Редакцияот 23.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 23-декабры № 665

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Малиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев