Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 759 токтомуна) |
Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) фармацевтикалык уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ар түрдүү топторун сактоону уюштурууга карата коопсуздук талаптарын белгилейт.
2. Эрежелердин талаптары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык фармацевтикалык уюмдарга (даяр дары формаларындагы дарыканалар, дарыкана пункттары жана киосктор, дары каражаттарын даярдоого укугу бар дарыканалар, кампалар) колдонулат.
3. Эрежелерде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо - келип түшкөн учурдан тартып керектөөчү алганга чейин сактоо шарттарын камсыз кылуу менен продукцияны жайгаштыруу (жыйыштыруу) процесси;
2) караңгы жерде сактоо - дары каражаттарын, медициналык буюмдарды күн жарыгынан корголгон жерде сактоо;
3) кургак жерде сактоо - дары каражаттарын, медициналык буюмдарды абанын салыштырмалуу нымдуулугу 60% ашык эмес жайларда сактоо;
4) салкын жерде сактоо - дары каражаттарын, медициналык буюмдарды +8 град. Цельсийден +15 град. Цельсийге чейинки температурада сактоо;
5) бөлмө температурасында сактоо - дары каражаттарын, медициналык буюмдарды +15 град. Цельсийден +25 град. Цельсийге чейинки температурада (анын ичинде эгер температура көрсөтүлбөсө) сактоо;
6) муздаткыч элемент (мындан ары - муздак элемент) - сууну толтуруп, герметикалык жабылган төрт бурчтуу формадагы пластик же металл идиш, аны колдонуунун алдында тоңдурулат жана контейнерде +2 град. Цельсийден +8 град. Цельсийге чейинки температураны кармайт;
7) термоконтейнер - ичине тоңдурулган муздаткыч элементтерди салуу менен, оптималдуу температуралык режимди (+2 град. Цельсийден +8 град. Цельсийге чейин) камсыз кылган, жылуулукту өткөрбөгөн өзгөчөлүгү жана бекем жабылган капкагы менен, жогорку температуранын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын, медициналык буюмдарды ташуу үчүн куту (же баштык);
8) сактоо жайлары - дары каражаттарын, медициналык буюмдарды сактоого арналган атайын бөлүнгөн жана жабдылган өндүрүштүк жайлар;
9) санитардык кийим - персонал бөлүп чыгарган кошумча микробиологиялык жана башка булгануулардан медикаменттерди, материалдарды жана даяр продукцияны коргоо үчүн арналган медициналык халат, баш кийим жана таңгыч;
10) дары каражатынын жарактуулук мөөнөтү - дары каражаттарын колдонуу үчүн белгиленген убакыт, бул убакыттын ичинде сактоо шарттарын сактоодо алардын коопсуздугу, натыйжалуулугу жана талаптагыдай сапаты кепилденет.
4. Фармацевтикалык уюм менен функционалдык жактан байланышпаган фармацевтикалык уюмдарды аянттарга жайгаштырууга жол берилбейт.
2-глава. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоого карата коопсуздуктун жалпы талаптары
5. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо жайларынын түзүлүшү, курамы, аянттарынын өлчөмдөрү жана жабдуулары лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Сактоо жайларынын түзүлүшү, эксплуатацияланышы жана жабдуулары дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сакталышын камсыз кылууга тийиш.
6. Сактоо жайлары коргоонун жана өрткө каршы коопсуздуктун белгиленген ченемдерине шайкеш келүүгө тийиш.
7. Сактоо жайларында белгиленген температура жана абанын нымдуулугу кармалууга, алар суткасына 1 жолудан кем эмес текшерилүүгө тийиш. Бул параметрлерге байкоо жүргүзүү үчүн кампа жайлары термометрлер жана гигрометрлер менен камсыз кылынат, алар сактагычтын ички дубалдарына жылытуучу приборлордон алыс, полдон 1,5-1,7 м бийиктикте жана эшиктен 3 м кем эмес аралыкта бекитилет. Бул приборлордун көрсөткүчтөрү милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
8. Сактоо жайларындагы абанын тазалыгын сактоо үчүн механикалык иштеген агымдуу-аба тартуучу желдеткич менен жабдуу зарыл. Сактоо жайларын агымдуу-аба тартуучу желдеткич менен жабдуу мүмкүн болбогон учурда форточка, фрамуга, экинчи тор эшик ж.б. менен жабдуу сунушталат.
9. Дарыкана кампалары жана дарыканалар борбордук жылытуу приборлору менен жабдылат. Жайларды ачык оту бар газ приборлору же ачык электр спиралы бар электр жылыткычтар менен жылытууга жол берилбейт.
10. Температуранын уруксат берилген ченемдеринен жана абанын салыштырмалуу нымдуулугунан кеп четтөөлөр болгон климаттык зонада жайгашкан кампалардагы жана дарыканалардагы сактоо жайлары кондиционерлер менен жабдылууга жана зарыл болгон учурда агымдуу-аба тартуучу желдеткич менен камсыз кылынууга тийиш.
11. Сактоо жайлары жетиштүү сандагы стеллаждар, шкафтар, поддондор жана товар койгучтар ж.б. менен камсыз кылынууга тийиш.
Стеллаждар тышкы дубалдан 0,6-0,7 м, шыптан 0,5 м кем эмес жана полдон 0,25 м кем эмес аралыкта орнотулат. Стеллаждар терезелерге карата өтүүчү жерлер жарык болгудай жайгаштырылат, ал эми стеллаждардын ортосундагы аралык 0,75 м кем эмес болот жана товарды оңой алууну камсыз кылат.
12. Дарыкана уюмдарынын жайлары таза кармалууга, жайлардын полу мезгил-мезгили (бирок күнүгө бир жолудан кем эмес) менен уруксат берилген жуучу каражаттарды колдонуп, нымдуу ыкма менен тазаланууга тийиш.
13. Сактоо жайларында дары каражаттарын аянтты бир кыйла толук колдонууну, фармацевтикалык уюмдардын кызматкерлери үчүн эң мыкты эмгек шарттарын, механизациялоо каражаттарын колдонуу жана фармацевтикалык тартипти камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү эске алуу менен жайгаштыруу зарыл.
14. Дары каражаттарын стеллаждарда, шкафтарда, ал эми зарыл болгон учурда алдын ала поддонду, товар койгучту, атайын плитаны ж.б. коюп, полго жайгаштыруу зарыл.
15. Сактоо жайларында дары каражаттары төмөнкүдөй өзүнчө жайгаштырылат:
1) токсикологиялык топторго так шайкештикте;
2) уулуу жана күчтүү таасир этүүчү дары каражаттары;
3) заманбап технологияларды колдонууда фармакологиялык топторго ылайык дары каражаттарын жайгаштыруунун башка тартибине (алфавит, код ж.б. боюнча) уруксат берилет;
4) колдонуу ыкмасына жараша (ички, тышкы);
5) фармацевтикалык субстанциялар алардын агрегаттык абалына жараша (суюктук чубурмадан, газ түрүндөгүлөрдөн өзүнчө ж.б.);
6) дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын физикалык-химиялык өзгөчөлүктөрүнө жана тышкы чөйрөнүн ар түрдүү факторлорунун таасирине ылайык;
7) жарактуулук мөөнөтү чектелген дары препараттары үчүн сактоонун белгиленген мөөнөттөрүн эске алуу менен;
8) ар түрдүү дары формаларынын мүнөзүн эске алуу менен.
16. Аталышы окшош, жогорку дозалары өтө айырмаланган ичилүүчү дары каражаттарын жакын коюу, ошондой эле аларды алфавиттик тартипте жайгаштыруу сунушталбайт (заманбап технологияларды колдонууда дары каражаттарын жайгаштыруунун башка тартибин (алфавит, код ж.б. боюнча) колдонууга уруксат берилет).
17. Сактоо процессинде айына бир жолудан кем эмес дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тышкы өзгөрүүлөрүн, таранын абалын толук визуалдык контролдоо зарыл. Тара бузулган учурда милдеттүү түрдө анын кемчиликтерин жоюу же ичиндегилерди башка тарага салуу керек. Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сырты өзгөргөн учурда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү жөнгө салуу боюнча орган тарабынан алардын сапаты контролдонот жана алардын пайдаланууга жарактуулугу аныкталат.
18. Сактоо жайларында, ошондой эле кампанын аймагында кемирүүчүлөргө, курт-кумурскаларга жана башка зыянкечтерге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды системалуу түрдө жүргүзүү керек.
19. Дары каражаттары тышкы чөйрөнүн ар түрдүү факторлорунун аларга тийгизген таасиринин физикалык жана физикалык-химиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөнкү топторго бөлүнөт:
1) жарыктан коргоону талап кылгандар;
2) нымдын таасиринен коргоону талап кылгандар;
3) учуп жок болуудан жана кургоодон коргоону талап кылгандар;
4) жогорку температуранын таасиринен коргоону талап кылгандар;
5) төмөнкү температурадан коргоону талап кылгандар;
6) айлана-чөйрөдөгү газдардын таасиринен коргоону талап кылгандар;
7) жыттуулар, боегучтар;
8) дезинфекциялык каражаттар.
20. Жарыктан коргоону талап кылган дары каражаттарынын тобуна төмөнкүлөр кирет: антибиотиктер, галендик препараттар (тундурмалар, экстракттар, өсүмдүк сырьесунун коңцентраттары), өсүмдүк дары сырьесу, органопрепараттар, витаминдер жана витамин препараттары; кортикостероиддер, эфир майлары, тоң майлар, драждалган препараттар, йод жана бром суутек кислотасынын туздары, галогенди алмаштыруучу кошулмалар, нитро жана нитрозо кошулмалар, нитраттар, нитриттер, амино жана амидо кошулмалар, фенолдук кошулмалар, фенотиазин туундулары.
21. Жарыктын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын жарыктан коргоочу материалдан жасалган тарада (кызгылт сары айнектен жасалган тарада, металл тарада, алюминий фольгадан же кара, күрөң же кызгылт сары түстөгү полимердик материалдардан жасалган таңгакта), караңгы жайда же ичи кара боек менен сырдалган, эшиктери жылчыксыз жабылган шкафтарда же капкагы тыгыз жабылган жылчыксыз жасалган кутуларда сактоо керек.
22. Жарыкты өтө сезгич дары каражаттарын сактоо үчүн (күмүш нитраты, прозерин ж.б.) айнек тарага жарык өткөрбөгөн кара кагаз чапталат. Жарыктын таасирине муктаж болгон дары каражаттарын (кычкылданган темир препараттары) ачык түстөгү чакан айнек тарада жарык тийген жерде сактоо керек. Күн шооласынын түз тийишине уруксат берилет.
23. Нымдын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарынын тобуна төмөнкүлөр кирет: гигроскопиялык заттар жана препараттар (мисалы, калий ацетаты, кургак экстракттар, өсүмдүк дары сырьесу, гидролизденген заттар, азоттук, азоттуу туздар, галогендүү суутек жана фосфор кислоталары, алкалоид туздары, натрий металл органикалык кошулмалар, гликозиддер, антибиотиктер, ферменттер, кургак органопрепараттар), фармакопея беренесинде "сууда өтө оңой эриген" катары мүнөздөлгөн дары заттары, ошондой эле аларды сактоо нускамасына жана абанын кычкылтеги менен кычкылданган дары заттарына ылайык нымдуулугу белгиленген чектен ашпаган дары заттары.
24. Суунун атмосфералык буусунун таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын салкын жерде, суунун буусу кирбеген материалдан (айнектен, металлдан, алюминий фольгадан) жасалган бекем жабылган тарада, калың пластмасса тарада сактоо керек.
25. Гигроскопиялык өзгөчөлүктөрү бар дары каражаттарын кургак жайда герметикалык жабылган, үстүнө парафин куюлган айнек тарада сактоо зарыл. Мындай дары заттар салынган тараны жабууда оозун жана тыгынды кылдат сүртүү зарыл.
26. Полимердик пленкадан жасалган таңгакта алынган жана фармацевтикалык уюмдарды жабдуу үчүн арналган, нымдын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын заводдун таңгагында сактоо же айнек, металл тарага салуу зарыл.
27. Какталган гипс жана порошок горчица сыяктуу препараттарды сактоону уюштуруу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, алар ным тартканда майда аморфтук порошоктон майда данга айланат - өз сапатын жоготот жана медициналык максатта колдонуу үчүн жараксыз болуп калат. Бузууну болтурбоо үчүн:
1) какталган гипсти жакшы жабылган тарада сактоо зарыл (ичине полиэтилен пленка салынган бекем кагылган жыгач кутуда же челекте сактоо керек);
2) порошок горчицаны ичине аба кирбеген жабык, ичи лакталган калай банкаларда сактоо керек;
3) горчичник пергамент кагаз же полиэтилен пленка менен таңгакталган пачкаларда сакталат, аларды бекем жабылган тарага (ичине полимер пленка чапталган картон коробкаларга) салат.
28. Учуп жок болуудан жана кургоодон коргоону талап кылган дары каражаттарына төмөнкүлөр кирет:
1) учуучу заттардын өзү;
2) учуучу эриткичти камтыган дары препараттары (спирт тундурмалары, суюк спирт концентраттар, коюу экстракттар);
3) учуучу заттардын эритмелери жана аралашмалары (эфир майлары, аммиактын, фомальдегиддин, хлордуу суутектин 13% жогору, карбол кислотасынын эритмелери, ар түрдүү концентрациядагы этил спирти ж.б.);
4) эфир майын камтыган өсүмдүк дары сырьесу;
5) кристаллданган сууну камтыган дары препараттары, кристаллогидраттар;
6) учуучу продуктуларды пайда кылуу менен эриген дары заттары (йодоформ, суутек кычкылы, хлорамин Б, натрий гидрокарбонаты);
7) нымдуулуктун эң төмөнкү чеги менен дары заттары (магний сульфаты, натрий пара-аминосалицилаты, иатрий сульфаты ж.б.).
29. Учуп жок болуудан жана кургоодон коргоону талап кылган дары каражаттарын салкын жерде, материалдардын заттарынын учуп кетишинен сактаган (айнектен, металлдан, алюминий фольгадан) жасалган герметикалык жабылган тарада сактоо керек.
30. Кристаллогидраттар абанын салыштырмалуу нымдуулугуна жараша гигроскопиялык да, учуучу заттардын да өзгөчөлүктөрүнө ээ болушу мүмкүн. Ошондуктан аларды 50-65% абанын салыштырмалуу нымдуулугунда салкын жерде герметикалык жабылган айнек, металл же калың пластмасса тарада сактоо керек.
31. Жогорку температуранын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарына төмөнкүлөр кирет:
1) учуп жок болуудан жана кургоодон коргоону талап кылган дары заттарынын тобу;
2) оңой эрүүчү заттар;
3) иммунобиологиялык препараттар;
4) антибиотиктер;
5) органопрепараттар;
6) гормоналдык препараттар;
7) витаминдер жана витамин препараттары;
8) гликозиддерди камтыган препараттар;
9) медициналык майлар;
10) майлуу негиздеги сүйкөөчү майлар жана башка заттар.
32. Жогорку температуранын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын бөлмө температурасында (18-20 град. Цельсий), салкын (же муздак) (12-15 град. Цельсий) температурада сактоо керек. Айрым учурларда сактоо бир кыйла төмөн температурасы талап кылынат ((АТФ) аденозинтрифосфат үчүн - 3-5 град. Цельсий), ал этикеткада же препаратты колдонуу боюнча нускамада көрсөтүлүүгө тийиш.
33. Иммунобиологиялык препараттарды өндүрүштүк таңгакта аталыштары боюнча өзүнчө, ар бир аталышы үчүн этикеткада же колдонуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн температурада сактоо керек.
34. Бир аталыштагы иммунобиологиялык препараттар алардын жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сериялар боюнча сакталат.
35. Иммунобиологиялык препараттарды сактоо процессинде айына бир жолудан кем эмес визуалдык контролдоо зарыл.
36. Эгерде этикеткада башка көрсөтмөлөр болбосо, антибиотиктерди өндүрүштүк таңгакта бөлмө температурасында сактоо керек.
37. Эгерде этикеткада же препаратты колдонуу боюнча нускамада башка көрсөтмөлөр болбосо, органопрепаратгарды жарыктан корголгон салкын жана кургак жерде 0-15 град. Цельсий температурада сактоо керек.
38. Төмөн температуранын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарынын тобуна тоңгондон кийин физикалык-химиялык абалы өзгөргөн, кийин бөлмө температурасына чейин жылытканда калыбына келбегендер кирет (40% формальдегид эритмеси, инсулин эритмеси ж.б.).
39. 40% формальдегид эритмесин (формалин) +9 град. Цельсийден төмөн эмес температурада сактоо керек. Тундурмасы пайда болсо, эритме бөлмө температурасында кармалат, андан кийин эритме этияттап куюлат жана формальдегиддин иш жүзүндө болушуна ылайык колдонулат.
40. Муз уксус кислотасын +9 град. Цельсийден төмөн эмес температурада сактоо керек. Тундурма пайда болгондо ал тундурмасы эригенче бөлмө температурасында кармалат.
Эгерде тундурма эрибесе, кислотанын суюк бөлүгү куюлат жана препараггагы уксус кислотасынын иш жүзүндө болушуна ылайык колдонулат.
41. Медициналык майлуу майларды +4 градустан +12 градуска чейинки Цельсий температурада сактоо керек. Тунмасы пайда болгон майлар медициналык практикада колдонулбайт.
42. Инсулин препараттарынын тоңуп калышына жол берилбейт.
43. Айлана-чөйрөдөгү газдардын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын сактоо өзгөчөлүктөрү.
Айлана-чөйрөдөгү газдардын таасиринен өзгөргөн дары каражаттарынын тобуна төмөнкүлөр кирет:
1) аба кычкылтеги менен реакция жүргөн заттар: чектүү эмес көмүртек аралык байланыштары менен алифатикалык катардагы ар түрдүү кошулмалар, чектүү эмес көмүртек аралык байланыштары менен капталдагы алифатикалык топтору менен циклдик, фенолдук жана полифенолдук, морфин жана ордун толтурбаган гидроксилдик топтору менен анын туундулары;
2) күкүрттүү гетерогендик жана гетереоциклдик кошулмалар, ферменттер жана органопрепараттар;
3) абанын көмүр кычкыл газы менен реакция жүргөн заттар: щелочь металлдардын жана начар органикалык кислоталардын туздары (мисалы, барбитал-натрий, гексенал ж.б.), көп атомдуу аминдерди камтыган препараттар (мисалы, эуфиллин), магний кычкылы, жегич натрий, жегич калий ж.б.
44. Газдардын таасиринен коргоону талап кылган дары каражаттарын газ чыкпаган материалдардан жасалган, герметикалык жабылган, мүмкүн болушунча толук толтурулган тарада сактоо керек.
45. Аба кычкылтеги менен оңой кычкылданган дары каражаттарын герметикалык жабылган айнек тарада, кургак жайда сактоо керек.
46. Барбитурдук кислотанын натрий туздарын сактоо шарттарын түзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл, аларды суунун атмосфералык буусу жана көмүр кычкыл газы кирбегидей материалдардан жасалган герметикалык жабылган тарада сактоо керек.
47. Жыттуулардын тобун жыты күчтүү, учуучу, учпаган дары каражаттары түзөт.
Боегуч дары каражаттарынын тобуна кадимки санитардык-гигиеналык тазалоодо кетпеген, тарада, жабылган каражаттарда, жабдууда жана башка предметтерде боелгон из калтырган заттар, алардын эритмелери, аралашмалары, препараттар ж.б. кирет.
48. Жыттуу дары каражаттарын жылчыксыз жабылган, жыт кирбеген тарада, аталыштары боюнча өзүнчө сактоо керек. Дары каражаттарын жана парафармацевтикалык продукцияны өзүнчө сактоо зарыл.
49. Боегуч дары каражаттарын атайын шкафта, бекем жабылган тарада, аталыштары боюнча өзүнчө сактоо зарыл. Боегуч заттар менен иштөө үчүн ар бир аталышка атайын тараза, жанчыгыч, шпатель жана башка инвентарды бөлүп берүү керек.
50. Даяр дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо Кыргыз Республикасында таанылган фармакопеялардын талаптарына жана алардын курамына кирген ингредиенттердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, дары каражаттарын сактоого коюлган ушул Эреженин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Бардык даяр дары каражаттары жана медициналык буюмдар оригинал таңгакта тышына этикеткасы (маркировкасы) коюлуп, оролот жана салынат. Стеллаждарга, текчелерге, шкафтарга стеллаждык карта бекитилет, анда дарынын аталышы, сериясы, жарактуулук мөөнөтү, саны көрсөтүлөт. Карта калың кагазга басылат, дарынын өз убагында сатылышын контролдоо үчүн кайрадан келип түшкөн ар бир серияга түзүлөт. Мындан тышкары бөлүмдө жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн картотека болууга тийиш.
51. Таблеткалар жана дражелер башка дары каражаттарынан өзүнчө, тышкы таасирлерден сактаган жана айрым бейтаптарга жана саламаттык сактоо уюмдарына берүүгө арналган заводдук таңгакта сакталат. Таблеткалар жана дражелер кургак жана жарыктан корголгон жерде сакталат.
52. Инъекциялар үчүн дары формаларын салкын, жарыктан корголгон жерде өзүнчө шкафта же өзүнчө бөлүнгөн жайда, эгерде таңгакта башка көрсөтмө жок болсо, таранын өзгөчөлүктөрүн (морттугун) эске алуу менен сактоо зарыл.
53. Суюк дары формалары (сироптор, тундурмалар) бекем тыгындалган, толук толтурулган тарада, салкын, жарыктан корголгон жерде сакталат.
54. Плазма алмаштыруучу жана дезинтоксикациялык эритмелер 0 град. Цельсийден 40 град. Цельсийге чейинки температурада жарыктан корголгон жерде өзүнчө сакталат. Айрым учурларда, эгерде ал препараттын сапатына таасирин тигизбесе, эритменин тоңуп калышына жол берилет.
55. Экстракттар бурама капкагы жана тыгыны бар айнек тарада жарыктан корголгон жерде сакталат. Суюк жана коюу экстракттар 12-15 град. Цельсий температурада сакталат.
56. Сүйкөөчү майлар, линименттер салкын, жарыктан корголгон жерде бекем жабылган тарада сакталат. Зарыл болгон учурда сактоо шарттары ичиндеги ингредиенттердин өзгөчөлүктөрүнө жараша комбинацияланат (учуучу жана термолабилдүү заттарды камтыган препараттар 10 град. Цельсийден ашпаган темлературада сакталат).
Суппозиторийлер кургак, салкын, жарыктан корголгон жерде сакталууга тийиш.
57. Аэрозолдук таңгактагы дары каражаттарынын көбү +3төн +20 град. Цельсийге чейинки температурада, кургак, жарыктан корголгон жерде, оттон жана жылытуучу приборлордон алыс жерде сакталат. Аэрозолдук таңгактарды урунуудан жана механикалык бузулуудан сактоо керек.
58. Дары өсүмдүк сырьесу кургак, жакшы желдетилген жайда, жакшы жабылган тарада, дарыканаларда - айнек, металл тарада, капкагы бар кутуларда, кампаларда - таңгактарда же жабык кутуда стеллаждарга коюлуп сакталат. Кесилген сырье кездемеден жасалган капта, порошоктор - эки кат капта (ичкиси - көп кабаттуу кагаз, тышкысы - кездеме), картон таңгактарда сакталат.
Дары өсүмдүк сырьесунун физикалык-химиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша полимердик материалдардан жасалган таңгакка уруксат берилет.
59. Эфир майын камтыган дары өсүмдүк сырьесу жакшы жабылган тарада өзүнчө сакталат.
60. Айрым гигроскопиялык чөптөр, жалбырактар жана жемиштер (мисалы, наперстянка жалбырактары, бүчүр чай ж.б.) жакшы жабылган айнек же металл тарада сакталат.
61. Кургатылган ширелүү жемиштерди сактоодо амбардык зыянкечтер тарабынан келтирилүүчү зыяндын алдын алуу үчүн жемиштер салынган кутуга хлороформдуу флаконду салуу, анын капкагына хлороформ буулары кетүүчү түтүкчөнү коюу сунушталат. Хлороформ учуп жок болгон сайын толукталат.
62. Даяр дары өсүмдүктөр жыйымдарын фармацевтикалык уюмдарда жогоруда аталган жалпы эрежелерди сактоо менен сакталат.
63. Дары өсүмдүк сырьесу мезгил-мезгили менен контролдонууга тийиш. Чыныгы түсүн, жытын жана таасир берүүчү заттардын талап кылынган санын жоготкон, ошондой эле көгөрүп кеткен, амбардык зыянкечтер тарабынан зыян келтирилген чөптөр, тамырлар, жоон тамырлар, уруктар, жемиштер зыяндын даражасына жараша жокко чыгарылат же кайра иштетүүдөн жана контролдон өткөндөн кийин колдонулат.
64. Жүрөк гликозиддерин камтыган дары өсүмдүк сырьесун сактоого өзгөчө көңүл буруу керек. Дары өсүмдүк сырьесунун бул тобу үчүн сактоонун бир кыйла так мөөнөттөрү жана биологиялык активдүүлүктүн курамын кайра контролдоо белгиленет.
65. Баңги каражаттарын, психотроптук, уулуу жана күчтүү таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду камтыган дары өсүмдүк сырьесу өзүнчө жайда же кулпу менен бекитилген өзүнчө шкафта сакталат.
66. Дезинфекциялык каражаттарды (хлорамин Б ж.б.) герметикалык жабылган тарада, жарыктан корголгон салкын жерде, өзүнчө жайда, пластмасса, резина жана металл буюмдарды сактоо жайларынан, сууну тазалоо жайларынан алыс сактоо керек.
67. Медициналык сүлүктөрдү сактоо үчүн жай жарык жана дарынын жыты жок болууга тийиш. Температураны кескин өзгөртүүгө жол берилбейт, анткени сүлүктөр өлүп калышы мүмкүн.
68. Дарыканада сүлүктөрдү оозу кең айнек идиште, 3 л сууда 50-100 сүлүктү кармоо зарыл. Сүлүктөрдүн сойлоп чыгып кетишин алдын алуу үчүн идиш без салфетка же марли эки каттап жабылат, шпагат же резинка менен катуу байланат.
69. Сүлүктөрдү кармаган суу таза болууга жана хлор, кычкыл кошулмалар, оор металлдардын туздары, механикалык булгануулар болбоого, бөлмө температурасында болууга тийиш. Идиштердеги сууну күн сайын алмаштыруу, аны колдонууга эки сутка калганда атайын даярдоо зарыл. Сууну алмаштырганда идиштин ичи жуулат, андан кийин идиштин оозун марли менен жабылат жана ал аркылуу суу төгүлөт. Идишке банканын 3/1 таза суу куюлат. Сүлүктөрдү максималдуу таза кармоо талап кылынат, аларды жыттуу же уулуу заттарга жакын кармоого жол берилбейт. Сүлүктөр ооруп калса (алсыз болуу) суу күнүнө эки жолу алмаштырылат.
70. Дары каражаттарын биринчи, экинчи, тобу менен транспорттук тарада сактоо жана ташуу керек.
71. Өндүрүштүк продукцияны кайра фасовкалоодо полимердик пленка же кагаздан жасалган алгачкы таңгакка оролгон дары каражаттарын алдын ала өзүнчө топко чогултуу зарыл, бул топтор атмосфера менен ным, буу же газ алмашуудан корголгон экинчи таңгакка оролот (полимердик пленкадан же комбинацияланган материалдардан жасалган пакет, ичи полиэтилен менен капталган картон коробка ж.б.) Учуучу, жыттуу, уулуу дары каражаттарын бир транспорттук тарага (куту, коробка, барабан ж.б.) бир аталыштан ашык эмес таңгактоо зарыл.
72. Алгачкы таранын жана таңгактын бардык түрлөрү тыгындап бекитүү каражаттарынын тиешелүү комплектин колдонуу менен (буралып жабылган такалмасы бар капкак, чоюлма капкак, металл капкак) же тыгындабай герметизациялоо методу менен жабылууга тийиш: термо ширетүү (полимердик жана комбинацияланган материалдар), желимдөө (целлофан, кагаз, картон) ж.б.
73. Транспорттук тара таңгакталган дары каражаттарын атмосферадагы жаан-чачындан жана чаңдан, күн тийүүдөн, механикалык бузулуудан коргоого тийиш.
Медициналык сүлүктөр үчүн тара абанын кирүүсүн камсыз кылууга тийиш.
74. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн тарага, таңгакка же тыгынга ченемдик документтер жок болгон учурда же каршы көрсөтмөлөр болгондо, тараны, таңгакты жана тыгынды тандоодо ушул Эрежелердин талаптарын жетекчиликке алуу керек.
3-глава. Фармацевтикалык уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарды сактоого карата коопсуздук талаптары
75. Өзгөчө уулуу заттар (мышьяктуу ангидрид, кристалдуу арсенат натрийи, стрихнин нитраты, сымап дихлориди (сулема), сымап оксицианиди, сымап цианиди) сейфтерде гана сакталууга тийиш.
76. "А" тизмесине кирген уулуу заттар дары формасына карабастан (ушул Эрежелердин 71-пунктунда саналгандарды кошпогондо) өзүнчө жерде, бул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн, кулпу менен бекитилген шкафтарда сакталууга тийиш.
77. Уулуу заттарды камтыган жана жумуш убагында фармацевт-аналитиктин же фармацевт-технологдун столунда турган реактивдер жумуш бүткөндөн кийин кулпу менен бекитилген шкафта сакталууга тийиш.
78. Күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарды сактоочу сейфтер, шкафтар (кутулар) жабык абалда болууга тийиш. Жумуш убагында ассистент бөлмөсүндөгү "А" шкафынын ачкычы фармацевт-технологдо болушу керек. Жумуш күн бүткөндөн кийин аларга мөөр басылат жана пломба коюлат. Сейфтердин, шкафтардын (кутулардын) ачкычтары, мөөрү жана пломбасы фармацевтикалык уюмдун материалдык жооптуу адамдарында гана сакталышы керек.
79. "А" тизмесиндеги дары каражаттары сакталган сейфтин жана шкафтын эшигинин ички бетинде "А" Venena деген жазуу болууга тийиш.
80. "Б" тизмесиндеги дары каражаттары сакталган шкафтын ички бетинде "Б" Heroica деген жазуу жана жогорку бир жолку жана суткалык дозаларын көрсөтүү менен уулуу, күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмеги болууга тийиш.
81. Фармацевтикалык уюмдардын ассистент бөлмөсүндө уулуу жана күчтүү таасир этүүчү заттардын запасы беш күндүк керектөөдөн ашпоого тийиш.
82. Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген күчтүү таасир этүүчү заттар фармацевтикалык уюмдарда кулпу менен бекитилген шкафтарда (кутуларда ж.б.) сакталат, алардын ачкычы жооптуу ыйгарым укуктуу адамда болот.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү жок алыскы айыл жеринде жайгашкан фармацевтикалык уюмдарда күчтүү таасир этүүчү заттар сакталган материалдык бөлмөлөрдүн терезелерин ич жагынан металл торчолор менен бекемдөөгө жол берилет, ал эми эшиктерди темир менен каптоо зарыл. Жумуш бүткөндөн кийин дарыкана кулпу менен бекитилет, ага материалдык жооптуу адам тарабынан мөөр басылат.
83. Алып келүүдө сапатын жана коопсуздугун баалоодон өтпөгөн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып чыгуу, жок кылуу, ошондой эле жараксыз болуп калган уулуу жана күчтүү таасир этүүчү заттарды жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык аныкталат.
4-глава. Фармацевтикалык уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар дары каражаттарын сактоого жана жүгүртүүгө карата коопсуздук талаптары
84. Ушул Эрежелер менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык фармацевтикалык уюмдарга жана саламаттык сактоо уюмдарына колдонулат.
85. Фармацевтикалык уюмдардын бардык кызматкерлери ушул Эрежелерде баяндалган талаптарды билүүгө жана аткарууга тийиш. Ушул Эрежелердин талаптарынын кызматкерлер тарабынан аткарылышы үчүн жоопкерчилик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.
86. Жумушка жаңы келген ар бир адам өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар заттарды, кысылган газды сактоо, коопсуздук техникасы жана өрт коопсуздугу, кырсыкка учураганда жабыркаган адамга алгачкы жардам көрсөтүү маселелери боюнча жумуш ордунда киришүү жана алгачкы инструктаждан өтүүгө тийиш.
87. Жылына бир жолудан кем эмес уюмдардын жетекчилери тарабынан өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар дары каражаттарын сактоо тартиби, коопсуздук техникасы жана өрткө каршы коопсуздук маселелери боюнча кызматкерлердин билими текшерилет. Бул максатта алар тарабынан квалификациялык комиссия түзүлөт. Текшерүүнүн натыйжалары өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар дары каражаттарын сактоо тартиби, коопсуздук техникасы жана өрткө каршы коопсуздук маселелери боюнча квалификациясын жогорулатууга уюмдун кызматкерлерин жиберүү үчүн негиз болгон протокол менен таризделүүгө тийиш.
88. Фармацевтикалык уюмдарда тиешелүү жерлерде өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттары болууга жана сакталууга тийиш.
Өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар заттар сакталган жерлерде, ошондой эле аталган заттарды иш процессинде колдонгон жумуш орундарында ушул Эрежелердин жоболору сакталууга тийиш.
89. Фармацевтикалык уюмдарда бул уюм үчүн түзүлгөн жана таанышууга оңой жерлерде жайгаштырылган, өрт чыккан же табигый кырсык болгон учурда өрт коопсуздук эрежелери жана кабаттарда эвакуациялоо пландары иштелип чыгууга жана жетекчи тарабынан бекитилүүгө тийиш.
90. Физикалык-химиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша өрт коркунучу бар заттар жеңил тутануучу жана оңой күйүүчү болуп бөлүнөт, ал эми жарылуу коркунучу барлар - жарылгыч аралашмаларды жана кысылган газдарды түзүүгө жөндөмдүү жарылуучуларга жана жарылуу коркунучу барларга бөлүнөт.
Өрт коркунучу бар, жарылуучу аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү, ошондой эле аба, суу, күйүүчү заттар менен же күн тийгенден күйүп кетүүчү заттар мындай контакттын мүмкүндүгү, ошондой эле жогорку температуранын таасири жана механикалык таасир толук жоюлган шарттарда, өзүнчө сакталууга тийиш.
91. Өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар заттарды сактоо үчүн жайлар өзүнчө, кургак, күндүн түз нурунан, атмосфералык жаан-чачындардан жана жер алдындагы суудан корголууга тийиш. Жайлар, ошондой эле аларга кошулган коридорлор жана көмөкчү жайлар механикалык агымдуу-аба тартуучу желдеткич менен жабдылууга тийиш.
92. Өрт коркунучу бар (жеңил тутануучу) заттарды сактоо үчүн жайлар күйбөгөн же оңой менен күйбөгөн материалдардан жасалууга жана башка кампа имараттарынан 20 м, турак жайлардан 50 м кем эмес аралыкта жайгаштырылат.
93. Өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар дары каражаттарын бир түрдүүлүк принциби боюнча алардын физикалык-химиялык жана өрт коопсуздугунун өзгөчөлүктөрүнө жана таңгактын мүнөзүнө жараша сакталат. Бул максатта өрткө чыдамдуу кампалар күйбөгөн дубалдар (тосмолор) менен бири-биринен бөлүнгөн өзүнчө жайларга (бөлүктөргө) бөлүнөт.
94. Жеңил тутануучу заттар үчүн өзүнчө сактагычтар жок болсо аларды күйбөй турган жалпы курулмаларда, ошондой эле сактоого бөлүнгөн заттарды күйбөй турган дубалдар менен башка коңшу жайлардан милдеттүү түрдө бөлүп, өрт коопсуздугунун талаптарына толук жооп берген секцияларга бөлүнгөн имараттарда сакталат. Бул жайларда желдеткич болууга тийиш.
95. Учурдагы сарптоо үчүн өрт коркунучу бар заттардын зарыл болгон санын сактоо же дарыканалар үчүн жайлардын фасовкалоо бөлмөлөрүндө кармоого уруксат берилет, бирок өрт коопсуздугу чаралары так аткарылышы керек. Жумуш бүткөндө, сменанын аягында өрт коркунучу бар заттардын калган саны негизги сактоо жерине коюлат.
96. Жайлардын полдору жана түшүрүү аянтчалары чуңкурлар жана башка тегиз эместиктер жок, катуу, тегиз болууга тийиш. Полдорду тактай жана темир менен тегиздөөгө тыюу салынат. Полдор элдин, жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын ыңгайлуу жана коопсуз кыймылын камсыз кылууга, жетиштүү түрдө бекем болууга жана сакталган материалдардын салмагына туруштук берүүгө, сактоо үчүн жайды жеңил жана оңой жыйноону камсыз кылууга тийиш.
97. Өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо үчүн жайлар күйбөй турган жана туруктуу, тиешелүү жүккө эсептелген стеллаждар жана поддондор менен жабдылууга тийиш. Стеллаждар полдон жана дубалдан 0,025 м аралыкта орнотулат, стеллаждардын кеңдиги 1 м ашпайт жана чекелери 0,025 м кем эмес чыгып турат. Стеллаждардын арасындагы узунунан кеткен өтүүчү жерлер 1,35 м кем эмес болууга тийиш.
98. Электропровод, жарык берүүчү арматура жана электр жабдуулары жарылбагыдай жасалууга (түтүктөргө катылган электрпровод, электр лампалар жабык арматурада), өчүргүчтөр жана кнопкалуу автоматтар коридорго чыгарылууга тийиш.
99. Жеңил тутануучу жана күйүүчү заттарды сактоо үчүн арналган жайлар курулманын биринчи кабатында жайгашат, үстү темир бетон менен жабылат, дубалдары күйбөй турган материалдан болот, эшиктен бери жантайган пол цементелет, имараттан тышка же башка жайлардан бөлүнгөн курулманын ичине кирүүчү коридорго чыгууга тийиш.
100. Фармацевтикалык уюмдарда жеңил тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды күйбөй турган шкафтарда сактоого жол берилет. Шкаф жылуулук чыгарган жерлерден алыс жайгаштырылууга, ага оңой кирүү камсыз кылынууга тийиш.
101. Башка багыттагы имаратка улай курулган фармацевтикалык уюмдарда фасовкаланбаган түрдө сакталган өрт коркунучу бар заттар (жеңил тутануучу суюктуктар) 100 кг ашпоого тийиш.
102. 100 кг ашкан жеңил тутануучу суюктуктар өзүнчө турган имаратта айнек же металл тарада, башка топтогу өрт коркунучу бар заттарды сактаган жайлардан өзүнчө сакталат.
103. Өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар өзгөчөлүктөргө ээ дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды кабыл алуу, берүү жана фасовкалоо жайларына өзгөчө көңүл бурулууга, дайыма жана катуу контролдо болууга тийиш.
104. Товар келип түшкөндө аны негизги сактоо жерлерине тез арада бөлүштүрүү керек. Кырсыктарды болтурбоо үчүн кабыл алуу жана берүү жайларында мындай медициналык товарларды кыска мөөнөттө сактоого да катуу тыюу салынат. Аларды кабыл алууда жеке сактоо тарасынын бекем жабылышына өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Бир жайда бир нече дары заттарын жана медициналык буюмдарды бир убакта фасовкалоого катуу тыюу салынат. Дары каражаттарынын ар бир аталышын фасовкалоо аяктагандан кийин жай кылдат желдетилет.
105. Өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар заттарды негизги сактоо жайларынын тышында, ошондой эле сактоо жана аталган заттар менен иштөө жайларынын эшиктеринде жана бул жайлардын ичинде "Өрт коркунучу бар", "Жарылуу коркунучу бар", "Тамеки чегүүгө тыюу салынат", "Өрт чыккан учурда .телефонуна чалыңыз" деген тиешелүү жазуулар болууга тийиш.
106. Фармацевтикалык уюмдарда өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар заттарды сактоо жайларынын кире беришинде жана жайдын ичинде "Өрт коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу _____________ (аты-жөнү)" деген жазуусу бар табличкалар илинүүгө тийиш. Жооптуу адам өрт коркунучу бар жана жарылуу коркунучу бар заттарды жыйноо жана башка чараларды жүргүзүү максатында жумуш күнү аяктаганда жайды күн сайын кароого тийиш.
107. Фармацевтикалык уюмдарда сакталган өрт коркунучу бар заттардын тобуна негизинен суюктуктар жана оңой күйүүчү, жеңил тутануучу заттар кирет. Сактоо жайларында жеңил тутануучу жана оңой күйүүчү суюктуктар башка материалдардан бөлөк сакталат.
108. Жеңил тутануучу жана оңой күйүүчү суюк заттардын негизги коркунучтуу өзгөчөлүгүнө аккычтыгы, оңой бууланышы жана ар кандай тышкы булактан: ачык оттон, учкундан, электр разрядынан ж.б. жеңил тутанышы эсептелет. Ошондуктан өрт коркунучу бар заттарды сактоодо жана алар менен иштөөдө өтө этият болуу, оттон алыс кармоо керек. Зарыл болгон учурда бул заттарды ысытуу суу мончолорунда же спиралы жабык электр плиткаларда жүргүзүлүүгө тийиш.
109. Жеңил тутануучу суюктуктардын көбүнүн буулары организмге зыяндуу таасирин тийгизет, буу менен көпкө дем алуу эстен танууга алып келиши мүмкүн, ошондуктан мындай заттар болгон идиштер бекем тыгындалууга тийиш. Жеңил тутануучу жана күйүүчү заттарды ачык тарада сактоого тыюу салынат.
110. Жеңил тутануучу суюктуктар (коллодий, этил спирти, скипидар, эфир жана башкалар) суюктуктун идиштен бууланып жок болуусун алдын алуу үчүн жакшы тыгындалган бекем, айнек же металл тарада сакталат.
111. Бөтөлкөлөр, баллондор жана жеңил тутануучу, күйүүчү суюктуктары бар башка чоң идиштер бийиктиги боюнча бир катарда стеллаждардын текчелеринде сакталат, аларды бийиктиги боюнча бир нече катар кылып арасына төшөлүүчү ар түрдүү материалдарды колдонуу менен сактоого тыюу салынат. Бул заттарды жылытуучу приборлордун жанында жыйноого жол берилбейт. Стеллаждын же штабелдин жылытуучу элементтен алыстыгы 1 метрден кем болбоого тийиш.
112. Бөтөлкөлөрдөгү жеңил тутануучу жана күйүүчү суюктуктар урунуудан сактаган тарада же баллондорду түшүргүчтүктөрдө бир катарда сакталууга тийиш.
113. Фармацевтикалык уюмдардын жумуш орундарында бир сменадагы керектөөдөн ашпаган заттар сакталышы мүмкүн. Ошол эле учурда идиштер бекем жабылууга тийиш.
114. Жеңил тутануучу жана оңой күйүүчү суюк заттарды толук толтурулган тарада сактоого жол берилбейт. Толтуруу даражасы көлөмү 90%дан ашпоого тийиш. Көп сандагы спирттер металл идиштерде сакталат, алар 95%дан ашык эмес көлөмдө толтурулат.
115. Жеңил тутануучу заттарды минерал кислоталар (өзгөчө күкүрт жана азот кислоталар), кысылган жана суюлтулган газдар, жеңил күйүүчү заттар (таңуучу материал, өсүмдүк майлар, күкүрт), ошондой эле органикалык заттар менен жарылуу коркунучу бар аралашма берген органикалык эмес туздар менен (калий хлораты, калий перманганаты, калий хромат ж.б.) бирге сактоого жол берилбейт.
116. Медициналык эфир жана наркоз үчүн эфир фабрикалык таңгакта, караңгы салкын жерде (оттон жана жылытуучу приборлордон алыс) сакталат.
117. Кальций гипохлорити - күйүүчү эмес, бирок суюк май сымал органикалык продукттар менен контактта болгондо алардын күйүшүнө, ал эми аммиак жана аммоний туздары менен - жарылышына алып келиши мүмкүн, ошондуктан сыпатталган касиеттерин эске алып аны обочолонтуп сактоо керек.
118. Жеңил тутануучу суюктуктар менен иштөөдө (фасовка, ташуу, жүктөө ж.б.) өзгөчө этият болуу керек, ошондой эле таранын абалын, анын герметикалуулугун жана оңдугун дайыма байкап туруу керек. Таранын бузук экендиги аныкталганда аны четтетүүгө токтоосуз чара көрөт же андагы заттарды башка оң абалдагы тарага куят.
119. Челектердин капкактарын жумшак метаплдан жасалган, урганда учкун чыгарбаган инструмент менен же жыгач балка менен бурап чыгарууга жана бурап бекитүүгө жол берилет. Челектерди тоголоткондо жана сактагычка жүктөгөндө челек урунбоосу жана учкун чыгарбоосу үчүн этият болуу керек. Полго төгүлгөн суюктук токтоосуз сүртүлүүгө тийиш.
120. Айрым жеңил тутануучу суюктуктарды (спирт, эфир медициналык жана башкалар) сактаганда статискалык электрди пайда кылуу касиетине ээ, анын учкуну суюктукту күйүп кетишине алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мындай суюктуктарды кампадан фасовкалоону өрткө каршы коргоо каражаттары менен жабдылган өзүнчө жайда жүргүзүү керек. Аларды куйганда жана фасовкалаганда алардын металл идиштери жерге коюлууга тийиш.
Жеңил тутануучу суюктуктан бошогон тараны бир нече убакытка ачык калтыруу керек.
121.Жарылуу коркунучу бар заттардын тобуна жарылуучу заттар жана жарылуу коркунучу бар заттар, башкача айтканда жарылуучу аралашма түзүүгө жөндөмдүү заттар кирет.
Бул топтогу заттар өрткө туруктуу кампанын күйбөгөн дубалдар менен бөлүнгөн атайын жайларында (бөлүктөрдө) обочолонуп сакталат. Күмүш нитратын уулуу заттарды сактоо эрежелерине ылайык обочолонтуп сактоо керек.
122. Жарылуу коркунучу бар заттарды сактаганда аларды жарылууга алып келиши мүмкүн болгон чаң менен булганууга каршы чаралар көрүлүш керек.
123. Жарылуу коркунучу бар заттар менен идиштер (штанглас, темир барабан, склянка ж.б.) буусу абага чыкпагандай бекем жабылат.
124. Калий перманганаты чаң, күкүрт, органикалык май, эфир, спирт, глицерин, органикалык кислота жана башка органикалык заттар менен аралашса - жарылуу коркунучу бар. Аны кампаларда атайын бөлүктө темир барабанда сактайт, дарыканаларда - жогоруда аталган каражаттардан өзүнчө капкагы бекем штангластарда сакталат. Оңой тутануучу жана күйүүчү заттар менен бирге сактоого жол берилбейт. Калий перманганагы бар темир барабан жана штангластар өз убагында чаңдан этияттык менен сүрүлбөй тазаланат.
125. Нитроглицерин эритмесин (жарылуучу зат) фармацевтикалык уюмдарда чакан оозу жакшы жабылган склянкаларда же металл идиштерде салкын караңгы жерде оттон этият болуу чараларын аткаруу менен сактоо керек. Нитроглицерин бар идишти жылдырууну жана бул препаратты таразалоону өтө этияттык менен жасоо керек, анткени төгүлгөн нитроглицериндин бууланышы жарылуу коркунучун туудурат. Териге бир аз эле тийип калса, ууланууга (катуу баш ооруга) алып келиши мүмкүн.
126. Эфирди сактоодо (өзгөчө аба менен контактта болгондо) кычкылдануу пайда болот, алар чайкалса, урунса, сүртүлсө же температура көтөрүлсө жарылып кетиши мүмкүн, ошондуктан алар менен иштегенде өтө этият болуш керек.
127. Бардык жарылуу коркунучу бар жана өрт коркунучу бар заттарды кислоталар жана щелочтор менен сактоого катуу тыюу салынат.
128. Өрт коркунучу бар жана оңой тутануучу суюктуктары бар баллондорду ташуу атайын ыңгайлуу клеткада же кармагычтары оң корзинада экөөлөп ташылат. Чоң бөтөлкө салынган корзиналар, кутучалар же клеткалар (20 кг жогору), ошондой эле катуу тарага салынган заттар атайын жумшак дөңгөлөктөрү бар арабада гана жылдырылышы (ташылышы) керек.
129. Азот жана күкүрт кислоталарын сактаганда алардын жыгач, саман жана органикалык тектеги башка заттарга кошулуусуна жол бербөө чарасы көрүлөт.
130. Өрт коркунучу бар жана жарылуучу заттарды сактоо жайларында электр жарыгы авария болгондо керосин чырак жана шам менен кирүүгө катуу тыюу салынат. Мындай учурда бир гана электр фонарларын колдонуу керек.
131. Дарылоо практикасында медициналык кычкылтек гана колдонулат, ал тууралуу баллондогу тиешелүү жазуу күбөлөндүрүп турууга тийиш.
Өзүнүн курамы боюнча кычкылтек ГОСТ 5583-78 ("Техникалык жана медициналык газ түрүндөгү кычкылтек. ТШ") талаптарына шайкеш келүүгө тийиш, көк түстөгү баллон маркасы, катар номери, өндүрүүчү завод, жумушчу басымы, кийинки сыноо жылы көрсөтүлгөн бирка менен жабдылууга тийиш.
132. Кампаларда кычкылтек сактоо жайлары башка жайлардан такыр обочолонуп турууга тийиш. Баллондорду күн нуру жана жаан-чачындын таасиринен милдеттүү түрдө корголгон ачык аянтчаларда сактоого уруксат берилет. Баллондору бар кампанын 10 м аралыгында кайсы бир майларды, күйүүчү заттарды сактоого жана ачык от менен иштөөгө тыюу салынат.
133. Кычкылтек баллондорун түз тийген күн нурунан сактоо үчүн кампа жайларынын терезелеринин айнектери ак түстөгү сыр менен сырдалат же күндөн коргоочу орнотмолор менен жабдылат. Кысылган газдуу баллондор жылытуучу, кайнатуучу приборлордун жанында болбошу жана электр проводдору менен тийишпеши керек.
134. Газы бар баллондор вертикалдуу абалда сакталууга тийиш. Баллондор сакталган жерлеринде жыгылбаш үчүн атайын ыңгайлуу уялар же тосмолор менен жабдылууга тийиш.
135. Кычкылтек бар баллондордо майланышкан (кирдеген) бөлүктөр же бөлгүчтөр болбошу керек жана аларга май жуккан жана майланышкан предметтерди тийгизүүгө болбойт.
136. Баллондорду жүктөгөндө, түшүргөндө, ташууда жана сактаганда баллондордун жыгылышын, зыян тартышын, булганышын алдын алуучу чара көрүлүүгө тийиш. Кычкылтеги бар баллондорду сактоочу капкакчасы жок жана борту ачык транспортто сактоого жана ташууга тыюу салынат.
137. Кычкылтеги бар баллондорду сактоочу жерлерде баллондор менен иштөө боюнча нускамалар, эрежелер жана плакаттар илинүүгө тийиш.
Баллондорду (капкакчалар үчүн таянгычтарды жана шакекчелерин ооштуруу) жана вентилди оңдоо өндүрүүчү заводдо жүргүзүлүүгө тийиш.
5-глава. Фармацевтикалык уюмдардын санитардык режимине коюлган коопсуздук талаптары
138. Фармацевтикалык уюмдардын имараттарынын жана жайларынын архитектуралык-пландоо жана конструкциялык чечимдери дары каражаттарын сактоонун жана сатуунун оптималдуу санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы шарттарын, ошондой эле тейлеген персоналдын эмгек жана эс алуу шарттарын камсыз кылууга тийиш.
139. Фармацевтикалык уюмдун фармацевтикалык тартипти, дары каражаттарын сактоонун жана сатуунун технологиялык эрежелерин, санитардык-эпидемияга каршы режимди сактоону, персоналдын эмгегинин оптималдуу шарттарын жана товардык-материалдык баалуулуктардын толук сакталышын камсыз кылуучу жайлардын топтому жана аянтчасы болууга тийиш.
140. Жайлардын дубал, шып жана полунун ички жасалгасы алардын механикалык таасирине жана дезинфекциялык каражаттарды көп жолу колдонууга туруктуу функционалдык багытына ылайык материалдан жасалууга тийиш. Дубалдардын шыпка жана полго кошулган жерлери оюк, кырдуу жана карниздери болбошу керек. Жайларга төшөлгөн материалдар антистатикалуу жана гигиеналык сертификаттары болууга тийиш (сууга туруктуу боёктор, эмаль же ачык түстөгү жылтырак кафель плиткалар). Полдор жылтырак эмес керамикалык плитка же чет жактары милдеттүү ширетилген линолеум менен капталат.
141. Раковина, дубалды нымдаштырган башка санитардык-техникалык приборлор жана жабдуулар орнотулган жерлерде дубалдар жылтырак плитка менен же башка сууга туруктуу материал менен полдон 1,6 м бийикте жана туурасы санитардык-техникалык жабдуудан же прибордон ар бир тарабынан 20 см кем эмес аралыкта капталат.
142. Фармацевтикалык уюмдардын жайларынын бийиктиги турак үйдүн кабатынан бийик болбоого тийиш. Ар кандай конструкциядагы илме шыптарды колдонуу калкты тейлөө залдарында, коридордо, административдик-тиричилик жайларында жол берилет. Мында илме шыптардын конструкциясы жана материалдары нымдуу тазалоо, тазалоо жана дезинфекция жүргүзүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
143. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо шартын жана сакталышын камсыз кылуу үчүн фармацевтикалык уюмдар керектүү жабдуулар, эмерек жана инвентарь менен жабдылат, алар жыйноо үчүн жеткиликсиз жер калбагандай жана жарыкты тоспогондой жайгаштырылат.
144. Жабдуулар, эмерек жана инвентарь ачык түстө жуулуучу, химиялык жана дезинфекциялык каражаттарга туруктуу материалдан жасалган ачык түстөгү жылмакай гигиеналык жабуусу менен болууга тийиш.
145. Жарактан чыккан, иштебей калган жабдуу, эмерек жана инвентарь токтоосуз алмаштырылат же оңдолот, жараксыз болуп калгандары - өз убагында эсептен чыгарылат. Иштебей калган же кемчилиги бар жабдууну, эмеректи жана инвентарды колдонууга жол берилбейт.
146. Дары каражаттарын берүүчү жумуш орунда аба чөйрөсүнүн контаминациясын азайтуу үчүн экрандаштырылган же акма бактерициддик нурданткычтарды орнотуу максатка ылайыктуу. Калкты тейлөө залында фармацевтикалык уюмдун персоналынын жумуш орундары кызматкерлерди тамчылык түз инфекциядан коргогон орнотмолор менен жабдылууга тийиш.
147. Жайды желдетүүгө колдонулган терезе фрамугасы же форточка 2x2 мм ашык эмес өлчөмдөгү ячейка менен алып салына турган металл же желим торчолор менен корголот. Жай мезгилинде зарыл болсо күңгөй тарапта жайгашкан терезе жана витрина күндөн коргогон орнотмо менен камсыз кылынууга тийиш, алар раманын ортосунда же терезенин тышында жайгаштырылат.
148. Фармацевтикалык уюмдардын жайларын кемирүүчүлөрдөн жана курт-кумурскадан коргоо комплекстүү инженердик-курулуш, инженердик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана жеке дератизациялык, дезинсекциялык иш-чаралар менен камсыз кылынат.
149. Өзүнчө турган имараттардагы дарыкана уюмдары суу түтүгү, канализация, ысык суу, желдеткич менен жабдылууга жана иштеп жаткан электр, телефон жана башка тармактарга кошулууга тийиш. Борборлоштурулган ысык суу жок болсо суу жылытуучу жабдууну колдонууга жол берилет.
150. Санитардык-техникалык приборлор жана орнотмолор (кран, раковина, унитаз ж.б.) оң абалда болууга, даттан жана башка катмарлардан тазаланууга тийиш, сыныгы же башка кемчиликтери болбоого тийиш. Бузук приборлор тез арада алмаштырылышы керек.
151. Жууй турган бөлмөдө инъекциялык эритме жана көз тамчыларын, ички дары формаларын, тышкы дары формаларын даярдоого арналган идишти жууганга раковиналар (ванналар) бөлүнүүгө жана маркаланууга тийиш. Бул раковиналарды кол жууганга колдонууга тыюу салынат.
152. Персоналдын колдорун жууганга асептикалык блоктун шлюздарында жана даярдоо, ассистенттик, жууган бөлмөдө, дааратканада раковина (кол жуугуч) орнотулууга тийиш, аларды педалдык кран, чыканак менен алып келүүчү кран же фотоэлементтер менен жабдуу максатка ылайыктуу. Жанында дезинфекциялык эритме, аба электр кургаткыч менен идиштер коюлат. Дары каражаттарын даярдабаган жана фасовкалабаган адамдарга өндүрүштүк жайда раковинаны пайдаланууга тыюу салынат.
153. Жылытуу, желдетүү жана кондициялоо системалары жайлардын микроклиматынын жана аба чөйрөсүнүн оптималдуу шартын ушул Эрежелерге ылайык камсыз кылууга тийиш.
154. Жайдагы абанын температурасы 18-20 град. Цельсий, салыштырмалуу нымдуулук 40-65%, аба кыймылынын ылдамдыгы 0,1-0,15 м/с болууга тийиш. Дубалдын температурасы жайдагы 6 град. Цельсийден ашпаган абанын температурасынан айырмаланбайт, вертикалдуу жана горизонталдуу абанын өзгөрүлүшү 3 град. Цельсийден ашык болбоого тийиш.
155. Жайларда борбордук суу, нур-панелдик же жергиликтүү өрт жана электр коркунучу жок жылытуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык энергетикалык жана өрттү көзөмөлдөө органдары менен макулдашуу боюнча орнотулат. Борбордук жылытуу өчүрүлсө же аны күйгүзгөнгө чейин жайларда резервдик (кайталоочу) жылытуунун болушу сунушталат.
156. Жылытуу системалары бардык жылытуу мезгилинин ичинде жайларда абаны бир калыпта жылытуусун камсыз кылыш керек, эксплуатациялоо процессинде бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар жана жыттар менен абаны булгоого жол берилбейт, уруксат берилген деңгээлден ашык шуулдаган үн чыгарбоо керек. Жылытуу системалары жөнгө салган орнотмолор менен жабдылууга жана учурдагы тейлөөгө жана оңдоого ыңгайлуу болууга тийиш.
157. Жылытуучу приборлор тышкы дубалдын терезесинин алдында жайгаштырылышы керек. Административдик жайларда жылытуучу приборлорду декоративдүү тосмо, торчо же перфорлонгон панель менен тосууга уруксат берилет.
158. Сактоо, таңгактан чыгаруу жайы жалпы алмаштыруучу же жергиликтүү механикалык кыймылдаткычы бар тарткыч-соргуч желдетүү системалары менен жабдылат.
Желдетүү системалары үчүн абаны тыштан алуу таза зонадан, бийиктиги жер үстүнөн 1,8 м кем эмес бийиктикте жүргүзүлөт. Аба алуу тешигине таштанды кирбеш үчүн торчо коюлууга жана тосулууга тийиш.
159. Тарткыч-соргуч желдетүү системалары таза кармалууга, механикалык зыян тартуулары, дат басуулар жана герметикалык бузулуулар болбоого тийиш.
Иштеп жаткан желдеткичтер жана электр кыймылдаткычтары жөнгө салынууга, бөтөн шуулдаган үн жок жай иштөөгө, конструкциялардын вибрациясы болбоого тийиш, желдетүүчү орнотмолорду эксплуатациялоо жана күтүү тартиби жөнүндө нускама болууга тийиш.
160. Механикалык иштетүүдө аба алмашуунун эселүүлүгү соода залында +3тен -4 град. Цельсийге чейин, таңгакты чечүү жайында +2 град. Цельсийден -3 град. Цельсийге чейин, сактоо жайларында +2 град. Цельсийден -3 град. Цельсийге чейин болууга тийиш.
161. Жылдын суук жана жылуу мезгилинде жайларда жайлардын ар бирине локалдуу кондиционер орнотуу же борбордук кондициялоо системасын орнотуу жолу менен абаны кондициялоону колдонуу максатка ылайыктуу.
Фармацевтикалык уюм сактоо жайларында температуралык режимди күн сайын контролдоону жүргүзөт. Приборлордун көрсөткүчтөрү эсепке алуу журналында милдеттүү тартипте катталууга тийиш.
162. Фармацевтикалык уюмдардын жайлары табигый жана жасалма жарык берүү системалары менен жабдылат. Сактоо жайларында, дааратканада, персоналдын бөлмөлөрүндө жана коридордо жасалма жарык берүүгө жол берилет.
163. Инсоляциянын узактыгы саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен ченемдерди эске алуу менен кабыл алынат. Жайларда инсоляциянын узактыгынын көрсөтүлгөн ченемдеринен четтеп кетүүгө конкреттүү жергиликтүү шарттарды эске алуу жана фармацевтикалык уюмдардын жайларынын түзүмүн жана функционалдык багытын көңүлгө алуу менен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары менен макулдашуу боюнча жол берилет.
164. Терезелер таза болууга тийиш. Терезелер жылына кеминде 3 жолу же булганышына жараша тышынан жуулат. Жай мезгилинде күңгөй тарапта жайгашкан терезелер жана витриналар тышкы же ички жагына же раманын ортосуна жайгаштырылган күндөн коргогон орнотмолор менен камсыз кылынат. Өндүрүштүк жайларда жана сактоо жайларында жуучу жана дезинфекциялык каражаттарга туруктуу жалюзди колдонууга жол берилет. Калкты тейлөө залында, кызматтык-тиричилик жайларында башка күндөн коргоо ыкмалары колдонулушу мүмкүн.
165. Жасалма жарык берүү жайдын багытына ылайык келүүгө, жетиштүү, жөнгө салынуучу жана коопсуз болууга, көздү уялткан же адамга жана жайлардын ички чөйрөсүнө башка жагымсыз таасир тийгизбөөгө тийиш.
166. Персоналдын жумуш орундарына жасалма жарык берүү соода залында 300 лк түзүүгө, өндүрүштүк жайларда (ассистенттик, асептикалык, аналитикапык, контроль-маркалоочу, фасовкалоочу) - 500 лк, сактоо жайларында, көмөкчү жайларда (дистилляциялык, стерилизациялык, жуучу жайларда) жана соода залында келүүчүлөр үчүн аянтта - 150 лк жана люминесценттик лампалар менен камсыз кылынууга тийиш. Айкалышкан жарыкты бир өңчөй жарык берүү булактарынан уюштурууга жол берилет.
167. Жарык берүүчү приборлордун коргоочу арматурасы болууга тийиш. Жарык чачкан шам чырактарды колдонуу максатка ылайыктуу. Калкты тейлөө зонасында келүүчүлөрдүн эстетикалык муктаждыгын канааттандырган шам чырактарды орнотууга жол берилет.
168. Калкты тейлөө залында табигый жарыктын коэффициенти 2,5% кем эмес, сактоо жайларында - 0,5% кем эмес түзүлүүгө тийиш. Калкты тейлөө залында, сактоо бөлмөсүндө, персоналдын бөлмөсүндө, административдик бөлмөлөрдө жарык коэффициенти 1/6, таңгактан чыгаруу жайында - 1/4 түзүүгө тийиш; жайдагы жарык түшүү бурчу жана тешиктин бурчу тиешелүү түрдө 27 град. жана 5 град. кем эмес, тосмолоо коэффициенти - 2ден ашык эмес болууга тийиш.
169. Дарыканага кире бериште бут кийимди тазалагыч болуш керек. Тазалагычтын өзүн тазалап туруу зарылдыгына жараша, бирок күнүгө 1 жолудан кем эмес жүргүзүлүүгө тийиш.
170. Өндүрүштүк жайларда парда илүүгө, килем салууга, гүл өстүрүүгө, дубал гезит, плакат ж.б. илүүгө жол берилбейт. Ал үчүн коридорлор, эс алуу бөлмөсү, бөлмөлөр колдонулушу мүмкүн. Өндүрүштүк жайларда иштөө үчүн зарыл болгон маалыматтык стенд жана таблицалар нымдуу тазалоого жана дезинфекциялоого жол берилген материалдан даярдалууга тийиш.
Өндүрүштүк эмес жайларды декоративдик жасалгалоого, анын ичинде жашылдандырууга, аларды зарылдыгына жараша бирок жумасына 1 жолудан кем эмес зарыл болгон күтүү (чаңдан тазалоо, жуу ж.б.) камсыз болгон шартта жол берилет.
171. Дарыкана жайлары кылдат тазаланууга тийиш жана аларды колдонуу боюнча нускамага ылайык жуучу жана дезинфекциялык каражаттарды колдонуу аркылуу нымдуу ыкма менен гана жүргүзүлөт. Учурдагы тазалоо мезгил-мезгили менен жайлардын функционалдык багытына жараша жүргүзүлөт. Иштин башында дезинфекциялык каражаттарды колдонуу менен жайларды (полдорду жана жабдууларды) нымдуу тазалоо жүргүзүлөт.
172. Өндүрүштүк жайларда генералдык жууп-тазалоо жумасына 1 жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Дубалдар, эшиктер, жабдуулар, полдор жуулат. Шып нымдуу чүпүрөк менен айына 1 жолу чаңдан тазаланат. Терезенин айнектери, рама жана анын ортосундагы мейкиндик самын же башка жуучу каражаттар аркылуу ысык суу менен айына 1 жолудан кем эмес жуулат.
173. Өндүрүштүк жайлардын жана соода залдарынын жабдуулары күн сайын тазаланат, сактоо жайларындагы (материалдык бөлмөлөрдө) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо үчүн шкафтар зарылдыгына жараша, бирок жумасына 1 жолудан кем эмес жыйналат.
174. Жыйноо шаймандары маркаланууга жана багыты боюнча так колдонулууга тийиш. Ал атайын бөлүнгөн жерде (бөлмө, шкаф) өзүнчө сакталат. Өндүрүштүк жабдууларды тазалоого арналган чүпүрөктү дезинфекциялагандан жана кургаткандан кийин таза, маркаланган бекем жабылган тарада (башка, кастрюль ж.б.) сактайт, асептикалык блок үчүн жыйноочу шаймандар өзүнчө сакталат.
175. Асептикалык блоктун жайларын тазалоо (полду жана жабдууларды) жумуштун аягында сменада) жолудан кем эмес дезинфекциялык каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлөт.
176. Жумасына бир жолу мүмкүн болушунча жабдуулардан бошотуу менен асептикалык блокко генералдык тазалоо жүргүзүлөт. Асептикалык блокту жыйнаганда стадиялардын ырааттуулугун так сактоо керек. Асептикалыктан баштоо керек. Башында дубал менен эшиктер шыптан полго чейин жуулат. Кыймыл жай болууга тийиш, милдеттүү түрдө жогорудан төмөнгө карай тазаланат. Андан кийин стационардык жабдуулар жуулат жана дезинфекцияланат жана акыркы кезекте пол жуулат.
177. Асептикалык блокко киргизилген бардык жабдуулар жана эмерек алдын ала дезинфекциялык эритме менен тазаланат. Үстүнкү бетин жыйноо жана дезинфекциялоо үчүн поролон губка, четтери тигилген була эмес материалдан салфеткалар сунушталат. Полду жууганга катуу кездемеден, четтери тигилген чүпүрөктү колдонууга болот.
178. Дезинфекциялык эритмени даярдоо атайын окутулган персонал тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Үстүлөрүн дезинфекциялоо үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уруксат берилгендердин ичинен дезинфекциялык каражаттарды колдонууга жол берилет.
179. Өндүрүштүк калдыктар жана таштанды кыймылга келтирүүчү капкагы бар жана сменада 1 жолудан кем эмес чыгаруу менен атайын контейнерге чогултулат. Кол жууганга раковина, санитардык түйүн жана таштанды үчүн контейнерлер күнүгө жуулат, тазаланат жана дезинфекцияланат.
Дарыканада санитардык күн айына 1 жолу өткөрүлөт (кылдат тазалоодон тышкары, бир эле убакта учурдагы майда оңдоону жүргүзүүгө болот).
180. Асептикалык блоктун жайлары обочолонгон бөлүктө жайгаштырылууга жана "таза" жана "кир" агымдардын кайчылашуусуна жол бербөөгө тийиш. Асептикалык блоктун өз алдынча эшиги болууга же өндүрүштүн башка жайларынан шлюздар менен бөлүнүүгө тийиш. Асептикалык блокко кирүүнүн алдында резина килемчелер же дезинфекциялык каражатка чыланган көпшөк материалдан килемчелер төшөлөт.
181. Шлюзда төмөнкүлөр каралууга тийиш: атайын бут кийим үчүн ячейкалары бар бут кийим алмаштыруу үчүн отургучтар, халат жана стерилдүү кийим комплекти менен бикстер үчүн шкаф; раковиналар (чыканак менен ачылуучу кран), аба электр кургаткыч жана күзгү; колду тазалоо үчүн гигиеналык топтом, асептикалык блоктогу жүрүм-турум эрежеси.
182. Ассистенттик, асептикалык жайда суу жана канализация өткөрүүгө жол берилбейт. Тазаланган суу үчүн өткөргүч түтүктөр тазалоо жүргүзүүгө оңой болгондой төшөлөт.
183. Материалды же продукцияны (арабаны ж.б.) ташууда дубалды бузбагандай атайын бурчтар же башка шаймандар каралышы керек.
