Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 3-декабры № 777-т
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин талаптарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө", 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомдорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик маанидеги статуска ээ "Үч чоку" тоо кластери" долбоорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга "Үч чоку" тоо кластери" долбоорун ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгына жана сатуудан алынуучу салыкка нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин.
3. Бул тескеме менен белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүүнүн мөөнөтү 2029-жылдын 1-декабрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик маанидеги статуска ээ "Үч чоку" тоо кластери" долбоорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын ТИЗМЕГИ
№ | Уюмдун аталышы жана СИН | Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы | Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы | Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү | Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагында улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Куршавель" мамлекеттик ишканасы 01306202410112 | "Үч чоку" тоо кластери" долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы | Пайда салыгына, кошумча нарк салыгына (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыкка нөл (0) пайыз өлчөмүндөгү ставка | Долбоорду белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашыруу |