Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 184
Айыл аймагындагы апалардын ден-соолугун чыңдоо үчүн шарт түзүү жөнүндө
Каракол айыл аймагындагы Арал айылындагы Жусупбеков Майрамбек атындагы күрөш залында жашы курагы улуу апалар үчүн ден-соолугун чыңдоочу машыгууларды уюштуруу үчүн графикке киргизүү жана керектүү жабдууларды алып берүүгө эркин каражат эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндөгү депутат Ж.Исмаилованын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айкөл” бий тобу тарап кеткендигине байланыштуу Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 06.08.2024-жылдагы №136 токтому жокко чыгарылсын
2. Жаш курагы улуу апаларга ден-соолугун чыңдоочу машыгууларды уюштурууга күрөш залына шарттар түзүлүп, атайын графикке киргизилсин.
3. Керектүү жабдууларды сатып алууга керектелүүчү 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |