Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1161-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-декабры № 835-т
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2025-жылга иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзсүн.
3. 2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 684-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2025-жылга ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА
Региондун аталышы | Саны |
Бишкек шаары | 300 |
Ош шаары | 100 |
Баткен облусу | 50 |
Жалал-Абад облусу | 100 |
Ысык-Көл облусу | 50 |
Нарын облусу | 50 |
Ош облусу | 100 |
Талас облусу | 50 |
Чүй облусу | 300 |
Жалпы | 1100 |