мамлекет катары ыкчам жана туруктуу өнүгүүсү үчүн анын бардык жарандарынын, адегенде соңку он жылдыктарда пайда болгон зыяндуу адаттардан, өнөкөткө айланган терс көрүнүштөрдөн, негизсиз ишенимдерден, түшүнүктөрдөн жана идеологиялык түркөйлүктөн, сырткы жагымсыз таасирлерден биротоло арылып, андан соң ички мүмкүнчүлүктөрдү жана каражаттарды акылмандык менен колдонууга өтүүсү кажет. Ой-пикири, дили арууланбаган адамдар байлыктын эч бир түрүн туура, пайдалуу колдонууга жана анын турмуштагы маанисин жеткире түшүнүүгө жетише албайт.
Бардык кыргыз жарандарынын эркин жана бактылуу өмүр сүрүүсү, социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмуш жүрүмдөрүнө жигердүү катыша билүүсү үчүн керектүү шарттар түзүү жолунда баратабыз. Социалдык өнүгүүнүн мындай деңгээлине эгемендүүлүктү туу тутуу, коомдогу маданий көп түрдүүлүктү сактоо, сабырдуулук таянымдарын кармануу, нарктуулукту аздектөө жана талыкпай эмгектенүү жолдору менен гана жетишүүбүз мүмкүн. Буга элибиз да, мамлекетибиз да толук даяр.
Мындай жагымдуу кырдаалды жаратуу жана аны сактап туруу тилеги ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндөгү өз өлкөсүнө болгон сүйүү жана аны менен сыймыктануу сезимдеринен келип чыгат. Ушунун өзү Кыргыз Республикасынын күрдөөлдүү өнүгүү жолуна түшүшүнө, келечекте гүлдөп-өскөн өлкөгө айланышына, өндүрүштүн бардык тармактары боюнча дүйнөлүк бийиктиктерди багындырышына, элинин бардар жана бактылуу турмушта жашашына алып келет.
Кыргыз жаштары дүйнөнүн көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрүндө эмгектенүү менен, ал өлкөлөрдүн чарба жүргүзүү, өндүрүш түрлөрүн жаратуу, маданий жаратмандык тажрыйбаларын өздөштүрүп, өз өлкөсүн өнүктүрүүнүн камылгасын көрүп келишет. Кыргыз эли өзүнүн улуттук деми жана дүйнө элдеринин тажрыйбаларын өздөштүргөн мына ушул мекенчил жарандары менен бирге дүйнөлүк бийиктиктерди багындырат.
Кыргыз Республикасын бардык жеңиштерге жана жакшылыктарга анын калкынын ынтымагы, жарандарынын намыскөйлүгү, элинин нарктуулугу, улутунун деми, бийлигинин адилеттиги, жалпы журтунун күжүрмөндүгү, албетте, дүйнөнүн тынчтыгы жеткирет!
Улутубуздун деми менен ургаалдуу өнүгүү жолуна түшөбүз!
Улутубуздун деми менен өндүрүштүн бардык тармактарында дүйнөлүк бийиктиктерди багындырабыз!
X. Колдонулган түшүнүктөр, терминдер
Баалуулук - жарандардын акыл-эси, ой-сезими, пикири, табити жана жалпы маданиятынын калыптануу, өнүгүү жүрүмүндө аныктоочу, багыттоочу күчкө ээ болгон, ошонусу менен коомдун алга жылышына оң таасирин тийгизген, салттуу жана заманбап, рухий жана заттык, улуттук жана дүйнөлүк туруктуу болумдар.
