Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин IXчакырылыштагы
кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 7/3-9
Дем берүүчү үлүштүк долбоорлорду тандоо комиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 сандуу токтому менен бекитилген “Үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобосу жана Талас шаарынын мэриясынын 05.12.2024-жылдын №01-19/3699 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дем берүүчү үлүштүк долбоорлорду тандоо комиссиясынын жаңы курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |
|
| Тиркеме |
Дем берүүчү үлүштүк долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамы
К.А.Джаныбеков-Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы;
Ж.М.Ниязалиев-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас финансы башкармалыгынын жетекчиси;
К.Ж.Жыргалбаев-Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси;
Г.Д.Алтыкеева -Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;
Б.Ш.Абдыкадыров-Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча агенттигинин Талас облусунун координатору;
Т.М.Уметалиев-Талас шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы;
О.С.Маймурунов-Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун төрагасы;
Д.Шадыбекова-“Улуттук Кызыл-Ай” коомдук бирикмесинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору;
Т.М.Досалиев-Талас ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору.
Жооптуу катчы |
| А.Сариева |