Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №102
К.Каимов атындагы орто мектебинин “Элкат” интернет байланышына 2022-жылдан калган карызына акча каражатын которуу жөнүндө
К.Каимов атындагы орто мектебинин “Элкат” интернет байланышына 2022-жылдан калган карызы үчүн акча каражатын которуу жөнүндөгү депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К. Каимов атындагы орто мектебинин “Элкат” интернет байланышына 2022-жылдан калган карызы үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 01.02.2024-жылдагы №1 токтомунун негизинде 3,5 (үч миң беш жүз) сом акча каражаты Кууганды айылдык кеңешинин 2023-жылдан калган эркин каражат эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |