Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна) |
Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин (мындан ары - БӨСМ), адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринин (мындан ары - АБӨОРМ), балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептеринин (мындан ары - БӨСАМ), балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектептеринин (мындан ары - БӨПРМ), региондук олимпиадалык резерв мектебинин (мындан ары - РОРМ), республикалык спорттук колледжинин (мындан ары - РСК), спорттун түрлөрү боюнча дирекциясынын (мындан ары - СТД) жана "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекциясынын (мындан ары - "ДКУБ" ДКАД) ишинин тартибин аныктайт.
2. БӨСМ, АБӨОРМ жана БӨСАМ, БӨПРМ юридикалык жак болуп саналат, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеме статусуна ээ, алар төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын ден соолугун чыңдоого жана алардын дене бой жагынан ар тараптуу өнүгүшүнө багытталган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана тарбия иштерин;
2) окуучуларды дене тарбия жана спорт менен системалуу машыгууга, окуу жайларына спорттук мектептерде спорттун түрлөрү менен машыгуу боюнча методикалык жана спорттук-массалык ишти уюштурууга ар тараптан жардам көрсөтүүгө тартуу боюнча иштерди;
3) адистештирилген спорт менен машыгууга тартуу үчүн жөндөмдү балдарды жана өспүрүмдөрдү табууну (туруктуу машыгуу процессинде);
4) спортчуларды Олимпиадалык, Азиялык, Паралимпиадалык, Азиялык паралимпиадалык оюндарына, дүйнө, Азия чемпионаттарына, кубокторуна жана биринчиликтерине, башка расмий эл аралык мелдештерге даярдоо жана ийгиликтүү чыгуусун камсыз кылууну;
5) алдынкы спортчулардын чеберчилигин өркүндөтүүнү;
6) допингге каршы билим берүү жана допингге каршы сабаттуулуктун зарыл деңгээлин калыптандырууну.
3. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен БӨСМге машыктырылуучу спорттун түрлөрүнүн бири боюнча спорттук өркүндөтүү боюнча кеминде 4 топ жана жогорку спорттук чеберчиликтин бир тобу болсо 4 жылга олимпиадалык резерв статусу ыйгарылат.
Паралимпиадалык резерв статусун ыйгаруу үчүн БӨСАМга ушундай эле талаптар коюлат.
4. Спорт мектептерин ачуунун шарттары болуп окуу-машыгуу процессин өткөрүү үчүн зарыл болгон менчик же ижарага (1 жылдан кем эмес ижара келишими түзүлгөн) алган базасынын, квалификациялуу жетекчилик жана машыктыруучу-окутуучулар курамынын, административдик жайлардын, ден соолукту чыңдоо-спорттук лагерди уюштуруу мүмкүнчүлүгүнүн болусу, финансы менен камсыздалышы саналат. Өзүнчө почталык дареги жана техпаспорту бар спорттук объекттер спорттук база болуп эсептелет.
5. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМде спорттун түрлөрү боюнча бөлүмдөрдүн саны машыктырылуучу спорттун түрлөрүнүн санына ылайык спорттук мектеп карамагына кирген жогору турган уюм тарабынан белгиленет, ал эми окуу топторунун саны болгон шарттарга жараша белгиленет жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча спорт мектебинин администрациясы тарабынан аныкталат.
6. Балдар-өспүрүмдөрдүн спорт мектеби 20дан кем эмес окуу тобу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулар үчүн окуу топтору болгондо ачылат жана баштапкы даярдоо, окуу-машыгуу топтору менен окуу-машыгуу процессин жүзөгө ашырат, ошондой эле спортту өркүндөтүү топторун комплекттейт. Бул үчүн зарыл шарт болуп окуучулардын контингентинин, окуу-машыгуу ишинин режимин аткарууга мүмкүнчүлүк берген шарттардын (квалификациялуу машыктыруучу-окутуучулар кадрлардын, материалдык-спорттук базанын) болушу саналат.
7. БӨСМ, БӨСАМ, БӨПРМ, АБӨОРМ баштапкы даярдоо, окуу-машыгуу, спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторун түзөт. Спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторунун курамы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
8. РОРМ, РСК, БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМдин алдында "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көзөмөлчүлүк кеңештери түзүлүшү мүмкүн.
9. РОРМ юридикалык жак болуп саналат, билим берүү, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик кесиптик билим берүү мекемеси статусуна ээ, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын резервдерин комплектөө жана толуктоо үчүн БӨСМ, АБӨОРМден келечектүү окуучуларды тандоону;
2) РОРМ спортчуларына жана спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө жыл бою адистештирилген даярдыкты камсыз кылууну;
3) бюджетте каралган каражаттардын чегинде РОРМ окуучуларын жатакана, тамак-аш жана спорттук экипировка менен камсыз кылууну.
10. РОРМди ачуунун шарттары болуп БӨСМдин жана АБӨОРМдин окуучуларынын болушу, ошондой эле окуу процессин, окуу-машыгуу процессин жүргүзүү үчүн зарыл болгон менчик базанын, квалификациялуу жетекчилик, окутуучулук жана машыктыруучу-окутуучулук курамдын, административдик жана окуу жайларынын болушу, окуучуларга жатакана жана тамак-аш, медициналык кабинет уюштуруу мүмкүнчүлүгү саналат. Өзүнчө почталык дареги жана техпаспорту бар спорттук объекттер спорттук база болуп эсептелет.
11. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча РОРМде 8-класстан баштап окуучуларды тандоо үчүн машыктырылуучу спорттун түрлөрү аныкталат.
12. РОРМде билим берүү 8-класстан баштап жалпы билим берүү мектеп программасын камтыйт.
13. РОРМ окуу-машыгуу топторун, спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторун түзөт. Спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорт чеберчилик топторунун курамы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
14. РСК юридикалык жак болуп саналат билим берүү, дене тарбия, спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик кесиптик билим берүү мекемеси статусуна ээ, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын резервдерин комплектөө жана толуктоо үчүн БӨСМ, АБӨОРМден келечектүү окуучуларды тандоону;
2) спортчуларга жана Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө спорттун түрлөрү боюнча жыл бою адистештирилген даярдыкты камсыз кылууну;
3) орто кесиптик билими бар дене тарбия жана спорт боюнча адистерди, машыктырууларды жана окутуучуларды даярдоону;
4) допингге каршы билим берүүнү киргизүү жана окуучулар арасында допингге каршы сабаттуулуктун зарыл деңгээлин калыптандырууну;
5) бюджетте каралган каражаттардын чегинде РСКнын окуучуларын жатакана, тамак-аш жана спорттук экипировка менен камсыз кылууну.
15. РСКны ачуунун шарттары болуп БӨСМдин жана АБӨОРМдин окуучуларынын болушу, ошондой эле окуу процессин, окуу-тарбия процессин жүргүзүү үчүн зарыл болгон менчик базанын, квалификациялуу жетекчилик, окутуучулук жана машыктыруучу-окутуучулук курамдын, административдик жана окуу жайларынын болушу, окуучуларга жатакана жана тамак-аш, медициналык кабинет уюштуруу мүмкүнчүлүгү саналат. Өзүнчө почталык дареги жана техпаспорту бар спорттук объекттер спорттук база болуп эсептелет.
16. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча РСКда 8-класстан баштап окуучуларды тандоо үчүн машыктырылууучу спорттун түрлөрү аныкталат.
17. РСКда билим берүү эки этаптан турат:
1) 1-этап - 8ден баштап бүтүрүүчү класска чейин (11 же 12 жылдык билим берүү программасына жараша) жалпы билим берүү мектеби;
- 1-этап эки баскычтан турат:
а) 1-баскыч - негизги жалпы билим берүү (8, 9-класстар);
б) 2-баскыч - орто жалпы билим берүү (10, 11-класстар же окуу программасына жараша 12-класс);
2) 2-этап - 1, 2, 3-курстар;
- 1, 2, 3-курстар - орто кесиптик билим берүү. Окуунун ченемдик мөөнөтү - мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык. Окугандардын дене тарбия мугалимдерин жана спорт боюнча машыктыруучуларды даярдоо программаларын өздөштүрүүсүн камсыз кылат.
18. РСК окуу-машыгуу топторун, спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторун түзөт. Спорттук өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторунун курамы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
19. СТД юридикалык жак болуп саналат, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеме статусуна ээ, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) жогорку класстагы спортчулардын негизги даярдыгын жана спорттун олимпиадалык, олимпиадалык оюндардын түрлөрүн, улуттук, олимпиадалык эмес, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык жана адаптациялык спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнү;
2) допингге каршы билим берүү жана допингге каршы сабаттуулуктун зарыл деңгээлин калыптандырууну;
3) Кыргыз Республикасынын курама командаларын комплектөө үчүн машыктырылуучу спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын өткөрүүнү;
4) спорттун түрлөрү боюнча расмий эл аралык мелдештерди өткөрүүнү;
5) спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларынын башкы жана улук машыктыруучуларын дайындоо жана бошотууну;
6) спортчулардын Олимпиадалык оюндарда, Азия оюндарында, дүйнө, Азия чемпионаттарында, кубокторунда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жана башка расмий эл аралык мелдештерде даярдоо жана ийгиликтүү чыгышын камсыз кылууну;
7) ата мекендик спортчулардын дүйнөлүк аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өлкөнүн аброюн көтөрүү.
20. СТД дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. СТДда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган спорттун түрлөрү аныкталат.
21. СТДны ачуунун шарттары болуп окуу-машыгуу процессин жүргүзүү үчүн зарыл болгон менчик базанын, квалификациялуу жетекчилик жана машыктыруучу-окутуучулук курамдын, административдик жайлардын болушу, ден соолукту чыңдоочу-спорттук лагерди уюштуруу мүмкүнчүлүгү, финансы менен камсыз болушу саналат. Өзүнүн почталык дареги жана техпаспорту бар спорттук объект спорттук база болуп эсептелет.
22. СТД мамлекеттик баланста турган бардык спорттук жана эс алуу базаларын пайдаланууга укуктуу.
23. "ДКУБ" ДКАД юридикалык жак болуп саналат, мекеме статусуна ээ, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген тартипте ратификацияланган Спорттогу допингге каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвецияга кол койгон мамлекеттин милдеттенмелерин;
2) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө спортчуларга мелдештик жана мелдештен тышкары допинг-тестирлөөнү уюштурууну;
3) допинг үлгүлөрүн ДДКА тарабынан аккредиттелген допингге каршы лабораторияларга коопсуз жана өз убагында ташууну камсыз кылууну;
4) тыюу салынган дары препараттары жана фармакологиялык таасири бар башка заттар жөнүндө маалыматтар базасын дайыма жаңыртып турууну;
5) допинг-контролдун инспекторлорун даярдоону;
6) допингге каршы билим берүү жана жогорку спорт чеберчилигин көрсөткөн атлеттер арасында допингге каршы сабаттуулуктун зарыл деңгээлин калыптандырууну;
7) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети, спорт федерациялары (ассоциациялары) жана башка мамлекеттик органдар менен спортто тыюу салынган препараттардын жана методдордун жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча өз ара аракеттенүүнү.
24. "ДКУБ" ДКАД дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
25. "ДКУБ" ДКАД ачуунун шарттары болуп тыюу салынган субстанцияларды аныктоо максатында фармацевтикалык препараттарды, биологиялык активдүү кошулмаларды, спорттук тамак-аш азыктарын жана спортто колдонулуучу башка каражаттарды допингге каршы контролдоо үчүн зарыл жайлардын болушу саналат.
2-глава. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАД комплектөө жана алардын иши
26. БӨСАМ, БӨПРМ, АБӨОРМ, БӨСМ жалпы билим берүүчү мектептердин, кесиптик лицейлердин окуучуларынын, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин, жаштардын жана аскер кызматчыларынын, атайын (түзөтүүчү) билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасынан комплекттелет.
27. Окуучуларды кабыл алуу курагы жогору турган мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ директору тарабынан аныкталат. Окуучуларды кабыл алууга сунушталган минималдуу курак - 9 жаш, спорт түрүнүн I тобуна киргендер үчүн - 6 жаш. Окуучулардын сунушталган максималдуу курагы - 35 жаш.
28. 18 жашка чейинки окуучуларды кабыл алуу окуучунун атасынын же энесинин арызы жана медициналык маалымкаты боюнча жүргүзүлөт. 18 жаш жана андан улуу курактагы спортчулар спортчунун өзүнүн арызы жана медициналык маалымкаты боюнча кабыл алынат.
29. Окугандарды окутуунун кийинки жылдагы тобуна которуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык спорттук даярдык боюнча ченемдик талаптарды аткаруунун негизинде жүргүзүлөт.
Окутуунун кийинки жылдагы тобуна которуу үчүн белгиленген жаш курагына толо элек, бирок учурдагы окуу жылынын программалык талаптарын аткарган айрым окуучуларга кийинки окуу жылынын тобуна которулууга жол берилет. Которуу спорт мектебинин директорунун буйругу менен жүзөгө ашырылат.
30. РОРМге, РСКга окуу үчүн жиберилген спортчулар же СТДга курама командаларды комплекттөө тизмесине кирген спортчулар төмөнкүдөй спорт мектептеринин топторунун сандык курамына кирет:
1) РОРМге - ушул спортчу мектепте окуган бүткүл мезгилде (кабыл алуу же которуу жөнүндө жыл сайын буйрук менен ырасталганда);
2) РСКга - ушул спортчу колледжде окуган бүткүл мезгилде (кабыл алуу же которуу жөнүндө жыл сайын буйрук менен ырасталганда);
3) СТДга - ушул спортчу Кыргыз Республикасынын курама командада турган бүткүл мезгилде (жыл сайын курама командага киргендиги тууралуу СТДнын маалымкаты менен ырасталганда).
Машыктыруучулар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен РСКга, РОРМге, СТДга өткөрүлүп берилген спорт мектептеринде тарбияланган спортчулардын тизмелери милдеттүү тартипте мектеп боюнча буйрук менен таризделет, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
31. РОРМ 8-класстан баштап БӨСМдин жана АБӨОРМдин спортчуларынын арасынан комплекттелет. 8-класска спорттун тандалган түрү боюнча жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн, конкурстук тандоо тартибинде спорт мектептеринде алдын ала даярдыктан өткөн, жана 7-класстан кем эмес билими бар спортчулар ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу жана врачтын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен окууга кирип жаткандын арызы боюнча кабыл алынат. Конкурстук тандоо дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген комиссия тарабынан жүргүзүлөт. РОРМдеги спорттун түрлөрү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
32. Окуучуларды кийинки окуу жылынын спорттук тобуна которуу машыктыруучулар жана педагогикалык кеңеш тарабынан жүргүзүлөт жана директордун буйругу менен таризделет. Которууда спорттук натыйжалары, окуу жылынын программасын өздөштүрүүсү, өз алдынча иштери жана учурдагы окуу жылы үчүн академиялык карыздын жоктугу каралат.
33. РОРМдин окуучулары төмөнкүлөр үчүн окуудан чыгарылышы мүмкүн:
1) ушул Жобого ылайык спорттук даярдыктын деңгээлине ылайык келбегендиги, ошондой эле жалпы жана атайын дене-бой даярдыгы боюнча ченемдик көрсөткүчтөрдү аткаруунун жыйынтыктары боюнча;
2) өз каалоосу боюнча;
3) ден соолугунун абалы боюнча;
4) окуу планын аткарбагандыгы үчүн;
5) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоонун эки жыйынтыктоочу сыноосунан өтпөй калгандыгы үчүн;
6) сабактарга жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгы үчүн;
7) РОРМге тапшырууга жана билим алууга байланыштуу документтери, анын ичинде паспортту, жарандыгы жана билими тууралуу документтерди, медициналык маалымкаттары ж.б. жасалмалоо үчүн;
8) милдеттерди, ички тартип эрежелерин жана жатаканада жашоо эрежелерин бузгандыгы үчүн;
9) бейбаштык, одоно тартип бузуулар үчүн (опузалоо, кол көтөрүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, баңги каражаттарын колдонуу үчүн);
10) допингдик каражаттарды колдонуу үчүн.
Спортчу окуудан чыгарылган учурда окуу тобу кабыл алуу комиссиясынын корутундусунун негизинде тиешелүү спорттун түрү боюнча резервден комплекттелет.
34. РСК 8-класстан баштап БӨСМдин жана АБӨОРМдүн спортчуларынын арасынан комплекттелет. 8-класска спорттун тандалган түрү боюнча жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн, конкурстук тандоо тартибинде спорт мектептеринде алдын ала даярдыктан өткөн жана 7-класстан кем эмес билими бар спортчулар ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу жана врачтын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен окууга кирип жаткандын арызы боюнча кабыл алынат. Конкурстук тандоо дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген комиссия тарабынан жүргүзүлөт. РСКдагы спорттун түрлөрү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
35. Окуучуларды кийинки окуу жылынын спорттук тобуна которуу машыктыруучулар жана педагогикалык кеңеш тарабынан жүргүзүлөт жана директордун буйругу менен таризделет. Которууда спорттук натыйжалары, окуу жылынын программасын өздөштүрүүсү, өз алдынча иштери жана учурдагы окуу жылы үчүн академиялык карыздын жоктугу каралат.
36. РСКнын окуучулары төмөнкүлөр үчүн окуудан чыгарылышы мүмкүн:
1) ушул Жобого ылайык спорттук даярдыктын деңгээлине ылайык келбегендиги, ошондой эле жалпы жана атайын дене-бой даярдыгы боюнча ченемдүү көрсөткүчтөрдү аткаруунун жыйынтыктары боюнча;
2) өз каалоосу боюнча;
3) ден соолугунун абалына байланыштуу;
4) окуу планын аткарбагандыгы үчүн;
5) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын эки жыйынтыктоочу сыноосунан өтпөй калгандыгы үчүн;
6) сабактарга жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгы үчүн;
7) РСКга тапшырууга жана билим алууга байланыштуу документтери, анын ичинде паспортту, жарандыгы жана билими тууралуу документтерди, медициналык маалымкаттары ж.б. жасалмалоо үчүн;
8) милдеттерди, ички тартип эрежелерин жана жатаканада жашоо эрежелерин бузгандыгы үчүн;
9) бейбаштык, одоно тартип бузуулар үчүн (опузалоо, кол көтөрүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, баңги каражаттарын колдонуу үчүн);
10) допингдик каражаттарды колдонуу үчүн.
Спортчу окуудан чыгарылган учурда окуу тобу кабыл алуу комиссиясынын корутундусунун негизинде тиешелүү спорттун түрү боюнча резервден комплекттелет.
37. СТД машыктырылуучу спорттун түрлөрү боюнча чоңдор арасында курама командаларды түзөт жана бекитилген бюджеттин чегинде спорттук-массалык иш-чаралардын календардык пландарына ылайык иш-чараларды каржылайт. СТДдагы машыктырылуучу спорттун түрлөрү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
38. СТДнын иши дүйнөлүк жаңы илимий-методикалык сунуштамаларды жана технологияларды колдонуу менен машыктырылуучу спорттун түрлөрү боюнча республиканын курама командаларынын мүчөлөрүн - эң күчтүү спортчуларды комплектөөгө жана даярдоого багытталган.
39. СТД машыктырылуучу спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын жана расмий эл аралык турнирлерди өткөрөт.
40. СТДнын ишинин деңгээлинин негизги көрсөткүчү болуп Олимпиада жана Азия оюндарында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында, Азиянын жана дүйнөнүн негизги чемпионаттарында, эл аралык мелдештерде Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрү тарабынан алынган медалдардын саны, ошондой эле ата мекендик спортчулардын дүйнөлүк аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээли саналат.
41. "ДКУБ" ДКАД медицина чөйрөсүндө тиешелүү билими бар адистердин арасынан комплекттелет. "ДКУБ" ДКАД төмөнкүдөй комиссияларды түзөт:
1) дары препараттарын терапевттик пайдалануу боюнча комиссия, анын иши спортчулардын тыюу салынган медикаменттерди жана субстанцияларды уруксат берилген расмий пайдалануусуна багытталган;
2) оң допинг натыйжаларын эсепке алуу жана кароо боюнча комиссия;
3) спорттук фармакологияны жана диетаны, спорттун түрлөрү боюнча колдонуу критерийлерин изилдөө боюнча илимий топ;
4) допинг-контроль тобу.
3-глава. БӨСМ, АБӨОРМ жана БӨСАМ, БӨПРМ, РСК, СТДнын окуу-машыгуу процессин уюштуруу жана спортчуларды даярдоо
42. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСКда окуу жылы 1-сентябрдан башталат. Спорттун түрлөрү боюнча бөлүмдөрдө окуу-машыгуу сабактары спорттун түрлөрү боюнча программаларга ылайык жүргүзүлөт. Окуу планы түздөн-түз мектеп шартындагы 46 жумалык окуу-машыгуу сабактарына жана каникул мезгилинде өткөрүлүүчү спорттук-ден соолукту чыңдоо лагеринин шартындагы 6 жумалык окуу-машыгуу жыйындарына эсептелген. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар үчүн сабактар алардын жеке жөндөмдөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен дене тарбиянын жана адаптациялык спорттун каражаттарын пайдалануу менен уюштурулат.
43. Топтук окуу-машыгуу жана теориялык сабактар, жогорку спорттук чеберчилик топторундагы индивидуалдык пландар боюнча иш, медициналык-калыбына келтирүү иш-чаралары, мелдештерге жана окуу-машыгуу жыйындарына катышуу, ден соолукту чыңдоо-спорттук лагерлерде жүрүү окуу-машыгуу процессинин негизги формалары болуп саналат.
44. Даярдоо этаптарында окуу топторунун толукталышы:
Топтордо окуп-машыккандарды даярдоо деңгээли жана этаптары | Окуу жылы | Окутуу-сабак берүү ишинин режими (жумадагы сааттар) | Минималдуу толукталышы | |||
Спорт түрлөрүнүн топтору | ||||||
I | II | III | IV | |||
Жогорку спорт чеберчилиги | Бүткүл мезгил | 32 | 4 | 6 | 4 | 2 |
Спорттук өркүндөтүү | 1 | 24 | 4 | 6 | 6 | 4 |
2 | 26 | 4 | 6 | 5 | 4 | |
3 | 28 | 4 | 6 | 5 | 4 | |
Окуу-машыгуу | 1 | 12 | 10 | 15 | 12 | 5 |
2 | 14 | 10 | 15 | 12 | 5 | |
3 | 18 | 8 | 15 | 10 | 4 | |
4 | 20 | 8 | 15 | 10 | 4 | |
5 | 20 | 8 | 15 | 10 | 4 | |
Баштапкы даярдоо | 1 | 6 | 12 | 18 | 14 | 5 |
2 | 8 | 10 | 15 | 12 | 5 | |
1) I топтогу спорттун түрлөрүнө акробатика, биатлон, велоспорт, гимнастика (спорттук жана көркөм), тоо лыжа спорту, гребля, ат спорту, жеңил атлетика боюнча он таймаш, жети таймаш, ыргытуу жана шырык менен секирүү, лыжа спорту, парус спорту, аскага чыгуу, ок атуу, заманбап беш таймаш, теннис, фехтование, сууда сүзүү кирет;
2) II топтогу спорттун түрлөрүнө спорттун командалык оюн түрлөрү кирет;
3) III топтогу спорттун түрлөрүнө спорттун калган бардык түрлөрү, анын ичине улуттук түрлөрү кирет;
4) IV топтогу спорттун түрлөрүнө ДМЧА арасындагы спорттун бардык түрлөрү, анын ичинде жеке таймаштар, спорттун оюн, олимпиадалык эмес жана жеке (гайддын коштоосу менен) түрлөрү кирет. ДМЧА спортчуларын коштоп жүрүүчү адамдар топтордун сандык курамына кирбейт.
