Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 30-декабры ПТ № 320
Агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктун жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин кызмат ордун жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары рангында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин кызмат орду үчүн белгиленген эмгек акыны сактоо менен айкалыштырууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |