Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №99
Үч-Эмчек айылынын участкалык инспекторунун ар кандай чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Үч-Эмчек айылы чек арага жакын жайгашкан айыл болгондуктан кылмыштуулуктун алдын алуу, мал уурулукту жоюу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана милициянын участкалык инспекторунун иштөөсүнө шарт түзүү максатында акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек айылынын участкалык инспекторунун ар кандай чыгымдарына керектелүүчү акча каражатын бөлүү жөнүндөгү Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 01.02.2024-жылдагы №8 токтомунун негизинде 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты Кууганды айылдык кеңешинин 2023-жылдан калган эркин каражат эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |