Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин IXчакырылыштагы кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябры №4/1-9
Өкүлчүлүктүү коомдоштуктардын Элдик курултайын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 61-беренеси, Кыргыз Республикасынын “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 Жарлыгы жана Элдик курултайдын улуттук кенешинин 16.12.2023-жылдагы №16 сандуу “Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 25.11.2024-жылдагы №01-19/3549 сандуу катынын негизинде, Талас шаарында коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрь күнү Талас шаардык А.Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин чон залында саат 10.00до өткөрүлсүн.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын көрсөтүү нормасы шаардын жашоочуларынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын графиги 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылууну өзүмө калтырам.
Төрага |
| Р.Байгараев |
|
| 1-тиркеме |
Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:
1 | К.Джаныбеков- | жумушчу топтун төрагасы |
2 | Б.Батырбекова- | жумушчу топтун катчысы |
3 | А.Сариева- | “Бирге-Вместе” фракц. депутат, ж.т.мүчөсү |
4 | А.Нартаева- | “Аманат” фракц. депутат, ж.т.мүчөсү |
5 | Акын у. Мухтарбек- | “Эл үмүтү”фракц.депутат, ж.т.мүчөсү |
6 | Б.Авазбеков- | “Ынтымак”фракц.депутат, ж.т.мүчөсү |
7 | Н.Сатыбеков- | “Жаны Кыргызстан”фракц.депутат,ж.т.мүчөсү |
8 | Т.Уметалиев- | Аксакалдар кенешинин төрагасы, ж.т. мүчөсү |
9 | О.Маймурунов- | АКӨАБсу, жумушчу топтун мүчөсү |
10 | Г.Избасарова- | “Элназ” коомдук уюму, ж.т.мүчөсү |
11 | А.Дыйканбаева- | Талас ш. мэриясынын башкы адиси,ж.т.мүчөсү |
Жооптуу катчы |
| А.Сариева |
|
| 2-тиркеме |
Кезектеги III Элдик Курултайдын 700 делегатынын квоталарга бөлүнүшү
Облустук маанидеги шаарлар - 14 | ||||
№ | Шаарлардын категориялары, айыл аймактарынын аталышы жана калктын саны боюнча бөлүнүшү | Административдик-аймактык бирдиктердин саны | Аймактык бирдиктерден делегаттардын саны | Делегаттардын жалпы саны |
1 | Калктын саны 30 000 адамга чейин | 5 | 2 | 10 |
2 | Калктын саны 30 001ден 70 000 адамга чейин | 6 | 3 | 18 |
3 | Калктын саны 70 001ден 100 000 адамга чейин | 2 | 4 | 8 |
4 | Калктын саны 100 000 адамдан ашык | 1 | 6 | 6 |
| Бардыгы |
|
| 42 |
Жооптуу катчы |
| А.Сариева |
|
| 3-тиркеме |
Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча
2024-жылдын 4-5-декабрында өтө турган жергиликтүү жамааттын чогулуштары жана жыйындарынын графиги
№ | Делегаттарды шайлоо боюнча аймактык бөлүк | Жыйынды өткөрүү орду | Күнү | Убактысы | Делегаттар дын саны |
1. | Талас шаарынын И.Сарыгулов көчөсүнөн батыш тарабына карай | Талас шаарындагы №5 орто мектеби | 04.12.2024 |
16:00
|
100
|
2. | Талас шаарынын И.Сарыгулов көчөсүнөн чыгыш тарабына карай
| Талас шаарындагы С.Абдуллаев ат. №6 орто мектеби | 05.12.2024 | 16:00 |
100
|
Жооптуу катчы |
| А.Сариева |