Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2025-жылдын 29-декабры № 1161-т
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2026-жылга иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзүп турсун.
3. 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 835-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2026-жылга ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА
Региондун аталышы | Саны |
Бишкек шаары | 100 |
Ош шаары | 30 |
Баткен облусу | 10 |
Жалал-Абад облусу | 50 |
Ысык-Көл облусу | 20 |
Нарын облусу | 20 |
Ош облусу | 50 |
Талас облусу | 10 |
Чүй облусу | 110 |
Республика боюнча жалпы | 400 |