Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII- сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 178
Айыл тургуну Ибраимов Медеркандын Анарбайдын көпүрөсүнөн Аралды карай карай өткөн жерде Чоң-Саздын этегинен чабынды жерден ижарага жер бөлүп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жанашарттары жөнүндө” Типтүү Жобонун 2-пунктун жетекчиликке алып, Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII- сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Анарбайдын көпүрөсүнөн айылды карай өткөн жердеги Чоң-Саздын этегиндеги №525 контурдагы айыл өкмөтүнө тиешелүү чабынды жерден 0,50 га жер тилкесин 3 жылдан 5 жылга чейин ижарага берүү КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жанашарттары жөнүндө” Типтүү Жобонун 2-пунктуна ылайык ачык тооруктун негизинде ишке ашырылсын.
2. Тооруктун негизинде ижарага берилген жерге капиталдык курулуш курууга тыюу салынсын жана жеңил конструкциядагы курулуштарды курууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |