Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 25-декабры № 838-т

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин пландоо максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып 2025-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- 35-пунктта «2024-жылдын III кварталы», «2024-жылдын IV кварталы» деген сөздөр «2025-жылдын II кварталы» деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев