Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 6-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна |
Балыкчылык, балык өстүрүү жана балык уулоо максаттары үчүн көлмөлөрдү юридикалык жана жеке жактарга конкурстук негизде берүүнүн тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо тармагында балык чарбасын жүзөгө ашырууну мерчемдеп жаткан жана сынакка катышкан талапкерлерге бекитип берүү үчүн сынакты уюштуруу жана өткөрүүнүн эрежелерин аныктайт.
2. Сынак өткөрүүнүн максатынан болуп сынакты жеңип чыккан катышуучуларга балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо тармагында балык чарбасын жүзөгө ашыруу үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин пайдаланууга берүү жөнүндө бүтүмгө келишүүгө кол коюу укугун берүү саналат.
3. Ушул Тартиптин максаттарында балык чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган деп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги түшүндүрүлөт .
4. Суу объекттерин балык чарбасы үчүн берүү сынагына, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын тизмеге киргизилген суу объектилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте пайдалануучуларга бекитилип берилбеген табыгий жана жасалма көлмөлөр коюлат.
5. Сынакка коюлган бардык суу объекттери лотторго бөлүнүүгө тийиш, мында көлмөлөрдүн же алардын айрым участокторунун ар бири өзүнчө лотту түзөт.
6. Суу объекттерин (же алардын бир бөлүгүн) балык чарбасы ишине берүү үчүн сынактарды уюштурууну жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган республикадагы балык чарба суу фондунунун негизги пайдалануучусу жүзөгө ашырат (мындан ары – Сынакты уюштуруучу).
7. Сынак ачык болуп саналат жана бир көлмөгө (көлмө тилкесине) сыяктуу эле, бир катар көлмөлөргө же айрым тилкелерге карата өткөрүлөт.
8. Сынактын айкындуулук шарттары күнүн жана өткөрүлө турган жерин белгилөө менен Сынакты өткөрүү тууралуу билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо аркылуу камсыз кылынат.
9. Сынакты уюштуруучу:
– сынакты өткөрүү мөөнөттөрү тууралуу чемиди кабыл алат;
– конкурстук комиссияны түзөт, комиссиянын курамын, анын ишмердүүлүгүн аныктайт.
– сынакка катышуучулар үчүн талаптарды белгилейт;
– сынакты даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон бардык документтерди даярдайт жана териздейт;
– сынак документациясын иштеп чыгууну жана таркатууну уюштурат;
– сынак билдирмелерин берүү мөөнөттөрүн, ошондой эле сынак билдирмелерине баа берүү боюнча комиссиянын отурумунун датасын белгилейт;
– сынакка катышууга билдирмелерди топтоону жүзөгө ашырат, ошондой эле сынак сунуштарын жана башка кириш документацияларын каттайт жана сактоого алат;
– сынак өткөрүүнү уюштурат;
– жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу сынак комиссиясы тарабынан сынакты жеңүүчү деп таануу тууралуу чечимин кабарлайт.
10. Сынакты уюштуруучу кеминде отуз календардык күнгө чейин боло турган сынак тууралуу жарыяны жалпыга маалымдоо каражаттарында жана (же) айыл-чарбасы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырат.
11. Сынакты өткөрүү тууралуу жарыяда төмөнкү маалыматтар камчылууга тийиш:
– сынакты өткөрүү күнү, убактысы, орду жана маңызы;
– сынакка катышууга билдирмелерге талаптар;
–жайгашкан жерин, аянтын, көлөмүн жана башка маалыматтарын көрсөтүү менен сынакка коюлуп жаткан көлмөлөрдүн же өзүнчө тилкелердин жалпы сүрөттөлүшү;
– сынакка катышууга билдирмелерди берүүнүн жана конкурстук документтерди даярдоонун тартиби, орду жана мөөнөтү;
– сынак документацияларын берүү үчүн салымдын өлчөмү;
– сынакка катышууга комиссия тарабынын баа берүү үчүн зарыл болгон критерийлер;
– сынакка катышууга билдирмелерди алуунун акыркы мөөнөтү;
– сынакка катышуу үчүн белгиленген башка талаптар.
3-глава. Сынактын катышуучуларына коюлуучу жалпы талаптар
12. Балык чарбасын ишке ашырууга керектүү балык өстүрүү-техникалык жана каржылык камсыздоосу жана балык чарба ишкердигин жүзөгө ашыруугы мүмкүнчүлүгү барлар конкурска катышууга талапкер боло алышат.
13. Сынакка катышуучу талапкерлерге төмөнкү милдеттүү талаптар коюлат:
– сынактын катышуучусуна карата банкроттук жана жоюу жол-жоболору жүргүзүлбөшү керек;
– сынактын катышуучунун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте конкурска катышуу күнүнө карата токтотулбашы керек;
– көлмөлөрдү же алардын айрым участокторун балык чарбалык пайдалануу үчүн сынакты уюштуруучу менен мурда түзүлгөн келишимдер боюнча конкурс өткөрүлгөн жылдан мурдагы мезгил үчүн карыздын жоктугу.
4-глава. Сынакка катышууга билдирмелерди тариздөө жана берүү тартиби
14. Жарыяда белгиленген мөөнөт ичинде сынактын катышуучулары, сынак өткөрүү тууралуу жарыяда белгиленген дарек боюнча сынак документтерин алышат.
15. Сынак документтерин даярдоонун конкреттүү тартибин, курамын жана башка шарттарын Сынакты уюштуруучу аныктайт.
Сынак документтери сынакка катышуучунун расмий талабы боюнча топтом менен берилет.
16. Сынакка катышуу ниетин билдирген арыз берүүчүлөр ушул Жобонун талаптарына ылайык, жарыяда белгиленген мөөнөт ичинде сынакка коюлуп жаткан суу объектине (анын бөлүгүнө) сынак комиссиясына билдирме беришет.
17. Арыз берүүчү расмий сайтта жарыяланган күндөн тартып, билдирмени кат жүзүндө бере алат.
18. Сынакка катышуу үчүн арыз берүүчү төмөнкүлөрдү белгилөө менен белгиленген формада билдирме берет:
– атылышын жана уюштуруу-куктук формасын, анын орун алган жерин, байланыш телефон номерин;
– фамилиясын, таны, атасынын атын, паспорт маалыматтарын (серия, номер, качан жана ким тарабынан берилген, жашаган жерин) жана байланыш телефон номерин;
– көлмөнүн (көлмө тилкесинин) аталышын белгилөө менен суралып жаткан лот (суу объектисинин) номерин;
– арыз берүүчү тарабынан белгиленип жаткан балык чарба ишинин түрлөрүн;
– көлмөнүнү (көлмө тилкесинин) аталышын жана орун алган жерин.
19. Билдирме менен бир эле мезгилде сынак комиссиясына төмөнкүлөр берилет:
– уюштуруу документтеринин наториалдык тастыкталган көчүрмөлөрү же паспорт көчүрмөсү жана жаранды юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
– каттоого алынгандагы тууралуу салык органдарынан документтери;
– арыз берүүчүнүн атынан аракеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укук бергендигин тастыктаган документтер;
– арыз берүүчүнүн сынакка катышуучуларга коюлуучу талаптарга шайкеш келгендиги тастыктаган документтер (түп нускасы же нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү);
– иштин аткаруу мөөнөттөрүн жана каржылоо булактарын көрсөтүү менен балыкты өстүрүү, балыктандыруу жана товардык балык уулоонун мерчемделген көлөмүн эсептөөлөрүн кошо тиркөө менен, сынакка коюлуп жаткан көлмө (көлмө тилкеси) боюнча белгиленген формада арыз берүүчүнүн жетекчиси тарабынан бекитилген балык чарбасын өнүктүрүү планы (түп нускасы);
–инфраструктура объекттеринин, балык өстүрүү жабдууларынын, инкубациялык цехтердин жана аппараттардын, сууда сүзүүчү каражаттардын жана балык уулоо мүлкүнүн бар экендигин, алардын балык чарба ишине пайдаланууга мүмкүндүгүн жана санын тастыктоочу документтер ( болгон учурда);
– арыз берүүчү тарабынан туруктуу негизде балык өстүрүү же балык уулоого тартыла турган жумушчуларынын санын көрсөтүү менен арыз берүүчүнүн сынакка коюлуп жаткан көлмөлөргө жанаша жайгашкан аймактарда жашаган калк үчүн жумуш орундарын түзүү ниетин тастыктаган документтер.
Сынак сунуштары сынак документациясында аныкталган талаптарда жана шарттарда даярдалып, Сынак уюштуруучуга берилүүгө тийиш.
20. Сынакка коюлган көлмөлөр (көлмө тилкеси) мурда пайдаланууга берилген арыз берүүчүлөр үчүн билдирмеге кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
– финансы каражаттарын салууну ырастаган документтерди, отчетторду, чабактарды чыгаруу, көлмөлөрдү балыктандыруу актыларын ж. б. тиркөө менен сынак өткөрүлгөн жылдан мурунку акыркы 3 жылдагы же конкурс өткөрүлгөн жылдан мурунку иш жүзүндөгү мезгил үчүн, эгерде бул мезгил 3 жылдан аз болсо, товардык балыкты көбөйтүүнүн (өстүрүүнүн) көлөмүнүн же көлөмдөгү балык кармоо көлөмүнүн, көрсөткүчтөрүн тастыктаган документтер;
– сынак өткөрүлгөн жылдан мурунку акыркы 3 жыл ичинде же конкурс өткөрүлгөн жылдан мурунку иш жүзүндөгү мезгил үчүн, эгерде бул мезгил 3 жылдан аз болсо, мурда пайдаланууга берилген же конкурска коюлган көлмөдө же анын участогунда ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону жүзөгө ашырууга билдирүүчү тарабынан белгиленген тартипте берилген балык уулоо билеттеринин (карточкалардын) санын ырастаган документтер (карточкалардын жана билеттердин дүмүрчөктөрү, каттоо журналдары);
21. Арыз берүүчү бир лотко карата бир гана билдирме берүүгө укуктуу.
22. Арыз берүүчү тарабынан сынак комиссиясына сунушталган документтер тигилип, номер коюлуп жана арыз берүүчүнүн кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталууга тийиш (жеке адам үчүн, эгерде мындай болсо).
23. Сынакка катышуу үчүн документтер кош конвертте кабыл алынат. Сырткы конвертте конкурска катышууга арыз, ал эми ички конвертте конкурстук сунуштар болот. Ички конверт конкурстук сунуштарды берген учурда арыз ээси тарабынан чапталууга тийиш.
24. Сынакка катышууга билдирмени жана сынак сунуштарын берген арыз берүүчүгө сынак комиссиясынын катчысы тарабынан, билдирмени жана документтерди кабыл алгандыгын жана каттоодон өткөргөндүгүн тастыктаган тил кат берилет. Билдирмени жана ага тиркелген документтерди алган күңжана убакыт конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан тиешелүү журналга жазылат. Сынак комиссясынын катчысы арыз берүүчүлөр тарабынан берилген билдирмелерди жана аларга кошо тиркелген документтерди эсепке алууну жүргүзөт жана тизимин түзөт.
Арыз берүүчү тарабынан сынакка катышууга берилген билдирмелердин жана аларга тиркелген документтердин сакталышына жоопкерчилик сынак комиссиясынын катчысына жүктөлөт.
Аларга кошо тиркелген документтери менен сынакка катышууга билдирмелер жана сынак комиссиясынын протоколдору, Сынакты уюштуруучу тарабынан келишимдин колдонуу мөөнөтүндө, бирок үч жылдан ашык эмес убакытта сактоодо турат.
25. Берүү мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшкөн билдирмелер ачылбайт жана каралбайт, ошо күнү эле арыз берүүчүгө кайтарылат.
26. Арыз берүүчү сынак комиссиясына кат жүзүндө билдирүү жолу менен сынак өткөрүү мөөнөтүнө чейин сынакка катышууга билдирмесин чакыртып алууга укуктуу.
27. Сынакка катышууга билдирмелерди кабыл алуудан баш тартуунун негизи болуп, төмөнкүлөр саналат:
– арыз ээсинин жана ал берген билдирменин, ошондой эле ага тиркелген документтердин сынак документтеринде белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
– документтердин толук эмес топтомун берүү;
– мындай аракеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укугу жок адамдын арыз берүүсү;
– Сынак өткөрүлгөн жылдан мурунку мезгили үчүн Сынакты уюштуруучусу менен мурда түзүлгөн келишим боюнча көлмөлөрдү же анын тилкелерин балык чарбачысына пайдалангандыгы үчүн арыз ээсинин төлөнбөгөн карыздарынын болушу.
28. Эгерде, сынак өткөрүлгөн жылдан мурунку мезгили үчүн Сынакты уюштуруучусу менен мурда түзүлгөн келишим боюнча көлмөлөрдү же анын тилкелерин балык чарбачысына пайдалангандыгы үчүн арыз ээсинин төлөнбөгөн карыздары сынакка тандоону өткөрүү мөөнөтүнө чейин толугу менен жабылбаса, билдирме четке кагылат.
29. Билдирмени кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө белги анын себебин көрсөтүү менен комиссиянын катчысы тарабынан берилген документтердин тизмегине коюлат, анын бир нускасы комиссияда калат.
30. Сынакка катышууга киргизилбеген арыз ээлерине бул тууралуу аларга тийиштүү кабарлоону кол койдуруп тапшыруу жолу менен же болбосо мындай кабарлоону почта аркылуу (тапгырык кат менен) жиберүү жолу менен арыздарды кабыл алуу протоколуна кол коюлган учурдан тартып 3 күндөн ашпаган мөөнөттө кабарланат.
5-глава. Сынак комиссиясы
31. Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо үчүн сынак комиссиясы түзүлөт (мындан ары – комиссия).
32. Сынак комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамы Сынакты уюштуруучу тарабынан аныкталат, мында комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы саны 9 адамдан ашпоого тийиш.
33. Сынакка катышуу үчүн Сынакты уюштуруучу сынак комиссиясынын курамын балык чарбасынын, ветеринардык-санитардык кызматынын, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздуктун, илимий, коомдук уюмдардын жана балык өстүрүү жана балык уулоо ассоциацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түзөт.
34. Тартиптин 34-пунктта көрсөтүлгөн ведомстволор жана уюмдар тарабынан бөлүнгөндөн кийин. өзүнүн өкүлдөрүн конкурстук комиссиянын курамына киргизүү үчүн Сынактын уюштуруучусу айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга конкурстук комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө сунуш киргизет.
35. Сынак комиссиясынын ишмердүүлүгү балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дайындаган төрага тарабынан аткарылат.
36. Сына комиссиясы төмөнкү ишти аткарат:
– сынакты өткөрөт;
– өткөрүлөгөн сынактын жыйынтыгын карайт;
– белгиленген баалоо критерийлерине ылайык сынактын жеңүүчүсүн аныктайт.
37. Сынак комиссиясынын иши отурум формасында жүзөгө ашырылат, ага сынак комиссиясынын төрагасы, ал жок болгон учурда – анын орун басары жетекчилик кылат. Сынак комиссиясынын отурумун комиссиянын катчысы уюштурат.
Иш башталганга чейин кеминде үч күн эрте сынак комиссиясынын отурумун өткөрүү тууралуу комиссиянын катчысы билдирет.
Сынак комиссиясынын мүчөлөрү отурумдарга жеке өзүлөрү келип катышышат.
38. Комиссия өз ишинде ушул Тартипке ылайык сынак уюштуруучусу тарабынан иштелип чыккан жана отурумда кабыл алынган регламентти жетекчиликке алат.
39. Комиссиянын отурумдарында протокол жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр камтылат:
– сынактын предмети;
– сынак өткөрүү формасы;
– сынакка катышуучуларга коюлган талаптар тууралуу маалымат;
– сынакка катышуучулардын саны, аталышы жана даректери;
– баа берүү, критерийлерди салыштыруу жана сынактын жеңүүчүсүн тандоо боюнча билдирүү, ал эми бардык билдирмелер четке кагылганда – аларды четке кагуу негиздери.
40. Сынак комиссиясынан отурумдары анын мүчөлөрүнүн жармынан көбү катышканда укуктуу болуп саналат.
41. Сынак комиссиясынын чечимдери тиешелүү протокол менен таризделет, ага комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү кол коюшат. Комиссиянын ар бир мүчөсү жазуу жүзүндө өзгөчө пикирин билдирүүгө жана аны протоколго тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго белги коюлат.
42. Сынак комиссиясынын төрагасы комиссиянын отурумун алып барат, комиссиянын катчысы комиссиянын отурумунун протоколун жүргүзөт.
43. Сынак өткөргөнгө чейин комиссиянын катчысы төмөнкүлөрдү аткарат:
– сынакты өткөрүү тууралуу жарыяна жалпыга маалымдоо каражаттарына өз учурунда берет;
– сынакка катышуучуларга сынактын шарттары тууралуу консультацияларды берет;
– аларды толтуруу нускамасы менен сынакка катышууга билдирмелердин тиешелүү сандагы бланкттарын даярдайт;
– ар бир арызга анын келип түшкөн күнүн жана убактысын көрсөтүп, катар номерин ыйгаруу менен, жана комиссияга берүү үчүн зарыл болгон материалдарды тиркеп, арыздарды кабыл алат жана алардын келип түшүшүнө жараша каттайт;
– сынакты өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык иштерин жүзөгө ашырат;
– сынакты даярдоо жана өткөрүү боюнча башка функцияларды ишке ашырат.
44. Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия кандай учур болбосун, конкурстан ошол лотту алып салууга же лот боюнча конкурстун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
45. Карасанатай атаандаштык сынактын катышуучусу тарабынан болсо, акыркысы аталган лот боюнча андан ары сынакка катышуу укугун жоготот.
6-глава. Сынакка катышууга билдирмелери салынган
конверттерди ачуу
46. Жарыяда көрсөтүлгөн орунда жана убакытта сынак комиссиясынын мүчөлөрү комиссиясынын отурумунда сынакка катышууга билдирмелери салынган конверттерди ачат.
47. Сынак билдирмелери салынган конверттерди ачуунун алдында комиссия алардын сакталышын ырастайт.
48. Комиссия сынак билдирмелери салынган конверттерди белгиленген убакытта сынактын катышуучусунун же анын өкүлүнүн катышуусунда же катышуусуз ачат.
49. Сынак билдирмелери салынган конверттерди ачуу боюнча комиссиянын отурумуна сынакка катышуучунун же анын өкүлүнүн келбей калышы, бул билдирме комиссия тарабынан каралбашы үчүн негиз болуп саналбайт.
50. Көлмөлөрдү же көлмө тилкелерин ижарага берүү боюнча сынак билдирмелери комиссия тарабынан конверттер ачылгандан кийинки беш күн аралыгында каралат.
51. Сынактык билдирмелерин кароонун жүрүшүндө, комиссия, түшүндүрмө берүү үчүн сынактын катышуучусун чакыра алат же документте берлиленген маалыматтын тактыгын тастыктоо үчүн тиешелүү инстанцияларга кат менен кайрыла алат.
52. Сынак документтери жок же талаптагыдай таризделбеген жана сынактын катышуучусу сынак документациясында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, мындай катышуучу сынактын шарттарына ылайык келбейт деп таанылат жана конкурска андан ары катышууга жол берилбейт, бул жөнүндө протоколго жазылат.
53. Эгерде билдирмелер бар конверттерди ачуу жол-жобосу башталганга чейин жана өзүнчө лотко билдирмелерди ачуу алдында бир дагы арыз берилбесе же бир гана арыз келип түшсө, же бардык талапкерлерди өзүнчө лот боюнча сынакка киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса, Сынактын уюштуруучусу ушул Тартипке ылайык 2 айдын ичинде жаңы сынак өткөрөт.
7-глава. Сынак билдирмелерин баалоо жана салыштыруу критерийлери
54. Ар бир өзүнчө көлмөгө (көлмө тилкесине) берилген жана сынакка катышууга жол берилген бардык билдирмелер, төмөнкү критерийлерге ылайык бааланат жана салыштырылат:
а) Пландаштырылган көлөмдөр:
– товардык балыкты өстүрүү (багуу) (тонна менен);
– жылдарга бөлүштүрүү менен келишимди колдонуу мезгил ичинде көлмөнү балык чабактары менен балыктандыруу (миң же млн. даана).
Бул критерийдин салыштырмалуу салмагы 20-30 упайды түзөт
б) кыржылоо булактарын жана көлөмдөрүн, белгиленип жаткан иш түрлөрүн жана мөөнөттөрүн белгилөө, жылдарга бөлүштүрүү менен сынакка коюлуп жаткан көлмөдө (көлмө тилакелеринде) балык чарбасы ишин жүзөгө ашыруу үчүн колдонула турган балык өстүрүү инфраструктурасын түзүү боюнча сынактын катышуучусунун сунушу (бизнес-планынын долбоору).
Бул критерийдин салыштырмалуу салмагы 30-40 упайды түзөт
в) балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо өндүрүш ишканаларында жергиликтүү калктын иш менен камсыз болуусу: сынакка коюлуп жаткан көлмөлөрдө же балык уулоо тилкелеринде туруктуу негизде балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо менен алектенген жумушчулардын (балык өстүрүүчүлөр жана балык уулоочулар) орточо саны.
Бул критерийдин салыштырмалуу салмагы 20-30 упайды түзөт
г) конкурс өткөрүлгөн жылдан мурунку акыркы 3 жылдын ичиндеги же конкурс өткөрүлгөн жылдан мурунку иш жүзүндөгү мезгилде, эгерде бул мезгил 3 жылдан аз болсо, өстүрүлгөн товардык балыктын иш жүзүндөгү көлөмү (тонна менен) же көлмөгө кое берилген жаш балыктардын саны (миң же млн. даана).
Бул критерийдин салыштырмалуу салмагы 30-40 упайды түзөт
8-глава. Сынакка катышууга билдирмелерди кароо,
баалоо жана салыштыруу
55. Сынак комиссиясы келишим түзүүнүң эң мыкты шарттарын аныктоо үчүн сынакка катышууга билдирмелерди кароо, баа берүү жана салыштырууну жүзөгө ашырат.
56. Сынактын жыйынтыктары билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколу менен таризделет, ага баа берүү жана салыштыруу жүзөгө ашырылган жана сынактын жыйынтыгы чыгарылган күнү комиссиянын төрагасы, катчысы жана комиссиянын отурумуна катышкан комиссия мүчөлөрү кол коюшат.
57. Билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколу 2 нускада түзүлөт, анын бири комиссиянын төрагасында сакталат, ал эми экинчиси Сынактын уюштуруучусуна өткөрүлүп берилет.
58. Билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу мөөнөтү билдирмелерди кароо протоколуна кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпашы керек.
59. Билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколу ага кол коюлган күндөн тартып 5 жумуш күн ичинде Сынактын уюштуруучусу тарабынан айыл-чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
60. Сынактын катышуучусу билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколу менен тааныша алат жана сынактын уюштуруучусуна сынактын жыйынтыктары боюнча түшүндүрмө берүү тууралуу суроону кат жүзүндө өзү же почта аркылуу, же электрондук формада жөнөтө алат.
61. Сынакты уюштуруучу мындай суроо келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күн ичинде сынактын катышуучусуна тиешелүү түшүндүрмөлөрдү кат жүзүндө же почта аркылуу жөнөтүү, же электрондук формада берүүгө милдеттүү.
62. Билдирмелерди баалоону жана салыштырууну жүргүзүү мөөнөтүнүн ичинде сынакка катышып жаткан ар бир катышуучу, себептерин түшүндүрбөстөн, белгилүү бир лотко катышуудан баш тарткандыгы тууралуу комиссияга билдирме жөнөтө алат.
9-глава. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу
63. Өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы сынак билдирмелери менен конверттер ачылган учурдан тартып 10 жумуш күн ичинде комиссия тарабынан ишке ашырылат.
64. Сынак комиссиясы, ушул Тартиптин VII бөлүгүндө белгиленген критерийлерге ылайык сынактын жеңүүчүсүн аныктоо максатында сынакка катышуу билдирмесин кароо, баалоо жана салыштырууну жүзөгө ашырат.
65. Билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу комиссия тарабынан төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
а) билдирмеде жана ага тиркелген документтерде камтылган баалоо критерийлеринин ар бири боюнча эсептелүүчү чоңдук баалоонун мындай критерийинин маанисин билдирмеде жана ага тиркелген документтерде камтылган баалоо критерийинин маанисинин ушул критерийдин маанилеринин эң чоңуна болгон катышына көбөйтүү жолу менен аныкталат
б) ар бир билдирме үчүн баа берүү критерийи менен эсептелип чыккан чоңдук суммаланат;
в) келишим түзүүнүн эң мыкты шарттары ушул пункттун “б” пунктчасына ылайык эсептелип чыккан баалоонун натыйжасында суммардык чоңдуктун максималдуу маанисине ээ болгон билдирмеде камтылат.
66. Билдирмелерди баалоо жана салыштыруу жыйынтыктарынын негизинде комиссия ар бир билдирмеге (башкаларына салыштырмалуу, баалоо критерийлеринин суммасынын азайышы боюнча) катар номер ыйгарат.
67. Топтолгон упайлардын суммасы боюнча мыкты шарттар камтылган билдирмеге биринчи катар номери ыйгарылат.
10-глава. Сынакты жеңүүчүсүн аныктоо
68. Билдирмесинде сынактын жеңүүчүсүн аныктоонун белгиленген критерийлерине эң ылайык келген сынактын сунуштары камтылган жана арыздарды кароонун, баалоонун жана салыштыруунун натыйжалары боюнча биринчи катар номер ыйгарылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
69. Сынакты уюштуруучу сынак комиссиясы тарабынан билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколуна кол коюлган учурдан тартып, 3 жумуш күндүн ичинде сынактын жеңүүчүсүнө аны сынактын жеңүүчүсү деп таануу тууралуу билдирмени кат жүзүндө жөнөтөт.
70. Сынак комиссиясы тарабынан билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколуна кол коюлган учурдан тартып, 10 жумуш күндүң ичинде сынакы уюштуруучу жана жеңүүчү балык чарбасы ишин жүргүзүү үчүн көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү тууралуу эки нускадан турган келишимге кол коюшат, ар бир тарап үчүн бирден нуска, ал белгиленген формадагы журналга катталат.
71. Эгерде сынактын жеңүүчүсү сынак комиссиясы тарабынан билдирмелерге баа берүү жана салыштыруу протоколуна кол коюлган учурдан тартып, 10 жумуш күндүн ичинде сынакты уюштуруучу менен келишим түзбөсө, сынактын бул бөлүгүндөгү жыйынтык жокко чыгарылат жана билдирмесине экинчи катар номер ыйгарылган башка катышуучу менен келишим түзүлөт.