Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 12-декабры № 1297
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине
киргизилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги тарабынан медициналык кызмат көрсөтүү жаатында
көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2 пунктунун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген, медициналык кызматтарды көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) бул буйруктун 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдө амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 4-пункту);
2) бул буйруктун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөн жогору амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароолор жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 5-пункту);
3) бул буйруктун 3-тиркемесине ылайык Медициналык тез жардам пункттары/станциялары жана бөлүмдөрү тарабынан амбулаториялык деңгээлде медициналык шашылыш (тез) жардам көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 6-пункту);
4) бул буйруктун 4-тиркемесине ылайык Стационарларда өмүрүнө коркунуч келтирген абалдан чыкканга чейин кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 7-пункту);
5) бул буйруктун 5-тиркемесине ылайык Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында каралбаган медициналык жардамды стационар ордуна болуучу бөлүмдөрдө көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 8-пункту);
6) бул буйруктун 6-тиркемесине ылайык Өмүрүнө коркунуч келтирген абалдан чыккандан кийин пландуу көрсөткүчтөр, ошондой эле шашылыш көрсөткүчтөр боюнча стационарларда Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдө дарылоо (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 9-пункту);
7) бул буйруктун 7-тиркемесине ылайык Өмүрүнө коркунуч келтирген абалдан чыккандан кийин пландуу көрсөткүчтөр, ошондой эле шашылыш көрсөткүчтөр боюнча стационарларда Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөн тышкары дарылоо (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 10-пункту);
8) бул буйруктун 8-тиркемесине ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдө адистештирилген стационарларда (терапиялык, педиатриялык, хирургиялык, акушердик-гинекологиялык профилдеги ж.б.) медициналык жардам көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 11-пункту);
9) бул буйруктун 9-тиркемесине ылайык Биринчи деңгээлде жана адистештирилген стационарларда (терапиялык, педиатриялык, хирургиялык, акушердик-гинекологиялык профилдеги ж.б.), анын ичинде жогорку ыңгайлуулуктагы палаталарда (бейтаптын жогорку ыңгайлуулуктагы шартта болуусу, оорулууларды жеке медициналык жана тиричилик жактан тейлөө, каалоосуна жараша тамактануу) медициналык жардам көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 12-пункту);
10) бул буйруктун 10-тиркемесине ылайык Белгиленген квотанын алкагында медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрүн көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 13-пункту);
11) бул буйруктун 11-тиркемесине ылайык Медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрүн көрсөтүү (белгиленген квотадан тышкары) (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 14-пункту).
2. Бул буйрук катталган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде МЖУжанаДСБнын жетекчиси (Ибраева Н.С.):
1) анын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) буйруктун кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн алып жүрүүчүлөргө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары К.К. Байдавлетовго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2024-жылдын 16-декабрында https://med.kg/prikazy расмий сайтында жарыяланды
Министр | А.С. Бейшеналиев |