Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 23-декабрындагы № 665 тескемеси менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Жеке мүнөздөгү маалымат
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине)" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Малиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Алсак Мыйзамды 211-статья менен толуктоо сунушталууда, анда маалыматтык тутумдардын менчик ээлери жана ээлери, жеке маалыматтарды камтыган базанын операторлору, ошондой эле жеке маалыматтарды камтыган электрондук маалымат ресурстарын алган үчүнчү жактар ушул Мыйзамга жана жеке маалыматтарды камтыган электрондук маалымат ресурстарын иштеп чыгуу эрежелерине ылайык аларды коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү экендиги, ошондой эле жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн машиналык окутууга жана жасалма интеллектке негизделген контентти синтездөө технологиялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген эрежелер менен жөнгө салынат деп белгиленет.
Мыйзамдын 2-статьясына ылайык бул Мыйзамдын колдонулушу жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууда маалыматтык технологияларды пайдаланууну кошкондо, колдонулган каражаттарга карабастан ошол маалымат менен иштегенде пайда болгон мамилелерге жайылтылат.
Мыйзамдын 16-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык юридикалык жактар жеке маалыматтар массивдерин кармоочулар (ээлери) катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөндөн кийин жеке маалымат менен иштөөгө укук алат.
Ошол эле учурда Мыйзамдын 6-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) жана иштеп чыгуучу ошол маалыматтарга уруксатсыз кирүүгө жол берилбеши үчүн, аларды жаап коюуга же өткөрүп берүүгө жана аларды капысынан же санкциясыз жок кылууга, өзгөртүүгө же жоготуп жиберүүгө жол берилбеши үчүн жеке маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү.
Ошондой эле Мыйзамдын 17-статьясынын 1-бөлүгүнүн "г" пунктчасына ылайык жеке маалымат массивдерин кармоочу (ээси) жеке маалыматтардын сакталышын жана ишенимдүүлүгүн, ошондой эле ченемдик тартипте белгиленген жеке маалыматтарга жетүү режимин камсыз кылууга милдеттүү.
Ошентип Мыйзамда жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин) жана иштеп чыгуучуларды жеке маалыматтарды коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттендирген ченемдер каралган.
2. Мыйзамдын долбоорунда Мыйзамды 212-статья менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык жеке маалымат субъектинин макулдугусуз сүрөттөрдү, аудио, видео, виртуалдык сценаларды жана башка маалыматтарды түзүү үчүн маалыматтарды иштеп чыгууга тыюу салынат, буга кошуп, башкалардан тышкары:
а) текстти кепке айландырууга, үндү өзгөртүүгө, үн атрибуттарын редакциялоого;
б) жүздөрдү жаратууга генерациялоого, каармандардын атрибуттарын редакциялоого, жүздөрдү манипуляциялоого, позаларды (дененин турушун) манипуляциялоого жана сүрөттөрдө жана видеоконтентте жүздөрдү жана башка биологиялык өзгөчөлүктөрдү түзүү же редакциялоо үчүн башка технологияларга;
в) сүрөттү жакшыртууга, сүрөттү калыбына келтирүүгө жана сүрөттөрдүн ж:ана видеоконтенттин биологиялык эмес өзгөчөлүктөрүн редакциялоого;
г) виртуалдык сценаларды түзүү же редакциялоо технологиясы боюнча үч өлчөмдүү реконструкциялоого.
Мыйзамдын 5-статьясына ылайык жеке маалымат массивин кармоочусу (ээси) тарабынан жеке маалыматтар менен жумуш төмөнкү учурларда гана жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек:
- эгерде жеке маалымат субъекти аны менен иш жүргүзүүгө өзүнүн макулдугун берсе;
- мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциясын аткаруу үчүн зарыл болгон учурда;
- кармоочулардын (ээлердин) мыйзамдуу кызыкчылыгына жетүү үчүн керек болгон учурда;
- эгерде ал кызыкчылыгын ишке ашыруу жеке маалыматтарды иштеп чыгууда жеке маалымат субъекттеринин эркиндигин жана укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбаса;
- жеке маалымат субъектинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурда;
- эгерде жеке маалыматтарды иштеп чыгуу журналистика, көркөм же адабий чыгармачылык максатында гана жеке турмуштун жана сөз эркиндигинин кол тийбестик укугун сактоо менен мындай аракеттер жеке маалыматтар субъекти менен макулдашып жүзөгө ашырылганда.
Мындан тышкары, Мыйзамдын 9-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык жеке маалымат субъекти өзүнүн ар кандай жеке маалыматтарын башка бирөөгө берүү жөнүндө маселени өз алдынча чечет жана аны алуу фактысы далилдене тургандай таризде аны иштетүүгө эркин түрдө, билип туруп аң-сезими менен макулдугун берет.
Ошентип Мыйзамга ылайык жеке маалыматтар субъектинин анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун берүүсү жеке маалыматтар менен иштөө үчүн негиздердин бири болуп саналат деп белгилейбиз.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин долбоору жана "Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору демилгеленгендигин белгилей кетүү керек, алар бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турат.
Ошентип, "Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна ылайык "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу каралууда.
4. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жеке маалыматтарды камтыган адам жөнүндө маалыматтарды пайдалангандыгы жана тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Алсак, Мыйзамдын долбоорунда жеке маалыматтарды иштетүү үчүн машиналык окутуунун жана жасалма интеллекттин негизинде контентти синтездөө технологиясы аркылуу алынган жеке маалыматтарды камтыган адам жөнүндө маалыматты анын макулдугусуз пайдалануу жана жайылтуу, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат деп аныктоо сунушталат.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазалоо, ошондой эле жогоруда белгиленген эрежелерди бузгандыгы үчүн 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салуу кандай критерийлердин негизинде аныктала тургандыгы жөнүндө маалымат чагылдырылбаганын белгилей кетүү керек.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында учурдагы абалды талдоо, мыйзам бузуулардын саны, алардын терс кесепеттери жөнүндө статистикалык маалыматтар, ошондой эле сунушталган айып пул өлчөмдөрүн аныктоо механизми көрсөтүлгөн эмес.
Мындан тышкары, санкциялардын сунушталган өлчөмдөрү потенциалдуу дискрециялык болуп саналат, анткени белгиленген ченемди колдонуучу субъектке өзүнүн каалоосу боюнча так, мыйзам менен бекитилген критерийлерди жетекчиликке албастан, түрлөрү жана өлчөмдөрү 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки жоопкерчилик чараларын колдонууга укук берет.
5. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган.
Ошону менен бирге жеке маалыматтарды чогултууда, иштеп чыгууда жана пайдаланууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кошумча коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамдын долбоору демилгеленген. Алсак мыйзамдын долбоору менен Кодексти төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликти белгилеген беренелер менен толуктоо сунушталууда:
- жеке маалыматтарды мыйзамдуу негизи жок жыйноо, иштеп чыгуу, пайдалануу, сактоо, берүү, анын ичинде алмашуу;
- жеке маалыматтар субъектине анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга тиешелүү маалыматтарды берүүдөн негизсиз баш тартуу;
- жеке маалыматтарды мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен чек ара аркылуу берүү;
- Жеке маалымат массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине толук эмес же так эмес маалыматтарды киргизүү, ошондой эле реестрде каттоонун жоктугу;
- автоматташтыруу каражаттарын пайдаланбастан жеке маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону бузуу.
Бул укук бузуулардын көрсөтүлгөн курамдары "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынан келип чыгат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.