Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 17-февралындагы №61 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 354 Жарлыгына) |
2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук ПРОГРАММАСЫ
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Футбол бүгүнкү күндө кадимки спорттук оюндардан алда канча өзгөчөлөнүп, спорттун эң популярдуу түрүнө гана айланбастан, массалык кызыгууну жаратып, дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Маалыматтык технологиялардын өнүгүшүнүн натыйжасында футбол заманбап массмедианын эң таанымал жана талап кылынган продуктусу болуп калды. Көптөгөн өлкөлөрдө футболду өнүктүрүү жаңы деңгээлге чыкты жана ал биринчи кезекте мамлекеттин, футбол федерацияларынын жана ассоциацияларынын, күйөрмандардын, өнөктөштөрдүн жана демөөрчүлөрдүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү аркылуу жетишилет.
2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз футбол биримдигинин (мындан ары - КФБ) миссиясына жана көз карашына ылайык иштелип чыкты.
Пайда болгон чакырыктарды жана ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү жана келечекти, ошондой эле өнүгүү жолдорун диверсификациялоо зарылдыгын жана максималдуу натыйжалуулукка жетүү үчүн күч-аракеттерди топтоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен бул Программа төмөнкүлөргө багытталган:
- кыргыз футболунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кыргыз футболчуларынын суроо-талабын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын футбол курама командаларынын жана кесиптик клубдардын эл аралык аренада чыгуу жыйынтыктарын жакшыртуу;
- сапаттуу футбол продуктун түзүү жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусунун өсүшүн камсыз кылуу;
- спортчуларды даярдоо системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын бардык багыттардагы курама командаларынын жана кесиптик клубдардын бардык курактык категориялары үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү квалификациялуу оюнчуларды кеңири тандоону камсыз кылуу;
- массалык футболдун уюштурулушун жана жеткиликтүүлүгүн популярдаштыруу жана өркүндөтүү, заманбап футболдук инфратүзүмдү жана жогорку квалификациялуу кадрларды керектүү санда камсыз кылуу;
- өлкөдө футболдун туруктуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү.
2. Кыргыз Республикасында футбол чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Кыргызстанда бүгүнкү күндө футбол менен жалпысынан чоңдордун 8%ы (Европада - 14%) ойнойт, футбол ойногон аялдардын үлүшү 0,5%дан ашпайт (Европада - 4%), футбол ойногон балдардын үлүшү алардын жалпы санынын 17%ын түзөт (Европада - 27%).
Кыргызстандан 20дан ашык футболчу өлкөнүн тышында (Россия Федерациясы, Беларусия, Бангладеш, Түркия, Өзбекстан, Германия, Швеция, Люксембург, Гонконг, Казакстан) ойнойт. Салыштыруу үчүн: өз өлкөлөрүнүн тышында 202 украиналык, 192 россиялык, 45 беларусиялык жана 32 өзбек футболчу ойнойт.
Бүгүнкү күндө өлкөдө чөп газону менен 26 стадион жана жасалма катмары менен 11 стадион/талаа (айрымдары оңдоону талап кылат), 1 манеж жана футзал менен машыгуу үчүн 30га жакын зал бар. Учурдагы стадиондордун экөөсү гана эл аралык оюндарды өткөрүү талаптарына аздыр-көптүр ылайык келет, дагы 8и кыргыз премьер-лигасынын оюндарын өткөрүү талаптарына жооп берет, 11 стадиондо улуттук лига оюндарын өткөрүүгө уруксат берилет, ал эми 9 стадиондо учурдагы абалына байланыштуу эч бир расмий оюндарды өткөрүүгө болбойт. Ушундай эле кырдаал футзалдык инфратүзүмдөн дагы байкалууда, алардын 2си гана эл аралык беттешүүлөрдү өткөрүү стандарттарына жооп берет, калгандарынын айрымдарынын өлчөмдөрү стандартка жооп бербейт жана машыгуу үчүн гана жарактуу. Ошондой эле инфратүзүмдү өнүктүрүүдө региондук дисбаланс орун алган, залдардын дээрлик 60%ы Бишкекте жайгашкан, ал эми Ош, Талас жана Нарын облустарында болгону 1ден зал иштейт. Инфратүзүм акырындык менен жакшырып келе жатканын белгилөө зарыл. Катмары жана жарыктандыруусу жакшы мини-футбол аянтчалар жана залдар пайда болууда. Бирок, көпчүлүк учурда бул жакшыртуулар жеке капиталдын эсебинен ишке ашырылууда.
Акыркы 10-жылда Азия футбол конфедерациясынын (мындан ары - АФК) "С", "В", "А" жана "Pro" категорияларына лицензиясы бар футбол машыктыруучуларынын жалпы саны 5 эсеге көбөйүп, азыркы учурда 604 адамды түзөт (2013-жылы 121 машыктыруучунун лицензиясы болгон).
Региондор боюнча машыктыруучу кадрлардын саны калктын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлгөн эмес. Мисалы, Талас облусунда машыктыруучулар Ош облусуна караганда 20 эсеге, Бишкекке жана Чүй облусуна караганда 45 эсеге аз.
Кыз-келиндер машыктыруучулардын үлүшү Кыргызстандагы бардык машыктыруучулардын жалпы санынын 7, 8%ын түзөт. Кыз-келиндер командаларын даярдоо менен алектенген кыз-келиндер машыктыруучуларынын контракттары жок жана минималдуу стипендия алышат.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүнкү күндө Эл аралык футбол федерациясынын (мындан ары - ФИФА) рейтингинде 101-орунду (АФКда - 17-орун) ээлеп турат, кошуна мамлекеттер Казакстан (109-орун) менен Тажикстандан (102-орун) озуп өтүүдө. Салыштыруу үчүн: калктын саны жана ички дүң продуктусунун деңгээли окшош өлкөлөр, Никарагуа - 130-орунда, Ливан - 117-орунда турат.
Бирок футбол боюнча Эло (Elo Rating) рейтингинде Кыргызстан азыркы учурда 145-орунда, Казакстан - 92-орунда, Тажикстан - 110-орунда, Никарагуа - 122-орунда, Ливан - 140-орунда турат.
Эгерде бир нече жыл мурда Кыргызстандын улуттук курама командасы оюндардын алдындагы жыйындар менен чектелип, ал эми жылдык оюндардын саны өтө аз болгон болсо, акыркы мезгилде каржылоонун жакшырышы менен курама командада окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болду, алардын айрымдарын чет өлкөлөрдө өткөрүүгө мүмкүндүк болууда. Башка өлкөлөрдүн командалары менен жолдоштук беттешүүлөрдүн саны да көбөйүүдө, аларда футболчулар керектүү тажрыйбага жана өзүнө болгон ишенимге ээ болушат.
Футзал боюнча улуттук курама команданын тарыхында салыштырмалуу олуттуу жетишкендиктери бар. 2005-жылдагы АФКнын чемпионатында коло байгенин ээси, ал эми 2006 жана 2007-жылдары төртүнчү болгон. Ошондой эле анын тарыхында Азия чемпионатында алтынчы орун жана беш чейрек финал да бар. Тилекке каршы, акыркы жылдары футзал курама командасынын ийгилиги анчалык байкалбай келет, ал эми акыркы АФК чемпионатында квалификацияны өтө албай калган. Ага карабастан өлкөнүн ички чемпионатындагы атаандаштык өзгөчө күчөгөн жана оюнчулар кооз футбол көрсөтүп баштаган мезгилде футзап курама командасынын келечеги чоң үмүттөрдү арттырууда.
Бүгүнкү күндө футзал боюнча улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 50-позицияны ээлеп турат, коңшу Казакстан (7-орун) менен Өзбекстандан (25-орун) артта калып, бирок Тажикстандан (52-орун) алдыда турат.
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы азыркы учурда дүйнөлүк рейтингде 128-орунда турат. Салыштыруу үчүн: Өзбекстан 50-орунда, Казакстан 99-орунда, Тажикстан 148-орунда.
Кыргыз кесиптик футбол лигасынын (мындан ары - ККФЛ) оюндарынын популярдуулугу өтө төмөн. Премьер-лигада 8 клуб, Улуттук лигада ушунча команда бар. Мындан тышкары, ККФЛ Кыргыз Республикасынын футбол боюнча кубогун жана Кыргыз Республикасынын футбол боюнча суперкубогун өткөрүп келет.
ККФЛде легионерлердин үлүшү 18,3%ды (Россияда - 31%, Украинада - 22%, Өзбекстанда - 10% легионерлер ойнойт) түзөт.
ККФЛдеги оюнчулардын орточо курагы - 23,9 жашты түзөт. Салыштыруу үчүн: Казакстандын жогорку лигаларында - 27 жаш, Россия менен Өзбекстанда - 26,3 жаш, Украинада - 25,6 жаш жана Беларусияда - 24,9 жаш.
Футболдук клубдардын жана чоңдор командаларынын санынын салыштырмалуу аздыгы өспүрүм курактан чоңдорго өтүүчү жаш оюнчуларга болгон суроо-талапты чектөөдө. Ошол себептен келечектүү жаш футболчулардын айрым бөлүгү окууну же акча табууну артык көрүп, кесиптик карьерасын токтотууда.
Көптөгөн командалардын өз стадиондору же окуу-машыгуучу базалары жок. Жергиликтүү бюджеттен дотация алган бир нече клубду кошпогондо, өлкөдөгү футбол клубдарынын басымдуу көпчүлүгү жеке каржылоонун негизинде иштеп келет.
Ошондой эле жаштар жана балдар командаларын кармап турууга бир нече гана клубдардын мүмкүнчүлүгү бар жана бир дагы клубда бүгүнкү күндө кыз-келиндер командасы жок.
Кыз-келиндер футболунда эки гана чемпионат өткөрүлөт. Биринчиси 7 командадан турат, анда 15 жаштан жогорку кыз-келиндер ойнойт, экинчисинде, өзүнө 13 команданы камтыган жаштар чемпионатында 14 жашка чейинки кыздар ойнойт. Кыз-келиндер командалары курамындагы оюнчулардын контрагы жок жана айлык албагандыгы менен мүнөздөлөт, башкача айтканда кыз-келиндер футболунда кесипкөйлүк жок.
Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасында 2 зонага бөлүнгөн 14 команда ат салышат. Быйылкы жылы ата мекендик футзал клубдарында ойногон легионерлердин жалпы саны 30га жетип, чемпионаттын планкасын жаңы деңгээлге көтөрдү.
Ошондой эле өлкөдө футзал боюнча республикалык, ошондой эле региондук ышкыбоздор лигалары туруктуу негизде иштеп келет.
Мындан тышкары, жыл сайын ардагерлер арасында футзал боюнча турнирлер өткөрүлүп, ага Кыргызстан менен Казакстандын ар кандай жаш-курак категориясындагы көп сандаган командалар катышат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат базасына ылайык өлкөдө 78 мекеме (олимпия резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептери, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар) иштейт, аларда 182 футбол боюна окутуу-машыктыруучу кызматкер эмгектенет жана 5889 бала футбол менен машыгат.
2021-жылдан тартып Балдардын футбол лигасынын (мындан ары - БФЛ) ишинде "ФИФА Коннект" эл аралык системасы (FIFA Connect) колдонулуп келет, анда бардык балдар жана жаштар жаш-курагы боюнча катталат. Азыркы учурда бул системада КФБнын колдоосу астында БФЛ өткөргөн турнирлерге катышкан 1815 жаш футболчу катталган.
Балдар жана жаштар арасындагы республикалык чемпионат эки зонага (түндүк жана түштүк) бөлүнгөн эки лигада (жогорку жана биринчи), 3 жаш-курактагы категорияда (U14, U15 жана U16) өткөрүлөт. Чемпионатка 72 команда катышат (ар бир лигада 36дан). Ошондой эле Кыргыз Республикасынын кубогу жыл сайын 5 жаш-куракта (U12, U13, U14, U15 жана U16), ар бир категорияда 8ден команда менен ойнотулат.
Учурда Кыргыз Республикасында лицензиясы бар 141 футбол арбитри бар, алардын 11,35%ын аялдар түзөт.
Улуттук деңгээлде футбол калыстарынын саны жыл сайын көбөйүүдө. Алардын саны 10 жылдын ичинде 3,35 эсеге көбөйгөн. Бирок бул жерде дагы региондук дисбаланс орун алган - региондордо калыстар жетишсиз.
Мындан тышкары, калыстардын сапаттык өсүшү сандык өсүштөн артта калууда. Мисалы, эркектер футболунда 2008-жылдан бери бир дагы калыс рекрутингди өткөн эмес, ошондуктан ФИФАнын жаңы калыстары жок. Аялдар калыстыгында жагдай жакшыраак, мында Кыргызстандан ФИФАда эки калыс бар.
Тилекке каршы, Кыргызстанда VAR системасы жок, анын натыйжасында ФИФАнын эрежелери боюнча кыргызстандык калыстар эл аралык беттештерди тейлөөгө тартылышы мүмкүн эмес.
Футбол чөйрөсүндөгү учурдагы абалдын себеби болуп футболду өнүктүрүүдөгү өз ара байланышкан көйгөйлөрдүн комплекси саналат, алардын негизгилери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- жалпысынан дене тарбияны жана спортту, анын ичинде футболду өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде так чагылдырылган стратегиялык мамиленин жоктугу;
- жеке капиталдын футболго катышуусунун төмөн деңгээли, бизнесмендерде жана меценаттарда инвестициялоо үчүн өбөлгөлөрдүн жоктугу;
- футбол инфратүзүмүнүн объектилеринин саны жана сапаты өлкөдөгү кесиптик, ошондой эле массалык футболду өнүктүрүүгө жөндөм түзбөйт;
- кесипкөй менеджерлерди, спорттук жана техникалык директорлорду, машыктыруучуларды, аналитиктерди, коммерциялык директорлорду, мелдештерди уюштуруучуларды даярдоо жана өнүктүрүү боюнча программалардын жоктугунан башкаруучу, спорттук, аналитикалык жана уюштуруучу кадрлардын жетишсиздиги;
- машыктыруучуларды окутуу жана лицензиялоо системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү жана талаптын төмөндүгү. Бүгүнкү күндө лицензиялоо массалык футбол системасында иштөө үчүн номиналдуу түрдө гана зарыл элемент болуп саналат;
- курама командалар менен иштөөдө улуттук футбол моделинин жоктугу. Улуттук стилдин айырмалоочу белгилерине негизделген оюн модели көптөгөн өлкөлөрдө курама командалардын жыйынтыктарын трансформациялоонун негизи болуп калды. Оюнду куруудагы жалпы философия жана бирдиктүү мамиле ар кандай жаш-курактагы курама командалар менен иштеген машыктыруучулардын күч-аракетин бириктирүүгө, бир жаш-курактык топтон экинчисине өтүүнү тең салмактуу кылууга мүмкүндүк берет;
- футбол ишинин бардык маанилүү катышуучуларынын (КФБ, кесиптик футбол клубдары, күйөрмандар, муниципалдык органдар) ортосунда конструктивдүү диалогдун жоктугу, бул кыргыз футболунун өнүгүшүн кыйла басаңдатууда жана жалпы максатка жетүү үчүн күчтөрдүн консолидациясына тоскоолдук жаратат.
Ушуну менен бирге Кыргызстанда футболдун динамикалык өнүгүшү үчүн зарыл болгон негизги өбөлгөлөр бар, атап айтканда:
- акыркы он жылдан бери өлкөбүздө футболдун өнүгүшү жогорулады: ФИФА жана АФК менен болгон мамилелер бекемделип жатат, улуттук курама команда олуттуу ийгиликтерге жетишти, футзалдагы позициялар жакшырууда, балдар футболу өнүгүп жатат;
- футболго кызыккан жана аны сүйгөн, анын өнүктүрүүгө жана жайылтууга салым кошууга жөндөмдүү адамдардын саны көбөйүүдө;
- өлкө жетекчилиги тарабынан футболго көңүл бурула баштады.