184. Асептикалык блокко коридордон жана өндүрүштүк жайлардан абанын кирүүсүн токтотуу үчүн тарткыч-соргуч желдетүү каралышы керек, анда аба агымынын кыймылы соргучтан көбүрөөк аба кирүүсү менен асептикалык блокко жанаша жайгашкан жайларга багытталууга тийиш.
185. Атайын жабдуулардын жардамы менен кыйла жооптуу участоктордо же операцияларды (таза камераларды) коргоо үчүн бардык жайларда же өз алдынча локалдуу зонада таза абанын горизонталдуу же вертикалдуу ламинардык агымдарын түзүү сунушталат. Ламинардык аба агымы менен таза камералардын же столдордун үстүнкү жумушчу бети жана жылмакай катуу материалдан капкагы болууга тийиш. Стерилдүү абаны айына 1 жолудан кем эмес үзгүлтүксүз контролдоодо ламинардык агымдын ылдамдыгы - 0,3-0,6 мс (-1) чегинде.
186. Асептикалык жайларда абаны жана ар түрдүү үстүнкү беттерди дезинфекциялоо үчүн ачык же экрандалган лампасы бар бактерициддик лампалар (стационардык жана көчмө нурданткычтар) орнотулат. Бактерициддик лампалардын саны жана кубаттуулугу 1 куб.м экрандалбаган нурданткычтын кубаттуулугунан 2-2,5 Вт кем эмес эсептелип тандалууга тийиш. Бактерициддик нурданткычтар медициналык жабдуунун паспортунда баяндалган көрсөтмөлөргө ылайык дарыканаларда колдонулат.
187. Дарыкана уюмунун жетекчилери адистердин жана көмөкчү персоналдын туура жайгашуусу тууралуу кам көрүүгө, жеке гигиена жана коопсуздук техника эрежелери боюнча даярдоону жана кайра даярдоону, ошондой эле персоналдын үзгүлтүксүз медициналык кароодон өтүп турушун (алдын алуучу жана мезгил-мезгили менен өткөрүлүүчү кароолордон) камсыз кылууга милдеттүү.
188. Дары каражаттарын даярдоо, контролдоо, фасовкалоо жана дарыкана идишин тазалоо менен алектенген, ошондой эле даяр продукция менен байланышта болгон дарыкана уюмунун кызматкерлери ишке киришкенде медициналык текшерүүдөн, андан ары профилактикалык кароодон саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын ченемдик документтерине ылайык өтөт. Кароонун жыйынтыктары санитардык китепчеге жазылат.
189. Дарыкананын ар бир кызматкери жетекчи персоналга ден соолугунда кандай болбосун четтөөлөр тууралуу билдирүүгө тийиш. Инфекциялык оорулары бар, териси жабыркаган кызматкерлер жумушка алынбайт.
190. Дарыканага киргенде гардеробдо персонал үстүнкү кийимин жана бут кийимин чечүүгө, колун жууганга жана дезинфекциялоого, санитардык кийимди жана санитардык бут кийим кийүүгө милдеттүү. Дааратканага барар алдында халатты милдеттүү түрдө чечет. Дарыканадан тышкары санитардык кийим жана бут кийим менен чыгууга тыюу салынат. Курч респиратордук оорулар жайылган мезгилде дарыкана уюмунун кызматкерлери бетине марли таңгычты тагынат.
191. Санитардык кийим жана санитардык бут кийим дарыкана кызматкерлерине аткарган өндүрүштүк операцияларды эске алуу менен берилет. Санитардык кийим жумасына 2 жолудан кем эмес, жеке пайдалануу үчүн сүлгү - күн сайын алмаштырылууга тийиш.
Асептикалык шартта иштеген кызматкерлер үчүн атайын кийимдин комплекти иштөөнүн алдында стерилдүү болууга тийиш. Асептикалык зонада, жайлардын ортосунда же асептикалык блоктун тышкары, башка өндүрүштүк зоналарда персоналдын жүрүү тартибин бузганын оңой табуу үчүн персоналдын санитардык кийиминде айырмачылык белгилерди кароо максатка ылайыктуу, мисалы атайын кийим же анын деталдарын ак түстөн башка түстө кылуу.
192. Өндүрүштүк персонал үзгүлтүксүз душка жуунууга, колдордун таза кылдат кароого, тырмактарын кыска алууга, лак менен боёбоого тийиш. Дарыкананын өндүрүштүк жайларында жана даяр продукция сакталган жайларда өндүрүштүк персоналга тамактанууга, тамеки чегүүгө, ошондой эле тамак-ашты, чегүү материалдарын жана жеке дары каражаттарын сактоого тыюу салынат. Халаттардын чөнтөктөрүндө өтө зарыл (бет арчы, көз айнек ж.б.) буюмдан башка жеке пайдалануудагы предметтер болбоого тийиш.
193. Өзгөчө көңүл асептикалык шартта иштөө үчүн өндүрүштүк персоналды тандоого жана даярдоого бөлүнүүгө тийиш. Асептикалык блоктун персоналы санитардык талаптарды жана эрежелерди аң-сезимдүү аткаруу үчүн атайын билим жана практикалык иш тажрыйбадан тышкары гигиена жана микробиология негиздери боюнча билимге ээ болууга тийиш. Персонал колун системалуу түрдө тазалоого жана кийимин которуунун так белгилүү ырааттуулугуна бетинде аба киргизген таңгычты колдонууга, колуна резина колкапты кийүүгө ж.б. байланыштуу жумуштагы мүмкүн болгон ыңгайсыздыктарга даяр болууга тийиш.
194. Өндүрүштүк персонал үчүн керектүү жерлерде өздүк гигиена, жайларга кирүү жана чыгуу эрежелери, тазалоо регламенти, технологиялык процесстин жүрүшүнө ылайык буюмдарды жана материалдарды ташуу эрежелери ж.б. ушул дарыкана ишканасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгууга жана бекитилүүгө тийиш. Өздүк гигиена эрежелери жана чаралары, санитардык кийимди колдонуу талаптарын кошуп алганда, өндүрүштүк жайга кирген бардыгына - убактылуу жана туруктуу иштеген, иштебеген (коноктор, инспекция, жогорку жетекчилик ж.б.) колдонулууга тийиш.
195. Дарыкана уюмдарынын кызматкерлери өздүк гигиена, өндүрүштүк санитария, коопсуздук техникасы маселелерине байланыштуу темалар боюнча заманбап талаптарга карата персоналдын маалымдуулугун камсыз кылган мөөнөттө администрация тарабынан уюштурулган сабактарга системалуу түрдө катышууга милдеттүү. Сабактарды өткөрүү атайын журналда белгиленет. Дарыкана кызматкерлери дарыканада иштегенде коопсуздук техникасынын жана өндүрүштүк санитариянын эрежелерин сактоого милдеттүү.
196. Дарыкана уюмдарында персонал үчүн санитардык-тиричилик жайларынын зарыл болгон курамы каралууга тийиш:
1) үстүнкү, үйдөгү жана санитардык кийимдерди өзүнчө сактоо үчүн тизмедеги курамдын 100% жекече шкафтары менен гардероб. Үйдөгү жана санитардык кийим үчүн гардеробдун аянты эки шкафка өтмө аянтчаларды кошуу менен 0,55 кв.м болушу керек;
2) үстүнкү кийим жана бут кийим гардеробу - 0,08 кв.м илгичи менен (60% эки смена менен иштегендерге жана 100% - бир смена иштегенде);
3) душ - дарыканага бир душ кабинасы;
4) санитардык түйүн (санитардык приборлор иштегендердин санына жараша);
5) тамактануу жана эс алуу үчүн жайлар (башка жайлардан обочолонууга тийиш).
197. Инъекциялык эмес стерилдүү жана стерилдүү эмес дары каражаттарын даярдоо үчүн тазаланган суу колдонулат, ал дистилляция, кайтарым осмос, иондук алмашуу жана башка уруксат берилген ыкмалар менен алынышы мүмкүн.
Тазаланган суунун микробилогиялык тазалыгы ичүүчү суунун сапатына коюлган талаптарга шайкеш келүүгө тийиш, Enterobacteriacea, P. aeruginosa, S. Aureus бактериялар үй-бүлөсү болбогондо, анда 1 мл 100 микроорганизмден ашык эмес камтууга жол берилет. Стерилдүү инъекциялык эмес асептикалык даярдалган дары каражаттарын даярдоо үчүн сууну стерилизациялоо керек. Инъекцияларга эритме даярдоо үчүн инъекциялар үчүн суу колдонулат, ал тазаланган сууга коюлган сынактан өтүүгө, ошондой эле апирогендүү болууга тийиш.
198. Тазаланган сууну алуу жана сактоо ошол максатта атайын жабдылган жайда жүргүзүлүүгө тийиш. Инъекциялар үчүн суу алуу асептикалык блоктун дистилляциялык жайында жүргүзүлөт, ал жерде суу алууга байланышпаган кандайдыр бир жумуштарды аткарууга катуу тыюу салынат.
199. Тазаланган суу жаңы кезинде колдонулат же суунун касиетин өзгөртпөгөн жана аны механикалык кошулуулардан жана микробиологиялык булгануудан сактаган материалдан жасалган жабык идиште 3 суткадан ашык эмес сакталат. Инъекциялар үчүн жаңы даярдалган суу колдонулат же 5 град. Цельсийден 10 град. Цельсийге чейин, 80 град. Цельсийден 95 град. Цельсийге чейин температурада суунун касиетин өзгөртпөгөн жана аны механикалык кошулуулардан жана микробиологиялык булгануудан сактаган материалдан жасалган жабык идиште 24 сааттан ашык эмес сакталат.
200. Тазаланган жана инъекциялар үчүн сууну алуу аквадистиллятордун же ушул максатта уруксат берилген башка орнотмолордун жардамы менен жүргүзүлөт. Ишке даярдоо жана аларда иштөө тартиби медициналык жабдуунун паспортунда жана эксплуатациялоо боюнча нускамада баяндалган көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлөт.
201. Аквадистиллятордун жардамы менен суу алганда күн сайын жумуш башталаардын алдында 10-15 мүнөттүн ичинде аквадистилляторго жана муздаткычка суу берүү вентилин жаап, буулантуу жүргүзүлөт. Алынган суунун биринчи порциялары 15-20 мүнөттүн ичинде төгүлөт, андан кийин гана суу алуу башталат.
202. Тазаланган суу жана инъекциялар үчүн алынган суу таза стерилденбеген же ысык буу менен тазаланган өнөр жай өндүрүштүк чогултмага топтолот (жок болсо - айнек баллондорго). Чогултмада төмөнкүдөй жазуу болууга тийиш: "Тазаланган суу", "Инъекциялар үчүн суу". Эгерде бир нече чогултма бир убакта колдонулса, алар номерленет. Инъекциялар үчүн суу чогултуу жана сактоо идиштеринин этикеткасында ичиндеги суу стерилденбеген деп белгиленүүгө тийиш.
Айнек чогултмалар эки тешиктүү капкак менен бекем жабылат: бири суу келүү түтүгү үчүн, экинчиси айнек түтүгү үчүн, ага стерилдүү ватадан тампон салынат (күн сайын алмаштырылат). Чогултмалар баллон түшүргүчкө орнотулат. Чогултмалар аквадистиллятор менен айнек түтүктөрдүн, силикон резинадан жасалган шлангдардын же сууга башка индифференттүү, медицинада колдонууга уруксат берилген жана буу менен иштетүүгө боло турган тазаланган материалдын жардамы аркылуу кошулат.
203. Жумуш орундарына суу берүү өткөргүч түтүктөр боюнча же баллондордо жүргүзүлөт. Өткөргүч түтүктөр медицинада колдонууга уруксат берилген жана суунун касиетин өзгөртпөгөн материалдан даярдалууга тийиш. Өткөргүч түтүктөр өтө узун болсо, жууганга, дезинфекциялоо ыңгайлуулугу жана микробиологиялык анализге тазаланган суунун пробасын алуу үчүн ар бир 5-7 метр сайын тышка чыгаруучу жана краны менен тройниктер каралышы керек.
