Загрузка документа…
|
|
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартиби
1. Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына (мындан ары - УМББ) Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгынын 2-пунктунда аныкталган ченемдик укуктук актылар (актылар) киргизилүүгө тийиш.
2. Ченемдик укуктук актыларды УМББга жарыялоо үчүн аларды каттаган органдар төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
1) Ченемдик укуктук актынын кагаз түрүндөгү көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү талаптарына ылайык мамлекеттик жана расмий тилдерде күбөлөндүрүлүп бир нускада берилет;
2) Ченемдик укуктук актылардын электрондук формасы файл түрүндө, компакт-дисктерде, флеш-дисктерде;
Компакт-диск же флеш-диск жок болгон учурда, документтин электрондук формасы “npa@minjust.gov.kg” электрондук почта дарегине жөнөтүлөт. Ченемдик укуктук актылардын тексттери электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөндө, “Subject” (“Предмет”, “Тема”) талаасында ченемдик укуктук актынын реквизиттери көрсөтүлөт.
3) Ченемдик укуктук актылардын расмий жарыялангандыгы тууралуу маалымат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык берилет.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары төмөнкү учурларда УМББга жарыяланбастан кайтарылып берилет:
1) Ушул Тартиптин 2 жана 5-пункттарында белгиленген талаптары сакталбаганда;
2) ченемдик укуктук актылардын Microsoft Word форматындагы электрондук түрү жок болгондо;
3) документтин расмий жарыяланган тексти менен кагаз жана электрондук түрүндөгүсү дал келбегенде;
4) документтин кагаз жана электрондук түрлөрүндөгү тексттери дал келбегенде.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ченемдик укуктук актыларды (актыларды) УМББга киргизүүдө, тексттин окшоштугуна текшерүү (окуу) жүргүзбөстөн, кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрүндөгү структуралык элементтердин шайкештигин жана дал келишин текшерет. Эгерде кагаз жүзүндөгү текст электрондук түргө дал келбесе, анын мазмуну жана туура таризделиши үчүн документти жөнөтүп жаткан орган жоопкерчилик тартат.
4. Ченемдик укуктук актыларды каттоодон өткөргөн мамлекеттик органдар ченемдик укуктук актыларды УМББга жарыялоо үчүн анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жарыяланган булагы тууралуу маалыматты көрсөтүү менен кол коюлган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Юстиция министрлигине жиберет.
Ченемдик укуктук актыларды каттоодон өткөргөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актыларды УМББга жарыялоо үчүн анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, жарыяланган булагы тууралуу маалыматты көрсөтүү менен кол коюлган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүнүштөрүнө жиберет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актыны мамлекеттик тилде кабыл алууда аны мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилиши жөнүндө өкүлчүлүктүү органдын чечимин коштомо катта көрсөтөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын УМББга жарыялоо Юстиция министрлигинин аймактык бөлүнүштөрү тарабынан ишке ашырылат.
5. УМББга жөнөтүү үчүн ченемдик укуктук актыларды электрондук түрдө тариздөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) ченемдик укуктук актылардын тексттери электрондук түрдө Microsoft Word редакторунда түзүлөт, эреже катары бир файлга салынат жана DOC форматында берилет;
2) берилген текстте мамлекеттик жана расмий тилдеги варианттарында, адаттагы тамга менен “Times New Roman” шрифти колдонулат, шрифтин өлчөмү 12;
3) ченемдик укуктук актылардын тексттери электрондук сактагычтарда төмөнкү талаптарды эске алуу менен таризделет:
– абзацтын чегиниши ушул Тартиптин 5-пунктунда тизмеленген, тексттик редакторлордо каралган, форматка туура келген стандарттык каражаттар менен аткарылат;
– сөздөр бири-биринен бир жолку “боштук” символу аркылуу ажыратылат;
– сөз менен андан кийинки тыныш белгисинин ортосуна “боштук”символу коюлбайт;
– тыныш белгиден кийин “боштук” символу сөзсүз коюлуш керек;
– тырмакча жана кашаалар алардын ичиндеги сөздөрдөн ажыратылбайт;
– тырмакчаларды белгилөө үчүн “бурч тырмакча” символу колдонулат;
– ташымалды белгилөө үчүн “дефис” колдонулбайт, автоматтык түрдө коюлуучу “ийкемдүү” ташымалдар колдонулат;
– “ө”,“ң”жана “ү”тамгалары мамлекеттик тилдеги тексттерде гана колдонулат;
– мамычалар боюнча жайгашкан кагаз жүзүндөгү маалымат, тексттик файлда таблица түрүндө таризделет. Таблица ушул Тартиптин 5-пунктунда тизмеленген тексттик редакторлордо каралган, форматтарга туура келген стандарттык каражаттар менен аткарылат;
– таблицанын бир ячейкасында бир гана маалымат бирдиги жайгаштырылат. Таблицада бош саптар жана бош мамычалар болбошу керек.