Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомуна) |
"Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммаларын түзүү жана пайдалануу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммаларын түзүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип) "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммаларын түзүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) салыштыруу акты - тараптардын ортосунда белгилүү бир мезгил үчүн өз ара эсептешүүлөрүнүн абалын чагылдырган документ;
2) администрациялануучу эсептер - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан укук бузууларды, анын ичинде муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдарды топтоо боюнча ачылган эсептер;
3) "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Коопсуз шаар" АМС) - аппараттык-программалык комплекстер фиксациялаган маалыматты жана Жол кыймылынын эрежелерин (мындан ары - ЖКЭ) бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди топтоо, сактоо, иштеп чыгуу жана каттоо процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуучу, ЖКЭни бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн жеткирүү/жеткирбөө статусун жана борбордук деңгээлде төлөөнү чагылдырган мамлекеттик маалыматтык система;
4) аппараттык-программалык комплекс (мындан ары - АПК) - транспорт каражаттарынын жалпы агымы, фиксацияланган ЖКЭни бузуулар жана видео байкоо жөнүндө комплекстүү маалыматты автоматташтырып берүү системасын билдирген, фото жана кинотартуу, видеожазуу функциялары бар стационардык/көчмө сертификацияланган контролдук-өлчөөчү техникалык каражат;
5) Укук бузуулардын бирдиктүү реестри (мындан ары - "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМС) - катталган укук бузуулар жана аларды жасаган адамдар, ошондой эле аларга карата колдонулган жазалар жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо үчүн арналган автоматташтырылган маалыматтык система;
6) конкурс - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды берүүгө жеңүүчү аныктала турган тандоо.
2-глава. Айып пулдардын суммаларын түзүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан төмөнкүлөргө уруксат берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМСте иштелип чыккан укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдарды ("Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПКны колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдарды кошпогондо) топтоо боюнча администрациялануучу эсепти ачууга;
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПКны колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдарды топтоо боюнча администрациялануучу эсепти ачууга.
4. Каражаттар администрациялануучу эсептерге жеке жана юридикалык жактар тарабынан төмөнкү укук бузууларды жасагандыгы үчүн иш жүзүндө төлөнгөн айып пулдардан түшөт:
1) "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМСте иштелип чыккан;
2) мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тиешелүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПКны колдонуу менен фиксацияланган.
5. Айып пулдарды төлөөдөн түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу автоматтык режимде жүзөгө ашырылат.
6. Иш жүзүндө түшкөн финансылык каражаттарды жана төлөнгөн айып пулдардын санын эсепке алуу үчүн ар бир айдын 10уна (он) чейин администрациялануучу эсептерге иш жүзүндө түшкөн акча каражаттарынын алкагында салыштыруу актылары түзүлөт. Ошол эле учурда салыштыруу актылары төмөнкүлөр тарабынан түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге ар бир укук бузуу боюнча ("Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПКны колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды кошпогондо);
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге ар бир АПК жана "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПКны колдонуу менен фиксацияланган укук бузуулар боюнча.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги салыштырууну жүргүзгөндөн кийин төлөнгөн айып пулдардан түшкөн акча каражаттарын ушул Тартиптин 3-главасына ылайык бөлүштүрөт.
3-глава. Айып пулдардын суммаларын пайдалануу тартиби
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПКны колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдарды топтоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин администрациялануучу эсебине түшүүчү каражаттардан зарыл болгон финансылык каражаттарды төмөнкүдөй бөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана өз компетенциясынын чегинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин алкагында, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн келишимдерге ылайык подрядчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана толугу менен бөлүү үчүн минималдуу айып пулдун суммасынан ашпастан АПКны техникалык тейлөө үчүн (АПКда фиксацияланган айып пулдар боюнча гана);
- монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, бирок 26 сомдон ашпаган тариф боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык почта кызмат көрсөтүүлөрү (токтомдорду басып чыгаруу, конвертациялоо жана дарек ээсине жеткирүү) үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси менен "Коопсуз шаар" АМСти техникалык тейлөө/коштоо үчүн эсептешүүлөрдү келишимге ылайык жүргүзүү үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине "Коопсуз шаар" АМСтин маалыматтарын иштеп чыгуунун резервдик борборунун үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу максатында, анын ичинде материалдык-техникалык камсыз кылуу жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү үчүн ушул пункттун 2-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине бөлүнүүчү сумманын өлчөмүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги N 204 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМСте иштелип чыккан укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдарды ("Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПКны колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдарды кошпогондо) топтоо боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын администрациялануучу эсебине түшүүчү каражаттардан зарыл болгон финансылык каражаттарды төмөнкүдөй бөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМСтин үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу, анын ичинде материалдык-техникалык камсыз кылуу жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү үчүн - айып пулдардын суммасынан 13%;
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү үчүн - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 456-беренесине ылайык өз компетенциясынын чегинде каралган жана салынган укук бузуулар үчүн өндүрүлүүчү айып пулдардын суммасынан 25% өлчөмдө;
3) Бишкек шаарынын мэриясына материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү үчүн - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 492, 496-беренелерине ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан өз компетенциясынын чегинде каралган жана салынган укук бузуулар үчүн өндүрүлүүчү айып пулдардын суммасынан 80% өлчөмдө.
10. Ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин укук бузууларды ("Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПКны колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды кошпогондо) жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдардын калган суммалары төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- айып пулдардын суммалары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өз компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртууга жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүүгө 13% өлчөмдө бөлүштүрүлөт (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын, Кыргыз Республикасынын сотторун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын жана Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо).
11. "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинен, ошондой эле Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагында түшкөн каражаттардын калдыгы республикалык бюджетке киргизилет.
Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагында өндүрүлгөн айып пулдар боюнча салынуучу туум толук көлөмдө республикалык бюджетке которулат.
4-глава. Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
12. Ушул Тартиптин 8, 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каражаттарды сарптоо чыгымдардын бекитилген сметаларына жана администрациялануучу эсепке кирешелердин иш жүзүндө түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.
13. Бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу ушул Тартиптин 8, 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин чечимдери менен аныкталат.
14. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бухгалтердик эсеп боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү бюджеттик мыйзамдарга жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каражаттардын түзүлүшүн (түшүүсүн) жана пайдаланууну эсепке алууну жүргүзөт.