204. Өткөргүч түтүктү жуу жана дезинфекциялоо чогултуунун алдында, эксплуатациялоо процессинде 14 күндө 1 жолудан кем эмес, ошондой эле микробиологиялык анализдин жыйынтыктары канааттандырарлык эмес болгондо жүргүзүлөт. Ысыкка чыдамдуу материалдан жасалган өткөргүч түтүктү зыянсыздандыруу үчүн алар аркылуу парогенератордон же автоклавдан ысык буу коё берилет. Иштетүү убактысы өткөргүч түтүктүн аягындагы участоктон буу чыккан учурда саналып баштайт. Иштетүү 30 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Полимердик материалдан жана айнектен жасалган өткөргүч түтүк суутек кычкылынын 6% эритмеси менен 6 сааттын ичинде стерилденип, кийин тазаланган суу менен кылдат жуулат. Андан кийин калыбына келтирүүчү заттардын жоктугу текшерилет. Өткөргүч түтүктү иштетүү милдеттүү түрдө катталат.
205. Пирогендүү заттардан тазалоо үчүн айнек түтүктөр жана идиштер калий перманганатынын кычкылдуу эритмеси менен 25-30 мүнөт ичинде иштетилет. Эритмени даярдоо үчүн калий перманганатынын 1% эритмесинин 10 бөлүгүнө күкүрт кислотасын 1,5% эритмесинин 6 бөлүгүн кошот. Идиштер жана түтүктөр тазалангандан кийин инъекциялар үчүн жаңы даярдалган суу менен кылдат жуулат.
Дарыкананын жетекчиси тазаланган сууну алууга жооптуу адамды дайындайт.
206. Асептикалык шартта дары каражаттарын даярдоо үчүн жайлар ушул Эреженин 5-главасына ылайык жасалат, жабдылат жана тазаланат.
207. Асептикалык блокто абаны зыянсыздандыруу үчүн полдон 2,0-2,2 м бийикте бактерициддик нурданткычтар жайдын 1 куб.м кубаттуулугу 2-2,5 Вт экрандалбаган лампа орнотулат, экрандалган лампа - Вт 1 куб.м алар асептикалык блоктун жайларында тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзүлгөндөн кийин (генералдык тазалоодон кийин - 2 саат) күйгүзүлүүгө тийиш. Бактерициддик нурданткычтарды күйгүзүү алардын ишин эки режимде камсыз кылууга тийиш: адамдар жокто жана иштин жүрүшүндө. Экрандалбаган лампаларды күйгүзгүч жайга кире бериште жайгашууга жана "Кирүүгө болбойт" деген жарык табло менен блоктолууга тийиш. Бактерициддик нурданткычтардын экрандалбаган лампалары күйгүзүлгөн жайга кирүүгө аларды өчүргөндөн кийин 15 мүнөт өткөндө гана уруксат берилет. Персонал бар болгондо экрандалган лампалар гана эксплуатацияланат.
208. Асептикалык шарттарда иштөө үчүн персонал саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген санитардык талаптарга жана көрсөтмөлөргө ылайык даярдалат.
209. Асептикалык шартта дары каражаттарын даярдоого керектүү дары заттары бекем жабылган шкафтарда, штангластарда булганбаган шартта сакталат. Штангластар ар бир толтуруу алдында жуулат жана стерилденет.
210. Көмөкчү материалды жабык түрдө даярдайт, стерилдейт жана 3 суткадан ашык эмес сактайт. Ачылган материалдар 24 сааттын ичинде колдонулат. Материалды ар бир алгандан кийин биксти же банканы катуу жабат. Стерилдүү пинцет менен алынат.
211. Дарыкана идиштери талаптагыдай тазалангандан кийин багыты боюнча колдонулат же оозу жабылат жана бекем жабылган шкафтарда сакталат. Асептикалык шартта дары каражаттарын даярдоо жана фасовкалоо үчүн колдонулган стерилдүү идиштерди сактоо мөөнөтү 24 сааттан ашпайт.
212. Чоң сыйымдуу баллондорду жуугандан кийин 30 мүнөттүн ичинде ысык буу менен зыянсыздандырууга жол берилет. Идиштерди тазалагандан кийин стерилдүү капкактар менен жабат же стерилдүү пергамент менен байлайт жана булганбай тургандай шартта 24 сааттан ашык эмес сактайт.
213. Оозу жабылган материал (капкактар, калпакчалар ж.б.) тазаланат жана булганбай тургандай шартта сакталат.
214. Дары заттарынын эритмеси менен түздөн-түз байланышкан технологиялык жабдуулардын алып салма бөлүктөрү (резина жана айнек түтүктөр, фильтр-кармагычтар, мембраналык микрофильтрлер, прокладкалар ж.б.) тиешелүү жабдууларды колдонуу боюнча документтерде сыпатталган режимде тазаланат, стерилденет жана сакталат.
215. Концентрацияланган эритмелер, жарым фабрикаттар, дарыкана ичиндеги даярдоолор асептикалык шартта даярдалат жана алардын физикалык-химиялык касиеттерине жана белгиленген жарактуулук мөөнөтүнө ылайык булгануу болбогондой шартта сакталат.
216. Стерилдүү эмес дары формаларын даярдоодо колдонулган дары заттары бекем жабылган штангласта, анын булгануусун болтурбагандай шартта сакталат. Дары заттарын сактоодо колдонулган штангластарды толтурар алдында жуулат жана стерилизацияланат.
217. Дары каражаттарын даярдоодо жана фасовкалоодо зарыл болгон көмөкчү материал жана оозу жабуучу каражаттар ушул Эрежелерге ылайык даярдалат, стерилизацияланат жана сакталат.
218. Дарыкана идишин колдонор алдында жууйт, кургатат жана стерилизациялайт. Стерилдүү идишти сактоо мөөнөтү 3 суткадан ашык эмес.
219. Дары каражаттарын даярдоодо жана фасовкалоодо колдонулган чакан механизация каражаттары жуулат жана дезинфекцияланат. Көрсөтмөлөр болбосо жумуш аяктаганда алар ажыратылат. Жумуш бөлүктөрү дары каражаттарынын калдыгынан тазаланат, ысык суу менен жуулат (50-60 град. Цельсий), андан кийин даярдалган материалдын касиеттерине жараша дезинфекцияланат же стерилизацияланат. Дезинфекциялоодон кийин буюмду ысык суу менен жууйт, тазаланган суу менен чайкайт жана булганбагандай шартта сактайт.
220. Ар бир сменанын башында жана аягында тараза, шпатель, кайчы жана башка майда дарыкана инвентары жуучу каражаттын 0,5% менен суутек кычкылынын 3% эритмеси менен сүртүлөт, андан кийин жуучу каражаттардын калганын аккан суу менен милдеттүү контролдоо аркылуу тазаланган суу менен чайкалат. Бюреттик орнотмолордун агызуучу крандары иштөөнүн алдында туздардын эритмелеринен, экстракттардан, тундурмалардын пайда болгон катмарлардан тазаланат жана спирт эфир аралашмасы (1:1) менен сүртүлөт.
221. Бюреттик орнотмолор жана пипеткалар 10 күндө 1 жолудан кем эмес концентраттан бошотулат жана ысык суу менен (50-60 град. Цельсий) горчица порошогунун чымчымы же суутек кычкылынын 3% эритмеси, 0,5% жуучу каражат менен жуулат, андан кийин жуучу каражаттардын калганы аккан суу менен милдеттүү контролдоо аркылуу тазаланган суу менен чайкалат. Бюреттик орнотмолордун агызуучу крандары иштөөнүн алдында туздардын эритмелеринен, экстракттардан, тундурмалардан пайда болгон катмарлардан тазаланат жана спирт эфир аралашмасы (1:1) менен сүртүлөт.
222. Дары затын ар бир ченегенден же таразалагандан кийин штангластын моюнчасын жана капкагын, ошондой эле кол таразаны марли салфеткасы менен сүртөт. Салфетка бир гана жолу колдонулат.
223. Суюк дары каражаттарын фильтрлегенде же чыпкалаганда куйгучтар, ошондой эле порошок же мазь массаны жанчыгыч менен таразалаганга жана тарага салганга чейин алдын ала дезинфекцияланган желим же темир пластинка менен жабат. Жанчыгычтан порошокту же мазды алуу үчүн желим пластинка колдонулат. Картонду колдонууга жол берилбейт. Мазды даярдагандан кийин майдын калдыктары картондун, кагаздын, лигниндин жардамы менен алынат, андан кийин жанчыгыч жуулат жана стерилденет.
224. Жумуш үчүн колдонулган кагаз жана мом капсулалары, шпателдер, жиптер, курчоочу резинкалар ж.б. булганбай турган шартта жабык шкафтарда сакталат.
225. Дарыканаларда микробиологиялык контролдоо объекттери болуп баштапкы, аралык жана даяр продукттар, көмөкчү заттар жана материалдар, персоналдын колдору жана санитардык кийимдери, аба чөйрөсү жана жайлар менен жабдуулардын үстүнкү бети саналат.
6-глава. Фармацевтикалык уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо процессинин жана фармацевтикалык уюмдардын санитардык режиминин шайкештигин баалоо
226. Фармацевтикалык уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо жана фармацевтикалык уюмдардын санитардык режимин сактоо процессинин ушул Эрежелердин талаптарына шайкештигин баалоо мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо формасында жүргүзүлөт.
227. Фармацевтикалык уюмдарга жана саламаттык сактоо уюмдарында ушул Эрежелерде белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча органына жүктөлөт жана төмөнкү текшерүүлөрдү камтыйт:
1) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо жайларынын орнотмолорунун жана эксплуатациялоонун ушул Эрежелердин талаптарына шайкештигине;
2) биринчи жана экинчи (керектөөчү) таңгакта көрсөтүлгөн дары каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн сактоо шарттары боюнча талаптарына ылайык же ар бир дарынын аталышынын экинчи таңгагына салынган колдонуу боюнча Нускамага ылайык дары каражаттарын сактоону уюштуруу процессине;
3) таасири күчтүү, өтө уулуу жана уулуу дары каражаттарын, ошондой эле өрт жана жарылуу коркунучу бар дары каражаттарын сактоо үчүн жайларды сактоону уюштуруу жана техникалык чыңдоо процессине;
4) фармацевтикалык уюмдардын жана саламаттык сактоо уюмдарынын санитардык режимине карата коопсуздук талаптарынын сакталышына.
228. Мамлекеттик инспекторлор төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
1) алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча иш-чараларды;
2) ушул Эрежелерге ылайык коопсуздук талаптарына жооп бербеген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоого бөгөт коюу жана жол бербөө боюнча иш-чараларды;
3) ушул Эрежелерге ылайык коопсуздук талаптарына жооп бербеген дарыкана уюмдарынын коопсуздугунун санитардык режимин бузууга бөгөт коюу жана жол бербөө боюнча чараларды.
229. Мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо объекттери болуп ушул Эрежелердин колдонулушу жайылтылбаган дары каражаттары жана медициналык буюмдар, сактоо процесстери жана санитардык режимди сактоо саналат.
230. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча орган өз компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан фармацевтикалык уюмдарда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо жайларына жеткиликтүү болууга;
2) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо жайларын инспекциялоого;
3) ушул Эрежелердин талаптарын фармацевтикалык уюмдар тарабынан аткарылышын текшерүүгө;
4) керектөөчүлөрдүн ден соолугу үчүн тобокелдик жараткан коопсуздук талаптарына олуттуу дал келбестиктер аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тиешелүү таасир этүү чараларын көрүүгө.