башбагыт - стратегия термининин кыргызча түшүндүрүлүшү, аталышы; чоң жана татаал максаттарга жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүк, күч-кубат жана демилгелерди эсепке алуу менен атайын иштелип чыккан, сөзсүз аткарылышы керек болгон милдеттердин өзөктүү багыттарын камтыган, узак убакытка эсептелген олуттуу максат-мүдөө мерчеми;
болум - 1. адамдардын аң-сезимине, эркине жана каалоолоруна баш ийбеген, объективдүү дүйнө (бытие); 2. жаратылыш, адам, коом жана ойлом чөйрөлөрүндөгү кандайдыр бир жүрүмдөн келип чыккан, бүтүндүк касиетке ээ натыйжа, анын жалпылаштырылган аталышы;
жашыл кубат - табият мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен өндүрүлгөн кубат түрлөрү. Жашыл кубаттын негизги булактары: күн нуру, жердин түпкүрүнөн чыккан жылуулук, дарыялардын агымдары, деңиз толкундары жана шамал;
жарандык коом - коомдук турмуштун экономикалык, укуктук, саясий, социалдык жана рухий чөйрөлөрүндө эркин инсандар тарабынан ыктыярдуу түрдө, максаттуу түзүлгөн, мамлекеттик эмес, иши мамлекеттик бийлик органдарынын түздөн-түз кийлигишүүсүнөн мыйзамдар аркылуу корголгон социалдык топтор жана алардын чөйрөсү;
жарандык мекенчилдик - жарандардын этностук, диний, жамааттык, аймактык таандыктыктарына карабай, мекенди жан-дили менен сүйүүсү жана аны коргоого дайыма даяр туруусу, мамлекеттин бийлик түзүмдөрү менен символдоруна урмат менен мамиле кылуусу; өзүнүн саясий жана укуктук тандоосунун эркиндигин туура пайдаланып, өлкөгө, коомго пайда келтирүү үчүн жекече шык, жөндөм, талантын дайыма жигердүү колдонуусу;
кайталангыстык - табият, коом жана акыл-ой айдыңында жападан жалгыз же өтө сейрек учураган көрүнүш, кубулуш же идея түрүндөгү баалуулуктарга берилген өзгөчө сыпат; улуттук нарктын курамдык бирдиктеринин эң башкы өзгөчөлүгү (уникалдуулук);
кыргыз жараны - Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана тиешелүү башка мыйзам актыларына ылайык этностук, диний, социалдык жана аймактык таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктарына толук ээ болгон жана анын милдеттерин толук мойнуна алган, мамлекеттик тилди билген адам; ал жалпы жарандык бирдейликке жетишүү менен бирге, өзүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн сактоого да акылуу;
намыс - адамдын коомдо өзүн-өзү татыктуу, туура, адамгерчиликтүү, эркин алып жүрүүсүн жөнгө салган элдик-гуманисттик жана жеке инсандык таянымдардын жыйындысы; намыстуулук - өзүнүн, жакындарынын, улутунун, өлкөсүнүн же башкалардын кайсы бир күчтөр тарабынан бөөдө басмырланышына жол бербөө таянымы;
нарк - кыргыз элдик этикасы менен демейки укук корутундуларынын тутуму; коомдук турмуш тажрыйбаларынын эң алгылыктуу, келечекке кызмат өтөй ала турган ой натыйжаларынан иргелип чыгып, тарых сыноосунан өткөн, элдин бар болушунун чечүүчү факторлорунун бирине айланган; адамдардын жүрүм-турумун, өзүнө, башкаларга, коомго, өлкөсүнө болгон мамилелерин аныктап, аларды ичкертен жөнгө салып турган оозеки/жазылуу эрежеси, тартип. Нарк баалуулуктары жана ченемдери элдик жөрөлгө, үрп-адат, салт жана мыйзам актылары аркылуу жүзөгө ашырылат;
нарктуу жаран - эли-жерин, өлкөсүн чексиз сүйгөн, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө дайыма даяр турган, өзүнүн жана элдин намысын коргой алган, улуттук баалуулуктарды аздектей билген, улууларга урмат көрсөтүп, кичүүлөрдү ызаттаган, айткан сөзү менен кылган иши дал келген, көптү билүүгө умтулган, калыс, сабырдуу, ак ниет, токпейил, кечиримдүү жаран;
өркөн - цивилизация термининин кыргызча түшүндүрүлүшү, аталышы; этномаданий бирдейликке ээ болгон социалдык топтордун белгилүү бир тарыхый доордо, белгилүү бир аймакта туруктуу (же көчүп-конуп) жашоо менен заттык жана рухий маданияттын жалпы адамзаттык маанидеги кайталангыс эстеликтерин жаратууга жетишиши, өзүнүн коомду башкаруу түзүмүнө жана мамлекеттүүлүгүнө ээ болушу. Кыргыз эли - көчмөндөр цивилизациясын жараткан байыркы элдердин бири;
таяным - принцип термининин кыргызча чечмелениши, аталышы; коом, акыл-эс жана аң-сезимди өстүрүп-өнүктүрүү жолунда кармалуусу зарыл болгон ой-бүтүм, пикир, көз караш жана идеялардын атайын иштелип чыккан бирдиктүү тутуму. Ал коомдук өнүгүү жүрүмүндө башбагыттын туура аныкталышын, башталган аракеттин ийкемдүү илгерилөөсүн камсыздоо менен бирге керектүү чектөөлөрдү да коёт, ошонусу менен жүрүмдү максатка ылайык натыйжа чыгаруу жолуна салат;
түпбелги - код терминин кыргызча чечмелениши, аталышы; улуттун бүтүндүгүн, этномаданий турпатын, интеллектуалдык күчүн жана буларды түзүп турган курамдык бөлүктөрдү таанып-билүүдө адамдардын акыл-оюнда бирдей элес, пикир жарата алган заттык же заттык эмес болумдар. Этномаданий түпбелгилер адамдардын ой жүгүртүүсүнө, жүрүм-турумуна жана өз ара мамилелерине тереңден таасир этип, багыт берүүчү күчкө ээ;
улут - адам коомундагы тил, жашаган аймак, маданият, дин, жүрүм-турум, кулк-мүнөз жагынан, ошондой эле социалдык-экономикалык уюшуму, тарыхый тажрыйбасы, турмуш өткөрүү жолдору, таянган нарк баалуулуктары боюнча бирдейликке ээ болгон тарыхый-социалдык бүтүндүк; учурдун жогорку коомдук түзүлүш талаптарына жооп берген, башка этностук топторду да ичине алган, өзүнүн улуттук идеясын жараткан жана аны жүзөгө ашыруунун башбагытын аныктоого жетишкен, өнүгүүнүн мамлекеттик жолуна түшкөн, дүйнө коомчулугу тарабынан таанылган, туруктуу этносоциалдык жана жарандык болум;
улут билгеси - жарандардын улуттук аң-сезимин калыптандыруу жүрүмүндө үлгү милдетин аткарып, коомдун, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жаңы, маанилүү идеяларды сунуштай алган жана дүйнөлүк масштабдагы жетишкендиктерди улуттук негизде өздөштүрүүнүн натыйжалуу жолдорун көрсөтө билген, урмат-сыйга ээ, коомдук пикир жаратуучу, таанымал кыргыз жараны;
улуттук бирдейлешүү, өзүн-өзү таануу - адамдын белгилүү бир этноско же улутка таандык экендигин кабыл алуудагы жекечил эрки менен байланышкан социалдык-саясий, маданий-психологиялык ал-абал. Улуттук бирдейлешүүнүн болушу - мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү өбөлгөлөрүнүн бири;
улуттук аң-сезим - улуттун рухий өнүгүүсүнүн белгилүү бир деңгээлин көрсөткөн социалдык, саясий, экономикалык, нарктык, маданий-эстетикалык, философиялык көз караш жана ишенимдердин бирдиктүү тутуму. Улуттук аң-сезимдин өзөгүн улуттун өзүн-өзү таанып билүүсү түзөт;
улуттук дем - улуттук рухтун күчү, кубаты; жаралуусуна жана өнүгүүсүнө элдин кайталангыс тарыхый өтмүшү, дүйнөтааным тажрыйбасы жана эс тутум байлыктары, алардын биргелешкен күчү негиз болгон, дымак жаратуучу, жарандарга туруктуу дем берип, аларды жаңы максаттарга шыктандырып туруучу улуу күч. Улуттук демдин жаратуучусу, алып жүрүүчүсү - эл. Улуттук деми өркөндүү коом жаратуу кудуретине ээ болгон эл гана мамлекет түзө алат;
улуттук идея - баарына бирдей таасир берүүчү, бардык жаран, социалдык топ, уюм жана этностордун, ошондой эле мамлекеттин орток идеалына айланган, ошонусу менен жарандардын улуттук демин арттырууга түрткү берген; калың эл катмарына жеткиликтүү жана түшүнүктүү болгон, ар кандай агрессивдүүлүк жана сабырсыздыктарга жол бербеген; көркөм чыгармалардын, жарандык жана аскердик анттардын мазмунуна айланышы мүмкүн болгон, тагдыр өзгөртүүчү ойлор, идеялар тутуму;
улуттук сыймык - адамдардагы өзүнүн белгилүү бир улутка таандык экендигин түшүнүү, өз мекенине жана улутуна чексиз берилүү, аларды каны-жаны менен сүйүү, эл тагдырына болгон жоопкерчиликти мойнуна алуу сыяктуу ой-сезимдердин, көз караш жана бүтүмдөрдүн биримдигине таянган жарандык маданий-психологиялык түшүнүк. Улуттук сыймык өз улутунун каада-салтын, тилин, заттык жана руханий маданиятын ар тараптан өнүктүрүү үчүн кызмат кылууга, улуттун эркиндигине жана көз карандысыздыгына шек келтиргендерге каршы турууга дайыма даяр болуу сапаттары менен бекемделет;
уңгужол - доктрина термининин кыргызча чечмелениши, аталышы; Кыргыз Республикасынын ыкчам жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүү мүдөөсүнүн идеологиялык негиз жана таянымдарын, ошондой эле экономика, укук, саясат, илим, билим, маданият багыттары боюнча ой, идея жана теориялык көз караштар түзүмүн, максатка жетүүнүн уңгулуу жолдорун жана башбагытын камтыган, узак жылдарга эсептелген жоболор тутуму;
экотутум - экология илиминин эң негизги түшүнүктөрүнүн бири, экосистема; айлана-чөйрөдөгү бардык жандуу жана жансыз дүйнө бөлүктөрүнүн бири-бири менен шартташкан табигый, же жасалма бүтүндүгү. Адамдар жана алардын социалдык топтору экотутумдун эң таасирдүү курамдык бөлүгү болуп эсептелет.