45. Топтордо окутуу сабактарынын узактыгыны мезгилдүүлүгүнө жараша машыктыруучунун жумушчу планы менен регламенттелет.
46. Спорттук жана көркөм гимнастика, ат спорту жана заманбап беш таймаш боюнча окуу-машыгуу сабактарын өткөрүүдө кошумча машыктыруучу жана көмөкчү кадрлар (хореографтар, аккомпаниаторлор, ат машыктыруучулары) тартылат.
47. Окуучулардын жыл бою окуу сабактарын жана активдүү эс алуусун камсыз кылуу үчүн каникулдардын мезгилинде бар болгон каражаттарга жараша спорттук-массалык иш-чаралардын календардык пландарына ылайык ден соолукту чыңдоочу-спорттук лагерлер уюштурулат.
48. Шаардык, облустук жана республикалык мелдештерге катышууга уруксат алган командаларды жана окуучуларды даярдоо үчүн БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ окуу-машыгуу иштерине бөлүнгөн каражаттардын чегинде окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө укуктуу:
1) облустук жана шаардык мелдештерге узактыгы 14 күнгө чейин;
2) республикалык мелдештерге узактыгы 18 күнгө чейин;
3) эл аралык мелдештерге узактыгы 24 күнгө чейин;
4) спорттук лагерде спорттук-ден соолукту чыңоо жыйындарына 14 күнгө чейин.
49. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМде спорттук процесс окуу-машыгуу сабактары, окуу-машыгуу жыйындары, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер, дарылоо-калыбына келтирүү иш- чаралары, жыл сайын октябрь жана май айларында өткөрүлүүчү ЖДД (жалпы дене-бой даярдыгы) жана СДД (спорттук дене-бой даярдыгы) боюнча контролдук ченемдерди тапшыруу менен жүзөгө ашырылат.
50. РСКда, РОРМде спорттук процесс окуу-машыгуу сабактары, окуу-машыгуу жыйындары, спорт түрлөрү боюнча мелдештер, дарылоо-калыбына келтирүү иш-чаралары, жыл сайын октябрь жана май айларында өткөрүлүүчү ЖФД жана СФД боюнча контролдук нормативдерди тапшыруу түрүндө жүзөгө ашырылат. Спорттук процесс өзүнө пландалган эс алуу күндөрү бар, бирок спорттук даярдыктын ар бир этабы үчүн ченемдер менен катуу регламенттелүүчү күн сайын эки жолку окуу-машыгуу сабактарын камтыйт.
51. Эл аралык мелдештерге, Азия жана дүйнөнүн расмий чемпионаттарына катышууга уруксат берилген командаларды жана окуучуларды даярдоо үчүн РСК жана РОРМ окуу-машыгуу иштерине бөлүнгөн каражаттардын чегинде төмөнкүдөй окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө укуктуу:
1) узактыгы 18 күнгө чейин республикалык мелдештерге;
2) узактыгы 24 күнгө чейин эл аралык мелдештерге;
3) 14 күнгө чейин спорттук лагерде спорттук-ден соолукту чыңдоо жыйындарына.
52. СТДда Кыргыз Республикасынын негизги курама командаларынын курамын коплекттөө жыл сайын 1-январга карата спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын чемпионатынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
53. Олимпиадалык же Азия оюндарына, эл аралык мелдештерге жана Азия жана дүйнөлүк расмий чемпионаттарга катышууга уруксат берилген спортчуларды даярдоо үчүн СТД окуу-машыгуу иштерине бөлүнгөн каражаттардын чегинде узактыгы 24 күнгө чейинки эл аралык мелдештерге окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө укуктуу.
4-глава. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТДдагы тарбия иштери
54. БӨСМде, АБӨОРМдө, БӨСАМда, БӨПРМдө окуучуларды тарбиялоо иши окуу-машыгуу сабактары, мелдештер процессинде, бош убакытта жүргүзүлөт жана ал жаш спортчуларда спорт менен машыгууга, өз билимдерин, жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн туруктуу толуктоого жана аларды практикалык иште чыгармачылык менен колдонууга болгон керектөөнү калыптандырууга тийиш.
55. РОРМде, РСКда, СТДда спорттук-патриоттук тарбия берүү спортчуларда физикалык жана рухий жактан өнүккөн, өзүнүн конституциялык милдетин аткарууга даяр, моралдык жактан туруктуу, максималдуу потенциалын ишке ашырууга жөндөмдүү, өз ата мекенине берилгендик сезими менен жогорку деңгээлдеги жарандык жана мекенчилдик аң-сезимге ээ болгон инсанды калыптандыруу, ошондой эле спортчуну коомдогу жүрүм-турум маданиятына жана этикасына тарбиялоо боюнча системалуу жана максаттуу ишти жүзөгө ашыруу аркылуу жүргүзүлөт.
56. РОРМ, РСК, СТД спортчуларга, улук машыктыруучуларга, башкы машыктыруучуларга жана машыктыруучу-окутуучуларга карата ушул Типтүү жобонун 2-тиркемесине ылайык чараларды колдонот.
5-глава. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАД жетекчилиги
57. БӨСМди, АБӨОРМдү, БӨСАМды, БӨПРМдү, РОРМди, РСКны, СТДны директор жетектейт. Директор ишке жалпы жетекчилик кылат жана бардык окуу-машыгуу, финансы, спорттук, тарбия, уюштуруучулук, методикалык жана административдик-чарба иштерин уюштуруу жана анын абалы, машыктыруучу-окутуучулук жана административдик-чарбалык персоналды тандоо жана жайгаштыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
58. Директор кызмат ордуна 4 (төрт) жылдык мөөнөткө дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстук негизде дайындалат. Директордун кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
59. Директордун кызмат ордуна дайындоодо талапкерлерге төмөнкү талаптар коюлат:
1) БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу (Кыргыз Республикасынын паспорту);
- жогорку билиминин болушу, дене тарбия боюнча же педагогикалык билими артыкчылыкка ээ (диплом);
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө же билим берүү системасында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (резюме);
- 2 жылдан кем эмес башкаруучулук тажрыйбасынын болушу (эмгек китепчеси);
2) РОРМ, РСК, СТД:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу (Кыргыз Республикасынын паспорту);
- жогорку билиминин болушу, дене тарбия боюнча же педагогикалык билими артыкчылыкка ээ (диплом);
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (резюме);
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес башкаруучулук тажрыйбасынын болушу (эмгек китепчеси);
- соттуулугунун жоктугу (ИИМ МБнын маалымкаты);
- тыюу салынган препараттарды колдонуу боюнча ДДКА менен чыр-чатактык жагдайлардын жоктугу (Кыргыз Республикасынын допингге каршы аракеттенүү боюнча мекемесинин маалымкаты);
- 4 жылга келечектүү өнүктүрүү планынын болушу (өнүктүрүү планы);
3) "ДКУБ" ДКАД:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу (Кыргыз Республикасынын паспорту);
- жогорку медициналык билиминин болушу (диплом);
- медицина чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (резюме);
- медицина чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес башкаруучулук тажрыйбасынын болушу (эмгек китепчеси);
- соттуулугунун жоктугу (ИИМ МБнын маалымкаты);
- 4 жылга келечектүү өнүктүрүү планынын болушу (өнүктүрүү планы).
60. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ директорунун орун басары дене тарбия боюнча же педагогикалык жогорку билими бар адистердин ичинен ички конкурстук негизде мектептин директору тарабынан дайындалат, ал окуу-машыгуу процессин уюштуруу, спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн жоопкерчилик тартат, календардык пландын аткарылышын камсыз кылат, окуу-машыгуу сабактарынын өткөрүлүшүн контролдойт, тарификациялоо, спорттук наамдарды ыйгаруу боюнча зарыл болгон документтерди даярдайт.
61. РОРМ, РСК, СТД директорунун орун басарлары тиешелүү жогорку билими бар адистердин ичинен конкурстук негизде дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дайындалат. Директордун орун басары кызмат ордуна дайындоодо талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу (Кыргыз Республикасынын паспорту);
2) жогорку билиминин болушу, дене тарбия боюнча же педагогикалык билими артыкчылыкка ээ (диплом);
3) тиешелүү чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (эмгек китепчеси);
4) соттуулугунун жоктугу (ИИМ МБнын маалымкаты);
5) тыюу салынган препараттарды колдонуу боюнча ДДКА менен чыр-чатактуу жагдайлардын жоктугу (ИИМ МБнын маалымкаты);
6) 4 жылга келечектүү өнүктүрүү планынын болушу (өнүктүрүү планы).
62. РСКда, РОРМде директордун үч орун басары болот:
1) директордун окуу иштери боюнча орун басары педагогикалык жогорку билими бар адистердин ичинен дайындалат жана ал талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилелерди интеграциялоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү, коюлган маселелерди чечүү үчүн жаңыча ыкмаларды колдонуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү издөө, окутуучулук курамды тарифтикациялоо боюнча зарыл болгон документтерди даярдоо үчүн жоопкерчилик тартат;
2) директордун спорт иштери боюнча орун басары дене тарбия боюнча жогорку билими бар адистердин ичинен дайындалат жана ал окуу-машыгуу процессин уюштуруу, календардык планды түзүү жана аткарылышын камсыз кылуу, окуу-машыгуу сабактарынын өткөрүлүшүн контролдоо, машыктыруучу-окутуучулук курамды тарификациялоо боюнча зарыл болгон документтерди даярдоо, спорттук наамдарды ыйгаруу, талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана спорттук иш боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилелерди интеграциялоо, кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү үчүн жоопкерчилик тартат;
3) директордун тарбия иштери боюнча орун басары педагогикалык же дене тарбия боюнча жогорку билими бар адистердин ичинен дайындалат жана ал талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана тарбия иштери боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилелерди интеграциялоо, окуучулардын өз ара мамилелеринде жалпы адамзаттык баалуулуктарды бекемдөө, мыйзамга баш ийген жаранды калыптандыруу, коопсуздуктун бардык чөйрөлөрүндө: укуктук, маалыматтык, психологиялык, физикалык жана коммуникативдик жүрүм-турум жана иш-аракет көндүмдөрүн калыптандыруу, ички жамааттык байланыштарды жана мамилелерди уюштурууда коопсуз жашоо аракеттеринин принциптерин пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
63. СТДда директордун бир орун басары болот. СТДда директордун орун басары дене тарбия боюнча жогорку билими бар адистердин ичинен дайындалат жана спорттун олимпиадалык түрлөрү, спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча жана ДМЧА боюнча ишти уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат, календардык пландын аткарылышын камсыз кылат, окуу-машыгуу жыйындарынын өткөрүлүшүнө контролдойт, тарификациялоо, спорттук наамдарды ыйгаруу, спорттун түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын спорттук-массалык иш-чараларга катышуусу боюнча зарыл болгон документтерди даярдайт.
64. БӨСМде, АБӨОРМде, БӨСАМде, БӨПРМде, РОРМде, РСКда уюштуруу-методикалык ишти жогорку же атайын орто билими бар методист жүзөгө ашырат жана ишти директордун орун басарынын түздөн-түз жетекчилиги алдында аткарат.
65. Методисттин функцияларына окуу-машыгуу сабактарынын, окуу-машыгуу жыйындарынын өткөрүлүшүн контролдоо, методикалык кабинеттин жана спорт бөлүмүнүн ишине жетекчилик кылуу, окуу-методикалык документтерди жүргүзүү, разрядчыларды жана спорттук рекорддорду эсепке алуу, мелдештердин протоколдорун талдоо, медициналык мекемелер менен байланышты жүзөгө ашыруу кирет.
66. СТДда уюштуруу-методикалык ишти жогорку билими (дене тарбия боюнча билими артыкчылыкка ээ) бар адис жүзөгө ашырат жана ишти директордун орун басарларынын түздөн-түз жетекчилиги астында аткарат.
67. Адистин функцияларына окуу-машыгуу жыйындарын контролдоо, курама командалардын башкы жана улук машыктыруучуларынын жана курама командалардын мүчөлөрүнүн ишине жетекчилик кылуу, иш кагаздарын жүргүзүү, спорттук натыйжаларды жана спорттук рекорддорду эсепке алуу, мелдештердин протоколдорун талдоо, спорттук уюмдар жана медициналык мекемелер менен байланышты жүзөгө ашыруу кирет.
68. БӨСМдин, АБӨОРМдин, БӨСАМдин, БӨПРМдин, РОРМдин, РСКнын машыктыруучу-окутуучу курамы дене тарбия боюнча жогору жана орто кесиптик билими бар же "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамы, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептик каттоо сертификаты бар, кыска мөөнөттүү квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн жана эл аралык спорттук уюмдардын тиешелүү сертификаттары жана лицензиялары бар адистердин ичинен комплекттелет.
69. Спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулар балдардын жашоосу жана ден соолугу, топтордун туура комплекттелиши, тарбия жана окуу-машыгуу иштерин жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат; спортчулардын медициналык кароодон өз убагында өтүшүн жана диспансерлештирилишин контролдойт; келечектүү балдарды тандоону уюштурат; ар бир спортчу үчүн жогору спорттук чеберчилик топторун, окуу-машыгуу сабактарынын жеке пландарын иштеп чыгат; тартипке көз салат жана катышууну контролдойт; өткөрүлүүчү машыгуулардын коопсуздугун жана санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын камсыз кылат; жалпы жана атайын дене бой, техникалык жана спорттук даярдык боюнча натыйжаларды системалуу эсепке алууну жүргүзөт.
70. Спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулар өз квалификациясын системалуу түрдө жогорулатып турат.
71. Машыктыруучу-окутуучулардын функционалдык милдеттери жана жүктөмдөрү окуунун ар бир этабында төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат:
1) баштапкы даярдоо топторунда - таланттуу, келечектүү балдарды жана өспүрүмдөрдү аныктоо максатында жалпы физикалык жана атайын даярдыктан өткөрүү, өсүү динамикасына жана физикалык даярдыгынын жеке көрсөткүчтөрүнө жана спорттун түрлөрүнүн техникасын өздөштүрүү деңгээлине байкоо жүргүзүү;
2) окуу-машыгуу топторунда - машыгып жаткандардын ден соолугунун абалын, физикалык өнүгүү деңгээлин, жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык даярдыгынын деңгээлинин динамикасын, спорттун түрлөрү боюнча программаларда каралган машыгуу жүктөмдөрүнүн көлөмүн, программанын теориялык бөлүгүн өздөштүрүүсүн аныктоо;
3) спорттук өркүндөтүү топторунда - машыгып жаткандардын физикалык өнүгүүсүнүн жана функциялык абалынын, спортчунун жеке планында каралган машыгуу жана мелдештик жүктөмдөрдү аткаруусунун деңгээли, спорттук-техникалык көрсөткүчтөрдүн динамикасы, республикалык мелдештерге чыгуулардын натыйжалары;
4) спорттук жогору чеберчилик топторунда - республикалык жана эл аралык мелдештерге чыгуулардын натыйжаларынын туруктуулугу, Кыргыз Республикасынын курама командаларынын курамына даярдалган спортчулардын саны, дүйнө, Азия чемпионаттарында, Олимпиада, Азия, Сурдолимпиада, Паралимпиада, Азия пара оюндарында жана ДМЧА арасында расмий Азия, дүйнө чемпионаттарында жогорку орундарды ээлеген спортчулардын саны.
72. Спорттун түрү боюнча ар бир бөлүмдө машыктыруучу-окутуучулардын төрт ставкасы болгондо мектептин директорунун буйругу менен машыктыруучу-окутуучулардын ичинен дене тарбия боюнча жогорку билими, машыктыруучу-окутуучу кызмат ордуна 4 жылдан кем эмес иш стажысы бар улук машыктыруучу-окутуучу дайындалат.
73. Спорт боюнча улук машыктыруучу-окутуучу машыктыруучу-окутуучулар үчүн каралган функцияларды аткарат, машыктыруучу-окутуучулар тарабынан сабактардын коопсуздугун камсыз кылган тартиптин, эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдойт жана топтордун туура комплекттелиши жана спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, окуу-машыгуу процессин уюштуруу жана пландоо, кабыл алуучу жана контролдук сыноолорду өткөрүү, окуучулардын белгиленген мөөнөттө медициналык текшерүүдөн өтүүсү, иштин эсебин жүргүзүү, жогору квалификациялуу спортчуларды даярдоонун жекече келечектүү пландарын иштеп чыгуу, спорттук мелдештерди өткөрүү эрежелеринин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
74. Улук машыктыруучу спортчуларды даярдоонун жеке пландарын түзөт жана олимпиадалык циклге спорттун түрүн өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгат.
75. Спорттун түрлөрү боюнча чоңдордун курама командасынын башкы жана улук машыктыруучусу кызмат ордуна дайындоо конкурстук негизде дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дене тарбия боюнча жогорку билими бар жана "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" же "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамы, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептик каттоо сертификаты бар, кыска мөөнөттүү квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн жана эл аралык спорттук уюмдардын тиешелүү сертификаттары жана лицензиялары бар адистердин ичинен олимпиадалык циклге дайындалат.
76. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кызмат ордуна дайындоодо талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) дене тарбия боюнча жогорку билиминин болушу (диплом);
2) дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (резюме жана эмгек китепчеси);
3) спорттун түрү боюнча бардык маалыматтарды билүүсү (эрежелер, даярдык, салмак категориялары, мүнөздөмө);
4) соттуулугунун жоктугу (ИИМ МБнын маалымкаты);
5) тыюу салынган препараттарды колдонуу боюнча ДДКА менен чыр-чатактык жагдайлардын жоктугу (Кыргыз Республикасынын допингге каршы аракеттенүү боюнча мекемесинин маалымкаты);
6) 4 жылга спорттун түрүн өнүктүрүүнүн келечектүү планынын болушу (өнүктүрүү планы).
77. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана конкурстук комиссиянын курамы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
78. Чоңдордун курама командасынын башкы жана улук машыктыруучусу өзүнүн эмгек ишин СТДда жүргүзөт, алар спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын комплекттейт. Курама командалардын башкы жана улук машыктыруучулары спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча штаттык кызматка жана спорттун артыкчылыктуу түрлөрүнө кирбеген спорттун түрлөрү боюнча коомдук башталыштарда дайындалат. Спорттун артыкчылыктуу түрлөрү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
79. Чоңдордун курама командаларынын башкы жана улук машыктыруучусу спорттун түрлөрү боюнча курама команда менен түздөн-түз иштейт, тандоо иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө, курама команданы комплекттөөгө, календардык планды түзүүгө катышат, олимпиадалык циклге жеке жана стратегиялык пландарды түзөт, жеке машыктыруучулар тарабынан сабактардын коопсуздугун камсыз кылуучу тартиптин, эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдойт жана курама команданын мүчөлөрүн туура даярдоо жана спорттук чеберчилигин жогорулатуу үчүн жоопкерчилик тартат, расмий эл аралык мелдештерге даярдоо боюнча окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт жана курама команданын ийгиликтүү чыгуусу үчүн жеке жоопкерчилик тартат, курама команданын мүчөлөрүнүн машыгуу процессинин сапатын контролдоо үчүн республиканын аймактарына барат, допингге каршы эрежелерди бузуу жана спортчулардын тыюу салынган препараттарды колдонуусу үчүн жеке жоопкерчилик тартат, ошондой эле эл аралык мелдештерге иш сапарга жиберүүдө (ОМЖ, чемпионаттар ж.б.) финансылык жоопкерчилик тартат.
80. Өспүрүмдөр жана юниорлор арасында спорттун түрлөрү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу кызмат ордуна дайындоо конкурстук негизде дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дене тарбия боюнча жогорку билими жана "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" же "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамы, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептик каттоо сертификаты бар, кыска мөөнөттүү квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн жана эл аралык спорттук уюмдардын тиешелүү сертификаттары жана лицензиялары бар адистердин ичинен 2 жылдык мөөнөткө дайындалат.
81. Курама команданын улук машыктыруучусу кызмат ордуна дайындоодо талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) дене тарбия боюнча жогорку билиминин болушу (диплом);
2) дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (резюме жана эмгек китепчеси);
3) спорттун түрү боюнча бардык маалыматтарды билүүсү (эрежелер, даярдоо, салмак категориялары, мүнөздөмө);
4) соттуулугунун жоктугу (ИИМ МБнын маалымкаты);
5) тыюу салынган препараттарды колдонуу боюнча ДДКА менен чыр-чатактуу жагдайларынын жоктугу ("Улуттук допингге каршы борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча мекеменин маалымкаты);
6) 4 жылга спорттун түрүн өнүктүрүүнүн келечектүү планынын болушу (өнүктүрүү планы).
82. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана конкурстук комиссиянын курамы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
83. Өспүрүмдөр жана юниорлор арасында курама командалардын улук машыктыруучусу окуу топторун комплекттөөдөн бошотулат жана улук машыктыруучулар үчүн каралган функцияларды аткарат. Ал курама команданы тандоо иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө, комплекттөөгө, календардык планды түзүүгө, спортчулардын жекече пландарын түзүүгө катышат; жеке машыктыруучулар тарабынан сабактардын коопсуздугун камсыз кылуучу тартиптин, эрежелердин, жана ченемдердин сакталышын контролдойт; курама команданын мүчөлөрүн туура даярдоо жана спорттук чеберчилигин жогорулатуу үчүн жоопкерчилик тартат; расмий эл аралык мелдештерге даярдоо боюнча окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт жана ийгиликтүү чыгуусу үчүн жоопкерчилик тартат; курама команданын мүчөлөрүнүн, СӨТ (спорттук өркүндөтүү тобу) жана ЖСЧТнын (жогорку спорттук чеберчилик тобу) машыгуу процессинин сапатын контролдоо үчүн республиканын региондоруна барат; допингге каршы эрежелерди бузуу жана спортчулардын тыюу салынган препараттарды колдонуусу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
84. БӨСМде, АБӨОРМде, БӨСАМде, БӨПРМде, РОРМде, РСКда машыктыруучу кеңеш түзүлөт, анын курамына директор (кеңештин төрагасы), директордун орун басарлары (кеңештин төрагасынын орун басарлары), методист, улук машыктыруучулар, врачтар кирет.
85. СТДда машыктыруучу кеңеш түзүлөт, анын курамына директор (кеңештин төрагасы), директордун орун басарлары (кеңештин төрагасынын орун басарлары), адис, башкы машыктыруучулар, улук машыктыруучулар жана врач кирет.
86. Машыктыруучу кеңеш айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештерде бекитилген планга ылайык уюштуруучулук, финансылык, окуу-машыгуу, методикалык, спорттук-массалык иш, календардык пландын аткарылышы, календардык планга өзгөртүүлөрдү киргизүү, спортчулардын натыйжалары, врачтык контролдо, спортчуларды даярдоонун жүрүшү жөнүндө жана башка маселелер угулат, талкууланат жана алар боюнча чечимдер кабыл алынат.
6-глава. Спортчулардын милдеттери жана укуктары
87. Спортчулар өзүнүн теориялык, жалпы жана атайын физикалык даярдыгын дайыма жогорулатууга, спорттук чеберчилигин өркүндөтүүгө, спорттук режимди жана гигиеналык талаптарды сактоого; жалпы билим берүү мектебинде же башка окуу жайда спорт менен машыгууну ийгиликтүү окуу менен айкалыштырууга; окуу-машыгуу сабактарына системалуу катышууга, тартипти жана дисциплинаны сактоого, жетекчилердин жана машыктыруучулардын көрсөтмөлөрүн аткарууга; үлгү болууга, эң мыкты спортчуларга теңелүүгө, өз жамаатынын салттарын колдоого жана жайылтууга, райондор, шаарлар, облустар, республика же дене тарбия жана спорт боюнча мекемелер үчүн мелдештерге чыгууга милдеттүү.
88. Курама командалардын мүчөлөрү жана жогорку спорттук чеберчилик топторунун спортчулары окуу-машыгуу сабактарынын күндөлүгүн жүргүзүүгө милдеттүү.
89. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД спортчулары каралган бюджеттин чегинде инвентарь, жабдуулар, спорттук форма жана бут кийим БӨСМга, АБӨОРМга, БӨСАМга, БӨПРМга, РОРМга, РСКга, СТДга, ошондой эле уюмдарга таандык болгон спорттук курулмаларды акысыз пайдаланууга, окуу-машыгуу жыйындарына жана мелдештерге катышуу мезгилинде тамак-аш, жашоочу жай, дары-дармектер менен камсыз болууга укуктуу.
90. Спорттук жогорку жетишкендиктери, спорттук ийгиликтери, үлгүлүү жүрүм-туруму жана БӨСМнын, АБӨОРМнын, БӨСАМнын, БӨПРМнын, РОРМнын, РСКнын, СТДнын коомдук жашоосуна активдүү катышкандыгы үчүн спортчулар ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар, алкыш жарыялоо, грамоталар менен сыйланат.
91. Ички тартип эрежелерин жана допингге каршы эрежелерди бузгандыгы үчүн спортчуларга машыктыруучу кеңештин чечими боюнча тартиптик жаза чаралары, спортчуну БӨСМдан, АБӨОРМдан, БӨСАМдан, БӨПРМдан, РОРМдан, РСКдан, СТДцан чыгарууга чейин чаралар колдонулушу мүмкүн.
7-глава. Врачтык контроль
92. Врачтык контроль төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) баштапкы даярдоо топторунда спорт мектептеринин врачтык контролдоо кабинетинин персоналы, райондук саламаттык сактоо органдары;
2) окуу-машыгуу топторунда, спорттук өркүндөтүү жана жогору спорттук чеберчилик топторунда врачтык-дене тарбия диспансеринин адистери;
3) курама командалардын мүчөлөрү тар чөйрөдөгү адистер тарабынан тереңдетилген медициналык кароодон өтөт.
93. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД врачы окуу-машыгуу процессин жана мелдештерди медициналык камсыздоону, машыгуу жүктөмдөрүнүн алмашуусун жана интенсивдүүлүгүн контролдоону жүзөгө ашырат, спортчуларды даярдоонун жеке пландарын түзүүгө катышат.
94. Ар бир спортчуга белгиленген үлгүдөгү врачтык-контролдук карта толтурулат, ал БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД врачтык контролдоонун медициналык кабинетинде же врачтык-дене тарбия диспансеринде (аймактык бейтапкананын врачтык контролдоо кабинетинде) сакталат.
8-глава. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАД документтери
95. БӨСМнын, АБӨОРМнын, БӨСАМнын, БӨПРМнын, РОРМ, РСКнын, СТДнын төмөнкүдөй документтери болууга тийиш:
1) имараттын техникалык паспорту;
2) жерди мөөнөтсүз бөлүү же ижарага берүү жөнүндө актылар;
3) бир жылга бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасы;
4) уюштуруу, окуу, спорттук-массалык, методикалык, финансы-чарбалык иш, машыктыруу-окутуу жана административдик аппараттын квалификациясын жогорулатуу, медициналык камсыздоо, мекеменин ички контролун уюштуруу бөлүмдөрүн камтыган мекеменин жылдык иш планы, өткөн жыл же окуу жылы үчүн ишти талдоо - отчету жана белгиленген формада боюнча статистикалык отчеттор;
5) мекеменин бөлүмдөр боюнча окуу топторун комплекттөө планы;
6) директор тарабынан бекитилген окуу сабактарынын расписаниеси;
7) спорттун түрлөрү боюнча курама командалардын мүчөлөрүнүн же окуу жылынын башталышына карата жаш курагын, сабактардын стажын жана спорттук даярдыгын көрсөтүү менен бөлүмдөр жана окуу топтору боюнча спортчулардын буйрук менен бекитилген тизмеси;
8) СӨТ жана ЖСЧТ спортчуларынын жеке пландары;
9) штаттык расписание жана тарификациялык тизмелер;
10) мелдештердин, кабыл алуучу, контролдук ченемдердин протоколдору жана жалпы, атайын физикалык даярдыгы боюнча алардын аткарылышын талдоо;
11) окуу-машыгуу сабактарынын жылдык пландары, спортчуларды - курама командалардын же жогорку спорттук чеберчилик жана спорттук өркүндөтүү топторунун мүчөлөрүн даярдоонун жеке пландары;
12) финансылык чыгымдарды эсептөө менен спорттук-массалык иш-чаралардын календардык пландары;
13) олимпиадалык циклге спорттун түрлөрү боюнча башкы жана улук машыктыруучулардын спорттун түрлөрүн стратегиялык өнүктүрүү планы;
14) кызматкерлердин ишин эсепке алуу табели;
15) медициналык кароо китепчеси (талап боюнча);
16) машыктыруучулар кеңештеринин жыйналыштарынын планы жана протоколу;
17) кызматкерлердин өздүк делосу, буйруктар китептери, эмгек китепчелерин, ишеним каттарды жана башка документтерди берүү.
96. "ДКУБ" ДКАДнын төмөнкүдөй документтери болууга тийиш:
1) бир жылга бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасы;
2) уюштуруу, методикалык, финансы-чарбалык иштер, административдик аппараттын квалификациясын жогорулатуу, медициналык камсыздоо, мекеменин ички контролун уюштуруу бөлүмдөрүн камтыган мекеменин жылдык иш планы, өткөн жыл үчүн ишти талдоо отчету жана белгиленген форма боюнча статистикалык отчеттор;
3) штаттык расписание жана тарифтик тизмелер;
4) кызматкерлердин ишин эсепке алуу табели;
5) жыйналыштардын планы жана протоколдору;
6) кызматкерлердин өздүк делолору, буйрук китептери, эмгек китепчелерин, ишеним каттарды жана башка документтерди берүү;
7) спортчулар боюнча допинг-контролдоо маалымат базасы.
9-глава. Эмгек акыны төлөө шарттары
97. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСКдагы машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маянасы жумасына түздөн-түз окуу-машыгуу ишинин 24 академиялык сааты (1 саат = 45 мүнөт) үчүн белгиленет.
98. Дене тарбия боюнча билими жок машыктыруучу-окутуучулар үчүн окуу-машыгуу процессин жүргүзүүгө укук берүүчү милдеттүү шарт болуп "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамынын болушу же дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогикалык жана окуу-машыгуу ишин жүргүзгөн адамдарды эсептик каттоосу жөнүндө күбөлүгү бар эл аралык спорттук уюмдардын тиешелүү сертификаттары жана лицензиялары бар адамдар эсептелет, алардын кызматтык маянасы билими жок машыктыруучу-окутуучулар үчүн каралган өлчөмдө белгиленет.
99. Жылкы машыктыруучуларынын кызматтык маяналары атайын билими жок машыктыруучу-окутуучу курам үчүн каралаган өлчөмдөрдө белгиленет.
100. Хореографтардын эмгек акылары тийиштүү билими бар машыктыруучу-окутуучулардын эмгек акыларынын шартында жүргүзүлөт. Мында хореографтын жогорку же орто атайын профилдик билими, же болбосо "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы болушу керек.
101. Жылдын ичинде жогору натыйжаларды көрсөткөн спортчуларды чыгаргандыгы үчүн машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына үстөк акылар ар бир спортчунун эң жогору көрсөткүчү боюнча жүргүзүлөт жана эки жыл бою күчүндө болот.
102. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМдин директоруна, директордун орун басарларына, методистине өз мектебинде жумасына 12 саат окуу-машыгуу ишин жүргүзүүгө уруксат берилет, ал тиешелүү билими бар машыктыруучу-окутуучунун кызматтык маянасынын 0,5тен көп эмес эсеби боюнча төлөнөт.
10-глава. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАДдын финансылык иши
103. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАДды каржылоо бюджеттик каражаттарды бөлүүнүн жана мыйзамдарда тыюу салынбаган кошумча каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
104. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАД Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларга бөлүнгөн каражаттардын эсебинен зарыл болгон жабдууларды жана башка материалдык ресурстарды сатып алууга, ижарага алууга; өз каражаттарынын эсебинен жамааттын социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртууга шарт түзүүчү иш-чараларды каржылоого; имараттарды, спорттук курулмаларды, жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды ижарага, убактылуу пайдаланууга берүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
105. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАД өз алдынча бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана белгиленген тартипте отчет берет.
106. Иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жана окуу-машыгуу процессин натыйжалуу камсыздоо максатында БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАД мекемелердин бөлүнгөн каражатынын чегинде сатылып алынуучу адистештирилген автотранспортко (кайыктарды, спорттук курал-жарактарды, жылкыларды, дары-дармектерди ташуу үчүн атайын машиналар, велосипедчендерди коштоп жүрүү үчүн атайын машиналар), сууда сүзүүчү каражаттарга (моторлуу кайыктар, катерлер ж.б.) ээ боло алышат.
107. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАД квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында же мекемелердин сайтында финансылык каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчетту жайгаштырышат.
11-глава. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАДдын эл аралык иши
108. БӨСМ, АБӨОРМ, БӨСАМ, БӨПРМ, РОРМ, РСК, СТД, "ДКУБ" ДКАД дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Улуттук олимпиадалык комитеттин, федерациялардын жана башка коомдук уюмдардын багыты боюнча эл аралык ишке катышууга, чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алууга, белгиленген тартипте чет өлкөлүк уюмдар менен машыктыруучу-окутуучу курамдарды жана окуучуларды алмашуу, биргелешкен спорттук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө, ошондой эле мыйзамдарга ылайык эл аралык уюмдарга кирүүгө укуктуу.
12-глава. Корутунду жобо
109. Дене тарбия жана спорт мекемелерин кайра уюштуруу жана жоюу мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
|
| Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө типтүү жобого 1-тиркеме |
Спорттук даярдык боюнча ЧЕНЕМДИК ТАЛАПТАР
№ | Спорттун түрү | Окуу процессинин этаптары | |||||||||
Окуу-машыгуу | Спорттук өркүндөтүү | Жогорку спорттук чеберчилик | |||||||||
1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | 4 жыл | 5 жыл | 1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | 1 жыл | 2 жыл | ||
1 | Акробатика | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
2 | Альпинизм | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
3 | Айкидо | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
4 | Армрестлинг | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
5 | Бадминтон | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
6 | Баскетбол | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | СЧТ |
7 | Биатлон | - | - | III | II | I | 50% I | 50% СЧТ | 75% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
8 | Бильярд спорту | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
9 | Бокс | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
10 | Күрөштүн бардык түрлөрү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
11 | Кулатуу | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
12 | Кыргыз күрөшү, лейлек күрөшү, алыш | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
13 | Бел боо күрөшү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
14 | Самбо күрөшү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
15 | Эркин күрөш | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
16 | Грек-рим күрөшү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
17 | Аялдар күрөшү | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
18 | Каратэ жана башка жеке таймаштардын түрлөрү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
19 | Велоспорт | - | Өс. | III | II | I | СЧТ | 50% СЧ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
20 | Волейбол | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
21 | Кум үстүндөгү волейбол | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
22 | Гимнастика | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
23 | Гиря спорту | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
24 | Гребля (академикалык, байдаркада жана каноэде) | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
25 | Парус спорту | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
26 | Too лыжа спорту | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
27 | Дзюдо | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
28 | Картинг | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
29 | Көк бөрү | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
30 | Ат спорту | - | Өс. | III | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
31 | Жеңил атлетика | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
32 | Ордо | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
33 | Пауэрлифтинг | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
34 | Сууда сүзүү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
35 | Кол тобу | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | СЧТ |
36 | Ок атуу | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
37 | Жаа атуу | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
38 | Заманбап беш таймаш | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
39 | Бий спорту | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
40 | Чоң теннис | - | Өс. | III | II | II | I | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
41 | Стол үстүндөгү тенниси | - | Өс. | III | II | II | I | I | 50% СЧТ | СЧТ | СЧТ |
42 | Спорттук туризм | - | Өс. | III | II | 50% I | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
43 | Оор атлетика | - | Өс. | III | II | II | I | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
44 | Ушу | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
45 | Фехтование | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | 50% СЧ |
46 | Көркөм муз тебүү | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
47 | Футбол | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
48 | Шахмат, тогуз коргоол, шашки | - | Өс. | III | II | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
49 | Шайба менен хоккей, топ менен хоккей | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
50 | ДМЧА арасында спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү | - | - | - | 50% III | 50% II | 50% I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
Кабыл алынган кыскартуулар:
Өс. - өспүрүмдөр разряды;
I - биринчи разряд;
II - экинчи разряд;
III - үчүнчү разряд;
СЧТ - спорт чеберине талапкер;
СЧ - спорт чебери.
|
| Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө типтүү жобого 2-тиркеме |
Мелдештерди, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүнүн, спорттук экипировканын жана этиканын ТАРТИПТЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
1. Максаттар жана милдеттер
1. Спорт боюнча түшүнүктөрдү туура чечмелөө жана бөлүштүрүү.
2. Финансылык чыгымдарды рационалдуу бөлүштүрүү.
3. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүгө таасирин жогорулатуу.
4. Спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү жана сергек жашоо образын пропагандалоо.
5. Спорттук мелдештерди өткөрүү боюнча регламенттерди туура түзүү.
2. Терминдер жана түшүнүктөр
6. Ыйгарым укуктуу органдар - спорттук жана дене тарбиялык-массалык иш-чараларды уюштуруу же аларга катышуу үчүн бюджеттик каражаттар бөлүнүүчү жер-жерлердеги (облустардын, шаарлардын, райондордун) мамлекеттик башкаруу жана аткаруу бийлик органдары.
7. Дене тарбия жана спорт уюму - уюштуруу-укуктук формасына карабастан, иштин негизги түрү катары дене тарбия жана спорт жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.
8. Жобо - спорттук жана спорттук-массалык иш-чараларды, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү, экипировка жана этика тартибин жана ченемдерин аныктоочу документ.
9. Спорттук жана дене тарбиялык-массалык иш-чаралардын календардык планы - спорттук жана спорттук-массалык иш-чаралардын жана спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыгуу жыйындарынын тизмеги, учурдагы финансылык жылда алар өткөрүлө турган жерлер, өткөрүү мөөнөттөрү, ошондой эле аларды өткөрүүгө зарыл бюджеттик каражаттар көрсөтүлгөн документ.
10. Спорттук жана дене тарбиялык-массалык иш-чаралардын регламенти (мындан ары - регламент) - спорттук жана спорттук-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тартипти, милдеттүү шарттарды жана талаптарды, ошондой эле аларга катышуунун шарттарын аныктоочу эрежелердин жыйындысынан турган документ.
11. Спорттук мелдеш - мелдештин мыкты катышуучусун аныктоо максатында анын уюштуруучусу тарабынан бекитилген регламент боюнча өткөрүлүүчү спорттун ар кандай түрлөрү (спорттук дисциплиналар) боюнча спортчулардын же спортчулардын командалары арасындагы мелдеш.
12. Спорттук иш-чаралар - спортчулардын катышуусу менен өтүүчү спорттук мелдештерге даярдык көрүү боюнча спорттук мелдештерди, окуу-машыгуу жыйындарын камтыган иш-чаралар.
13. Спорттук-массалык иш-чаралар - сергек жашоо образын үгүттөөгө жана пропагандалоого багытталган иш-чаралар.
14. Спорттун түрү - адамды спорттук мелдештерге өзгөчө даярдоо менен мүнөздөлүүчү, спорттук мелдештерди өткөрүүнүн жана аларга катышуунун талаптарын, тартибин жана шарттарын белгилеген өз эрежелери бар дене тарбия жана спорт жаатындагы иштин түрү.
15. Спорттук курстар, семинарлар жана конференциялар - дене тарбия жана спорт жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган иш-чаралар.
16. Спортчу - тандаган спорттун түрү менен системалуу түрдө машыккан, туруктуу негизде өзүнүн спорттук чеберчилигин жогорулаткан жана спорттун тандалган түрү боюнча өткөрүлүүчү спорттук мелдештерге жана окуу-машыгуу жыйындарына үзгүлтүксүз катышкан жеке адам. Спортчу - бул физикалык күчтү же интеллектуалдык жөндөмүн, ылдамдыкты жана чыдамкайлыкты камтыган спорттун бир же бир нече түрлөрү боюнча мелдештерге катышкан адам. Спортчулар кесипкөй же ышкыбоз болушу мүмкүн. Көпчүлүк кесипкөй спортчулар диеталык катуу режимди айкалыштыруу менен интенсивдүү физикалык машыгуулар жана талаптуу көнүгүүлөр аркылуу жакшы өнүккөн дене түзүлүшүнө ээ.
17. Машыктыруучу - тиешелүү атайын орто же жогорку билими бар, окуу-машыгуу жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу, ошондой эле спорттук натыйжаларга жетишүү үчүн мелдештик иш-аракеттерге жетекчилик кылган жеке адам.
18. Спорттук калыс - атайын даярдыктан өткөн жана тиешелүү квалификациялык категория алган, спорттун түрү боюнча эрежелердин жана спорттук мелдеш жөнүндө регламенттин сакталышын камсыз кылуучу, спорттук мелдештин уюштуруучусу тарабынан ыйгарым укук берилген жеке адам.
19. Спорттун түрлөрү боюнча курама командалар - Кыргыз Республикасынын чемпионатында же биринчилигинде көрсөткөн натыйжалары боюнча тандап алынган спортчулардан, башкы же улук машыктыруучулардан, медициналык жана башка адистерден турган, эл аралык мелдештерге жана спорттук-массалык иш-чараларга даярдык көрүү жана аларга катышуу максатында түзүлгөн жамааттар.
Курама командалар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) улуттук (чоңдор арасынан), өлкөнүн эң күчтүү спортчуларын бириктирүүчү;
2) жаштар (20 жашка чейинкилер арасында);
3) өспүрүмдөр командалары (17 жашка чейинкилер арасында).
Курама командалар дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү негизги жана резервдик курамдан турат.
20. Спорттук делегация - жетекчи, анын орун басарлары, менеджерлер жана башка адистер башында турган, республикалык жана эл аралык мелдештерде уюмдун, региондун же өлкөнүн атынан чыккан спорттун түрлөрү боюнча бир же бир нече курама командалардан турган жамаат.
21. Комплекстүү илимий топ - спорттун түрлөрү боюнча курама жана клубдук командаларда илимий-методикалык иштерди жана илимий-методикалык камсыздоону жүзөгө ашыруучу адистердин жамааты.
22. Спорттук жана спорттук-массалык иш-чаралардын катышуучусу - спорттук же спорттук-массалык иш-чараны уюштуруу, өткөрүү же түздөн-түз катышуу боюнча функция жүктөлгөн жеке адам. Спорттук жана спорттук-массалык иш-чаралардын катышуучуларына төмөнкүлөр кирет:
1) спорттук жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүчү уюмдардын жетектөөчүсү жана административдик персоналы;
2) спорттун түрлөрү боюнча курама командалардын спортчулары, машыктыруучулары, калыстары, жетекчилери (өкүлдөрү, башчылары) жана менеджерлери;
3) техникалык персонал;
4) тейлөөчү персонал.
23. Спорттук жаракат - окуу-машыгуу процесси же спорттук же дене тарбиялык-массалык иш-чараларга катышуу учурунда спортчулардын организмине келтирилген анатомиялык, психологиялык же физиологиялык жараат.
24. Мүлктүк камсыздоо - спорттун түрлөрү боюнча курама командалардын спортчуларын, машыктыруучуларын, калыстарын, дарыгерлерин жана башка адистерин тиешелүү спорттук экипировка, кийимдер, инвентарлар, жабдуулар, диагностикалык аппарат жана башкалар менен камсыз кылуу.
25. Спорттук курулмалар - спорттун ар кандай түрлөрү боюнча спорттук-массалык иш-чараларды, окуу-машыгуу сабактарын жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө арналган, ченемдерге жана талаптарга жооп берген үстү жабылган же ачык типтеги адистештирилген курулма.
26. Мелдештер - иш-аракеттин формасы, артыкчылыкка, мыкты натыйжаларга жетишүү үчүн болгон күрөш, атаандаштык.
27. Спорт - адамдардын (спортчулардын) физикалык же интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн салыштыруудан турган белгилүү эрежелер боюнча уюштурулган иш-аракет. Спорт мелдешүү, ошондой эле денени жазуу жана машыгуу аркылуу мелдештерге максаттуу даярдык көрүү максатында аткарылуучу физикалык же интеллектуалдык иш-аракеттердин өзгөчө бир түрү болуп саналат.
28. Жүрүм-турум маданияты - адамдын коомдогу күнүмдүк аракеттеринин адеп-ахлак, этика, эстетикалык маданият ченемдерине негизделген, инсандын калыптанган социалдык маанилүү сапаттарынын жыйындысы.
29. Сүйлөө маданияты - бул баарынан мурда инсан катары адамдын рухий маданияты жана анын жалпы өнүгүү деңгээли; ал адамзаттын рухий мурасын жана маданий байлыктарынын баалуулугун ырастап турат.
30. Жетекчилик - бул белгилүү бир түпкү натыйжага жетүүгө багытталган иш болуп саналат. Спортто - бул атаандаштыктын натыйжасы. Машыктыруучу менен спортчу башкаруу системасына биригип, машыктыруучу - башкаруунун субъекти, ал эми спортчу - башкаруунун объекти болуу менен, алар мүмкүн болушунча эң жогорку спорттук натыйжага, мелдештерде ийгиликке жетүү максатын коюшат.
31. Окуу-машыгуу жыйыны - мелдештердин алдындагы же андан кийинки машыгууларды өткөрүүнүн формасы. Ар бир окуу-машыгуу жыйыны белгилүү бир максаттарды көздөйт. Даярдык мезгилинде жыйындын милдеттери: спортчулардын жалпы физикалык даярдыгын жакшыртууга, башкы физикалык сапаттарды - спорттун ошол түрүнө карата күчтү, ылдамдыкты, чыдамкайлыкты өнүктүрүү; техникалык даярдыкты өркүндөтүү, тактикалык элементтерди өздөштүрүү б.а. спортчу эң мыкты спорттук формага ээ болушу керек.
Калыбына келтирүүчү окуу-машыгуу жыйындары башкы мелдештик мезгил аяктагандан кийин же жооптуу старттардын ортосундагы аралыкта, б.а. өткөөл мезгилде өткөрүлөт. Мындай жыйындын жүрүшүндө спортчунун организминин негизги функцияларын калыбына келтирүү, жүктөмдөрдү бир аз азайтуу, физикалык даярдыктын (жалпы жана атайын) жетишилген деңгээлин кармап туруу жана көбүнчө спорттун ошол түрүнө кирбеген башка түрүнө, физикалык көнүгүүлөрдүн түрлөрүнө өтүү менен активдүү эс алуу каралат.
32. Экипировка - формалуу кийим, жабдык, кийиндирүү, атайын форма, костюм, кийим.
3. Иш-чараны даярдоо жана өткөрүү этаптары
33. Пландоо - календардык план ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
34. Регламент - дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же өткөрүүчү мекемелер жана уюмдар тарабынан бекитилет.
35. Мелдештердин регламенти төмөнкү бөлүмдөрдөн турууга тийиш:
1) мелдештин максаттары жана милдеттери;
2) мелдештерди өткөрүү убактысы жана орду;
3) мелдештерге жетекчилик кылуу;
4) катышуучулар, кабыл алуу жана мелдештерди өткөрүү шарттары;
5) каржылоо;
6) мелдештердин программасы;
7) жеке жана командалык жыйынтыктарды аныктоонун шарттары жана тартиби;
8) допингге каршы программа;
9) жеңүүчүлөрдү сыйлоо;
10) табыштамаларды берүүнүн убактысы, орду жана мандаттык комиссиясынын иши.
36. Уюштуруу комитети - иш-чараны өткөрүүгө жооптуу адамдардын тобу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
37. Иш-чаранын планы - ачылыш - жабуу сценарийи жана мелдештердин программасы.
38. Катышуучулардын өтүнмөлөрү - катышуучу командалардан жана спортчулардан документтерди чогултуу.
39. Мандаттык комиссия - командалардын документтеринин ылайыктуулугун текшерүү жана катышууга уруксат берүү. Мандаттык комиссиянын курамы 3 адамдан кем эмес калыстардын арасынан аныкталат.
40. Чүчүкулак тартуу, таразага түшүү - салмакты аныктоо жана чүчүкулактын жардамы менен атаандаштарды же кезектүүлүктү - көптөгөн спортчу-катышуучулардын арасынан күтүүсүз тандалып алынуучу шарттуу спортчуну аныктоо жол-жобосу.
41. Иш-чаранын өткөрүү убактысы саат 8.00дөн 20.00гө чейин - иш-чаралар сутканын күндүзгү убактысында гана өткөрүлүшү керек.
42. Сыйлоо аземи - жеңүүчүлөр менен байге ээлерин аныктоо, аларга медалдарды, дипломдорду жана сыйлыктарды тапшыруу аземи.
4. Мелдештерди мааниси боюнча бөлүү
43. Мелдештер мааниси боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) райондук;
2) облустук;
3) республикалык;
4) эл аралык.
44. Бардык иш-чараларды дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тескейт.
45. Райондук - райондук деңгээлде өткөрүлөт жана райондук БӨСМдин директору тарабынан бекитилет. Райондук иш-чараларда облустук иш-чараларга катышуу үчүн райондун курама командасын тандоо жана комплекттөө жүргүзүлөт. Бул иш-чараларда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык массалык спорттук разряддар ыйгарылат.
46. Облустук - облустук деңгээлде өткөрүлөт жана облустук дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыктын начальниги тарабынан бекитилет. Бул иш-чараларга райондук курама командалар катышат жана анда республикалык иш-чараларга катышуу үчүн облустун курама командасын тандоо жана комплекттөө жүргүзүлөт. Бул иш-чараларда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык спорттук разряддар ыйгарылат.
47. Республикалык - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча өткөрүлөт жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Буга бардык облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын курама командалары катышат, мында эл аралык иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын курама командасын жаш курак категориялары боюнча тандап алуу жана комплекттөө жүргүзүлөт. Бул иш-чараларда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык массалык спорттук разряддар жана наамдар ыйгарылат.
48. Эл аралык - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча 5тен кем эмес чет мамлекеттин катышуусунда өткөрүлөт, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Бул иш-чараларда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык спорттук разряддар жана наамдар ыйгарылат.
49. Спорттук мелдештер аларды өткөрүү мүнөзү боюнча төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
1) жекече - анда айрым спортчулар ээлеген орундар аныкталат (жынысы, жаш курагы, спорттук квалификациясы боюнча);
2) жеке-командалык - анда жекече биринчиликтен тышкары катышуучу командалардын ээлеген орундары аныкталат;
3) командалык - анда катышуучу командалар ээлеген орундар гана аныкталат;
4) классификациялык - анда спортчулардын Бирдиктүү спорттук классификациянын разряддык ченемдерин жана талаптарын аткаруусу аныкталат;
5) тандоо - мунун жыйынтыктары боюнча спорттун түрлөрү боюнча курама командалар түзүлөт;
6) лицензиялык, квалификациялык, рейтингдик, тандоо - мунун жыйынтыктары боюнча Олимпиада, Паралимпиада, Атайын олимпиада, Сурдолимпиада, Дүйнө жана Азия оюндары, Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарына жана кубокторуна (этаптарга), континенталдык чемпионаттарга жана кубокторго жана башка абройлуу спорттук мелдештерге катышууга укук берүүчү лицензиялардын ээлери же катышуучулары аныкталат.
5. Тышкы көрүнүш
50. Спорттук-массалык жана расмий иш-чараларда бардыгы расмий турпатты сакташы керек. Машыктыруучулар менен спортчулар тыкан жана таза болууга тийиш.
51. Тамеки тартуу жана тамеки продукттарын колдонуу уруксат берилген жерде гана орун алууга тийиш, тарбиялануучу өзүнүн машыктыруучусу тамеки продукттарын колдонуп жатканын көрүп калышына жол бербеши керек. Спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде жана окуу-машыгуу процессинде алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө кескин тыюу салынат. Эгерде мындай бузуулар байкалса, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык административдик жазалар колдонулат.
6. Окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү (ОМЖ)
52. ОМЖны даярдоо жана өткөрүү этаптары:
1) ОМЖны календардык планга киргизүү жана болжолдуу бюджетин аныктоо;
2) ОМЖ өткөрүлө турган датасын, ордун жана мөөнөтүн көрсөтүү менен мекеменин буйругун чыгаруу;
3) ОМЖга катышкан ар бир спортчуга жекече план түзүү жана анын болушу;
4) ОМЖнын күнүмдүк расписаниеси жана күн тартиби;
5) толук отчет менен спортчунун ОМЖнын натыйжаларынын майнаптуулугун жыйынтыктоо жана талдоо.
53. Бардык документтер жөнөтүүчү уюмдун директору тарабынан бекитилүүгө тийиш.
54. Спортчулар үчүн окуу-машыгуу жыйындары өз багыт-максаты боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) жалпы ден соолукту чыңдоо. Даярдык көрүү мезгилинде өткөрүлөт;
2) даярдык көрүү. Негизги мезгилге алдын ала даярдык көрүү этабында өткөрүлөт;
3) мелдеш алдындагы. Мелдештерге түздөн-түз даярдык көрүү этабында өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын курама командалары үчүн ОМЖ жылына 250 күндөн ашпоого тийиш.
55. Окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүнүн максаты - мелдештерге болгон даярдыкты аяктоо жана алар, мазмуну боюнча, түздөн-түз даярдоо этабынын акыркы мезоцикли болуп саналат.
56. Жыйындарда мелдештерге түздөн-түз даярдык көрүү этабынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн милдеттери чечилет. Ар бир салмак категориясы боюнча катышуучулардын жана жыйындардын саны жалпысынан жыйынды өткөрүүчү уюмдун келечектүү милдеттери жана алдыдагы мелдештердин мүнөзү менен аныкталат.
57. Жыйындардын мүмкүнчүлүктөрү жана милдеттери машыгуу ишинин кыйла конкреттүү мүнөзүн жана мазмунун алдын ала аныктайт.
58. Жыйындын окуу-методикалык документтери (жалпы иш планы, окуу планы, жумуш (ар бир сабак боюнча) планы, жеке пландар жана күн тартиби) болуп өткөн спортчуларды даярдоо жыйынын талдоонун негизинде жана алдыдагы мелдештерге коюлган милдеттерди эске алуу менен түзүлөт.
59. Жеке машыгуу пландарынын аткарылышын талдоонун негизинде курама команданын башкы жана улук машыктыруучусу жаш курактары боюнча жыйындын бардык методикалык документтерин түзөт: жыйындын милдети аныкталган жана машыгуу иштеринин болжолдуу көлөмү көрсөтүлгөн окуу планы; бир жумалык машыгуу циклдеринен турган жана жыйынга келген спортчулардын контингенти менен окуу планынын тапшырмаларынын конкреттүү шарттарда аткарылышы каралган иш планы. Ар бир жумалык цикл түздөн-түз даярдоо этабынын белгилүү бир милдетин аткарууга багытталган.
60. Мелдештерге даярданууда машыктыруучунун жана спортчулардын өздөрүнүн болжолдуу каршылаштарынын чеберчилигине талдоо жүргүзө билүүсү чоң мааниге ээ. Каршылаштын чеберчилигинин айрым (физикалык, техникалык, тактикалык жана моралдык-эрктик) жактары жөнүндө маалыматтардын негизинде анын жалпы даярдыгын эске алуу зарыл. Каршылаштарынын даярдыгын толук талдоо жана алсыз жактарын издөө спортчулардын өздөрүнүн чеберчилигин өркүндөтүүгө таасирин тийгизет. Алардын көпчүлүгүндө кемчиликтер бар жана аларды жоюу машыгуудагы эң маанилүү милдет болуп кала берет.
61. Даярдыктын бардык этаптарында спортчулардын ден соолугунун абалын контролдоо машыктыруучунун биринчи кезектеги камкордугу болуп саналат, анткени спортчулардын ден соолугунун абалы жана алардын жогорку спорттук натыйжаларга жетишүүсү бири-бири менен тыгыз байланышта. Туруктуу спорттук натыйжалар спортчунун ден соолугу мыкты болгон учурда гана мүмкүн болот. Бирок, биз машыктыруучулук иштин гумандуу позициялары жөнүндө сөз кылганда, биринчи кезекте анын машыгуу каражаттарын жана методдорун пайдаланууга карата мамилесин түшүнөбүз.
62. Жүктөмдү өзгөртүү, өзгөчө жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн, алдын ала педагогикалык байкоолордун, врачтык контролдун жана өзүн-өзү контролдоонун маалыматтары керек.
63. Спортчулардын, машыктыруучунун жана врачтын өз ара байланышы спортчулардын мүмкүнчүлүктөрүнө кыйла туура келген жүктөмдү аныктоого жана спорттук-педагогикалык маселени чечүүгө мүмкүндүк берет.
64. Ишке ашыруунун жүрүшүндө өзгөртүлбөй турган даярдоо планын түзүү кыйын. Машыктыруучу колдонулуучу көнүгүүлөрдүн көлөмүн жана интенсивдүүлүгүн жөнгө салуу менен жүктөмдү өзгөртүүгө, эс алуу жана иштөө мезгилинин узактыгын өзгөртүүгө каражаттары бар. Бирок өзгөрүүлөр кокустуктан улам пайда болгон иш-чаралардан улам болбошу керек. Алар бир мелдешке даярданууга караганда алда канча узак мезгилге коюлган спорттук-педагогикалык милдетке жетүү максатында жүзөгө ашырылат.
65. Эгерде даярдыктын жүрүшүндө машыктыруучу жүктөмдү кескин түрдө өзгөртүүгө же көбөйтүүгө, же азайтууга мажбур болсо, окуу процессинин сапатын канааттандырарлык деп эсептөөгө болбойт. Даярдоонун ар бир этабынын жүктөмү алдын ала пландаштырылышы керек жана ар бир мелдештин башталышына акырындык менен жогорку көрсөткүчтөргө ээ болушун камсыз кылууга тийиш. Мелдештерге мындай пландуу мамилени камсыз кылууда машыктыруучунун эң маанилүү милдеттеринин бири болуп спортчулардын өздөрүнүн иш, окуу жана жашоо режимин уюштуруу саналат.
66. Машыктыруучу дайыма оор жүктөмдөрдү колдонуу шарттарында машыгуу ишинин натыйжалары олуттуу деңгээлде спортчулардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга көз каранды экендигин эстен чыгарбоого тийиш. Мүнөзү боюнча башка машыгуулар жүктөмдөрүн, сейилдөө, буу мончолору, массаж жана өзүнө өзү массаж жасоо жана башкаларды колдонуу керек.
67. Атайын калыбына келтирүүчү каражаттардын катарына фармакологиялык препараттарды жана витаминдерди колдонууну киргизүү керек, алар калыбына келтирүүгө гана өбөлгө түзбөстөн, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана башка тышкы чөйрөнүн таасирлерине организмдин туруктуулугун жогорулатып, спортчуларды ооруп калуудан коргоп турат. Допингге каршы эрежелер өзгөчө сакталууга тийиш.
68. Жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы:
1) уюштуруу иши:
- уюштурууну пландоо (өткөрүү жери, спорттук база);
- каржылоону камсыз кылуу:
а) календардык планды бекитүү;
б) чыгымдар сметасын түзүү жана бекитүү;
2) жайгашууну жана тамак-ашты камсыздоо:
- байланыш жана жыйындар өтүүчү жерлерди документтештирүү;
- байланыш жана тамак-аш менен камсыздоону документтештирүү;
3) окуу-машыгуу процессин камсыз кылуу:
- окуу-машыгуу ишин пландоо жана өткөрүү;
- машыктыруучулук контролду камсыз кылуу;
4) тарбиялык иштерди жүргүзүү:
- чогулуштарды жана маектерди өткөрүү;
- бош убакытты өткөрүү;
- гигиеналык күн режимин камсыз кылуу;
- тиричиликтик контролду камсыз кылуу;
- административдик-тартиптик таасир этүүнүн рычагдары;
- кыйыр тартиптик таасир этүүнүн рычагдары;
5) дарыгердик контролду камсыз кылуу:
- экспресс-контроль;
- пландык контроль;
- божомолдоочу контроль;
- диетология;
6) жыйындарды аяктоо:
- мелдештерге катышууга карата даярдык:
а) техникалык-тактикалык даярдыгын баалоо;
б) функциялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо;
в) команданы комплекттөө принциптери;
г) өтүнмөнү камсыз кылуу;
- кетүүнү камсыздоо:
а) каржылык камсыздоо;
б) транспортту камсыздоо;
в) команданын катышуучуларына чогулуш өтүү;
- жыйындар тууралуу отчет:
а) финансылык отчет;
б) жыйындар тууралуу отчет.
69. Экипировка спортчуларга расмий чемпионаттарга жана комплекстүү мелдештерге берилет. Параддык форма парадда расмий делегацияларды көрсөтүү үчүн арналган. Эки тараптуу келишим боюнча бардыгына 2 жылдык мөөнөткө берилет, машыктыруучу жана спортчу экипировка менен расмий иш-чараларда гана чыгууга милдеттүү.
7. Машыктыруучулардын жана тарбиялануучулардын моралдык жана этикалык жүзү. "Этика" түшүнүгүн чечмелөөнүн көп түрдүүлүгү
70. Этика - мораль (адеп-ахлак) жөнүндөгү практикалык философиялык илим. Этика сөзүнөн келип чыккан "этикалык" деген түшүнүктү Аристотель "этос" сөзүнүн негизинде түзгөн. "Этикалык" терминине окшош жана анын так котормосу үчүн Цицерон "моралдык" (moralis) деген сөздү жараткан. Кийин "моралдык" сын атоочунан "мораль" деген зат атооч пайда болот, бул "этика" термининин латынча эквиваленти болуп саналат. Айрым европа тилдеринде байыркы гректин "этика" деген сөзүнүн жана латындын "мораль" деген сөзүнүн аналогу болуп саналган терминдер пайда болгон мисалы, орус тилинде адеп-ахлактуулук. Маданият тарыхында бул үч термин мааниси жагынан айырмаланып турат. Тактап айтканда, калыптанып калган окуу-академиялык салт боюнча этика дегенде билим тармагынын артыкчылыгы, ал эми мораль (же адеп-ахлактуулук) дегенде анын предмети түшүнүлөт. Коомдук тажрыйбада жана жандуу тилде мындай айырма азыркы убакытка чейин бекемделген эмес.
71. Окуучулардын этикалык маданияты жашоо, эркиндик сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарды таануу менен ажырагыс байланышта. Патриотизм, интернационализм, милдет, ар-намыс, абийир, адептүүлүк, кайрымдуулук, боордоштук жана башкалар сыяктуу адеп-ахлактык сапаттар өз маанисин жоготпостон, андан да маанилүү болуп калды. Эмгекке карата болгон мамиле мектеп окуучуларына заманбап тарбия берүү системасында өтө актуалдуу болуп саналат.
72. Жаштарда бекерпоздук, наркомания, алкоголизм, агрессивдүүлүк, ырайымсыздык мектепте күн сайын кездешүүчү терс көрүнүштөрдүн толук тизмеги эмес. Алар адеп-ахлактык чөйрөнү да, адамдын өзүн да бузат: ал руханий жана физикалык жактан деградацияга учурайт. Өзүн-өзү жок кылуу процесси жүрүп жатат.
73. Машыктыруучу этикалык багыттагы тарбия иштеринин түзүмүнө адамдык мораль жөнүндө маалыматтарды киргизет, анда мораль адамдын аң-сезиминин формасы, адамзат маданиятынын бир бөлүгү экендигин ачык түшүнүүгө жетишет. Моралдын маңызын, ченемдерин жана принциптерин түшүнүү тарбиялануучуларды адеп-ахлактык ой жүгүртүүлөргө алып келет, алардын жардамы менен өзүлөрүнүн жана башка адамдардын жоруктарын баалашат.
74. Этикалык тарбиялоо иштеринин системасына адеп-ахлактык сезимдерге стимул берген каражаттар органикалык түрдө киргизилет, алар аркылуу адамдын чындыкка, адамдарга, өзүнүн жүрүм-турумуна болгон жеке мамилеси түшүндүрүлөт. Бирок этикалык тарбия берүү иштеринин түпкү жана негизги максаты - адеп-ахлактык жүрүм- турумду калыптандыруу. Тарбиялык иштер күндөлүк турмуштук кырдаалдарда адеп-ахлактык аракеттердин чынжырчасын түзөт. Аракеттердин системасы адеп-ахлактык адаттын - адеп-ахлактык аракеттерди жасоонун туруктуу муктаждыгынын калыптанышына алып келет. Бирдиктүүлүккө, атуулдукка, аң-сезимдүү тартипке жана башка көптөгөн адеп-ахлактык сапаттарга тарбиялоо үчүн конкреттүү адаттарды бекем өздөштүрүү керек: башкаларга кам көрүү, адамдарга тилектеш болуу, өзүмчүлдүккө бөгөт коюу, жамааттын талаптарын аткаруу, адамдардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу, өзүнүн сөздөрү жана иш-аракеттери үчүн жооп берүү. Машыктыруучунун этикасы педагогдун маданий облигинин, анын кесиптик-педагогикалык ишинин жетектөөчү компоненти катары чыгат. Анын калыптанышынын негизи болуп инсандын адамдарга, өзүнө, кесиптик ишине, кесиптик-педагогикалык милдеттерди аткаруусуна карата этикалык баалуулуктарда, мамилелердин ченемдеринде багыттуулугу эсептелет. Педагогикалык этика баарынан мурда педагогикалык такт формасында практикалык ишинде көрүнөт.
75. Педагогикалык такт - машыктыруучулук этиканын системасын түзүүчү элемент. Машыктыруучу менен тарбиялануучунун өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салуучу ролду аткарат. Такт - кайсы педагогикалык таасир болбосун колдонулуучу сезимдик чаралар: сыйлоо, жаза берүү, насаат айтуу. Сезимдик чаралар чыныгы интеллигент машыктыруучуну айырмалап турат. Педагогикалык такттын өзгөчөлүгү машыктыруучу менен тарбиялануучулардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжаларын алдын ала билүү болуп саналат. Педагогикалык такт мазмунуна жараша ар кандай формада: инсандын аң-сезиминде (ой жүгүртүүсүндө), жүрүм-турумунда (аракеттеринде) жана мамилелеринде (мамиле түзүүдө, баалуулук багыттарында) көрүнөт.
76. Машыктыруучунун педагогикалык такты аң-сезим деңгээлинде төмөнкүдөй көрүнөт:
1) жалпы адамзаттык адеп-ахлактык баалуулуктар (адептүүлүк, чынчылдык, милдет, абийир, жоопкерчилик, гумандуулук) багытында;
2) стандарттуу эмес кырдаалдардын пайда болушуна байланыштуу оптималдуу чечимди тез таба билүүдө, татаалдаштырууга, өзгөчө адамдын кадыр-баркын кемсинтүүгө жол бербестен;
3) тарбиялануучулардын да, иш боюнча өзүнүн кесиптештеринин да ийгиликтерине жана ийгиликсиздигине объективдүү баа берүүдө;
4) тарбиялануучунун инсандыгын анын бардык кылык-жоругу жана сезимдери менен баалуулук катары түшүнүүдө.
77. Окуучулар жана кесиптештер менен болгон мамилелердин деңгээлинде машыктыруучунун педагогикалык такты төмөнкүдөй көрүнөт:
1) окуучуга инсан катары, белгилүү бир баалуулукка карата кылгандай мамилесинде;
2) адис катары өзүнө болгон мамилесинде;
3) окуу-тарбиялоо процессине катышкан кесиптештерине болгон мамилесинде;
4) жалпы адамзаттык баалуулук катары дене тарбияга болгон мамилесинде;
5) машыгуу процессинин бардык катышуучуларынын өз ара мамилелерин гумандаштырууда.
78. Жүрүм-турум деңгээлинде машыктыруучунун педагогикалык такты төмөнкүдөй көрүнөт:
1) педагогикалык баарлашуу маданиятында;
2) педагогикалык кызмат көрсөткүчтүгүндө;
3) педагогикалык процессти ийкемдүү уюштурууда;
4) адеп-ахлактык аң-сезимди өнүктүрүүдө.
79. Педагогикалык этикада машыктыруучунун адеп-ахлактык сапаттары жеке сапат болуп каралбастан, коомдук мааниге жана баалуулукка ээ болуп, машыктыруучунун кесиптик сапаттарынын зарыл болгон курамдык бөлүгүнө айланат, ансыз анын башка бардык сапаттары маанисин жоготот. Интеллектуалдык жана психологиялык сапаттар менен катар адеп-ахлактык сапаттар - жоопкерчилик, өзүн татыктуу алып жүрүүчүлүк, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, абийирдүүлүк, токтоолук жана башкалар педагогикалык беделдин негизги түзүүчүлөрү болуп калат.
80. Ченемдик педагогикалык этиканын эрежеси катары төмөнкү талапты кароо керек: өзүнө ишенимдүү болуу, бирок эч качан өзүнө гана ишенбөө, өзүн жаңылбас катары эсептебөө керек. Бул өспүрүмдөргө сабактарды өтүүдө өзүнүн ишине өзгөчө катуу талап коюу дегенди билдирет. Эң ийгиликтүү сабактан кийинки канааттанбастык - машыктыруучунун чыгармачылыгынын жана андан ары өркүндөшүнүн ишенимдүү кепилдиги болуп саналат.
81. Машыктыруучуда тартынчаактык, өзүнө ишенбестик жана алсыздык болбоого тийиш; жаш спортчуларды тынымсыз адеп-ахлакка үйрөтүү, жасалмалуулук, акыл-эс жана спорттук артыкчылыктарды көрсөтүү, эрудиция, өзүнө өзү суктануу өзгөчө кыжырдантат.
82. Педагогикалык этика этикетти өзгөчө кылдаттык менен сактоону талап кылат. Адатта этикет адеп-ахлактык мазмундун формасы катары каралат: интеллигенттүүлүк тарбиялуулукта, адамдын кадыр-баркын сыйлоо - сылыктыкта, гуманизм - боорукердикте, сезимталдыкта, ыкыластуулукта, тактыкта көрүнөт.
83. Дене тарбия адисинин этикалык сапаттарын калыптандыруунун жолдору төмөнкүлөр болушу мүмкүн: этикалык маектерди, лекцияларды, диспуттарды, конференцияларды өткөрүү, атайын кырдаалдарды түзүү, чыр-чатактарды чечүү, өз ара жардам көрсөтүү, камкордукка алуу.