Бул Программа системалык өзгөрүүлөргө негизделет, алар жалпы миссия, амбициялуу жана ошол эле учурда адекваттуу максаттар, конкреттүү жана аткарылуучу милдеттер менен бириккен футболдун бардык багыттарын пландуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. КФБ натыйжалуу коммуникацияларды түзүү, жолун улоочулукту жана институционалдык эс тутумду камсыз кылуу, бул Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө тандалган курска багыт алуу менен ушул жааттагы демилгечи жана кыймылдаткыч болушу керек.
3. Кыргыз футболуна көз караш
Программанын максаты футболдун популярдуулугун жана массалуулугун жогорулатуу, кесиптик футболдун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү жаш оюнчулардын базасын даярдоону камсыз кылуу, алардын жыйынтыктарын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын кесиптик клубдарын жана курама командаларын колдоо болуп саналат.
Программанын максаттарына жетүүнүн жыйынтыгында 2034-жылга карата футбол Кыргызстандагы кызыгууну жараткан негизги улуттук спорт болуп калат, бул төмөнкүлөрдү билдирет:
- өлкөдө футболдун популярдуулугунун олуттуу өсүшүн;
- футбол ойногондордун санынын олуттуу көбөйүшүн;
- кыргыз клубдарынын эл аралык турнирлерде үзгүлтүксүз ийгиликтүү чыгууларын;
- Кыргызстандын курама командаларынын Азия жана дүйнөлүк чемпионаттардын финалдык бөлүктөрүнө чыгууларын.
Футбол бир катар себептерден улам ушундай болушу мүмкүн:
- ал Кыргызстанда жана бүткүл дүйнөдө спорттун эң популярдуу жана эң кызыктуу түрү болуп эсептелет;
- балдар үчүн да, 50+ жаштагы адамдар үчүн да машыгуу үчүн жеткиликтүү, форматтарга ийкемдүү жана салыштырмалуу кымбат эмес, бул калктын массалык катышуусуна өбөлгө түзөт;
- бул спорттук гана эмес, ар бир адамга спорт менен машыгуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен социалдык функцияны да алып жүрүүчү көп кырдуу көрүнүш;
- калктын ден соолугун чыңдоого жөндөм түзөт;
- социалдык жана экономикалык чөйрөлөргө оң таасирин тийгизиши мүмкүн;
- клубдардын жана курама командалардын ийгиликтүү оюндары эл аралык деңгээлде өлкөнүн аброюн көтөрөт;
- бул командалык спорттун түрү, анын ийгилиги даярдоо процессине катышкан бардык тараптардын эриш-аркак ишинен көз каранды, коомдун ар түрдүү катмарындагы күйөрмандарды бириктирүүгө жана коомдук турмуштун бардык аспектилерине активдүү таасир этүүгө жөндөмдүү.
Программанын негизинде футболдун бардык түзүүчүлөрүн өнүктүрүүгө системалуу мамиле жатат. Күч-аракеттерди кайсы бир же бир нече багытты өнүктүрүүгө гана багыттоо туура эмес болот. Калгандарын баалабай коюу системалык тең салмаксыздыкка, ресурстарды жана күч-аракеттерди максатсыз коротууга жана акырында коюлган максаттарга жетпей калууга алып келиши мүмкүн. Комплекстүү мамиле гана бүтүндөй футбол тармагынын ийгиликтүү өнүгүшүн жана анын көптөгөн жылдарга туруктуулугун камсыз кылууга арналган. Футбол системасынын бардык механизмдери бир бүтүн катары иштеши керек.
4. Кыргыз футболунун артыкчылыктары (өнүгүү векторлору)
Кыргыз футболунун артыкчылыктарына (өнүгүү векторлоруна) төмөнкүлөр кирет:
- Кыргызстандын курама командаларын жана кесиптик футбол клубдарын өнүктүрүү;
- сапаттуу футбол резервин даярдоо;
- массалык футболду өнүктүрүү;
- кадрдык потенциалды жогорулатуу;
- заманбап футбол инфратүзүмүн түзүү;
- футболду өнүктүрүү боюнча маалыматтык камсыздоо.
4.1. Кыргызстандын курама командаларын жана кесиптик футбол клубдарын өнүктүрүү.
Максат. Футбол боюнча ар кандай жаш-курактагы күчтүү курама командалар.
Учурдагы абал.
Курама командаларга тартуу үчүн квалификациялуу футболчулардын санынын жетишсиздиги.
Милдеттер:
1) бардык жаш-курактагы курама командалар үчүн улуттук футбол философиясын иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү;
2) курама командаларды даярдоо үчүн окуу-машыгуу базасын түзүү;
3) КФБнын элиталык академиясын түзүү;
4) ар кандай жаш-курактагы курама командалардын сапаттуу атаандаштык практикасын камсыз кылуу;
5) сапаттуу заманбап медициналык коштоону жана реабилитациялоону камсыз кылуу;
6) Кыргыз Республикасынын курама командаларынын кадыр-баркын жогорулатуу.
Максат: Туруктуу кесиптик футбол системасы.
Учурдагы абал.
Өспүрүм курактан чоңдорго өтүүчү жаш оюнчуларга суроо-талаптын төмөндүгү жана натыйжада чоң оюнчулардын мотивациясынын төмөн деңгээли жана жаш оюнчуларды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендиги.
