МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 188 «2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө» токтому

Редакция02.12.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2024-жылдын 2-декабры № 188

 

2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү" долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү" долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашуулар ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 13-ноябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган