РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 26-декабрындагы № 675 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакция26.12.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 26-декабры № 675

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 1-тиркемесинде:

- 1-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы";

- 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары";

- 3-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри";

- 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары";

- 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы";

2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 2-тиркемесинде:

- 2-главада:

тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институттун;";

онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев