Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин IXчакырылыштагы
кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 8/3-9
Үлүштүк дем берүүчү долбоорлорду тандоо жана өздүк салымын
жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 сандуу токтому менен бекитилген “Үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобосунун 3-пунктунун 21-пунктчасына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 05.12.2024-жылдын №01-19/3699 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык №1 орто мектебинин спорттук залын оңдоп-түзөө жумуштарына жалпы суммасы 3489445 сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 697889 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
2. Талас шаардык №2 орто мектебинин башкы корпусунун сырткы фасадын оңдоп- түзөө жумуштарына 3 496 126 сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 699 225 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
3. Талас шаардык №3 мектеп-гимназиясынын корпустарын капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына 3 676879 сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 735 376 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
4. Талас шаардык №7 орто мектебинин окуу корпусун капиталдык оңдоп-түзөө жана брусчатка төшөө жумуштарына 2 673 641 сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 534 728 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
5. Талас шаардык №9 орто мектебинин ички оңдоп-түзөө жана электр чубалгыларын алмаштыруу жумуштарына 3 498 374 сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 666 675 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
6. Талас шаардык №6 “Теремок” бала бакчасынын сырткы фасадын жаңыртуу жана ашканасын өндөп-түзөө 3 422 499, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 684 500 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
7. Талас шаардык №9 “Буратино” бала бакчасынын 1 кабатынын ички оңдоп-түзөө иштери жана сантехникасын оңдоп-түзөө жумуштарына 3 302 457, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 660 491 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
8. Талас шаардык №10 “Балапан” бала бакчасынын ички жана сырткы оңдоп-түзөө иштери, башкы корпусунун чатырын алмаштыруу жана сырткы ажаткана куруу жумуштарына 3291 756, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 658 351 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
9. Талас шаардык №15 “Ак Бешик” бала бакчасынын ички ремонт иштери, электр чубалгыларын, сантехникасын оңдоп-түзөө жана сырткы ажаткана куруу жумуштарына 2 979 219, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 595 844 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
10. Талас шаардык №18 “Нагима Апа” бала бакчасынын гаражын жер-жемиштерди сактоочу кампа кылып реконструкциялоо,сантехникасын оңдоп-түзөө жана сырткы ажаткана куруу жумуштарына 2 012 420 сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 402 484 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
11. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
12. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (А.Суйунтбеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |