Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 26-декабры № 675
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 1-тиркемесинде:
- 1-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы";
- 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары";
- 3-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри";
- 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары";
- 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы";
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 2-тиркемесинде:
- 2-главада:
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институттун;";
онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |