Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 18-декабры № 13-215
“Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2025-жылга жаратылыш газынын ченемдик жоготууларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 236-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-бөлүмүнө жана 315-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 358 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын газ чарба ишканаларында жаратылыш газынын ченемдик жоготууларын эсептөөнүн методикасына ылайык, буйрук кылам:
1. “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2025-жылга жаратылыш газынын ченемдик жоготуулары ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнө:
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 98 (3653) саны менен жарыяланды
Министр |
| Т.Ө. Ибраев |
|
| Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 13-215 буйругунун тиркемеси |
"Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун 2025-жылга жаратылыш газынын нормативдик жоготуулары
Жоготуулардын аталышы | 2025-жыл |
Газ түтүктөрүндөгү жаратылыш газынын жоготуулары | Бөлүштүрүү үчүн "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын газ транспорттоо жана газ бөлүштүрүү тутумдарына келген жаратылыш газынын көлөмүнөн 8,7%ы |