ККФЛ командаларынын чыгашалуугу, аларды каржылоонун жетишсиздиги, күчтүүрөөк лигада ойноого каражаттын жоктугунан деңгээлди көтөрүүгө (улуттук лигадан премьер-лигага өтүү) умтулуунун жоктугу.
Кыз-келиндер жана балдар футболун өнүктүрүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк бере турган клубдарды комплекстүү өнүктүрүүнүн жетишсиздиги.
Футбол индустриясын инвестициялоого жана өнүктүрүүгө бизнестин кызыгуусунун жоктугу.
Ички чемпионатка көрүүчүлөрдүн кызыгуусунун жоктугу, ички ТВ-продуктка суроо-талаптын төмөндүгү.
Милдеттер:
1) оюнчулардын жаштардан чоңдордун футболуна өтүүсүнүн бирдиктүү жана туура түзүлгөн пирамидасын калыптандыруу;
2) мелдештерди өткөрүүгө контролду жакшыртуу;
3) кесипкөй футболчулардын туруктуу эмгек рыногун түзүү;
4) Кыргызстанда кесиптик футболдун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
5) клубдарга көрүүчүлөр аудиториясы менен өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилери, анын ичинде күйөрмандардын укукка каршы аракеттерин алдын алуу боюнча иштөөгө дем берүү;
6) спорттук жана коммерциялык пландарда атаандаштык, кызыктуу чемпионат уюштуруу.
4.2. Квалификациялуу футбол резервин даярдоо.
Максат. Квалификациялуу кесипкөй футболчуларды даярдоонун натыйжалуу системасын түзүү.
Учурдагы абал.
Азыркы учурда спортчуларды даярдоонун улуттук системасы төмөнкү натыйжаны көрсөтүүдө, бул өлкөбүздүн командасына башка өлкөлөрдөн натурализацияланган футболчуларды тартуу менен тастыкталат.
Балдар-өспүрүмдөр футболун даярдоо системасында спорттук мектептерде иштеген машыктыруучу-окутуучулардын квалификациясы боюнча гана эмес, ошондой эле даярдоонун сапаты, жаш футболчулардын саны жана жаш курагы боюнча маселелер бар.
Чоңдордун командаларынын саны чектелип, жетишпеген учурда, өспүрүм курактан чоңдорго өтүп жаткан жаш оюнчуларга болгон суроо-талап толук чечилиши мүмкүн эмес.
Футбол машыктыруучуларынын жалпы саны өсүп жатканына карабастан, эң престиждүү "Pro", "А" жана "В" категорияларына окуу наркы үчүн эле эмес, мындай деңгээлдеги адистерге суроо-талап өлкө ичинде азырынча аз болуп, ал эми чет өлкөлөрдө ата мекендик машыктыруучуларга суроо-талап жок болгондуктан чоң суроо-талапка ээ эмес. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө массалык футбол системасында лицензиялоо машыктыруучу катары иштөө үчүн зарыл элемент болуп саналбайт.
Футбол инфратүзүмүнүн саны жана сапаты өлкөдөгү кесиптик, ошондой эле массалык футболдун өнүгүшүнө жөндөм түзбөй жатат.
Милдеттер:
1) кесиптик клубдарынын алдында футбол боюнча балдар-өспүрүмдөр жана жаштар академияларын түзүү;
2) футболчуларды спорттук даярдоонун бирдиктүү стандартын колдонуу;
3) таандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан спорттук даярдоо мекемелерин үзгүлтүксүз милдеттүү аттестациялоо системасын киргизүү;
4) жеке бизнестин футболдук даярдоо мекемелери менен кызматташууга кызыгуусун жогорулатуу;
5) футболдун бардык түрлөрү жана багыттары боюнча өнүгүү программаларын иштеп чыгуу.
4.3. Массалык футболду өнүктүрүү.
Максат. Массалык футболду уюштуруунун сапатын жогорулатуу жана анын кеңири жайылышына шарт түзүү.
Учурдагы абал.
Кыргызстанда футболдун популярдуулугу өсүүдө, бул футбол аянтчаларынын санынын акырындык менен көбөйүшү, аларда оюндардын тынымсыз өткөрүлүп турушу, ошондой эле спорт-барлардын жана күйөрмандар сүйүктүү командаларынын катышуусундагы беттештерди жамааттык көрө ала турган жерлердин салыштырмалуу көп болушу менен тастыкталат.
Өлкөдө республикалык жана региондук ышкыбоздук футбол жана футзал лигалары туруктуу негизде ишин жүргүзүүдө. Көпчүлүк ышкыбоздук лигалардын мелдештери жана иш-чаралары калк арасында жергиликтүү, райондук жана региондук спорттук иш-чаралардын календардык пландарына киргизилген. Бул иш-чараларды уюштуруу КФБ жана анын региондук бөлүмдөрү менен бирдикте жүзөгө ашырылат.
Мындан тышкары, футболдун маанилүү бөлүгү өз алдынча уюшкандык формаларында иштеп келет. Бул деңгээлдеги мелдештер мелдештин календардык планына киргизилген эмес, катышкан командалар жана өткөрүлгөн беттештер жөнүндө маалымат расмий футбол уюмдарында белгиленген эмес. Мындай лигалар демилгенин жана оюнчулардын каражаттарынын эсебинен иштейт. Бала кезде бул, негизинен окуган же жашаган жериндеги мелдештер. Чоң футболчулар мелдештерди аймактык жана кесиптик багыттар боюнча уюштурат.
Футболду кыйла динамикалуу өнүктүрүү үчүн өз алдынча уюшкан футболдон кесиптик футболго келүүчү кыймылды кеңейтүү жана камсыз кылууга шарттар жетишсиз.
Милдеттер:
1) жыл сайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде массалык футболдогу абалды үзгүлтүксүз талдоо;
2) КФБнын колдоосу астында үзгүлтүксүз футболдук мелдештерге тартуу үчүн футболдун өз алдынча уюшкан субъекттерине дем берүү;
3) Массалык футбол менен системалуу иштөө боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн демөөрчүлөрдү жана өнөктөштөрдү издөө жана тартуу.
Бул Программа эркектер футболун, анын башка дисциплиналарын (футзал, кум жээгиндеги футбол) жана багыттарын (кыз-келиндер футболу, ардагерлер футболу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн футбол ж.б.) өнүктүрүүнү камтыйт, алардын өнүгүү программалары КФБ тарабынан өзүнчө жана ушул Программада баяндалган стратегиялык багыттарга ылайык иштелип чыгат.
5. Артыкчылыктардын (өнүгүү векторлорунун) ийгилигин камсыз кылуу
Футбол системасын ийгиликтүү өнүктүрүү жана анын узак мөөнөттүү келечекте туруктуу иштеши үчүн тийиштүү толук масштабдуу кадрдык, инфратүзүмдүк жана маалыматтык камсыздоо зарыл. Албетте, көптөн бери топтолгон көйгөйлөрдүн бардык спектрин бир эле учурда чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан аларды чечүү так жана реалдуу индикаторлорду жана аткаруунун ыкмаларын белгилөө менен этабы менен ишке ашырылышы керек.
5.1. Кадрдык потенциалды жогорулатуу.
Кайсы болбосун тармактын өнүгүүсү жаңы билимдерди, көндүмдөрдү жана тажрыйбаларды өздөштүргөн адамдарсыз ийгиликтүү боло албайт. Спорттук иштин бардык чөйрөлөрүндө (машыктыруучулар, менеджерлер, аналитиктер, методисттер, юристтер, спорт медиктери, коопсуздук боюнча адистер, PR-адистери, калыстар ж.б.) кардиналдуу өзгөрүүлөргө даяр жана алардын зарылдыгын түшүнгөн жогорку квалификациялуу кадрларды тарбиялоо өзгөртүп түзүүлөрдүн сапатын жана кайтарылгыс болушун камсыз кылат.
Машыктыруучулук курамды даярдоо (квалификацияны жогорулатуу).
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда даярдоо программалары иштелип чыккан жана окутуу жүргүзүлүп жаткан бирден-бир спорттук адистик болуп машыктыруучулук-окутуучулук ишмердүүлүк саналат, бул багыттагы сапаттуу өзгөрүүлөр өтө маанилүү болуп саналат, бирок ошону менен бирге олуттуу убакыттык жана ресурстук чыгымдарды, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу үчүн дем берүү механизмдерин талап кылат.
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн машыктыруучулар курамынын сапаттык жана сандык өсүшү зарыл, бул үчүн машыктыруучуларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын реформалоо зарыл, ал АФК жана КФБ лицензиялары бар жогорку квалификациялуу жана талап кылынган машыктыруучулардын санынын өсүшүн камсыздай алат.
Максат. Машыктыруучуларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын реформалоо.
Милдеттер:
1) футбол машыктыруучуларын даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун учурдагы системасынын натыйжалуулугун талдоо;
2) футбол машыктыруучуларын даярдоо программасына түзөтүүлөрдү киргизүү;
3) футбол чөйрөсүнө тартылган бардык машыктыруучуларды эсепке алуу системасын өркүндөтүү;
4) машыктыруучуларды жана футбол адистерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борборун түзүү.
Футболдук процесстерди уюштурууга жооптуу спорттук менеджерлерди, адистерди, спорттук дарыгерлерди жана медициналык адистерди даярдоо (квалификацияны жогорулатуу).
Футболдук уюмдарда башкаруунун бардык деңгээлиндеги жогорку квалификациялуу спорттук менеджерлердин болушу футболду өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ. Тилекке каршы, ушул кезге чейин адистердин бул категориясын даярдоого тийиштүү көңүл бурулбай келген. Өлкөдө футбол чөйрөсүндөгү башкаруучу кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоо системалык деңгээлде жүргүзүлбөйт.
Максат. Футболдук уюмдарда жогорку квалификациялуу спорттук менеджерлердин, бардык багыттар боюнча адистердин, спорттук дарыгерлердин жана медициналык адистердин болушун камсыз кылуу.
Милдеттер:
1) футбол ишинин ар кандай багыттары боюнча менеджерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгууну демилгелөө;
2) жогорку окуу жайларынын окуу пландарына спорттук менеджерлерди даярдоо программаларын киргизүү;
3) медициналык жогорку окуу жайларынын окуу пландарына спорттук дарыгерлерди жана медициналык адистерди даярдоо программаларын киргизүү.
Футбол арбитрлерин даярдоо (квалификацияны жогорулатуу).
Футбол калыстарынын саны жыл сайын өсүп жатканына карабастан, дагы деле жетишсиз.
Калыстарды техникалык камсыздоодо заманбап талаптардан артта калуу байкалууда - Кыргызстанда азырынча өзүнүн калыстарга видео жардам VAR (Video assistant referee) системасы жок, тиешелүү түрдө VAR менен иштеген квалификациялуу адистер да жок.
Футбол калысынын сапатында да кемчиликтер бар, бул жалпы даярдык деңгээлинин жетишсиздигинен жана кесиптик атаандаштыктын жоктугунан келип чыгат.
Максат. Кыргызстандагы футбол калыстыгы дүйнөлүк деңгээлге шайкеш келет.
Милдеттер:
1) футбол арбитрин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын модернизациялоо;
2) футбол калыстыгына мүмкүн болушунча көп адамдарды тартуу;
3) арбитрлердин ар бири жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматты бар портфолиону камтыган бардык калыстарды эсепке алуу системасын жүргүзүү;
4) футбол калыстыгын кесиптештирүүгө өтүү (футбол калысы - бул кесип);
5) эң мыкты дүйнөлүк практикага ылайык калыстыкты техникалык жактан камсыздоо.
5.2. Заманбап футбол инфратүзүмүн түзүү.
Ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн маанилүү компонент - заманбап стандарттарга жооп берген жана кесипкөй футболчулардын жана футбол сүйүүчүлөрүнүн талаптарын канааттандырган футбол инфратүзүмүн түзүү.
Футбол инфратүзүмүндө азыркы учурда төмөнкүдөй бир катар көйгөйлөр бар, алсак:
- өлкөдө жалпысынан футбол объектилеринин санынын жетишсиздиги;
- стадиондордун абалы заманбап футбол стандарттарына жооп бербейт;
- бир нече кесиптик клубдардын гана окуу-машыгуу базалары бар, ал эми курама командаларда такыр жок;
- чачыранды башкаруу, б.а. кээ бир стадиондор мамлекеттик башкарууда, айрым объектилер муниципалитеттерге таандык, ал эми дагы бир бөлүгү - жеке менчикте;
- инфратүзүмдүк объекттердин абалын жана пайдаланылышын бирдиктүү эсепке алуу жана контролдоо боюнча бирдиктүү системасынын жоктугу.
Максат. Заманбап стандарттарга жооп берген футбол инфратүзүмүн түзүү.
Милдеттер:
1) менчиктин бардык түрүндөгү футбол инфратүзүмүнүн объекттеринин алар жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматтарды камтыган маалымат базасын өркүндөтүү;
2) футбол инфратүзүмүнүн объектилеринин мелдештерди өткөрүү талаптарына шайкеш келиши;
3) футбол инфратүзүмүнүн объектилеринин санын көбөйтүү жана сапатын жакшыртуу;
4) футбол инфратүзүмүнүн объекттеринин иштешин, күтүүнү жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
5) футбол инфратүзүмүнүн объекттерин техникалык жактан жабдуу;
6) футбол инфратүзүмүнүн объектилерин тейлөө жана кам көрүү үчүн квалификациялуу персонал менен камсыз кылуу.
5.3. Футболду өнүктүрүү боюнча маалыматтык камсыздоо.
Акыркы он жылда өлкөдө футболго болгон кызыгуу кыйла өстү. Кыргызстанда футболдун популярдуулугу футбол талааларына жана мини-футбол аянтчаларына болгон талап менен тастыкталууда. Улуттук курама команданын ийгиликтери, эл аралык аренадагы клубдук футболунун позициясынын бекемдөөсү, советтен кийинки мейкиндикте "Барселона" футбол клубунун жалгыз академиясынын ачылышы ошондой эле калк арасында ушул спорттун түрүнө болгон кызыгуусунун барган сайын күчөтүлүшүн шарттады.
Бирок футболду ийгиликтүү өнүктүрүү, ага оюнду сүйүүчүлөрдү көбүрөөк санда тартуу жана көрүүчүлөр аудиториясынын көбөйтүү үчүн маалыматтык саясатты калыптандыруу зарыл - футболду популярдаштырууга кызмат кылууга жана футболдук уюмдардын, мамлекеттин, кесипкөй футболчулардын, футбол сүйүүчүлөрүнүн жана күйөрмандардын күч-аракетин бириктирүүгө жөндөм түзгөн идея керек. Маалыматтык жана коммуникациялык иш-чаралардын туура жана ырааттуу системасы керек.
Максат. Футболду популярдаштыруу үчүн футбол уюмдарынын, мамлекеттин, кесипкөй футболчулардын, футбол сүйүүчүлөрдүн жана күйөрмандардын күч-аракеттерин бириктирүү.
Милдет - Программаны ишке ашырууда маалыматтык колдоону камсыз кылуу.
6. Күтүлүүчү натыйжа
Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжалар күтүлүүдө:
- футбол спорттук кызыгууну жараткан башкы улуттук спорттун түрү болуп саналат;
- Кыргызстандын футбол боюнча курама командалары эл аралык аренада туруктуу жогорку натыйжаларды көрсөтөт, ал эми Кыргызстандын улуттук курама командасы - футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык стадиясынын катышуучусу;
- Кыргызстандын чемпионаты престиждүү, кызыктуу, анда күчтүү кесиптик клубдар ойнойт;
- ККФЛ футбол клубдарынын өнүккөн инфратүзүмү, туруктуу каржылоо булактары бар, ал эми алардын аталыштары өлкөдө популярдуу жана чет өлкөлөрдө кеңири белгилүү;
- Кыргызстандын курама командаларында жана кесиптик клубдарда жогорку класстагы кыргыз футболчуларын тандоого саны кыйла жетиштүү;
- калктын көпчүлүгү өмүр бою футбол ойноо менен алек болуп, сергек жашоо мүнөзүнө артыкчылык берет;
- массалык футбол кеңири жайылган жана жакшы уюштурулган;
- футболдук экосистеманын иштеши жогорку квалификациялуу адистер (машыктыруучулар, спорттук менеджерлер, спорттук дарыгерлер жана футбол арбитрлери) менен камсыздалат;
- спорттук инфратүзүмдөрдүн саны жана сапаты заманбап стандарттарга ылайык келет жана муктаждыктарды камсыз кылат;
- өлкөдө футболду өнүктүрүү жана популярдаштыруу үчүн футбол уюмдары, футболчулар бирикмелери, футбол ышкыбоздору жана күйөрмандар активдүү өз ара аракеттенет.
7. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда футболду динамикалуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон негизги өбөлгөлөр бар, атап айтканда:
- акыркы он жылдан бери өлкөбүздө футболдун өнүгүшү жогорулады: ФИФА жана АФК менен болгон мамилелер бекемделип жатат, улуттук курама команда олуттуу ийгиликтерге жетишти, футзалдагы позициялар жакшырууда, балдар футболу өнүгүп жатат;
- футболго кызыккан жана аны сүйгөн, аны өнүктүрүүгө жана жайылтууга салым кошууга жөндөмдүү адамдардын саны көбөйүүдө;
- өлкө жетекчилиги тарабынан футболго көңүл бурула баштады;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 81 "2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы чыкты;
- өлкөдө футбол инфратүзүмдөрүнүн объектилерин активдүү куруу жана реконструкциялоо иштери башталды.
Ошону менен бирге футболду өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр бул Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн чечүүнү талап кылган негизги тобокелдиктер болуп саналат:
- жеке капиталдын футболго катышуусунун төмөн деңгээли, бизнесмендерде жана меценаттарда инвестициялоо үчүн өбөлгөлөрдүн жоктугу;
футбол инфратүзүмүнүн объектилеринин санынын жетишсиздиги жана сапатынын төмөндөгү өлкөдөгү кесиптик, ошондой эле массалык футболду өнүктүрүүгө жөндөм түзбөйт;
- кесипкөй менеджерлерди, спорттук жана техникалык директорлорду, машыктыруучуларды, аналитиктерди, коммерциялык директорлорду, мелдештерди уюштуруучуларды даярдоо жана өнүктүрүү боюнча программалардын жоктугунан башкаруучу, спорттук, аналитикалык жана уюштуруучу кадрлардын жетишсиздиги;
- машыктыруучуларды даярдоо жана лицензиялоо системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү жана талаптын төмөндүгү. Бүгүнкү күндө лицензиялоо массалык футбол системасында иштөө үчүн номиналдуу түрдө гана зарыл элемент болуп саналат;
- курама командалар менен иштөөдө улуттук футбол моделинин жоктугу. Улуттук стилдин айырмалоочу белгилерине негизделген оюн модели көптөгөн өлкөлөрдө курама командалардын жыйынтыктарын трансформациялоонун негизи болуп калды. Оюнду куруудагы жалпы философия жана бирдиктүү мамиле ар кандай жаш-курактагы курама командалар менен иштеген машыктыруучулардын күч-аракетин бириктирүүгө, бир жаш-курактык топтон экинчисине өтүүнү тең салмактуу кылууга мүмкүндүк берет;
- футбол ишинин бардык маанилүү катышуучуларынын (КФБ, кесиптик футбол клубдары, күйөрмандар, муниципалдык органдар) ортосунда конструктивдүү диалогдун жоктугу, бул кыргыз футболунун өнүгүшүн кыйла басаңдатууда жана жалпы максатка жетүү үчүн күчтөрдүн консолидациясына тоскоолдук жаратат.
Аталган тобокелдиктерди жоюу үчүн Иш-чаралар планында Программанын ишке ашырылышын натыйжалуу жана майнаптуу болушуна жөндөм түзгөн чаралар/иш-аракеттер каралган.
8. Программаны финансылык камсыздоо
Программада каралган чараларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөргө жараша тийиштүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана чегинде, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун, донордук уюмдардын, демөөрчүлүк жардамдын каражаттарынын жана тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын алкагында жүргүзүлөт.
9. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Мониторинг мамлекеттик саясаттын милдеттүү компоненти катары маалыматты системалуу түрдө чогултуу, талдоо жана программалык-пландык иш-чаралардын аткарылышын баалоо, ошондой эле түзөтүүлөрдү киргизүү инструменти болуп саналат.
Программанын кабыл алынган индикаторлору боюнча жыл сайын мониторинг жүргүзүлүп турат.
Чогултулган маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жетишилген прогресс кылдат талданат, иш-чараларды жана долбоорлорду аткаруунун жүрүшүндө кемчиликтер аныкталат. Өкмөттүк эмес сектордун уюмдары, алардын ишин каржылоо булактары болгон учурда туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн тартылып турат.
Программанын ар бир этабы аяктагандан кийин Кыргыз Республикасындагы футболду колдоо жана өнүктүрүү боюнча андан аркы иштерди жакшыртуу боюнча зарыл болгон түзөтүүчү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында жетишилген натыйжаларга баалоо жүргүзүлөт.