Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-декабры № 777
2024-жылдын 10-октябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Кенже эксперттер менен камсыздоо жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 10-октябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Кенже эксперттер менен камсыздоо жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу мамлекеттик жана расмий тилдерде (расмий эмес котормо) тиркелген меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмуна жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |