Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 777 токтому менен бекитилген
Расмий эмес котормо
Кыргыз Республикасы менен Бириккен улуттар уюмунун ортосундагы Кенже эксперттер (Junior professional officers, JPO) менен камсыздоо жөнүндө өз apa түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМУ (Мындан ары - Меморандум)
Нью-Йорк шаары, 2024-жылдын 10-октябры
1-берене.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун ишмердигине байланыштуу төмөнкү принциптерге ылайык кенже эксперттер (JPO) менен камсыздоого милдеттенет:
(a) кенже эксперттер Бириккен Улуттар Уюмунун конкреттүү суроо-талаптарына жооп катары берилет, ал өз кезегинде мындай кызматкерлерди кабыл алуучу өлкөлөрдүн өтүнүчү боюнча гана сурайт жана алар Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттерине жардам көрсөтүү үчүн дайындалышат. Эч бир кенже эксперт кайсы бир өлкөгө ошол өлкөнүн өкмөтүнүн алдын ала макулдугусуз жиберилбеши керек же ал өлкөнүн макулдугусуз ал жерде калбашы керек.
(b) кенже эксперттерди дайындоо боюнча акыркы чечим Бириккен Улуттар Уюму жана жардам алуучу өлкө тарабынан чыгарылат.
(c) кенже эксперттер Бириккен Улуттар Уюмуна эл аралык жарандык кызматчылар катары алардын дайындалган мезгил ичинде Бириккен Улуттар Уюму тарабынан бериле турган дайындоо жөнүндө каттарында баяндалган Бириккен Улуттар Уюмунун эрежелерине жана жоболоруна баш ийишет.
(d) БУУнун кызматкери катары кенже эксперттер Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына баш ийет жана өз милдеттерин аткарууда анын алдында жоопкерчилик тартышат. Кенже эксперттер өз милдеттерин аткарууга карата кайсы бир өкмөттөн, алардын менчик же Уюмдун чегинен тышкары башка бийлик органынан суроо жөнөтүүгө же нускама колдонууга тийиш эмес.
(e) Кыргыз Республикасы ар бир кенже экспертти ишке орноштурууга байланышкан бардык аныкталган чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.
2-берене.
Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасына Бириккен Улуттар Уюмунун пикири боюнча ылайыктуу талапкерлерди Кыргыз Республикасынан табууга мүмкүн болгон кенже эксперттерге суроо-талаптарды жөнөтүүгө милдеттенет. Ар бир суроо-талап, эреже катары, кенже эксперттер программасына катышкан бардык өлкөлөргө жөнөтүлгөн кызматтык сыпаттама түрүндө таризделет.
3-берене.
Кыргыз Республикасы кандайдыр бир мезгил ичинде кенже эксперттердин кандайдыр бир конкреттүү санын берүүгө милдеттүү болбосо дагы, жогорудагы 2-беренеге ылайык ага берилген ар кандай суроо-талапка ылайыктуу талапкерлерди табуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого жана Бириккен Улуттар Уюмуна жыйынтыктар жөнүндө маалыматты акылга сыярлык мөөнөтүн ичинде берүүгө милдеттенет.
4-берене.
Ар бир кенже эксперт адатта он эки айдан ашпаган баштапкы мөөнөткө дайындалат, бирок бул кызмат мөөнөтү Кыргыз Республикасы жана алуучу-өлкөнүн өкмөтү менен макулдашуу боюнча Бириккен Улуттар Уюму тарабынан узартылышы мүмкүн.
5-берене.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык кенже эксперттерди ишке тартуу менен байланышкан бардык идентификациялануучу чыгымдарды жабуу үчүн каражаттарды берет жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан көрсөтүлгөн эсепке бул максат үчүн сумманы жыл сайын чегерип турат. Мындай депозит эркин конверттелген валютада жүргүзүлүүгө тийиш. Кенже эксперттерди дайындоо же алардын мөөнөтүн узартуу/бөлүштүрүү алдында чыгымдардын сметасы Кыргыз Республикасына жөнөтүлүшү керек. Кыргыз Республикасы алынган сметаларды ырастамайынча жана эгер бааланган чыгашалар Кыргыз Республикасы тарабынан киргизилген сумма менен жабылбаса дайындоо бекитилбейт. Бардык эсеп депозиттери жана төлөмдөр АКШ долларынан башка валюталардагы төлөм күнү күчүнө кирген Бириккен Улуттар Уюмунун алмашуу курсунун негизинде жүргүзүлөт. Эгер Кыргыз Республикасы тарабынан жыл сайын чегерилген сумма Уюм тарабынан бул жыл ичинде иш жүзүндө сарпталган жалпы суммадан ашып кетсе, калган жана сарпталбаган сумма кийинки жылга өткөрүлөт.
6-берене.
Бириккен Улуттар Уюму ушул Эрежелердин 5-беренесинде көрсөтүлгөн каражаттардын эсебинен кенже экспертти дайындоо менен байланышкан бардык чыгымдарды төлөйт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
(a) эмгек акыны жана кошумча төлөмдөрдү;
(b) кызмат ордуна барууга жана кайтууга жол кирени жана ага байланышкан чыгымдарды жана кошумча төлөмдөрдү;
(c) өлкөнүн чегиндеги же Кыргыз Республикасы менен макулдашылган дайындалышта транспорттук чыгымдарды;
(d) кенже эксперттердин багуусунда тургандардын кызмат ордуна жана кайра кайтып келүүлөрү жана ага байланышкан чыгашаларды жана кошумча төлөмдөрдү;
(e) кенже эксперттерди оорудан, майыптыктан жана өлүмдөн камсыздандырууну, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Биргелешкен Пенсиялык Фондуна жумуш берүүчү уюм тарабынан төлөнүүчү төгүмдөрдү;
(f) Бириккен Улуттар Уюмунун персоналы жөнүндө жобого жана эрежелерге жана/же кенже эксперттерди дайындоо шарттарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон башка аныкталган, белгиленген кошумча чыгымдарды;
(g) идентификациялануучу чыгашалардын жалпы суммасынан Бириккен Улуттар Уюмунун кенже эксперттердин максаттык эсептеринин административдик чыгашаларын жабуу үчүн он эки пайызды же андан ары макулдашылышы мүмкүн болгон көбүрөөк пайызды.
7-берене.
Жыл сайын, текшерилген отчеттор пайда болоору менен, бирок 30-июндан кечиктирбестен, Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн Финансылык жоболоруна жана эрежелерине ылайык Кыргыз Республикасына ушул эрежелердин 5-беренесинде көрсөтүлгөн эсептин финансылык абалы жөнүндө өткөн жылдын 31-декабрына карата отчет берет.
8-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун колдонушу токтотулгандан кийин Бириккен Улуттар Уюму ушул Макулдашуунун 5-беренесинде көрсөтүлгөн максаттык фонддун эсебинде калган пайдаланылбаган калдыктарды Кыргыз Республикасына кайтарып берет, ал эми Кыргыз Республикасы жогорудагы 6-беренеге ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бардык сумманы которот.
9-берене.
Бириккен Улуттар Уюму кенже эксперттерге жөнөтүлө турган дайындоо жөнүндө катында кызмат көрсөтүүнүн шарттарын толук сыпаттайт.
10-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга эки тарап тең кол коюуга тийиш жана Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык ички укуктук жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлаган күндөн тартып күчүнө кирет.
11-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөр Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу менен гана киргизилиши мүмкүн.
12-берене.
Бул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду Бириккен Улуттар Уюму же Кыргыз Республикасы тарабынан үч ай мурда жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүү менен токтотулганга чейин күчүндө болот. Мындай токтотууга карабастан, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык жасалган кенже эксперттерди дайындоонун мөөнөтү аяктаганга чейин уланат.
13-берене.
Тараптардын ортосунда ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду чечмелөөгө жана жүзөгө ашырууга байланышкан консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечилүүгө мүмкүн болбогон ар кандай талаштар Тараптардын биринин өтүнүчү боюнча арбитраждык териштирүүгө жиберилет. Ар бир Тарап бирден арбитрди дайындайт жана ушундайча дайындалган эки арбитр Төрага болуп саналган үчүнчүсүн дайындайт. Эгерде арбитражга арыз берилген күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде Тараптардын бири дагы арбитрди дайындабаса, же эки арбитр дайындалган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде үчүнчү арбитр дайындалбаса, ар бир Тарап Эл аралык Соттун Төрагасына арбитрди дайындоо өтүнүчү менен кайрыла алат.
Териштирүү арбитраждын жол-жобосу арбитрлер тарабынан белгиленет, ал эми арбитражга байланыштуу чыгымдарды арбитрлердин баасына ылайык Тараптар тарабынан төлөйт. Арбитраждын чечими ага негизделген себептердин билдирүүсүн камтууга жана Тараптар тарабынан талаш боюнча акыркы чечим катары кабыл алынууга тийиш.
14-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда же ага тиешелүү эч нерсе Бириккен Улуттар Уюмунун, анын ичинде анын көмөкчү органдарынын же Кыргыз Республикасынын артыкчылыктарынан же иммунитеттеринен ачык же кыйыр түрдө баш тартуу катары чечмеленбөөгө тийиш.
15-берене.
УШУНУ КҮБӨЛӨӨ үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү өкүлдөрү кол коюлган күнү ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН УЮМУНУН АТЫНАН |
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН |
Ли Жонхуа, Медицина илимдеринин доктору, АКШ, DESA |
| Аида Касымалиева, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү |
Датасы: _______________________________ |
| Датасы: _______________________________ |