Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-декабры № 764
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын тургундарын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 11-августундагы № 01-39/1634 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 7-августундагы № 01-21/50 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 198,80 га болгон жайыт, анын ичинен № 73 (4,18 га), № 75 (0,85 га), № 78 (3,0 га), № 1014 (7,7 га), № 1017 (4,29 га), № 245 (0,37 га), № 246 (1,11 га), № 247 (7,1 га), № 770 (7,8 га), № 772 (1,8 га), № 773 (11,19 га), № 774 (5,16 га), № 775 (3,28 га), № 776 (2,82 га), № 869 (7,97 га), № 871 (2,64 га), № 872 (1,32 га), № 1305 (3,05 га), № 1306 (8,45 га), № 1310 (29,70 га), № 1312 (13,22 га), № 1276 (3,90 га),№ 1277 (1,15 га), № 1278 (46,65 га), № 1279 (15,50 га), № 1280 (4,60 га) контурлардагы жерлер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен региондун инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн уюштурууну;
- максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жогоруда аталган жерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну;
- аталган жер участокторунда тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталганда же тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирип калган учурда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |